Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:51

Саясат

Т. Сариев: Мамлекеттик кеңеш баарын баш аламан кылат

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде Баш мыйзамды жаңылоонун зарылчылдыгы жок деп бидирди. Анын көз карашында, Мамлекеттик кеңеш түзүү аракеттери мамлекеттик башкаруунун баш аламандыкка гана алып келет.

Текст көлөмү - +
- Сиз кечээ бейөкмөт уюмдардын жыйынында Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу азыркы бийликтин аракетинен улам бийликтин легитимдүүлүгү суроо туудурат деп билдирдиңиз. Бирок бийлик өкүлдөрү, маселен Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Зайнидин Курманов президент Курманбек Бакиев Конституциядагы өз ыйгарым укуктарынан пайдаланып жатат, ал өзүнө баш ийген институттарды түзүп жое алат деп билдирди эле. Буга кандай карайсыз?

- Ооба, легитимдүүлүк деген латын сөзүнөн алынганда бул мыйзамдуулук деген түшүнү, мыйзам ченинде болуш керек баардыгы деген. Бүгүнкү Конституцияны өзгөртүү боюнча эч кандай зарылчылык жок. Конституцияда эгерде президент кандайдыр бир шарттар менен өз милдетин аткаралбай калган учурда кандай болору так, ачык жазылган.

Ал эми Мамлекеттик кеңеш түзөм деп атканы, бул баш аламандык кылам деп атканы. Ал жерде тогуздан ашык адам болот экен. Макул бүгүн ага президенттин баласы кирет экен, дагы өзүнө жаккан кишилер кирет экен. Алардын ою башка болуп калып, анан тогуз киши кырылышып талашып калсачы. Биз тобокелге салып атпайбызбы, бир бир жагы.

Экинчи жагы, бүгүн Конституцияны өзгөртүүнүн бир гана максаты бар - президент өзүнүн ыйгарым укуктарын кеңейтип атат. Мына Конституцияга өзгөртүү кире элек, бирок ал өзүнүн астында бир топ мамлекеттик органдарды түзүп алып, ошолор аркылуу чечим кабыл алып атат.

Биз айттык эки өкмөт болуп калды, бирөө Борбордук агенттик Максим Бакиев башкарган, экинчиси - Данияр Үсөнов. Биринчиси чечим кабыл алат, акчаларды сарптайт, экинчиси Д.Үсөновдун өкмөтү биринчи М.Бакиевдин кылган иштерине жооп гана берет.

- Кечээ Бейөкмөт жана коомерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы кол топтолорун, эл аралык коомчулукка кайрылуу болоорун билдирди эле. Сиздер да бул демилгени колдоп жатасыздарбы?

- Кечээ күнү тегерек үстөлдөгү жыйындын резолюциясы кабыл алынды. Ошондо жазылган кайрылуу бар элге. Биринчиден, президент өзүнүн сунушун кайра чакырып алышы керек. Жогорку Кеңеш андайды кабыл албаш керек. Бул биздин мыйзамга да, Конституцияга да туура эмес келет.

Экинчиден, бей өкмөт уюмдары ушундай демилгени баштады, бул бир гана Конституция боюнча эмес, жогорулатылган тарифтерди кайра калыбына келтирүү боюнча. Ушуга окшогон азыр демилгелер чыгып атат.

Мына Нарында болгонун көрбөдүңөрбү, эгер буга чейин 5 киши чогулса эле оппозиция чогулуп атат дешчү эле, азыр болсо мугалимдер, врачтар, бюджетте иштегендер бир жарым миңге чейин адам чогулуп, 10 күндүк мөөнөт берип отурушат, тарифтерди кайра ордуна коюп бергин, бизге жеңилдиктерди бергин деп. Ушуга окшогон көп маселелер бар. Күн жылыган сайын бул күчөй берет.

- Бүгүн сиздердин партиянын саясий кеңеши жыйынга чогулганы жаткан экен. Анда кандай маселелерге токтолгону жатасыздар?

- Саясий кеңеште биз учурдагы маселени, андан кийин “Ак шумкар” партиясынын кыймыл аракеттерин карайбыз. Бул улам-улам өтүп турган мыйзам ченемдүү жыйын. Ошонун ичинде биз бүгүнкү кырдаалга өз оюбузду айтып, анан иш-чараларыбызды аныктап тактап алабыз.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Сарымсак каяктан: Чуй
12.03.2010 09:57
Мен бир аз ката сындап алыпмын.Темирди билбей эле.Акыркы кадамдары мени кубантты.Эми кимдер гана адашпайт!Туура түшүнгүлө.

кимден: Акбар каяктан: РФ
05.03.2010 21:43
Темир Аргенбаевич! Албетте шеринеде ар түрдүү ойлор жазылып жатат.Кайсынысы калп,кайсынысы көрө албастык,кайсынысы ичи тардык-эми бул анын абийиринде,аң-сезиминде! Мен Сизди толугу менен колдойм.Бул жердегилер сизди чуть ли эл душманыга айлантып жибериптир.Койгула акелер,эжелер-эмне Сариев миллиондогон доллардык кредиттерди жеп-ичти беле?Ошол адамдарды эмнеге айта албайсыңар? Ошол адам-экс-азыркы министрлер тынч эле интервью берип жатат ко.Так ошол адамдар канча элдин шоруна калышты.Накта чыккынчылар ошолор.Кээ бирлери азыр маска алмаштырып орунда отурушат.Минтип адамды паска урганыңар болбойт.ПМ болот дедиңер кана болгону,акүй проектиси дедиңер кана акүйдө отурганы,айтканыңардын бири да ишке ашкан жок ко.Ак менен Караны ажыратып жүрөлү туугандар! Ишиңерге ийгилик,жердештерим!

кимден: Бердибек каяктан: Бишкек
05.03.2010 07:38
Урматтуу Альфред,кыясы сиз дагы Сариев эки үч жылдан бери
үзүрлүү пайдаланып келе жаткан "жалгыз баатыр"жомогунун тузагында окшодуңуз.Митингдин акыркы мүнөтүнө чейин сахнада эң кеминде алты жети таанымал инсан газ жутуп турушкан.Ал түгүл аялдар Сасыкбаева менен Жакупова да акыркылардан болуп кетишкен аянттан.Бул жагдай эч кимди мүнөздөй албайт.


кимден: Айбек каяктан: Бишкек
03.03.2010 10:06
Темир байке, азаматсың! Накта кыйтың-мыйтың политиканы ойноп жатасың. Мелис Эшимканов деген бизнес партнёруң жана мугалимиңден элди кантип сатып кетишти катта жакшы уздартырыпсың.
Эми ылайыктуу учурду байкап туруп, Данияр Усеновтун ордуна "оппаа" деп эле отуруп кал. "А там трава не расти" деген орустардын жакшы пословицасы бар.

кимден: Айбек каяктан: Бишкек
02.03.2010 06:21
Темир байке азаматсыз!!!

кимден: Сарымсак каяктан: Чүй
27.02.2010 01:28
Темикенер оппозицияны бөлүп-жарып, бийлик менен иштешиш керек деп, өзүн Президенттике көргөздү. Бийлик чакырган Курултайга барыш керек деди. Ага да чакырбай койгон соң, эми ал Курултайга барбайм деп калыптыр. Айтор бул жигит оппозициянын эсебинен бийлик менен соодалашып, бир орунду эңсеп жүрөт, ачык айтканда.

кимден: Рамис каяктан: Бишкек
26.02.2010 23:12
Сариев эми актана албайт. Ал оппозицияны бөлүп-жарган. Сариев "саясий таштандыдагы" фигура. Сариевди эл ээрчибейт, анын айтканы маанисиз. Эл Атамбаевди колдойт!

кимден: Илим каяктан: Токмок
26.02.2010 23:07
Темир Сариевдин шайлоодон тескери кеткенин билебиз. Ушул да мактай турган кишиби? Темир десенер итиркейим келет...

кимден: Акыйкат каяктан: Ош
26.02.2010 23:05
Темир Сариевди кантип мактап атасыңар, туугандар? Оппозициянын башына кыйын иш түшкөндө ойт берип, тескери кеткенин бүт Кыргызстан билет! Эми акылдуу сүйлөп койсо эле жибип каласыңарбы? Сариев Ата Мекен үчүн чындап күйсө, анда өткөн шайлоодо эл менен, БЭК менен болмок да, туурабы? Эшимкановдун, Максимдин тилине азгырылгандай болуп кеткени байкалып атат го. Же калппы? А болбосо коом тазарбайт! Калың эл Темирге ишенбейт. Ошондуктан Сариевди мактаганды токтоткула! Бу деген жалган оппозиция түзүүгө, акүйдүн проектиси болууга жан үрөгөнүн гезиттер аргументтештирип жазганын окуганбыз! Так что, Темир дегенинерди койгула, достор! Уят болот!

кимден: Кыргыз каяктан: карапайым
26.02.2010 21:59
Так жазылбай калыптыр. Кечиресиңер. Бийликтин кылыгына көз жумбагыла. Бийликтин кылыгына көз жумуп коюп жатасыңар анан Сариевге асылганыңар туура эмес деген ойдомун.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)