Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:23

Кыргызстан

Жалал-Абадда куралдуу террордук топ жок кылынды

Жалал-Абат областтык администрациянын басма сөз катчысы Орозали Карасартов "Азаттыкка" билдирген маалыматка караганда, облустун аймагында жүргүзүлгөн антитеррордук операциянын натыйжасында куралчан беш террорист жок кылынды. Алар "Өзбекстан Ислам кыймылы" террордук уюмунун мүчөлөрү экени жана чет жерде террористтик лагерлерде машыккан согушкерлер экени аныкталды.

Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
- Орозали мырза, Жалал-Абад областынын аймагында ок атышуулар болду деген кабарларды уктук. Ошол окуянын чоо-жайы жөнүндө маалыматыңыздан бөлүшсөңүз.

-Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын тараткан маалыматка караганда, 23-июнда "Өзбекстандын Ислам кыймылынын" мүчөлөрүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча областыбыздын аймагында атайын антитеррордук операция жүргүзүлдү. Бул операция учурунда алар каршылык көрсөтүп, ок атышуулар болду. Атышуулардын натыйжасында укук коргоо органдарынан бир адам каза болду, бирөө оор жаракат алып ооруканага түштү.

Улуттук коопсуздук комитети тараткан маалыматка караганда, бул согушкерлер террористтик лагерлерден атайын машыгуудан өтүшкөн жана Кыргызстанга башка жактан келишкен. Операция учурунда булардын жанынан куралдар, жардыруучу заттар табылды. Каршылык көрсөтүү учурунда алар бекинген үй өрттөнүп, бир топ зыянга учурады. Азыркы учурда ошолордун баардыгын тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

-Антитеррордук операцияда "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөсү болушу мүмкүн деген канча адам жок кылынды?

- Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча жалпысынан беш адамдын өлүгү табылды.

-Ошол жерде болгон окуя тууралуу журналисттер маалымат ала албай кыйналышты. Маалымат жагынан сиз кандай жардам бердиңиз?

- Улуттук коопсуздук комитетитинин жергиликтүү бөлүмдөрү жана облустук ички иштер башкармалыгы жана облустук бийлик өз ара кызматташып, ушул маалыматтарды берүүгө аракет кылдык.

- Ушу учурда облуста коопсуздук, коргонуу маселеси кандай абалда?

- Азыр облустун аймагы тынч. Жашоо- турмуш кадимкидей өз нугунда өтүп жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Динара каяктан: Кытай, Урумчи
24.06.2009 19:01
Эмне үчүн биздин чек арачылар катуу текшербейт өзбек туугандардын террористерин, менин билишимче бул экинчи жолку окуя, билбегенибиз дагы көптүр, биздин шаарда.

кимден: Uzgen каяктан: Basmachi
24.06.2009 13:28
...jakshy kilipsinar. Alga Kyrgyzdin anik Kyrgyz askerleri. Kyrgyz uchun Kyrgyz tuusu uchun alga !!!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)