Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:29

Экономика

Жабылган чек ара, жабыркаган ишкерлер

Кыргызстанга келаткан жүктөр бир айга жакын убактан бери Казакстандын бажы бекеттеринен өткөрүлбөй, ишкерлер зыян тартышууда. Жыл башынан Казакстан Белорусия, Орусия бажы биримдиги ишке киришкенден бери ортодон жүк ташып өтүү чоң тоскоолдуктарга кабылууда.

Текст көлөмү - +

Пара бергиче бажыканага бара бер

Айрым ишкерлердин айтуусунда, 1-февралдан тарта Казакстандын Харгост, Конусбаев, Сарагаш бажы бекеттеринен Кыргызстанга Кытай, Араб Эмираты, Иран, Түркиядан келаткан жүктөрдүн өткөрүлбөй узак кармалышы биринчи ирет болуп жаткан окуя. Эл аралык Женева конвенциясына ылайык башка бир өлкөгө ташылып келаткан жүктү транзит жолдогу мамлекет тоскоолдуксуз өткөрүшү керек болчу. Эмнеликтен жаңы жылдан тарта үчилтик бажы биримдигине кошулган Казакстандын Кыргызстанга келаткан жүктөрдү тосуп өткөрбөй коюшунун себеп-жөнү айтыла элек.

Келер маалы болгон кербендер көрүнбөйт го!

Өзүн Султан деп тааныштырган ишкердин айтуусунда, эки жумадан бери Кытайдан келчү жүктөрүн күтүп жатышат. Ал жүктөрдү Бишкекке жеткирип берчү фирманын кызматкерлери “жүктөр эртең келеттен” башка жообун айтыша элек.
Товарлар Казакстанда кармалып атат дегенден башка жооп жок

- Товарларыбыз келиши керек эле. Бүт эле фирмалардыкы сурасак ошондой деп атат. Казакстанда кармалып атат, Казакстандын чек арасында кармалып атат, дешет.

Чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга буюм ташыган ишкерлердин көбү Казакстандын транзиттик жүктөрдү өткөрбөй жатышынын себеп-жөнүн анын Орусия, Белорусия бажы биримдигине киришине байланыштырууда.

- Ошого байланыштуу деле болушу мүмкүн. Биз фирмаларга барсак алар ачыгын айтышпай, “кармап атышат” дешет. Биз эми жазында сатылчу товарларыбызды алышыбыз керек эле.

Кытай товарларын Кыргызстанга ташыган “Фаворит” фирмасынын Омар аттуу кызматкери узакка созулуп кеткен маселе бүгүн-эртең чечилип калышын айтуу менен чектелди.

- Бүгүн чечилип калышы мүмкүн. Эртең кое беришет го. Ал жерде ар кыл себептерди айтышууда. Өздөрү деле билишпейт.

Кандай себеп болушу мүмкүн?
Кыргызстандын тышкы саясатында туруктуулук жок болуп жатпайбы. Бул да себеп болушу мүмкүн... 

Парламенттин мурдагы депутаты, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин ырасташынча, Казакстан бул аракети жаңы бажы бирикмесине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирдиктүү бажы талаптарына өткөн үч өлкө ички базарын коргоого киришти. Ошондон алар Кытайдан агылган товарлардын Кыргызстан аркылуу күргүштөп киришине кызыкдар эмес.

- Баары тең реэкспорт менен Орусияга, Казакстанга, Өзбекстанга кетип турган. Бул биринчиден, ошол жакты жабабыз деп жатканы. Экинчиден, Кыргызстандын тышкы саясатында туруктуулук жок болуп жатпайбы. Бир туруп Американы көздөй секиребиз. Бир туруп кошуна мамлекеттер менен шериктеш болобуз дейбиз. Антип туруктуулук жок болгон соң мына жакында Орусия президенти Омскиде ошол бажы биримдиги боюнча катуурак айтты го. Кыргызстан жетекчисине биртоп суроолорубуз да бар, деп айтып жатат. Бул да болушу мүмкүн.

Темир Сариев Казакстандын бажы биримдигине киргенден кийин Кыргызстанга бараткан жүктөрдү Казакстандын тосуп салышын анын коңшусуна экономикалык кыр көрсөтүшү катары да кабылдоого болорун кошумчалады. Андай экономикалык сес көрсөтүү бажы биримдигине кирген өлкөлөр атынан чыкса салакасын дагыле барып-келип карапайым калк, соода-сатык менен алектенген ишкерлер тартышы талашсыз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ака каяктан: Абад
23.02.2010 01:20
Казактар туура кылат!Кыргыздын келечегин ойлобогон ажого ордун корсотуп!Жакшы болуптур!

кимден: azattan каяктан: kazaxstandan
22.02.2010 20:00
Cалам кыкендер, биздин элбашылар деле ошол бажы биримдигине кирсе кандай жакшы болмок карапайым калк учун. Азыр копчулук кыргыздар Казакстанда Россияда соода менен алектенип жаткандыктан, Бишкектен товар ташыгандар учун пайдалуу жактары болот беле. Биздин башчылар ошол биримдикке киргилечи, кыргыздар нары откондо, бери откондо кудайлабай, ойлонбой отуп турайлы, туугандар туурабы.

кимден: Кайратбек каяктан: Чымкент
22.02.2010 18:23
Кичине ойлонуп жазсаң боло! Курсагы ток бала ач бала менен ойнобойт болбой. Сен жакын эле "ЧЕРНЫЙ РЕЧКА" бажы постунан отуп корсоң сооп болотту ошондо коросуң.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
22.02.2010 17:50
Сооп болоттон башка эмне демекпиз. Сойкуларча иш кылып жатса чондорубус, ошондой болот да.Эми ишкерлер жаны ачыганы чын болсо БЕКти каржыласын.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)