Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:17

Эл үнү

Бишкек: Жер басып алуу аракети башталды

Бишкектин чет жакасындагы айрым райондордо жүздөгөн адамдардын жерлерди мыйзамсыз басып алуусу башталды. Шаар бийлиги жер ээлеп алуу аракетин атайын чагымчы күчтөр уюштуруп жатканын белгилеп, аларга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ага карабай адамдар топ-тобу менен басып алган жерлерине бирин-экин чатырчаларды тигишип, жер берилмейин кетпейбиз деп отурушат.

Текст көлөмү - +

“Жер берилбесе кетпейбиз!”


Көп балалуу Назгүл айым үч күндөн бери Октябрь районунда төрт сотке жерди ээлеп, кайтарып отурат. Ал басып алган жерине атайын белги коюп, эртеңден тарта аны мыйзамдаштырууга аракет кылып жаткан экен:

-Бийликти убактылуу өкмөткө алып бердик. Эми эмне үчүн өз элибиз өз жерибизге ээ боло албайт. Мага болгону төрт сотке жер беришсин, башка эч нерсенин кереги жок. Мен Бакиевдин беш банкын же башка байлыгын сураган жокмун, мага жер беришсин! Болбосо кетпейм!

Назгүл сыяктуу жер ээлеп алгандар жана дале болсо ээлеп алууга аракет кылган адамдар жүздөп саналат. Ал тургай базарда соода кылгандар өз жумушун таштай эки-үч күндөн бери талашка түшүп жаткан шаар четиндеги аймактарда жүрүшкөнүн байкоого болот. Октябрь районунан жер басып алган Бишкек шаарынын тургуну Кубаныч эгерде бош жерлерди ушундай учурда эл басып албаса, анда кийинчерээк
чоң кызматтагылар өздөрү менчиктеп алат деген түшүнүктө:

- Менин эсимде, Акаев бийлиги кулап Бакиев келгенде да ушул жерди карапайым эл басып алган. Ал кезде мынабул кансарайлардын (особняк) бирөө да жок болчу. Көрсө мындай жерди акчалуу чоңдор гана алып, карапайым эл какшап кала берет экен. Азыр бизге төрт эле сотке жер берсин, үңкүр да болсом үйүм бар деп туруп кичинекей бирдемке кура коебуз.


Мэрия: “Бул деген талап-тоноочулук”

Шаар бийлиги жер басып алуу аракетине каршы иш алып баруучу шаардык жана райондук штабдар түзүлгөнүн жарыя кылды. Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жер басып алууга кызыкдар атайын чагымчы күчтөр бар экенин белгилеп, аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти:

- Мунун баары мыйзамсыздык. Бул талап-тоноочулуктун бир түрү. Мыйзамга каршы келет. Басып алынган жерлер эч качан берилбейт.

Иса Өмүркулов шаар элине кайрылып, райондордон жер алып берем деп ортомчулук менен шугулданган адамдарга акча бербөөгө чакырды. Бирок Октябрь жана Свердлов районунда бош жаткан жерлерди басып алгандар шаар бийлигине кулак төшөмөк тургай, жер бөлүштүрүүнү улантып, көчөлөргө ат коюп жиберүүгө жетишти. Төрт сотке жерди ээлеп алган Асылбек буларды айтты:

- Көчөлөргө “Ынтымак-1”, “Ынтымак-2” деп ат коюп жатабыз. Сатканыбыз картошка-пияз. Ошон үчүн басып алган жерлерибизди берип калса үйлүү болуп калабыз деп чоң кубанычта турабыз.

Асылбеке окшоп ыңкылаптын арты менен жерге ээ болобуз деген жүздөгөн шаардыктарды убактылуу бийликтегилер токтотууга чама чаркы жетпей турат. 10-апрель түнү укук коргоо органдары жер басып алгандарды таратууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок. Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин жерлерин бөлүп берүүдө деген каңшаарды уккан шаардыктар алардын катарын уламдан улам көбөйтүүдө.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
13.04.2010 07:42
Jer karapaiym eldiki,kyrgystandan eldi kuup chygyp jatkan kishi jokko...
Bashka koptogon kalktardy bilebiz,jeri jok,ar kaisy mamlekkete jashap jatkandardy,bizdin jeribiz bar oshogo da shygyr desek bolboibu,karapaiym el...Jahstarybyz beilikti emes jerdi da alyp berip ketsin degeni turasynar go,kanchlagan adamdyn kany togyldy,any bilgen,sezgen adam myndai kylbait ele,el-jer ychyn dep ooz koptyryp syilop koiobuz,anan ele ozyn oilogon adamdar... Beilik jailoolordu satyp jatkanda emne oozunardy basyp oturdunar,oshonda jazsanar bolmok "JER KARAPAIYM ELDIKI"dep..

кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
13.04.2010 07:23
Jer ylysh jalgyz ele Nazgyl aiymga emes,kop kyrgyzdyn jaraandaryna kerek...Kyrgyzsatnda bashka problema tygyonyp kalgansyp,ubaktyluu okmotko dagy bir problema koshup,tyshynbostyk kylbagyla...Chon jogotuga kaigyryp turgan ata-enelerdin,aga-ejelerdin,bala-chakalardyn akybalyn oilogon kishi barby degi...Osholor kelip jer surasa jarashat ele...

кимден: Merim каяктан: Germanya
13.04.2010 01:34
Kirgiz eli uschunchalik Mankurt ekenine dagi kubo bolup jatabiz.revolyuzyada miting kilgan adamdar ozdoru tuschunuschpoit kilip jatkan ischin,4-5 adamdin akili menen mindegen adamdar isch kilip jatischat, jetelenip juruschot . adamdar emdigiche oz ukuktarin bilischpeit, bul karangilik nerse. Emi baarin kiratip koyuschkansip Jer alabiz dep jerdi emi estegensip ,oidoku makalani okup, bir chetinen kulkum keldi uschunchalik sabatsizdik adamdarga, mintet- "uschundai uchurda koldonbosok kiin okmotko otup ketet jerler" deit. Okmot dagi kop jaginan kunoolu eldi isch menen kamsiz kila albagandiktan elder mindai aibanchilik nerseni jasap jatischischat. Emnesi bolso da Kirgistan evropaga jaman jaginan taanilip jatat, uschul jagi okunuchtuu...

кимден: Artur каяктан: Germaniya
12.04.2010 17:52
Kirgizkiz. Men saga aitar elem. Senin uiun jok uchun senin ata-enen kuinolu. 1990 jildari baarina aiildardan kim kayaktan kelse oschol jaktan jer berilgen. Sen oilop jatasinbi baari ele jer jogunan jer alip je basil alip jatischat dep. Jook alar al menen kaira biznes jazap atischat. Biz kirgizdar uschundai bar da kanibizda, kim kayakta beker bir nerse berip jatsa , koi menda oschondon os tiip kalaiin dep churkaschat. Men da ech nersem jok, ui bulom bar. Men ech jaka churkabai ele olturam. Elibiz tinchitisch kerek, andan koroo jer dep basip albai. Rachmat okuuganin uchun!!!!!!!!

кимден: Artur каяктан: Germaniya
12.04.2010 17:47
Karapaim el men sizderdi abdan kattuu tuschunom kiinchilik menen, birok sizder oilogondoi jer alip kalsanar ele bai bolup ketpeisiner. Elim oilongulachi?????????? Jani ele kaza bolgon baldarga berse da unchupait elem. Birok keebirleri jon ele menda alip kalain degen kirgizdi men kirgiz dep eseptegim kelbeit. Uschul forumdun baschindagi baldar, uyat jon ele maga da aitip koi degenim. Bet degen jo. Kirgiz degen andai emes.

кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
12.04.2010 16:52
кыргыздар дагы баягысын баштадыбы. биякта жүрүп уялып өлмөй болдук. эшиктен кирип төр меники деген кеп башталган турбайбы. и вообще нариман тулеев бишкекти сонун кылып оңдоп атты эле деп угам. жаңы өкмөт эмнеге ал иштеп аткан кишини алып салды түшүнбөйм.

кимден: Кыргыз атуулу каяктан: Россия
12.04.2010 15:39
Айланайын калкым ай, чыдап келгенсиңер, дагы бир аз чыдап турбайсыңарбы. Жок дегенде шейит кеткен жигиттерибиздин топурагы кургасынчы, андан кийин жер талашкылачы. Баарың эле борборго качсаңар айыл-кыштакта ким жашайт. Ансыз деле айылдарда жаштар калбай калып баратат. Кыргыз мамлекети Бишкек менен чектелип калбасынчы туугандар. Түштүктөн өзбектер, түндүктөн казактар менен кытайлар куушуруп келүүдө. Андан көрө айылды көтөрбөйлүбү. Бишкекте бишкектиктердин өзүнө да жетпей турган жерлер калды окшойт, ар тополоңдо эле басып ала берип. Бир аз сабыр кылгылачы калкым. Бул күндөр да өтүп кетээр...

кимден: Рома каяктан: Сеул
12.04.2010 15:07
Бул жаны Бишкектин мэри кандай кабыл алат экен аааа туугандар.

кимден: Рома каяктан: Сеул
12.04.2010 15:05
Урматтуу Бишкектин тургундары, сиздерге кайрылып жатам. Эгер Бишкектин четинен элге берип жатса айтып койгулачы. Мен да жер алып калайын.

кимден: jon ele...
12.04.2010 14:01
Keede kyrgyz bolgonunga uyat bolup ketesing... minchalik katuu jazbayin deysing, birok bizdin eldin kilgani dagy az emes.
Karapayim degen sozdu kim chigargan ozu. Kyrgyzdar ozun karapayim dep ele jok bolup ketishet. Ech kim karapayim emes. Kimdin turmushu ongoy eken azyr? Evropada dagy baary ele karapayim, birok ozdorunun ukuktarin bilishet, ozdorun uyat kilishpayt jok degende.
Rossiya bizdin ustubuzdon shahmat oynogondoy oyun oynop jatyshat bizdin "karapayim" eldin oyu dagy ele jerde...
Egerde Bakiev tezireek ketpese je azyrky biylik Bakievge impichment jariyalabasa, je eng ele azynan Bakiev menen suyloshuugo barbasa, Kyrgyzstan turgan jerinen bolunup jok bolup ketuu iktimali bar azyr. Anan jer emes, erkindiging uchun sogushkani tuura kelet.
Men ech ele tushunbodum, erteng ele aytasingar ushul biylik uchun bizdin karapayim el oz kanin toktu dep. Bakiev ketsin dep bashtaldi munun baary, Bakiev ketti, emi kalganin azyrky biylikke kaltirip kirdaaldi kiyindashtirbay baary kelgen jerine kete berishpeybi? Kecheeki baatyr bugun uuru bolboy...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу