Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

“Ак шумкар” чоң митингге даярдык көрүүдө

Нарында 10-мартта болгон митинг

Нарында 10-мартта болгон митинг

10.03.2010
Аманбек Жапаров

“Ак шумкар” партиясы стратегиялык ишканалардын сатылышын, отун-сууга тарифтердин көтөрүлүшүн мыйзамсыз деп бийлик айыптап, президент К. Бакиевдин туугандары, уулу, инилери мамлекеттик кызматтан кетсин деген талаптарды көтөрүп, 23-мартта каршылык митингдерин өткөрүүгө даярданууда. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Уланбек Карыпов билдирди.

- Кечээ “Ак шумкар” патиясынын саясий кеңеши жыйын өткөрүп, бир топ чечимдерди кабыл алган экен. Ошону өзүңүз кененирээк айтып берсеңиз, эмне маселелер каралды, кандай чечим кабыл алынды?

- Биздин “Ак шумкар” саясий партиябыздын саясий кеңешмеси болуп, ага бардык региондордун өкүлдөрү, саясий кеңешменин мүчөлөрү келип катышты. Негизинен биз 5 маселени карап чыктык. Биринчиси, “Түндүк электронун” жана “Кыргыз телекомдун” сатылышын мыйзамсыз деп таап, муну мамлекеттин эсебине кайтарылсын деген талапты койдук.

Экинчиси, электр энергиянын жана коммуналдык төлөмдөрдүн баасынын көтөрүлүшү мыйзамсыз деп табылган, ушунун баардыгы мурдагыдай калыбына келтирилсин. Ошондой эле сууну жана электр энергияны уурдоону токтотуп, уурулукка катышкан, ошого жол берген жоопкерчиликтүү адамдарды президентибиз мыйзамдын жоопкерчилигине тартсын.
 
Үчүнчү талабыбыз, мыйзамсыз жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалып жаткан Бакиевдин туугандары, уулу, инилери мамлекеттик кызматтардан кетирилсин.

Ошондой эле Конституцияга каршы келген мамлекеттик органдар жоюлсун. Муну билесиңер, жанагы баласы башкарган борбордук агенттик, мамлекеттик эмес бюджет кызматтарына окшогон, ушулардын бардыгы Конституцияга каршы келгендиктен сөзсүз түрдө жоюлсун.
 
Төртүнчү маселебиз, президент сунуштап жаткан Конституциялык өзгөртүүлөр бул үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштырат, андыктан ошонун бардыгы кайра чакырылып алынсын деген талап коюлду.

Ал эми бешинчиси, бул Алайдагы биздин жердештерибиз, Нарын биздин боордошторубуз көтөргөн маселелер боюнча митингдер өтүп жатат, ошол митингдерге биз тилектешпиз.

Ошондой эле Петровкадагы кырдаалга байланыштуу коюлган талаптардын бардыгына биз тилектешпиз, буга биз толук тилектештигибизди билдирдик.

Эми ушуга карата биз конкреттүү чечим кабыл алдык, 23-мартта ушул маселелер ишке ашпаса, талаптар аткарылбаса, “Ак шумкар” партиясы өзү демилге көтөрүп, башында туруп чоң митингди баштоого даярдык көрүп атабыз.

- Бул митинг Ынтымак курултайынын алдында өткөрүлөт деген маалымат болуп атат?

- Биз өткөрө турган митинг 23-мартта болот. Биз ушуга кечээ күнү толук жоопкерчиликтүү адамдарыбызды бекиттик, уюштуруу комитетин, ким кайсы маселе үчүн жооп берет дегендей. Негизинен ушул курултайдын астында өтө турган митинг.

- Бул филармониянын алдында өткөрүлөбү?

- Ооба, филармониянын алдында өткөрүлөт. Анткени жөн эле келип мыйзамсыз иштерди, аракеттерди бекитүүгө келип эл чогулуп алып, калп эле кол чаап, жакшы болду деп тарап кеткени биз үчүн туура эмес. Андыктан чыныгы элдин талабы, чыныгы элдин мүдөсү, жүрөгүндөгү болгон зар муңун угуш керек мамлекеттин башында тургандар. Ошондуктан биз дагы филармониянын астына барып өз талаптарыбыз менен чыгабыз.

- Бул боюнча шаар бийлигине билдирдиңиздерби?

- Ооба, шаар бийлигине биз кечээ саясий кеңешмеде чечим кабыл алгандан кийин расмий түрдө эскертүү катты жазып, бүгүн эртең менен алып бардык.

- Ал эми 17-марттагы Элдик курултайга катты ушул боюнча чечим кабыл алдыңарбы?

- Бул маселе боюнча азыр бир тараптуу чечим кабыл ала элекпиз. Анткени бир катар сүйлөшүүлөр бар. Эгерде бул жалпы граждандык күчтөрдүн, жалпы саясий күчтөрдүн биригүүсү болсо, анда биздин катышуубуз толук мүмкүн. Ошондуктан азырынча бул маселе биз үчүн ачык.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Акыйкат каяктан: Нарын
15.03.2010 23:04
Биз да колдойбуз!!!

кимден: Манас каяктан: Бишкек
12.03.2010 09:41
Алга,АКШУМКАР!!! Эл сиздер менен!

кимден: Арген каяктан: Кытай
10.03.2010 21:19
Сариев азамат саясатчы экен.Ар кимиси жамандаса ишенип жүрүпмүн.Темике Президент болчу адам экенине ишендим! Бар болуңуз!

кимден: Мамат каяктан: Бишкек
10.03.2010 20:12
Сариевдин кийнки кездерде оппозициялык иштерге каттуулап киришкени мени сүйүндүрүп атат. Анткени Президенттик шайлоодо бөлүнүп, БЭКке кошулбай, оппозиция констуктивдүү болуш керек деп, анан бийлик Курултайына барыш керек, бийлик менен кызматташуу керек деген сөздөрү мени абдан кайгыртып жүрчү эле. Мына эми баары өз ордуна келе жатат. Эми Сариев БЭКке кириш керек. Оппозиция бириксе бийликтин айласы кетет.

кимден: немис каяктан: Прага
10.03.2010 18:44
Мөөнөтсүз Президенттик шайлоо башташ керек!Бул бийлик толугу менен банкрот болду!

кимден: Марс
10.03.2010 17:16
Мына саясий партия деген ушундай болуш керек!!! Парламент да тарап,кайра шайлоо өткөрүш керек!!! АЛГА, АКШУМКАР!!!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)