Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:20

Илим, билим берүү, IT

«Бештентектин» тушоосу кесилди

Көпчүлүктүн коррупцияга кайдыгерлигин азайтуу, андай мамилени билим берүү тармагында жайылтуу максатында Кыргызстандагы Медиа өкүл институту «Бештентек» долбоорун ишке киргизүүдө.

Текст көлөмү - +
Ай тийген тоонун арасында боз үйдүн алдындагы чатыраган арча оттун жанында чоң атасы небересине “Байлык үңкүрү” жайында кеп кылып отурат.

- “Байлык үңкүрү”? Ошондой да болот бекен?

- Эми ал жакка итке минген кедей болуп кирип, кайра чириген бай болуп чыгат экенсиң! Мына болгон сыры!

- Коюңузчу апыртпай! Мейли дейли. Эми ошол үңкүр кайда экенин айтсаңыз?

Небересинин сөзүн укпай, абышка олтурган жеринде таягын кармаган бойдон үргүлөп кетет. Бул эпизод “Бештентек” долбоорунун негизинде тартылган 10 мультфилмдин биринчисинен.

Долбоор катышуучулары мындан тышкары байлык издеп тоо арасын кезген айылдык бештентек тууралуу куурчак, радио оюндарын, түстүү сүрөттөрдү, биртоп көркөм материалдарды жарыкка чыгарууда.

Долбоор жетекчиси Элвира Сариеванын айтуусунда жаңы долбоор америкалык Өнүктүрүү кору, бир катар эларалык уюмдардын каржылык колдоосунун негизинде ишке ашырылууда.

- Негизи ушул баалуулук жөнүндө долбоор жасайлы деп көптөн бери өзүбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Жаштарга жасайлыбы же кичинекей балдарга жасайлыбы деп. Анан бүт Кыргызстан боюнча фокус топ өткөргөндөн кийин ушул ондон онбеш жашка чейинки балдарга баалуулук жөнүндө айтыш керек деген ой болуп калды.

Элвира Сариева жаңы долбоор боюнча республиканын 70 мектебинде класстан тышкаркы окуулар жүргүзүлөрүн, 40 айылда куурчак театрынын оюну көрсөтүлөрүн маалымдады. Мындан сырткары “Бештентек” 7 үналгыда жаңырып, жаңы жылдан тарта улуттук телеканал аркылуу 10 мультфильм көрсөтүлмөкчү.

Долбоордун тескөөчүсү Руслан Акунов келечек муунга көпчүлүк үчүн көнүмүшкө айланган коррупцияга кайдыгер болбоонун көркөм ачкычын табуу кыйла эле кыйынга турганын жашырган жок.

- Союз таркагандан кийин, мындай эле кичинекей мисал алсак, мультфильм жасаган студиялар азайып кетти. Дагы жакшы, биз дурус студия таап ошону менен иштешип калдык. Анан жакшы композитор таап иштешип калдык, атайын ошол балдардын гимнин жазып.

Жаңы долбоор Кыргызстан үчүн өзгөчө оор маселе бойдон калып жаткан коррупциянын тизгинин тартууну бала кезден баштоонун зарылдыгын ырастай аларын Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Мишел Еркин белгиледи. Анын маалымдашынча, АКШ “Миң жылдыктын көйгөйлөрү” программасынын негизинде Кыргызстанда демократиялык жаңыланууларды колдоо багытында 16 миллион доллар акча бөлүнгөн.

- Сиздерге белгилүү болгондой, эларалык “Транспаренси Интернешнл” уюмунун быйыл жайында жарыя кылынган маалыматына ынансак, Кыргыз Республикасы коррупция деңгээли боюнча 180 өлкөнүн арасында 160-орунду ээлеп турат.

Баланы кичинекей кезинен чынчыл, адилет болуп, түркүн-түс коррупцияга каршы тургудай тарбиялоо зарылдыгына басым койгон “Бештентек” долбоору аркыл кесиптеги чыгармачылык адамдардын аракети менен Кыргызстанды кыдырганы турат.

Долбоордун билим берүү багытын жетектеген Максим Никифоров ушу тапта класстан тыш өтүлчү сабактардын усул-ыкмалары алгач ирет чыгып жаткан көрсөтмө окуу китебинде баяндаларын кабарлады.

“Бештентек” долбоорунун демилгечилери айылдык шок балдардын башка дүйнө - чоңдор арасында жайылган социалдык илдеттин көркөм сиволуна айланган байлык үңкүрүнө кабылышы аркылуу балалыктын таза дүйнөсүн сактап калуу чакырыгын алдыга жайышкан.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жана каяктан: Бишкек
16.11.2009 13:29
Сиздеге Чоң рахмат!
Жакшы долбоор баштап жатыпсыңар, Иштериңерге ийгилик!
Долбооруңардын түшүмү жемиштүү болсун.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
14.11.2009 22:07
Azamattsynar!
Balany bashynan dep kojotko,anysy kandai jash muundardy bashynan ak-karanyn, jaman-jakshynyn aiyrmasyn tak uirotso,balkim kelechekte olkobuzdo azyrkydai moraldyk krizis bolboit dep ojlojm.
Kichinekei baldarga tarbiya-taalim bergen , kunumduk turmushtan alyngan kyskacha okuya jazylgan kitepterdi da chygarsanar jakshy dep ojlojm.
Ishinerge ijgilik!

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)