Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Маданият

Манат Эшимбеков “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын алды

23.01.2010
Айжан Шаботоева

Монте-Карлодо Монако ханышасы Стефания кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын башчысы Манат Эшимбековго “Күмүш маскарапоз” сыйлыгын тапшырды.

  • 20-январда Монте-Карлодо цирк өнөрү боюнча эл аралык 34-фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты болду. Анда ханыша Монако Стефания кыргыз эл артисти, Кыргыз цирк труппасынын башчысы Манат Эшимбековго “Күмүш маскарапоз” кубогун тапшырды. Сыйлыкты тапшыруу учурунда мамлекеттик желек көтөрүлүп, кыргыз гимни ойнолгон.

  • Кыргызстандык Атай Өмүрзаков орус телевидениеси уюштурган “Минута славы” долбооруна катышып, он мыкты аткаруучунун катарына кирген. Өмүрзаков калыстар тобуна өзгөчө бийин бийлеп берген. Төрт жылдан бери бий өнөрү менен менен алектенген Атай долбоорго тандоо жүрүп жатканын интернет аркылуу окуп, атайын кассетасын жөнөтүп, катышууга чакыруу алган.

  • Бул жумада Францияда режиссер Жан-Иф-Руф койгон “Евгений Онегин” спектакли көрсөтүлдү. Ал эми көрөрмандар тарабынан бул чыгармага жашоодо орундалбай калган сүйүүнү чагылдырылган мыкты спектакль деген бааасын беришкен.

  • Москвада бийлөөчү фонтандардын цирки ачылып, программадан көрөрмандар 40 тонна суу батуучу бассейнге орнотулган фонтанга күбө болушту. Мындан сырткары аба гимнасттары, макарапоздордун номерлери камтылган.

  • Чехов атындагы мааракелик фестиваль январь айында ачылып, июлда жыйынтыкталат. 16 жылдан бери өтүп келген фестиваль ар эки жылда уюштурулат. Бул жолку иш-чара Чеховдун 150 жылдык мааракесине арналып, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн көркөм өнөр адамдарын чогултат.
     

 

  • "Азаттыктын" архивинен: Кыргыз цирки Прагада

    Айтылуу циркач Манат Эшимбеков жетектеген "Кыргызстандын жигиттери" тобу Чехиянын шаарларын кыдырып, оюн көргөздү. 20-май, 2009-жыл. VD.

    Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: кыргыз бала каяктан: Кыргызстан
25.01.2010 01:03
Биз "маскарапоз" сыйлыктан башка нерсеге татыктуу болбой калдык го...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.01.2010 16:07
Кийимдери кыргызча бөлүгүн түзүп турбайбы!!??
Сүйлөй берет экенсиң да

кимден: asil каяктан: kg
23.01.2010 20:37
Сөздун артында "СӨЗ" жатат ... түшүнгөнгө

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
23.01.2010 15:08
Музыкасы кавказдыкы, кийими азербайджандыкы экен. Кыргызча бөлүгү болсо керек.
     

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)