Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:22

Экономика

Унутта калган келишимдер убарасы

22-майда парламент кыргыз өкмөтүнүн канадалык ишкерлер менен кол койгон кошумча келишимдерин жактырды. 30-мартта жаңыча шарттагы келишим парламенттен жактырылган. Аны менен кошо жактырылчу 7 келишимдин унутта калтырылыш себебин өкмөт «техникалык катага» шылтоодо. Айрым депутаттардын унутта калган келишимдерди окуп чыгуу өтүнүчү жоопсуз калып, көпчүлүк эл өкүлдөрүнүн колдоосу менен кезектеги келишимдер жактырылды.

Унутулган "алтын келишимдер" жактырылды
x
Унутулган "алтын келишимдер" жактырылды
Текст көлөмү - +
“Кумтөр” алтын кенине байланышкан маанилүү келишимдердин 30-апрелде унутта калтырылышынын себеп-жөнү учурдагы парламенттин иш ыраатына мүнөздүү көрүнүш. Аны ошол эле “Акжол” фракциясынын мүчөсү депутат Динара Молдошева Экологиялык кодекстин мисалында ырастап, ири мыйзам долбоору бир окуу менен кабыл алынып кеткенин отургандардын эсине салды. Анын кабарлашынча, өкмөт жаңы мыйзам долбоорлорун жарактуу даярдоого жетише албай жатат. Ал эми парламент төрагасы Айтибай Тагаевдин маалымдашынча:

- Ката деген бизден эмес, тиги өздөрүнөн келген.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мырза Капаров болсо 30-апрелде “келишимдер” ордуна жалгыз келишимдин өтүп кетиш жоопкерчилигин эки тарап тең тартышы керек деген пикирде.

- Бизден биринчи ката кеткен. Анан эми комитеттерде карап, фракцияларда карап, Жогорку Кеңеште карап, баарыңар абдан билимдүү депутаттарсыңар. Ошондо силер деле карап койсоңор жакшы болмок экен.


Cоциал-демократиялык фракциянын мүчөсү, депутат Роза Отунбаева унутта калтырылган келишимдер эл өкүлдөрүнө тааныштырылбай эле сунуш кылынып жатканын белгилеп, Кыргызстан үчүн маанилүү документтерди окуп чыгууга убакыт сурады.

- А биз болсо азыр айтып жатабыз жок, бирөө эле эмес баары - көп деп. Ошол көп 7 экен. Үчөөн көрүп жатабыз. Эми дагы төртөөн көрсөтпөйсүңөрбү, бербейсиңерби колубузга!


Алдагыдай мыйзамченемдүү суроого келишимдерди парламентке сунуштаган “Акжол” партиясынын төрага орунбасары, депутат Табылды Орозалиев момундай жооп узатты.

- Ал өзүңүздүн ишиңиз. Таанышкыла, деп жатам, дагы бир жолу айтайын. Документтер турат менин столумда.

Партия жетекчисинин үстөлүнүн үстүндө тирелген документтерди эч ким басып барып окубаганын депутат Роза Отунбаева дагы бир жолу бышыктады.

- Ошол 7 документти мына ушул жерде отурган 89 депутат көргөн жок, билбейт.

Социал-демократиялык фракциянын дагы бир мүчөсү Мурат Жураев да жактырылууга жатчу 7 келишимде эмнелер жазылганын депутаттар билбестигин айтып, маанилүү документти апыл-тапыл кабыл албоого чакырды.

- Себеп дегенде келишимдер канча жылга эсептелгени мага түшүнүксүз. Менин билишимде 49 жылга экен. Ойлонуп көргүлө урматтуу депутаттар, мезгил өзгөрүүдө, экономиканын оңолуп кетиши ыктымал. Алтынды өзүбүз иштетип калышыбыз мүмкүн. Бизде чыгып сүйлөгөн Базарбай Мамбетовдун айтуусунда, “Кумтөрдө” 2 миң тонна алтын бар экен.


Жогорку Кеңештин төрага орунбасары Кубанычбек Исабеков тамгадан кеткен катанын айынан 5 келишим убагында жактырылбай калганын ырастады.

- Биз 1 эле келишим деп кабыл алганбыз. А бул жерде 5 келишим болушу керек. Аны өкмөт маалымат катары дагы бизге берет. 5 эмес андан кийин да болушу мүмкүн.

Парламенттин баам сыртында калган келишимдер көпчүлүк добуш менен жактырылды. Анткен менен мыйзам долбоорлорун ыкчам кабыл алуунун кыныгына түшкөн эл өкүлдөрү эртеңки күнү кайсы долбоорду унутта калтырышат болду экен, суроосу жоопсуз калууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Абдумомун каяктан: Рф
23.05.2009 10:39
Бул эмне деген бардак? Эшегине жараша тушагын дегендей бийлике жараша депутаттар дагы өздөрүнүн ыйык милдеттерин аткарбай креслону жалпайтып былк этпей отурушабы? Эл журт ойгонгула, ойгонгула алида болсо кеч эмес.

кимден: Ouma каяктан: kitay
22.05.2009 22:20
emne unutta kaltitrip kete bere turgan alar deputatbi je kim.? mumkun ekonomikabiz onolup ketse Kumtordu mamleket iwtetip kalar.?
aga bizdin biyliktegilerdin araketi kerek. Kumtordo 2 min tonna altin bar ekenin Bazarbay Mambetov kaydan bilet.? a mumkun ertege Kgstan emne bolootun da bileer.? Oylonboy suyloson oorubay olosun degen soz elimde. Keneship kesken barmak oorubayt kilip jakwi kenshkile deputattar. silerden akirki umut.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)