Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:35

Экономика

Кыргызстанда токчулук болобу же жокчулукпу?

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы июль айында жүргүзгөн иликтөөсүнүн тыянагын чыгарды. Анда өлкөнүн бир миллион 400 миңдей тургуну азык-түлүк тартыштыгын сезип жатканы жана алдыдагы айларда алардын катарын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 340 миң адам толукташы мүмкүн экендиги айтылат.

Ош шаарындагы борбордук базар.
Текст көлөмү - +
 Өлкө бийлиги болсо быйыл азык-түлүк каатчылыгы болбой турганын, ага карата жетиштүү чаралар көрүлгөнүн белгилешүүдө.

Азык-түлүк каатчылыгы тополон болгон Ош жана Жалал-Абад областтарында курч сезилүүдө
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын иликтөөсү Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган. Анда улут аралык кагылыш орун алган Ош менен Жалал-Абаддагы кырдаал өзгөчө тынсчызданууну жаратып жаткандыгы белгиленет. Аталган уюм бул аймактагы азык-түлүк коопсуздугу коркунучта деп эсептейт. Андыктан БУУнун Азык-түлүк программасы кышты утурлай Кыргызстандагы иштерин кеңейтерин билдирүүдө. Уюмдун маалыматына караганда, сентябрь айынан тарта июндагы тополоңдордон көбүрүрөөк зыян тарткан аймактарда 287 миңдей адамга азык-түлүк таратыла баштайт

БУУнун Азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы координатору Надежда Франк иликтөөдө азык-түлүк продуктуларынын сапаты да эске алынганын маалымдады. Анын айтымында, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн сапатуу, калориясы күчтүү азык-түлүктү сатып алуусу кыйындайт. Бул өзгөчө июнь айындагы жаңжал чыккан Ош жана Жалал-Абад аймактарында байкалып, ал балдарга жана кош бойлуу аялдарга таасирин тийгизиши ыктымал:

- Биз бир миллион 400 миң адам жөнүндө сөз кылганда ушунча адам ачка калуу коркунучунда деген мааниде эмес. Бул жерде улут аралык жаңжал орун алган аймактардын тургундары азык-түлүк продуктуларын кантип алат, ага кирешеси жетиштүүбү. Ошондой эле анда сатылып алынган продуктуларындын бир гана көлөмү эмес, сапаты жана көп түрдүүлүгү да эске алынган. Бул балдарга жана кош бойлуу аялдарга таасирин тийгизип, ушунча сандагы адам аз кандуулук, йоддун жетишсиздигине дуушар болушу ыктымалдыгы белгиленген. Каатчылык жөнүндө айтуу бир аз эрте. Биз кырдаал кайсы жагына өзгөрөт иликтөөнү дагы улантып, байкоо салып турабыз.

Надежда Франктын айтымында, учурда БУУнун Азык-түлүк программасы бул багытта жыйынтыктарды жана жакынкы айларга сунуштарды кароонун үстүндө иштеп жатат. Андан кийин программаны ишке ашыруу үчүн эл аралык коомчулукка кайрылмакчы.

Алыскы Алайкуу аймагы
Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги өткөн жылга салыштырмалуу быйыл түшүм аз жыйналганы менен азык-түлүк каатчылыгы болбойт деп ишендирүүдө. Өткөн жылы миллион тоннадан ашуун буудай өндүрүлсө, быйыл 870 миң тонна болору болжолдонууда. Калганы Казакстандан сатылып алынмакчы. Айыл-чарба министрлигинин басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиевдин айтымында, Кыргызстан калкын буудай эле эмес башка да жашылча-жемиш, эт, сүт менен менен камсыз кылуу эсептелип чыккан жана ал маселе көзөмөлдө. Ал Кыргызстанда азык-түлүк тартыштыгы болот деген маалыматтарды четке какты:

- Быйылкы жылы ар бир кишиге орточо норма менен дан жана дан азыктары 139, картошка 252, жашылча-жемиш менен 148 пайызга камсыз болот. Айрым уюмдар азык-түлүк жетишпейт, быйыл ачарчылык болот ажиотаж көтөрүп, элдин жүрөгүн тушүрүп койду. Андай болбойт, быйыл буйурса токчулук болот.

Айыл-чарба жаатында адис, академик Жамин Акималиевдин айтымында, өкмөт ушул тармакка көңүл бурмайын тамак-аш продуктуларына баалардын өсүшү азык-түлүк коопсуздугуна алып келиши ыктымал.

- 5 млн. элге былтыр 1 млн. 50 миң тонна буудай өндүруп алсак, быйыл менин эсебим боюнча 750 миң тонна эле буудай болгону турат. Адис катара айтсам, быйыл абдан аз облуп, нан боюнча тартыштык болот. Дыйкандарды карап, жардам берген адам жок. Айыл чарбасы боюнча саясат керек, өзүнчө программа зарыл. Антпесе жалгыз саясат, шайлоо менен элдин курсагын тойгозо албайбыз.

Адистер быйыл айрым аймактарда кургакчылык өкүм сүрүп, Орусия, Украинанын буудайды экспорттоону токтотконун чочулоо менен кабылдап жатышат. Бул арада өкмөт Каатчылыкка каршы планын бекитип, анын негизги бөлүктөрүнүн бири азык-түлүк коопсуздугу экенин көрсөтүүдө. Муну менен өкмөт быйыл унга, деги эле күнүмдүк керектелчү продуктуларга баалар көп көтөрүлбөйт деп ишендирип келет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
28.08.2010 14:22
Кыргызстандын азыркы абалынан пайдаланып жаткандар жокчулук болот деп айтып чыгып жатышат.Кымбаттоо мурда деле болуп келген жана боло берет. Бул базар экономикасы менен байланыштуу. Ал эми кыргыз эч качан ачка калган эмес, ал тескерисинче ачкачылык болгон жердин элин да багып келишкен. Ушу азыр бизге биримдик, ынтымак болсо баары жакшы болот..Мындан да кыйын кезенде жок болуп кетпеген кыргыз эли эч качан жоголбойт. Кудай бизди колдосун. Апрелден бери карап отурсан убактылуу Өкмөттөн аны кыл муну кыл деп талап койгондон башка эч нерсе боло элек. Мурда кайда жүрүштү дейм да. 20 жылдын бери болбогон нерсе 5 айдын ичинде эле ордуна тура калыш керекпи. Кыргызымдын сабырдууулугу, акылмандыгы кайда.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: бишкек
26.08.2010 17:57
Кыргызстанда токчулук еле болсун иншаллах.

кимден: Han каяктан: Turkiya
26.08.2010 16:03
Urmattu Kyrgyz tugandar. Siler shoylolorda cakshy kişilerdi shailabasanar tokchuluk bolot. Birok silerde tuganchylyk bolso hech kachan tokchuluk bolboit. Emnege degende, antkeni siler talatuu barby jokbu demezden tupoi dagy bolso birok tuganynar bolso mamlektte jumush beresizder. Eshyo, mamlekette ayabay karupsiya bar. may God help you

кимден: Зайирбек каяктан: Лейлек
26.08.2010 10:32
унутта калган туштук эли,элдин бийликке болгон ишенимсиздиги, регионализм....... биз бир тунгуюкка камалып калагндай эле сезип калдык озубузду.бир гана аллахдан тилейбиз, элибиз ачка калбоосун.мамлекеттен эч умут жок. биздин мамлекет мониторинг, иликтоо жургузуу менен гана чектелуудо

кимден: Бактыгул
25.08.2010 23:26
Ии, жакшы божомол экен. Түшүм аз жыйналды, бирок азык түлүк тартыштыгы болбойт. Оф, элди кичинекей баланы алдагандай эле алдайсыңар.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)