Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Оңго барсаң да, солго барсаң да - курултай


Жыл жаңырчу Ноорузду утурлап Ынтымак, Элдик курултайлар өткөнү турат. Өлкөнүн бүгүнкүсү менен келечегине байланышкан орчун маселелерди козгой турган жыйындардын мыйзамдык негизи азырынча аныктала элек. Буга чейин деле бийлик менен оппозиция улам-улам өткөрүп келаткан көпчүлүк жыйындардан кезектеги курултайлар эмнеси менен айырмаланат?

"Азаттыктын" бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунун катышуучулары «Манас эл» кыймылынын жооптуу катчысы Кадыраалы Кошалиев менен тарыхчы, публистчи Орунбай Ахмедов кош курултайда кандай маселелер козголушу жайында пикир бөлүшөт.

Март айы - курултайлар айы


- Буюрса март айы курултайлар айы болгону турат. Ынтымак, артынан Элдик курултайлар өтөрү айтылууда. Анын себеби бийлик менен оппозициянын, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күчөп кетишине байланыштуу экени көп айтылууда. Кадыраалы мырза, кепти сиз баштасаңыз.

Кадыраалы Кошалиев:
- Минтип кат-кат курултайларды өткөрүүгө даярдык ириде өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болорунан белги берип турат. Дымып жатпай минтип жол издегенибиз жакшы. Биз кийинки 10 жылдан бери Конституцияга Элдик курултайды киргизиш керектигин айтып келатабыз. Азыр катарыбыз кыйла эле өстү. Мындан беш-алты жыл илгери оппозициянын анабашында турган адамдар, Ө.Текебаев, А.Бекназаров, башкалар ушу курултайды Конституцияга киргизишке караманча каршы болушкан. Бүгүн бийлиги да, оппозиция да курултайды элдик пикир билдирүүнүн институту катары пайдаланып жатышат. Аны расмийлештирүү аракети да жүрүп жатат. Анын керектигин турмуш өзү да ырастоодо. Ынтымак курултайы бир кадам алга, бирок Элдик курултай бийликтин үч бутагынын үстүнөн элдик көзөмөл кылуучу институт катары Конституцияга киргизилиши керек.

- Орунбай мырза, Элдик курултайда тарыхый орчун проблемалар чечилип келгени маалым. Көпчүлүккө азыркы Балыкчы шаарынын жанында биртоп уруулардын башын кошкон курултай өткөнү белгилүү. Андан башка элдик жыйындар тууралуу маалыматыңыз барбы?

Орунбай Ахмедов:
- Илгертен уруулар ортосундагы талаш, олуттуу маселелер пайда болгондо курултай чакырылган. Уруулук майда маселелер алардын жыйындарында эле чечилип келген. Түштүк кыргыздарда кандай курултай өткөнү жөнүндө так маалыматыбыз жок. Мына “Манаста” курултай чакырылганы айтылат. Фергана өрөөнүндө жайгашкан кыргыздардын тарыхынан мисал келтирсек, азыр кыргыздар мурдатан эле жашап келген жерлеринде орустар келгенден кийин өзбек жеринде катталып калган. Уруулар ортосундагы мамиле кыйла басаңдай түшкөндөн кийин 1925-жылы Кожонтто кыргыздар чогулушкан экен. Жизактан Санжар анан Кара-Мазар болуштугунан эки болуштук элинен, анан Бөкөдөн да кыргыздар келишкен экен. Баткен, Лейлектен, Чапкындык, Байкесек, Нойгут, Кыпчак, Ават болуштугунан катышкан кыргыздар кыргыз жеринде жашаган соң Кыргызстан карамагына өтүү маселесин көтөрүшүптүр. Ошол маселени козгогондор кийин камалып кетишкен экен. Ошол Санжар болуштугу Бакмал району, Кара-Мазар болуштугу Замин району болуп калды. Бөкө болсо Ташкен облусунун Бөкө району болуп калды. Мен ойлойм, курултайда кыргыздардын жерге укугу көбүрөөк козголушу керек. Башка улуттар буга түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Мен кийин Бакмал районуна барганымда аксакалдар ошону айтып ыйлашты. “Ата-бабадан калган жерим, Манастан бери жердеп калган жерим бир калемсаптын учу менен өтүп кетеби” деп, ыйлашкандарын көргөм. Ал маселени козгогон 9 аксакал кийин Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенин айтып ыйлап отурушат. Кыргыз интеллигенциясы ошол кезде бул маселелерди көтөргөн эмес. Эгемендик алгандан кийин деле аны жакшылап иликтегенибиз жок. Эми алар азыр Чүйгө көчүп келип жатышат. Бир убагы келип тарых муну өз ордуна коет го.

Камчыга сап болчусу бардыр

- Кадыраалы мырза, эмитен эле Ынтымак курултайына жалаң “дүжүрлөр” келери, Элдик курултайга болсо жалаң оппозиция өкүлдөрү катышары айтылууда. Бир элдин проблемасы эки жыйында эки башка талкууланганы турат. Бул элди экиге бөлүп койбойбу?

Кадыраалы Кошалиев: - Эки тарапка тең дүңүнөн баа бериш туура эмес. Курултайдын чакырылып жатышынын сааты келип калса керек. Жөн жерден бул маселе козголгон жок. Ал эми 750 кишинин баарын “дүжүр” деп айтышка биздин акыбыз жок. Азыр эл түшүнөт, саясат кандай экенин жакшы ажыратат. Анан ошол 750 делегаттын ичинде Мекенин, элин сүйгөн патриот адамдар келип омоктуу маселелерди көтөрүшү мүмкүн. Биздик Өкмөт үйгө отузга жакын коомдук-саясий ишмерлерди чакырган экен. Мен дагы ага катыштым. Ошол жерде кызыктуу талкуу, бийлик өкүлдөрү үчүн да пайдалуу ойлор айтылды. И.Исаковго байланыштуу маселелер, экономикалык маселелер, “Манаска” байланышкан маселелер ошол жерде да көтөрүлдү. Курултайда талкууланчу темаларга чек коюлбаш керек, анда улуттук маанилүү маселелердин баары айтылыш керек, деген ойлор айтылды. Ал эми бийлик өзүнчө, оппозиция өзүнчө курултай өткөрүп жатышы жакшы көрүнүш эмес. Эл менен бийликтин ортосунда ынтымак болгондо минтишмек эмес, бизде ошондой ажырым бар. Ошону жоюш үчүн, улуттук ынтымакка келиш үчүн дагы биргелешкен курултай керек эле. Экөө тең эле маанилүү маселелерди талкуулайбыз деп жатышында жакшы данек бар. Бирок бир улут ичиндеги ушул ажырымды чоңойтпостон, ынтымакка келүүнүн аракети жасалышы керек. Ынтымак курултайында оппозициянын өкүлдөрү сөзсүз болушу зарыл. Партиялардан, аркыл саясий агымдардан өкүлдөр болсун. Ал жерде ачуу-таттуу сөздөр айтылсын. Андай мүмкүнчүлүк түзүлбөгөндөн оппозиция өзүнчө курултай чакырып жаткандыр. 23-мартка чейин убакыт бар. Ага чейин сүйлөшүп, бир курултай чакырыш туура го. Мамлекет, улут тагдырына оппозиция да, бийлик да жоопкер.

Ким каалаган курултайына

- Орунбай мырза, эки курултай өтүп калса кош трибунадан эки башка ойлор айтылышы турулуу иш. Бийлик оппозицияны, оппозиция бийликти көөлөө менен гана алектенип калышпайбы? Мындай жагдайга кептелбеш үчүн эмнелер жасалышы керек?

Орунбай Ахмедов: - Мен дагыле тарыхка кайрылгым келип турат. 17-кылымда Чүй, Көл, Таластан кыргыз уруулары калмак жапырыгына кабылып жеринен сүрүлөт. Ошондо Фергана өрөөнүндөгү кыргыз уруулары Анжиянда чогулуп курлтай өткөрүшкөнү санжыраларда айтылат. Сүрүлүп көчүп барган көп элди батырыш, аларга жардам берүү, жайыт, жашай турган жерлерин аныктап берүүнү кеңешип чечишкен. Алайдан сарыбагыштардын жайытын аныктап беришкен. Солто уруусун азыркы Ала-Бука, Чаткал тараптарга жайлаганы белгилүү. Ал кезде жалпы элдин кызыкчылыгын жогору коюшкан. Бийлик менен оппозициянын курултайлары да мына ушуну бекем карманышы керек. Калмак чапкынына туш болуп, кыйналып-кысталып турган чагында кыргыздар жайытын тең бөлүшүп, жер которууга мажбур болгон улутташтарына көмөк көрсөтүп, жардамын аяшкан эмес. Курултайда ата-бабаларыбыздын тарыхтын кысталыш чагындагы биргелешкен аракетин көз алдыбыздан өткөрүп, алардан үйрөнүшбүз абзел. Ынтымакка келиш керек.

- Кадыраалы мырза, ошол ынтымак жоктуктан эми эки чоң жыйын чакырганы турушат. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн сөзсүз эле курултай чакырыш керекпи же мунасага келүүнүн башка да жолдору барбы?

Кадыраалы Кошалиев: - Жашоо-турмушубуз жакшы, майкөл-сүткөл болуп, адилеттик аксабаса мүмкүн көп нерселер көтөрүлбөйт да болчу. Мынча айтылгандан кийин бийлик менен оппозиция кеңешип олтуруп эки эмес, бир курултай өткөрүшү керек. Кыргыз тарыхында чоң маселелер курултайда гана чечилген. Мына мисалы, Барсбекти кан шайлоодо же кийинки эле тарыхыбыздагы Ормонду кан шайлоону алалы. Энесай кыргыздарын бир жагынан түргөштөр, экинчи жагынан түрк каганаттары кысып, кыргыздын коопсуздугуна шек келген учурда Барсбекти кан көтөрүп, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөнүн жолуна түшкөн. Ормонду кан шайлоонун алдында бир жагынан орустардын, экинчи жактан казактардын коркунучу пайда болгон. Улуттук биримдик суудай керек болуп турган учурда азыркы Балыкчыда курултай өтүп Ормонду кан шайлап алышкан. Мына эки мисал. Курултайдын кан шайлоо укугу болгон. Курултайга Конституцияда укуктарды, керек болсо президентти да шайлоо укуктарын бериш керек. Андай практика дүйнөдө бар. Мисалы Америкада баары эле президентти шайлашпайт. Өкүлдөр шайлашат. Эгер курултайга бийликтин бутактарын көзөмөлдөө укугу берилсе бийлик дагы, оппозиция дагы, эл дагы өзүнүн өкүлдөрүн жөнөтүп, ошол жерде калыс сөздөр айтылып, чечимдер салмактуу чыкмак. Ынтымак курултайынын чечими кеңеш берүүчү гана күчкө ээ. Конституцияда болсо курултайдын салмагы таптакыр башкача болмок. Кантсе да азыркы коомдо ушундай кадамдардын жасалып жатышы бир нерсени аныктап турат. Эртеби-кечпи курултайды мыйзамга киргизмейин бизде адилетсиздик жашай берет.

- Орунбай мырза, жалгыз эмес, кош курултай өтө турган болуп калгандан кийин анда кандай маселелер талкууланат деп ойлойсуз?

Орунбай Ахмедов: - Жогорку бийликти аныктап алуу, аймакты тактоо, болбосо бир жакка жер которуп көчүп кетүү зарылдыгы туулганда курултай чакырылган. Менимче, бул курултайларда деле сөз бийликтин айланасында болот го. Кыргызстан келечеги жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

- Кадыраалы мырза, сиздин кошумчаңыз жокпу?

Кадыраалы Кошалиев: - Элди максаттар бириктириши керек. Кыргыздар кылымдар бою эңсеп келген эгемендигине, өз алдынчалыгына ээ болгон учурда ар кайсы себептер менен тирешип олтуруп мына ушул колубуздагы дөөлөттү, бакыт кушун жоготуп албашыбыз керек. Мамлекеттүүлүккө шек кетпеш керек. Ушуга келгенде ал оппозициянын өкүлүбү, бийликтегиби же бир карапайым кыргызбы - баары ушуга жоопкер. Ушунун тегерегинде ой калчап, биргелешип, кызматташып, бир столго олтуруп, маселени чогуу чечүүнүн формуласын аныктап алсак, кепке келип, аксакалдар баш болуп, бир пикирге келсек, ынтымакка жете алсак жакшы болор эле.

- Мырзалар, ырахмат! Ишиңиздерди ийгилик жылоолой жүрсүн!
XS
SM
MD
LG