Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Жер титирөөдөгү алгачкы аракет


Былтыр күзүндө Алайдын Нура айылындагы катуу зилзаладан үйлөрдүн дээрлик баары кыйрап, кеминде 74 адам мүрт кеткен
Былтыр күзүндө Алайдын Нура айылындагы катуу зилзаладан үйлөрдүн дээрлик баары кыйрап, кеминде 74 адам мүрт кеткен

Өткөн түнү Кыргызстанда дагы бир жер титирөө болду. Бул жолу анын очогу Таласта катталып, күчү 5-6 баллга жетти. Эки там урап, тогуз үй авариялык абалга учурады. Мындан бир күн мурда зилзала өлкөнүн түштүк аймагында катталып, ондон ашуун имарат кыйроо абалында калды. Акыркы күндөрдөгү жер титирөөдөн жабыр тарткандар болгон жок. Бирок көпчүлүк элдин үрөйү учуп, жер титирөө кайра кайталанышы мүмкүн деп кооптонуп турушат. Мындай учурда өзүңдүн жана жакындарындын өмүрүн сактоо үчүн эмне кылуу керек?

Көпчүлүк Талас шаарынын тургундарындай эле Эркин Бекболотов үчүн түн жарымында жүргөн жер титирөө күтүүсүз болду. Алгач жер алдынан дуулдаган добуш чыгып, жаткан керебетим, үй эмеректери катуу кыймылдай баштаганда гана бул зилзала экенин билдим, дейт ал: “Төшөгүмдү ыргыттым да, эшикке чуркап чыктым. Коркунуч сезими ушунчалык катуу болду окшойт, эшикте эки сааттай турсам да, үшүгөнүмдү сезбептирмин”.

“Ушундай учурларлда коркунучка алдырып жиберүү - өтө опурталдуу”, - дейт облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын оперативдик бөлүмүнүн башчысы Талант Касиев. Анын айтымында, Эркинге окшоп жер тамда, же көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатында жашагандар мындай учурда өздөрүн жоготпой, жанындагы жылуу кийимдерди алып, тезинен эшикке чыгуусу керек. Экинчи кабат жана андан өйдө жашагандар имараттан чыкпай турушу кажет, анткени тепкичтер – көп кабаттуу үйлөрдүн эң кооптуу жери: “Коопсуз жер деп биз ички дубалдарды, эшиктин босоголорун айтабыз, - дейт Талант Касиев. - Жер титирөө болгондо ошол жерге туруш керек. Капиталдык имараттарда колонналардын түптөрү бышык болот. Этаж үйлөрдө ванналар бар, алардын ичине жатып алса да болот. Терезелерден, сервант, шкафтардан алыс туруш керек”.

Дүйшөмбүдө таңга маал Жалалабад облусунда болгон зилзаланын эпкини Таласта да байкалган болчу. Шейшембинин түнүндөгү жер титирөөдөн соң көпчүлүк калк табигый кырсык кайра кайталанышы мүмкүн деп чоочулап турган чагы. Тилекке каршы, жер титирөө болоор-болбосун алдын ала так айтууга мүмкүн эмес. Тоолуу Кыргызстандын бардык аймактарында 8-9 баллга чейинки зилзала болушу ыктымал. Талас аймагында да кечээ күнкү жер титирөө бүгүн кайталанышы мүмкүн. Андыктан Талант Касиев керектүү буюмдарды алдын ала даярдап коюу зарыл экенин айтты: “Биринчи кезекте документтер, керектүү тамак-аш, жылуу кийимдер чукул жерде болушу керек. Дароо алып, чыгып кеткенге даярдап коюу зарыл”.

Областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына таянсак, советтик мезгилде курулган көп кабаттуу үйлөр 8-9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере алат. Бирок андай үйлөрдүн дубалдары бир кезде буздурулуп, биринчи кабатына дүкөн же кафе курулгандары көп. Ал эми аймактагы жер тамдардын дээрлик 80% сейсмикалык жактан туруктуу эмес деп аталууда.

XS
SM
MD
LG