Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:28

Экономика

Кыргызстан коңшусунан мунай кендерин кайтарып ала алабы?

Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусунун аймагындагы “Өзбекнефтигаз” пайдаланып келе жаткан “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендерин кайтарып алуу боюнча иш-чараларды баштады. Бул боюнча буйрукка президент Роза Отунбаева кол коюп, тиешелүү министрликтерге тапшырма берди.

Президент Роза Отунбаева жакында Баткенде болгон иш сапарында
Текст көлөмү - +
Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендерин Кыргызстанга кайтарып алуу боюнча 1996-жылдан бери буга чейин үч жолу өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр болуп, бирок анын баардыгы жыйынтыксыз аяктаган. Бул жолу маселе жогорку деңгээлде коюлуп, президент Роза Отунбаева мунай кендери жайгашкан аймактарды өткөрүп алуунун шарттарын жана чараларын иштеп чыгуу талабын койду.

Мамлекеттик мүлк министри Шералы Абдылдаев маселе жакынкы убакка белгиленип жаткан өкмөттөр аралык комиссиянын жыйналышынын  күн тартибине коюла тургандыгына токтолду:

- Мунай кендерин биздин мамлекеттин эсебине алуу боюнча токтом чыгып жатат. Бул маселени тезирээк чечүү боюнча мамлекет башчысы тарабынан буйрук берилген. Ошол буйруктун негизинде, биз азыр тиешелүү материалдарды чогултуп, иликтедик. Буга чейинки эки мамлекеттин өкмөттөрү тарабынан кол коюлган макулдашууларды карап, тиешелүү документтерди даярдап жатабыз. Быйылкы жылы Бишкекте өтө турган өкмөттөр аралык комиссиянын жыйналышына мына ошол маселени алып чыгабыз. Ошол жерден дагы бир жолу такташкандан кийин мунай кендерин кайтарып алабыз деп ойлойм.

“Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендери 1955-жылы ачылып, ошол кездеги расмий Москванын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган. Анда жүз элүүгө жакын мунай бургулоочу скважиналар орнотулуп, учурда анын жетимиш бештен ашууну толук өндүрүштүк кубаттуулукта иштеп жаткандыгы айтылды. Токсонунчу жылдардын ортосунда бул жерден күнүнө кырк тоннадан ашуун мунай жана алты миң куб метрге жакын жаратылыш  газы өндүрүлүп турган. Бирок учурда мындагы  мунайдын  запасы тууралуу так маалымат жок.

“Кыргызнефтигаз” акционердик коомунун төрагасынын орун басары Тимур Мураталиев кыргыз өкмөтү мунай кендерин кайтарып алууда бул жолу катуу турушу керек деп эсептейт:

- Чек арадагы бекеттен өткөрбөй тосуп коюп эле, “болду биздин аймакка кирбейсиңер” деп койсо алардын иштери токтойт. Ошондон кийин гана, алардан түшкөн сунуштарды кабыл алып, андан кийин өкмөттүк деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшсө бир жыйынтык болмок. Андагы жер алдындагы газ сактоочу жайдын бизге зарылчылыгы жок. Аны Кыргызстанга кайтарып алып туруп, кайра Өзбекстанга ижарага берсе туура болот. Ал эми аталган аймактагы мунай кендерин кайтарып алып, иштетишибиз керек. Алардын ушул турушунда деле биздин мамлекет үчүн экономикалык пайдасы чоң.

Совет доорунда бардык мунай тармагы түздөн түз Москвадагы борбордук бийликке баш ийген. Союз таркагандан кийин Кыргызстандын аймагындагы аталган мунай кендери жана эки жүз гектарга жакын аймакты ээлеген газ сактоочу жай Өзбекстандын ээлигинде кала берген. Мамлекеттик мүлк министрлигинин маалыматтына караганда, өткөн он жыл ичинде эле мындагы мунай жана газ өндүрүүдөн "Өзбекнефтигаз" ишканасы  450 миллион АКШ доллары өлчөмүндө пайда көргөн.

Министр Шералы Абдылдаевдин айтымында расмий Ташкен буга чейинки сүйлөшүүлөрдө мунай кендерин кайтарып берүү үчүн бир катар орчундуу талаптарды коюп келген:

- Өзбекстан бул багытта ар кандай маселелерди көтөрүп жатат. Анын ичинде Ысык-Көлдөгү “Рахат” сыяктуу  учурунда Өзбекстан курган эс алуу жайларына болгон менчик укугун таануу маселесин да айтып чыгышкан. Бирок биздин өкмөт учурунда буга каршы болгон. Өзбекстан мунай кендерибизди кайтарып берүү боюнча биз сунуштаган келишимди кабыл албай келишкен. Алар “чек ара боюнча талаш-тартыштар бар. Ошол маселелер чечилгенден кийин гана “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендерин кайтарып беребиз” деп жатышат.

Бир катар талдоочулар бул маселенин расмий деңгээлде көтөрүлүшүн жаңы бийликтин жакшы аракети катары баалашса, айрымдары бул жагдай кыйчалыш учурдагы кыргыз-өзбек мамилелерине терс таасирин тийгизбейби деп чочулашат.
 
Кыргыз-өзбек чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов аталган мунай кендерин кайтарып алуу аракети ал аймактардагы чек ара сызыгын тактоодон көз каранды деп эсептейт:

- Ошол аймактагы чек ара сызыгынын өтүшү тактала элек. Ошондуктан андагы жер тилкелеринин кимге таандыктыгы да ошого байланыштуу чечиле элек да. Жанагы көп жылдардан берки сүйлөшүүлөрдүн ордунан жылбай жаткандыгы, андагы чек ара сызыгын тактоо өтө татаал болуп жаткандыктан улам болуп келген. Бул маселеде чек ара сызыгын тактап алмайынча, иштин чечилиши оор болот.

Баткен облусундагы мунай кендерин иштетип келгендиги үчүн “Өзбекнефтигаз” ишканасы буга чейин Кыргызстанга эч нерсе төлөгөн эмес. Анткени 1992-жылдан бери чоюлуп келе жаткан бул маселеде мунай кендери жайгашкан аймактын укуктук макамы Өзбекстандын өкмөтү тарабынан бир жактуу негизде  таанылбай келген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: еаы каяктан: Москва
24.08.2010 02:09
Ой булар уйдо бар жоодо жок,Булардын кыйыны Акаевден чыгарышат
анткени жанында жок да,болсо атасынын башынабы Баини болсо унутук ушундай эле болот деп ойлгом
Булардан эч теке куткон эмесмин,кыйыны олум кеткен жигиттердин оз эле шору экен,сырткы саясаттан менен иштегенди Отумбаевадан башкасы ноль и позорно их смотреть

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
20.08.2010 17:24
Бул чек ара биздики, бул чектеги кен байлык биздики, биз алышыбыз керек деген талаптар туура, бирок, аны иш жүзүнө ашыра ала турган адамдар өтө аз. Бир кезде президент сүйлөшүүлөр менен чече албаган тажик кыргыз чек арасындагы талаштарды Мамат Айбалаев губернатордун деңгээлинде эле чечип койчу экен. Бир кезде президент чече албаган Өзбекстан менен газ маселесин Муралиев премьер-министр кезинде өкмөттүк деңгээлде эбиздин пайдабызга чечип койгон дейт. Ошонусу чын болсо, Муралиев жогорку прфессионалдуулугун ушул жерден көргөзүп, биздин пайдабызга чечип берсе, мындан муралиевдин эле эмес, Отунбаеванын да техникалык өкмөттүн да, дегеле жалпы Кыргызстандын бир жылдызы жанат эле. Эмесе, Амангелди Мурсадыкович, саатыңыз келди, алга!

кимден: Баткен каяктан: Баткен
19.08.2010 09:37
Саламат сен кызыксынго нефти тартып алып жаткан жер озбекстандан 20 км ичкердие турат кантип чек арага жакын болбосо аны тактала элек деп айтып жатасын. просто уят ушундай Кыргыздардын айынан биз онукпой жатабыз.Аламанов УЯТ УЯТ УЯТ. мекен деген сезим барбы силерде. же айтканга ооз барбайт ыйлагын клеет просто. кантип уялбай чек ара аныктала элек дейсинер же озбекстан биздин олконун ичиндеги 20 км талаша береби Ал нфтиден Бакиевдин баласы шапке алыптурганын баары билет

кимден: Таалай каяктан: РФ
19.08.2010 03:00
Кой кайтарып ышкырып журо береличи тоо боорунда, же таяк менен чукушуп, сен мынчага саттын эми мен сатам деп, ыштаны жок калбасак болду да, Роза эже кыргыздын акыркы 100 жылдыктагы жерлерин кайтарып берсениз, Курманжандатка апабыбыздын арбагы ыраазы болмок сиздей кыздарына, сураныч суйлошулордо ото этияттык менен караныздар эртеге колубузго келип менин колум деп журушпосун.

кимден: Kesh каяктан: Naryn
18.08.2010 21:58
Roza ejege rahmat ayta turaly. Kantseda eki kachkyn (Akaev jana Bakiev) korkup ko'toro albagan maseleni kabyrgasynan koyup jatat. Alabyz dep umuttonobuz kyrgyzstandyktardyn ishenimine PREZIDENTIBIZ suu kuybayt. ''Berbeybiz'' degendey kyla turgan bolso chek arandan ''STOP, YOU ARE NOT ALLOWED!!!" "SORRY" dep koyush kerek. Alabyz, alabyz jana alabyz! ALGA KYRGYZSTAN!

кимден: Кыргыз тили учун каяктан: Кыргызстан
18.08.2010 21:15
25 май 2000 жылы "Орус элинин миграциясын токтотот", деп кабыл алган "Орус тилинин расмий" статусун, Качан "кыргыз тили расмий тил" деп кайтарып алабыз? Же Путин - Кудай, Кремль - Меккеден коркобузбу?
Же арабыздагы чиновниктердин арасында биздин эгемендүүлүктөн шек санагандары барбы?

кимден: мигрант каяктан: орусия
18.08.2010 16:29
урматтуу Азаттык, Сиздерден коптон коп суранарым, ушул жазган пикиримди чыгарып коюшунуздарды, ошогдой эле ушул сиздердин баракчаларыныздарды чондор дагы кызыгып окуйт бекен же болбосо баягы эле сасык оюндары менен журушот бекен. мен озум Баткен облусунан болом жана ошол жерди жакшы эле билемин. Кантип эле ошол Бургонду айылы эч качан талаш болбой эле келген террриторияны бул чек араларды аныктоо (демаркация) кызматынын кызматкери Озбекистан тарапка оодарып жаткандыгына эч тушуно албай жатам.Эгерде мумкунчулук болсо ошол Саламат Аламановдун пикирин кенирираак билдирип койсонуздар ошондой эле эмне себептен кандайдыр бир талаштуу жерди аныктоодо жергиликтуу жашоочулардан комиссияга алышпайт. Деги биздин кыргыздын пешенесине жакшыраак кызматкер жазган эмес бекен, аттин? же болбосо бизге жердин эч кандай баалуулугу жок бу акыры жер базарда сатырбайтго? Палестинанын кейпин кийибизго биз кыргыздар. аларда заманында кошуна Израилге жерлерин арзыбаган акчага сатышып азыркы кунго чейин лз мамлекеттуулугун кура албай келишет. Бизде дагы ушул коругуш болуп жатат, бир жашынан карапайым элдер, экинчи жагынан акчага тойбогон чиновниктер.Аман болгула."Ата-журт кан жоткургон балдарына , качан сен арка жолок бел болосун". (Д.Садырбаев)

кимден: КУШТАР
18.08.2010 14:18
Роза эже ишти баштады бирок аягы деле ушул бойунча калып кетет деген кумон сано тулат Кантсе да Амангелди акенин ишине ийгилик калап ушул ишти он жагына чыгарылышын калайбыз

кимден: ПАТРИОТ
18.08.2010 14:03
давайте, кыргызстандыктар ар качандан, бир качан "кетсин, кетсин" деп эле митинге чыга бербей, ушуга окшогон иштерге поддержка кылып митинге чыгалы "Алга, алга" деп.

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
18.08.2010 12:57
20 хылдан бери кыргызыстандын мунай газ чыгуучу жерлерин башкалардын пайдалаышына берип койуп кың кылбай жүргөн иш таарыкка жазылуучу шермендечилик. кыргызыстанда өкүмөт барбы теги.кыргызыстандын жери болот екен сөзсүз алуу керек. сабет ыраматылык болбогону менен анын балдары барго. ошол кездеки аркыптарды Аскар менен Курманбек кошо ала кетбегендир. тирүү пакиттер деле ошол жерлик елдерден кеңири табылат емесби.ошону өз колу менен иштеген адамдар жана жерлик елдердин күчүнөн кеңири пайдалануу керек. ушуга окшогон колдон чыгып кеткен кыргыз жерлерин кайтарып алуу бойунча узун мөөнөттүк ири пилаанды түзүп чыгыш керек. 10 жыл 100 жыл атүгүл 1000 жыл болсода сүйлөшүүдөн баш тартбастык керек.кимде ким кыргыздын колдон чыгып кеткен жерлерин кайра кайтарып алат екен ошол аптоматтик кол тийбестик окукка ее болот. ары алтын таарыкка аты жазылат болуш керек.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)