Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:46

Эркиндик

Алайдан президентке акыркы кайрылуу

Алайдагы Исмаил Исаковду коргоо комитети мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге акыркы ирет Кайрылуу жолдоду. Анда оппозициячыл саясатчыларды токтоосуз бошотуу, президенттин уулу Максим Бакиевге эки күн ичинде өлкөдөн чыгып кетүү талабы коюлган. Ошондой эле үй-бүлөлүк башкаруу режимине ыңгай жараткандыгы үчүн К. Бакиевге кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу жагы сунуш этилген. “Азаттык” үналгысынын айрым аймактарда жабылышына бийлик ачык көмөктөшүп жаткандыгы кескин сындалган.

И. Исаковду коргоо комитетинин мүчөлөрү
Текст көлөмү - +
Мурдагы кооопсуздук Кеңешинин катчысы Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитет кечээги отурумунан кийин мамлекет башчысы Курманбек Бакиевге акыркы ирет Кайрылуу жолдоду.

Комитеттин алтымыш мүчөсү жердештеринин атынан өнүктүрүү Фондунун жетекчиси, президенттин уулу Максим Бакиевге эки күн ичинде, тактап айтканда, 15-мартка чейин, өлкөдөн чыгып кетүү шартын коюшту. Аталган комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев мунун себебин төмөнкүчө чечмеледи:

- Элди итке мингизген ушул Максим Бакиев болуп атат. Мунун кыркыз калкына кыянатчылыгы таптакыр кечиримсиз. Кыргыздын байлыгы жана акчасы агылып чет өлкөлөргө кетүүдө. Ошонун бардыгына күнөөлүү ушул Максим Бакиев. Ал Кыргызстанда жашап, иштеп турганда кыргыздарга эч качан жакшылык кылбайт!

Мындан тышкары Кайрылууда ак жеринен камалган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маңзатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку башчысы Алмазбек Эргешбаев, ошондой эле Петровка жана Балыкчы окуялары боюнча жүйөөсүз айыпталгандар токтоосуз бошотулбаса, Максим Бакиевге кошуп атасын да мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү талабы айтылды.

- Атасы (президент Курманбек Бакиев – ред.) Бакиев эгерде үй-бүлөлүк башкаруусун токтотпосо, саясий куугунтукту токтотпосо, карандай калпты ышкыртып элди көз көрүнөө алдаганын токтотпосо, анда бийликтен токтоосуз түрдө кетсин! - деди уюмдун мүчөлөрүнүн атынан комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев.

Ал ортодо жыйындын катышуучулары “Азаттык” үналгысынын айрым аймактарда жабылышына кабатырлангандыгын билдиришти.

- Аксакалдык сөзүмдү айтпасам болбостур. “Азаттык” радиосу азыркы замандын калыс, адилет үнү эле. Эми ушуну жапса, азыркы бийликтин абийиринин кеткени. Бүтүн дүйнөгө шерменде болгону. Бул бийлик бүтүндөй Кыргызстанды акыры жүрүп еврейлергеби, орустаргабы сатып, жок кыла турган болуп калды, - деп тызылдады ардагер Ороз Мусаев.

Ал эми Абдыкалык Үсөнов акыркы окуяларды таптакыр чагылдырбаган өкмөтчүл массалык маалымат каражаттарына жердештери нааразы экендигин жашырган жок.

- КТР жана ЭлТР жалгыз гана адамдын бийлигинин ырын ырдап калды. Мына, жер-жерлерде “Азаттык” үналгысынын уктурууларын жаап атыптыр. Бул чындап келгенде – кылмыш! Мындай калпыс саясат бүгүн токтотулбаса, кыргыз эли эркиндигинен сөзсүз ажырайт, - деп чырылдады Абдыкалык Үсөнов.

Кепти улаган интеллигенция өкүлү Турдукан Жусуева чынчыл маалыматтын таңкыстыгынан улам өлкөдө башаламандык өкүм сүрүүсү ыктымалдыгын эскертти:

- Акылы жок бийлик чындыкты жайылткан “Азаттык” үналгысын бүгүнкүдөй ылдамдыкта өчүрсө, эл азыр ушунчалык кыжыры кайнап турат, анда жумуриятты жалаң ушак-айың ээлеп, анын аркасынан тополоң башталат.

Кайрадан сөзгө кошулган комитеттин төрагасы Айтпай Жээналиев буларга токтолду:

- Кыргыз элине, бүт дүйнөгө болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып аткан ушул “Азаттык” радиосу гана. Анан ушул үналгыдан да ажырасак, анда биз, карапайым калк, каякка барып муңубузду айтабыз? Кимге барып жарылып сүйлөйбүз? Чындыкты ким таркатат? Ошонлдуктан, биз, алайлыктар, Исмаил Исаковду кандай коргосок, “Азаттык” радиосун да ошондой кылып коргойбуз!

Айтпай Жээналиев ырасташынча, Алайда “Азаттык” үналгысын коргоо комитети уюшулуп ишке киришти, ошондой эле үналгыны өлкөнүн бардык аймактарында уктуруу талабы президентке Кайрылууда баса белгиленди.

Ошентип, президент Бакиевге жолдонгон акыркы Кайрылуудагы төрт талап 15-мартка дейре аткарылбаса, анда мүдөөлөрүн жүзөгө ашыруу максатында Исмаил Исаковдун таламдаштары жөө жана атчан жүрүш, андан ары бийликке баш ийбөө акцияларын башташаарын жарыя кылышты.

Бирок райондун акими Алмазбек Осмонов сегиз жылга кесилген Исмаил Исаковдун таламдаштарынын башкы суранычы тиешелүү жетекчилерге жеткирилгендигин айтып, ал эми калган талаптарын ультитматум катары сыпаттады.

- “Азаттык” радиосунун уктурулбай калышы белгилүү себептен уламдыр. Мен аныгын билбегенден кийин так айта албаймын. Бирок мен деле “Азаттыкты” колдоймун. Ошентсе да, комитет же башка түзүп эме кылыштын кажети жок деп эсептейм. Муну ошол мыйзам чегинде сүйлөшүү аркылуу чечсе болот деп ойлойм, - деди маектешибиз Алмазбек Осмонов.

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз элинин уулу
17.03.2010 16:39
Мамлекетте болуп жаткан коп нерселерди, Кыргызстандын президенти жасаган жок. Menin oyumcha presidente jer-jerlerde bolup jatkandardyn kobu jetpeyt. Kyrgyzstandyn eli chogulup jetkirish kerek.

кимден: Турат каяктан: Чычкан
15.03.2010 18:46
Баягы макал бар го айдаганың эки эчки ышкырыгың таш жарат болбойлу туугандар

кимден: даке каяктан: бишкек
15.03.2010 18:16
Алга Алай.Алайлыктар болбосо биз Колдуктор колубузду ,каркырабызды,узонгу куушубузду сатса деле момурайып отура берчудойбуз. калкым эгер кудай буюруп биригип калсак анда эле ишибиз онолот,ушул 5 млн (жарымы россияда )калкыбызды кантип бага албай калалы.эн башкысы кийинки бийликти коптурбой ооздуктаганды билели.кирил тамгасын жакшы тере албай аз жазып калдым.АНДА КАЛКЫМ БИРИГЕЛИ.

кимден: Москвадан саясий аналитик каяктан: Эн Ыйык Кыргызстаныбызга
15.03.2010 15:40
Бишкектик Эдик, Сизге толугу менен кошулам.

кимден: Кудайберген каяктан: Бишкек
15.03.2010 13:49
Алайлыктар, Нарындыктар булар кыргыз элинин каймагысынар. Кыргыз кобунча тоодо жашаган, тоодой бийик нарк-салтты тутунган, созундо бекем турган, бири-бирин сатпаган, асыл-нарктуу, айтканын аткарган, беттегенин бербеген кеменгер, анан да айкол эл болгон. Буларга катылгандардын мизи кайтарылган. Эми ушул азыр калайык калк кыргыздын алдында тарыхта калчу окуялар болгону турат, же кыргыз озун кыргыз катары сактап, мамлекетин чектеп абийирдуу жашоого бет алат, же кыргыз деген атын очуруп, мамлекетин ар кимге талатып, жер жузунон кыргызстандын жоголушуна алып барат. Ошондуктан бир боорлор козубузду ачалы, бир колдон жен, бир жакадан баш чыгаралы.

кимден: Таштанбек каяктан: Бишкек
15.03.2010 11:52
алайлыктар, нарындыктар азаматсынар, аягына чейин. Азаттык эн объективдүү ММК. Эмне үчүн аны жаап салды. Абаны буугандай бууп жатат бизди бул бийлик.

кимден: Үмүтбек каяктан: Качан чыгат
14.03.2010 21:27
Алайлыктар! акырына чейин тургула. Жеңиш силерде болот. Элди-журтту, кыргыздын патриотторун силер бириктиресиңер.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: osh
14.03.2010 18:43
Бийликте да оппозицияда чыныгы эл үчүн иштеймин,деген инсан көрүнбөйт.Баары эле бийликке келгенче элди колдонот,бийликке келгендин эртеси өз жакындарын майлуу сүттүү жерлерге орноштурат.Калган байкуштарга дагы эле,тезек тергиле дешет.

кимден: Темирбек каяктан: Октябрь
14.03.2010 18:28
"Эки кулакка бир сөз"-дейт. Жеткен адамга бир эле сөз жетет. Ал эми Бакиевге кыргыз эли бир канча кайрылууларды жибергенине карабастан эл менен эсептешпей отурат. Баарыбыз бирге болушубуз керек. Бийликке каршы чыккан бир адамды да карматпашыбыз керек, күч органдарына салып бербешибиз керек. Баарыбыз бирге турсак ушунча адамдын баарынаталбайт, же камай албайт. Эгер бирбе болбосок Балыкчы, Петровка окуяларына окшоп бир топ эр жигиттерибизди кармап кетишип камап коюшат.

кимден: Санжар каяктан: Бишкек
14.03.2010 18:09
Талаптарды тактап туруп коюшса жакшы болот эле.
Президент озу такта отурганда баласын кай жакка жибермек эле олкодон. Ал кыргыз жараны да. Аны качкын кылса анда ал оз куноосун мойнуна алганы.
Бир эле талап баарына жеткирет эле. Бул президенттин отставкасын талап кылуу. Калган былык иштерин жаны окмот тергеп куноолуусун соттоп алат.
Бирок Бекназаров деле ген. прокурор убагында эч иштин бетин ача алган жок. Бизде дегеле чыныгы куноолуу саясат адамдарынын соттолгонун коро элекмин. Же арасында кээ бирин чындап соттолсо деле аны саясий куугунтук кылып салып жатабызбы.
Учурунда Кулов жонундо кандай материалдар теледен коргозулду эле. Ал чындап куноолуу беле же Акаевдин куугунтугу болдубу мага жеке озумо белгисиз калды.


Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)