Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:22

Эркиндик

С. Аргынбаев: Бул бийликке жардам бериш керек

7- апрель күнү кечинде Петровкадагы тополоң боюнча айыпталып, бир жылдан бери камакта олтурушкан оппозиция ишмерлери убактылуу бошотулду.

Текст көлөмү - +
Буга чейин маалымдагандай, Петровкадагы тополоңго байланышкан соттук териштирүү дээрлик соңуна чыгып, бирок сот төрагасы акыркы чечимди угуза элек болчу. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар Петровка тополоңун уюштуруучулары катары камакта жаткан экс- депутат Э. Бөлөкбаевге, укук коргоочулар У. Рыскулов жана С. Аргынбаевге 8 жылдан сурашкан.

Ошондой эле бул окуяга катышы бар күрт улутундагы К. Каляшов, А. Хасановго 10 жылдан, окуянын баштоочусу катары айыпталып жаткан Э. Маматкановага 6 жыл сурашкан эле мамлекеттик айыптоочулар. Ал эми адвокаттар менен коомдук жактоочулар, “жети айдан берки соттук териштирүү айыпталуучулардын бир дагы күнөөсүн тастыктай албаганына карабай, мамлекеттик айыптоочулардын 8, 10 жылдан сурап жатканы саясий буйрук экенин дагы бир жолу далилдеп турат”,- дешкен. 

7- апрель күнү Москва районунда митингчилер өз акимин шайлап алышкандан кийин сот төрагасы Ф. Марлестин кепилдиги менен камакта олтургандар убактылуу бошотулду.

Бирок тополоңго тиешеси бар деп оппозиция өкүлдөрү менен бирге камакта жаткан күрт улутундагылар бошотулган жок. Себеби сот төрагасы жакын арада соңку чечим чыгараары күтүлүп жатат. Ал эми камактан убактылуу бошотулган экс- депутат Э. Бөлөкбаев учурда утурумдук Каржы полициясынын төрагасы болуп дайындалды, укук коргоочулар У. Рыскулов, С. Аргынбаев болсо азырынча ден соолугун чыңдап жатышкандыктарын айтышууда.

Адвокаттар эми сот төрагасы Ф. Марлестен чечимди тезинен чыгарууну талап кылып жатышат. Бирок сот качан болоору азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Таза улутчулдар уюму
11.04.2010 09:34
Кудайменде абанын сунушу туптуура. Акжолчу Элмира Ибраимова өкмөткө кирди. Азыркы өкмөттүн ичинен Бакиев менен иштешпеген саналуу гана адамдар бар: Текебаев (Бакиевди сындап туруп спикерликтен басып кеткен), Шерниязов, Сариев, Каптагаев. Башкаларынны баары коюн колтук алышып чыккан. Мындан ары таза адамдарды, артында жаман сөз жок адамдарды издешибиз керек.

кимден: Azamat каяктан: Bishkek
10.04.2010 15:21
Emne deybiz tuugandar, mindan ari kan togulbosun, massalik maalimat karajattari bir kishige kizmat kilbasin, jani biylikke kelgen adamdar Kudaydan korksun. Talap tonoo bolbosun. Jani biylikke kelgender jashtardin maselelerine koburook basim jasasin, Ozgocho turak jay, jumush orundari menen kamsiz kiluu maselelerin chechsin, Bakiyevderden kalgan bayliktardi bolushuu menen alektenishse anda kirgiz elim shorun shorpodoy kaynagani oshol.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
09.04.2010 18:08
Боло турган нерсе болду. Ушул кунду коросунор деп кудай талаа жазса керек. Эми мындан аркы жасала турган иштерге кылдат мамиле кылууну ойлонолу. Менин оюмча учурда убактылуу бийлик жер-жерлердеги элдик бийликтин же оппозициянын окулдоруно, жалпы эле кыргыз элине "Ак жол" партиясына кирип, соогуно чейин акжолчу болгондордун тизмесин тактоого тапшырма беруусу керек. Эгер алар кой терисин жамынып алып, кайрадан бийликке келсе, анда элдин шорунун шоподой кайнаганы. Келгиле ар кимибиз озубуз жашаган облус, шаар, район, айыл-кыштактардагы акжолчулардын тизмесин тактап, интернет барактарына жарыялайбыз. Ак жол партиясынын атына жамынып алып, баш которсон иштеген ишинен айдап, жок эле дегенде "сен эмне ак жол партиясында жоксунбу, сен эмне ак жолго каршысынбы" деп кекеткен, партия мучолорунун коркутуп-уркутуулору эстен чыга элек болуш керек. Ошон учун бул сунушка макул болгон кыргыз элинин ар бир атуулу менин пикириме кошулсанар, анда 2010-жылдын 12-апрелинен баштап жарыя кыла баштайлы, кандай дейсинер? Мен силерден жооп кутом. Себеби, мындай коркутуп-уркутуулор жонокой гана кызматкер болсом дагы менин башымдан откон. Элестет озундон акжолчу жаш балдар келип, коркутуп, иштеп отурган кабинетинди тартып алып, озунду кыштын чилдесинде эшикке чыгарып койгонун.Мен ал кунду такыр унута албайм.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)