Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 00:27

Саясат

Исмаил Исаковго өкүм күчүндө калды

Бүгүн Аскер сотунун судьясы Тилек Абдрашитов Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратып, генерал-лейтенанттык аскер наамын алуу жөнүндө Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, экс-министрди Коопсуздук кызматынын абагынан №1 убактылуу кармоочу жайга которуу чечимин чыгарды.

Текст көлөмү - +
Прокурор сот жыйынында И. Исаковго коюлган айыпты күчүндө калтырууну өтүнгөн. Андан мурда И Исаковдун коргоочусу А. Бекназаров сотко ишеним көргөзбөй, чыгып кетип калды. Ошол себептүү экс-генерал сотто соңку сөз сүйлөөдөн баш тартты.
 
И. Исаков 11-январда сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ага кызматынан пайдаланып аскер кызматындагы уулуна мыйзамсыз үй берген деген айып тагылууда. Мурдагы коргоо министри бул иш-аракеттерди саясий буйрук катары баалап жатат.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Руслан каяктан: Санкт петербург
21.02.2010 22:32
Өзгөндүктөр алайдыктарга кошулат.

кимден: Sapar каяктан: Novosibirsk
21.02.2010 11:26
Urmatuu mekendeshter! Attyn kashkasyndai taanymal bolgon Isakov syiaktuu atuuldardyn ukugun tebelep tepsegen Sot biyligi jana biylik okuldoru karapayim kalktyn tagdyryn kordum da debeyt ondonot.
Bizdin aktoochular talabin atkara albagan sotton emneni kutso bolot?
Emne uchun bizdin el evolutsiyalik jol menen onugo albay jatabiz? Sozsuz ele revolyutsiayalar kerekpi?
Emne uchun bizdin toboldor chyndyktan korkushat. Bizde dele Sabchak siyaktuu jigitter bar da.Kelgile osholordun oyun koldoylu. Bul biylik erteli kech ketet.
Jashasyn kyrgyzstanym!!!

кимден: ОСМОН каяктан: БИШКЕК
20.02.2010 22:11
АЛАЙЛЫКТАР,СИЛЕРДИ АЗЫР САРЫ ИЗИҢЕРГЕ
ЧӨП САЛЫП,БИЙЛИКТИН ЖЕЛДЕТТЕРИ АРАКЕТИН КҮЧӨТҮП ЖАТКАН ЧЫГАР,БЕК ТУРГУЛА ЭРДИ НАМЫС,КОЕНДУ КАМЫШ ӨЛТҮРӨТ ДЕЙТ. ӨЗҮҢӨРДҮ МАЗАКТОГО
ЖОЛ БЕРБЕГИЛЕ.БҮГҮН ӨЗҮН ОППОЗИЦИОНЕРМИН ДЕГЕНДЕРДИН АРАСЫНДА ДА,ЭКИ ТООНУН БАШЫН САМАГАНДАР ЧЫГЫШЫ МҮМКҮН, АНДЫКТАН ӨЗ АРАҢАРДАН ДА ЭЛ МҮДӨӨСҮН АРКАЛАЙ АЛА ТУРГАН НАМЫСКА БЕК ЖИГИТТЕРДИ АЛЫП ЧЫККЫЛА. АЛЫМБЕКТИ БЕРГЕН ,КУРМАНЖАНДЫ БЕРГЕН АЛАЙ ЖЕРГЕСИ АНДАЙ ЭР АЗАМАТТАРДАН КУР ЭМЕС ЧЫГАР. БИР ЭЛЕ ИСАКОВТУН ТАГДЫРЫ ЭМЕС,БҮТКҮЛ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫ МҮҢКҮРӨП ТУРГАН УЧУР.БИЗ СИЛЕР МЕНЕНБИЗ,ЭГЕРДЕ БИЙЛИК ОК АТСА АНДА АЛАР ӨЗҮЛӨРҮН АТКАНЫ,КОРКПОГУЛА,
БИРДИКТУУ БОЛГУЛА.
МАНАСТЫН АРБАГЫ КОЛДОСУН СИЛЕРДИ!

кимден: Aske
20.02.2010 03:15
Menimche ak uidu Presidentke berip, biiliktin bashka simvolun tuzuu zaryl. Ak uido President otura bersin, birok biilik bashka jakta bolo turgandai kysak, demokratia bolot. Oshonduktan, kyrgyzstandy saktap kaluu uchun baatyr askerbashylar, ak niet el okuldoru, patriot milisalar baary teng oshol Usubaliev saldyrgan ak uidon bashka biilik tarapka akyrgyn oto beruusu kerek. bul mramor ak uidu basyp algandan paida chyqpait eken, biz Bakiev ekoobuz basyp aldyq ele, demek bui ui, prosto mavzolei bolup kaluu kerek.

кимден: Такыр каяктан: Бишкек эле
19.02.2010 22:56
ээ достор, каргылачы, кечээги министрге мына минтип итсиңби, мышыксыңбы дегендей мамиле жасалып жатканын. экс министр эмес, катардагы эле жөнөкөй канча жарандын укуктары эч кимге билинбей тепселенип жаткандыр. Тиги ою чөнтөгүнөн алыс кетпеген сот сөрөй сыяктууларды колдонуп азыркы бийлик ээлери бийлигин дагы да улантууга аракет кылышууда. бизде бир эле бийлик иштеп жатат, калгандары сот, мыйзам чыгаруу ага баш ийип калган. Канчалык эрте окуяны жолуна койбосок, иштин аягы ошончолук оор түшөт го жарандарга. Келгиле укуктарыбызды кайтарып алалы.

кимден: Немис каяктан: Германия
19.02.2010 21:02
Адамдын психологиялыкк абалын кебетесинен деле байкаса болот. Соттун кебетеси эмнени айтып турат?-баарына көрүнүп турат. Сот системасы Бакиевке баш ийип турганын дагы бир жолу айгинелеп, тастыктап турат. Сот өзү кекечтенип оюн түшүнүктүү кылып айталбай турат, себеби сот өзү ичинде сезип, билип турат, соттун чечими негизсиз, акыйкатсыз жана адилетсиз экенин. Бул бийлик элди куураткандан башка, эч бир жакшылык алып келбейт. Азыркы ырайымсыз бийликте, адамга тиешелүү болгон ыйык касиеттер жокко эсе.

кимден: Совет каяктан: Ош
19.02.2010 20:40
Ыйман соту, элдик сот да болор. Кантип жооп берер экенсинер, Бу олтурган креслоңор 5 күндүк го соттор, соттор...

кимден: Көчө шыпырам каяктан: Москва
19.02.2010 20:18
Учурдан пайдаланып, "Азаттык" радиосунун баардык кызматкерлерине, интернетке аты чыккан жана чыкпаган баардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Силер ар дайым чындыкты чагылдырып келесиңер. Азыр интернетти кыргыздар да көп колдонуп калышты. Бийлик элдин оозун жаба албайт.Орусиядагы көчө шыпырып жүргөн, мектепти да толук бүтүрбөгөн кыргыздар да компьютер колдонуп, интернетти үйрөнүп калышты. Мен тааныгандардын баары "Азаттыкты" окушат. "Азаттыкка" ишенишет. Алайдагы акыбалды да биринчи "Азаттыктан" окудук. Интернет болуп турса, "Азаттык" радиосу иштеп турса эч ким, эч качан Кыргызстаныбызды менчиктеп ала албайт! "Азаттыктын" кызматкерлери, рахмат силерге!

кимден: Nur каяктан: Bishkek
19.02.2010 20:10
Azattykka choon yrahmat!
Bul kyska tasmany tartuulaganga.Min ukkandan,bir jolu kor dejt ko bizde.
Bul sottun jurushun korup, oozun achylat.Ushundaj da sabatsyz sottor bolot eken.Tigi bujurogon Abdirashitov chyn ele kolunan kelgen ish jazasa bolmok eken.Adamdyn tagdyryn chechken onoj jumush emes.Jon jerden kanchalagan kishinin ubayna kaldy eken bul kishi.
Bul jerden Beknazarov menen Abdirashidovdu sujlogondorun,chechkinduulugun ,kozdorun karasanar asman menen jerdej.
Ismail aga, bul kishilerge tenelbegiz.Daiyma kelechekti ojlop,jakshylyktardan koburook ojlonunuz.Kim bilet balkim bul da bir kudajdyn synoosu.Kudaj sizdi bir choong ishke dayardap jatkandyr.

.

кимден: Күйгөн кырггыз каяктан: Убактылуу Москвада
19.02.2010 20:04
Соттор бирөөнүн укугун, законду тебелеп жатса ушуларга ким ишенет.Ушунтип сот болуп иштегенден көрө көчөгө чыгып араба түртпөйсүңөрбү? Ошондо адал акча менен үй-бүлө багасыңар болбурбайлар.Мурдагы сот дагы азыркы сот дагы проратура дагы чечкиндүү эркин сүйлөй албайт атасынан корккон баладай. Урматту Бекназаров, сиз кайра-кайра сурайсыз кайсыл закон чегинде деп айкын эле болуп турбайбы Бакиевдердин закон чегинде!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)