Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:36

Саясат

Руслан Исаков: Атамдын өмүрү коркунучта

Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун уулу Руслан Исаков учурда президент Бакиевдин бийлигине каршы чет өлкөдө саясий кыймыл уюштурууда. Ал "Азаттыкка" берген маегинде Бакиевдин бийлигин "кылмыштуу антидемократиялык режим" катары сынга алды жана атасынын жолун жолдоп башкаруучу режимге каршы күрөштү улантарын билдирди.

Руслан Исаков, Мурдагы коргоо министри генерал Исмаил Исаковдун уулу.
Текст көлөмү - +
29 жаштагы Руслан Исаков 2007-09-жылдары АКШнын Борбордук Аскердик башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Улуттук өкүлү катары кызмат өтөгөн. Бир жыл мурун Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарынан чыгаруу тууралуу Коргоо министрлигине арыз менен кайрылган. (Москвада Орусиянын Коргонуу министрлигинин Аскердик университетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Техаста Аскердик коргонуунун тил университетинде окуган. 1998-жылдан бери аскердик кызматта, үй бүлөлүү, эки баласы бар.)

- Руслан мырза, учурда эмне менен алектенүүдөсүз?

- Азыр ушул тапта мен чет өлкөдө Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу талкууларды, сүйлөшүүлөрдү, жолугушууларды өткөрүүдөмүн. Чет жерде жашаган көптөгөн мекендештер Кыргызстандын расмий бийлигинин ички жана сырткы саясатына макул эмес. Ушуга байланыштуу азыркы учурда Бакиевдин демократиядан четтеген кылмыштуу бийлигине каршы турчу чет жердеги кыргызстандыктардын кыймылын түзүү үчүн атайын иштер жүргүзүлүүдө.


Алайдагы каршылык акциялары
Биздин максатыбыз – Кыргызстанда жана анын сыртында Бакиевдин антидемократиялык режимине каршы аракеттенчү кыймылды күчөтүү. Ушул тапта мырза Бакиев өлкөнү талкаланууга түртүп жатканына көптөгөн мекендештерим мени менен макул болот деп ойлойм. Эл жакырланууда, тарифтер өсүүдө,  адамдарды мыйзамсыз түрмөгө салууда, журналисттер өлтүрүлүүдө. Оппозиция лидерлери бир күндө каракчыларга айланып калышты. Демократиялык өлкө ушундай болобу? Мырза Бакиев тажрыйба көрсөткөндөй, АКШ, Орусия, Кытай - эч кимиси менен сүйлөшүү жүргүзө албайт.

- Демек, сиз анда азыр саясат менен алектенип жаткан турбайсызбы?

- Ооба, иш жүзүндө ошондой болуп жатат. Мен эч качан саясат менен алектенген эмесмин. 1998-жылдан 2008-жылга чейин Куралдуу күчтөрдүн офицери катары өз милдетимди аткарып келдим. 2008-жылы менин атам өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчылык кызматынан кеткендени кийинки абал мени саясат менен алектенүүгө мажбурлады.

- Сиз бир жыл мурун Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курамынан чыгаруу тууралуу арыз менен коргоо министрине кайрылдыңыз эле. Азыр сиздин аскердик макамыңыз кандай?

- Бул суроого Кыргыз Республикасынын коргоо министри мырза Калыев так жооп бере алат деп ойлойм. Менин арыздарым интернет жана кадимки почта аркылуу берилген. Өзүңөр билгендей, башында менин арызымда арыз ээсинин колу жок деп чыгышты. Бирок маалымат каражаттары ал арызды коюлган кол менен эле жарыялашты. Ага кошумча 2008-жылы август айында 1998-жылы мени менен Кыргызстандын Коргоо министрлиги кызмат өтөөгө түзгөн келишим соңуна чыккан. Мен жеке пикиримде, өзүмдү Куралдуу күчтөрдүн офицери деп санабайм.

- Руслан, тактоо ирээтинде айтып койсоңуз. Сиз АКШда эмне кызматты өтөдүнүз?

- Кошмо Штаттарда мен глобалдык терроризмге каршы “Урагыс Эркиндик” программасынын алкагында АКШнын Башкы аскердик башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү катары кызмат өтөдүм. Мен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнөн кетүү тууралуу арыз бергенимден кийин бул кызматтан дароо алып коюшту. Бул биринчиден. Экинчиден, 2008-жылдын сентябрь-октябрь айында Кыргызстандын өкүлү катары мөөнөтүм аяктаган, анан кайрадан 2009-жылдын октябрь айына чейин узартылган.

- Исмаил Исаков уулуна мыйзамсыз түрдө кызматтык батирди берген деген негизде жоопко тартылды. Сиздин дагы бул ишке тиешеңиз бар деп ойлойсузбу?

- Биринчиден, менин атам генерал Исаков жеке өзү мага эч кандай батир берген эмес. Мен ал батирди Кыргыз Республикасынын офицери катары алгам. Эгер мен жаңылбасам, Турак-жай кодексинин 10-беренеси боюнча аскердик бөлүктүн жетекчилиги кимге жана кандайча батир берүүнү өзү чечет. Мен ал батирди жаран же коргоо министринин уулу катары эмес, офицер катарында алгам. Аскердик прокуратуранын мени турак-жай алчулардын кезегинде турган эмес деген божомолу мага түшүнүксүз.

Мен андай арызды 2003-жылы ал кездеги коргоо министри Эсен Топоевдин учурунда эле бергем. Буга кошумча, мен жалгыз гана - Исаковдун уулу батирди алган эмесмин. Башка дагы бир катар офицерлер алышкан.

2007-жылы мен ал батирди тапшыргам. Мындан кийин, батир кайрадан Коргоо министрлигине кайтарылып берилгенден кийин менин атама кандай күнөө коюлушу мүмкүн?

Эгер бул батирди мен же менин атам уурдап алса, анда атам кантип оппозициялык иш менен алектенмек эле. Бул атайын ойлонуп-табылган кылмыш иши жана анын максаты – менин атамды генерал катары өлкөнүн жана эл аралык коомчулуктун алдында каралоо.

Аскердик прокуратурадан күбө катары келип көрсөтмө берүү тууралуу эч кандай чакыруу алган жокмун. Эреже катары, мен биринчи кезекте чакырылып, көрсөтмө берүүм керек болчу. Мен жалпы маалымат каражаттарына өзүмдүн интернет дарегимди жарыялагам, бирок ал дарекке эч кимден, Аскердик прокуратурабы, Коргоо министрлиги болобу, эч нерсе алган жокмун. Ошондуктан, мен бул иш ойлонуп табылган нерсе деп гана билем. Менин билишимче, 2007-жылы Аскердик прокуратура батир мамлекеттин эсебинде жана эч кандай зыян келтирилген эмес деген негизде кылмыш ишин ачуудан баш тарткан.

- Руслан мырза, ырас сизди тергөө органдары чакырбаптыр. Эмне үчүн өзүнүз келген жоксуз, кантсе дагы атаңыз күнөөлөнүп жаткан да?

- Бул суроо тууралуу жообум мындай: Эгер мен Бишкекте болсом, жоголуп кеткен же дайынсыз болгондордун тагдырын кайталамакмын. Минтип айтканымдын жөнү – Бакиевдин режиминин максаты жалгыз гана Исаковду камоо эмес, алардын максаты – оппозицияны, элди бирдей коркутуу. Ага карабастан, менин планымда жакынкы учурда Кыргызстанга келейин деген оюм бар.

- Руслан мырза, жакында Кыргызстанга келем деп жатасыз. Эми коркунуч жоголдубу?

- Коркунуч жоголгон жок. Коркунуч дайыма бар. Бирок абалды эске алсак, жакында бардыгы тең түп тамырынан бери өзгөрөт.

- Сиз өз атаңызды дагы, президент Бакиевди да жакшы билесиз. Эмне үчүн эки шакирт, ыңкылаптын “аталары” эки башка жолду тандап алды. Буга Исмаил Исаковдун саясий ынанымы себеп болдубу? Же кандайдыр бир чыр-чатак себеп болдубу?

- Мен ыңкылаптын тарыхына кайрылгым келет. Ыңкылаптын үч максаты болгон: биринчи – коррупцияны тизгиндөө, экинчи - өлкөдөгү үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу, үчүнчүдөн – калкка жагымдуу шарт түзүп, элдин турмушун оңдоо. Ушул тапта Кыргызстан дүйнөлүк тизмеде өтө коррупциялашкан өлкө болуп эсептелет.

Демократиялуулук боюнча жакында жарык көргөн баяндамада Кыргызстан жарым-жартылай эркин өлкөдөн эркин эмес өлкөгө айланганы маалымдалды. Калктын жашоо деңгээли боюнча – биздин өкмөт оңолуп жатабыз дегени менен – тарифтер кымбаттап өлкө жакырчылыкка баратат. Күч органдарында эмне болуп жатканын караңыздар – соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр эмнени кааласа ошону жасап жатышат. Ал үчүн эч ким эч кандай жазаланбайт. Мына ушулар менин атамдын кызматтан кетишине түрткү болгон.

Мен аны уулу катары гана эмес, офицер катары дагы билем. Ал Кыргызстанга берилген таза адам. Кыргызстан эгемендикке ээ болоору менен ошол кезде жогорку даражадагы кызматта тургандыгына карабастан, биринчилерден өз мекенине кайтып келген. Мен анын жолун жолдодум.

Эч нерсе жазыксыз калбайт. Эгер менин атам бул күрөштү уланта албаса, аны биз, кийинки муун улантабыз.

 
Эгер саясат таануучулар, серепчилер 2005-жылдагы ыңкылаптын жетишкендиктери ишке ашкан жок дешсе, мен алар эми гана ишке аша баштады дейт элем. Менин атам, азыр куугунтукталып, коркутулуп, сабалып жаткан башка оппозиционерлер эми гана ишке ашыра башташты. Эч нерсе жазыксыз калбайт. Эгер менин атам бул күрөштү уланта албаса, аны биз кийинки муун улантабыз.

- Руслан мырза, атаңыздын коопсуздугуна тынчсызданасызбы?

- Атамдын өмүрү коркунучта. Анын эрки дагы, ден-соолугу дагы чың. Ал күндө эртең менен чуркачу, спорт менен машыкчу. Бирок Бакиевдин режими атамдын ден- соолугуна терс таасирин тийгизе турган атайын шарт түзүп, же анын өмүрүнө түздөн-түз кол салышы мүмкүн. Анткени бул оппозицияны гана эмес, бул элди, ошондой эле атаман үлгү алган офицерлерди, анын ичинде мени дагы куугунтуктоо болуп саналат.

Алайдагы каршылык акциялары

Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Эдил каяктан: Кант-Тараз
26.01.2010 22:21
Эн ичинде мага Асан-Москванын пикири жакты.Туура жазыптыр,көрдүк чоңдордун балдарын.Алар ушундай Гарвард,Европа,Азия же Россияда окушат экен.Мейли окусун,бирок таза тапкан кирешесине.Ата-Энесинин парасына эмес.Тилекке каршы андай эмес.Чындыкты көпчүлүк көтөрө албайт,аны ушул жерден билсеңер болот.Асан ишиңе ийгилик!

кимден: Илим каяктан: Бишкек
24.01.2010 21:42
О-хооо! Путин кыргызча да билеби? Окуйбу? Кыргыздар силер ушундай пас мунозуңорду таштагыла - адамдын тагдырын шоуга айлантпа, кыргыз путин! Кыргыздар уятыңар деле калбаптыр!

кимден: Жылдыз каяктан: Пулгон
24.01.2010 19:32
Да пошли ВЫ - господин Путин. Биздин ишибизге кийлигишпей, Орусияңызды эптей бериңиз. Апей, Путин кыргызча суйлоп калганбы. Же Азаттыктан аты билингенден корккон кыргыздын дагы бир уйдо баатыр жоодо жок гастарбайтери го

кимден: Путин каяктан: моск
24.01.2010 16:32
Болочок опозициянын лидери десек болот.
Биз кошулуп, азыркы канкор президентти жок кылуу керек.

кимден: Бакир каяктан: Кадамжай
22.01.2010 22:41
АЛМАТЫЛЫК НУР - менин жигиттигимди текшерип эмне кыласың. "Исаковдун актыгын далилдеп, ал үй кайсы жерде, кимдин атында турганын сага далилдеп беремин" дейсиң. Мага далилдештин кереги жок. Андай кыйын болсоң сотко барып далилдеп Исаковду актабайсыңбы, элди дүрбөтпөй. Үйдө баатыр жоодо жок болбочу, айланайын. Мага далилдегениң менен бекер. Сотко бар да айт. Ушунча элди дүрбөлөңгө салбай. Ал да колуңдан келбесе атыңды өзгөртүп болсо да шеринеге жаз, эч болбосо билип алалы кимдин атында турганын. ЖИГИТ болсоң айт!

кимден: Нур каяктан: Астана
22.01.2010 00:30
Бакир эң туура айтыптыр!!!Баласын Америкага өкүл кылып жөнөтүп,а башкалар жок беле заслуженный офицерлерди билемин.Алардын аталары,акалары министр эмес ошол үчүн алар Баткенде,Кой-Ташта жүрүшөт.

кимден: nur каяктан: алматы
21.01.2010 21:09
Абдулла жигит болсон экообуз чыкпайлыбы тышкы саясатта ким кредит берем десе ошону карап калдык Козунорду ачкыла эмне болуп жатат. Эл аралык аренада КР аброю калбай калды.
Казакстан КР граждандарын кууп кыйнап кордой баштады кунуно жуздогон адамдарды департ кылып КР граж жумуш иштоо эркинен ажыратты а биздикилер алардын укугун коргоо ордуна каркыраны понсионатты берип эли свети жок олтурса электр энергияга аванс алып койдук деп кыйкырып журушот.
Рассияны айт Путин Семейный бизнес болуп жатат деп кредиттен баш тартты озбектерчи электро союздан чыгып КР менен эсептешпей койду. Озбекстан каласа чек араны жабат каласа солдаттарыбызды атат, Казакстан эвробиримдикте Журналист Павлюк КРнын СНБсы тарабынан олтурулгон деп видео запис менен далилдеп берди,
Каз, Узб, Турк, Кытай газ боюнча проектке кошпой койду. АКШны айтпаса да тушунукту

кимден: Nur каяктан: алматы
21.01.2010 20:29
Бакир Жигит болсон созунду факты менен далилдеп берчи, Исаков Уйду урдаганын, А мен Факты менен далилдеп берем Ал уй кайсыл жерде кимдин атында кимге берилген Исаковдун ак экенин далилдеп,

кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
21.01.2010 18:00
Шерик - Кадамжай, эми Бакир Кадамжай боло калдыїбы?. Атыїды єзгєрткєнгє жараша жериїди деле єзгєртє койбойсуїбу, Кадамжайды уят кылбай

кимден: Бакир каяктан: Кадамжай
21.01.2010 00:40
Исаков-кылмышкер! Мыйзамсыз иш кылдыбы-жооп берсин. Бей-бечара тоок уурдаса 8 жыл берсе болот да, министр мырза Бишкектен 40-50 миң доллар турган үй уурдаса 8 жыл берсе болбойт бекен. Жооп берсин. Шеринедеги пикирлерди окусаң Кыргызстанда Бийлик менен бийликке жетпей жүргөндөр эле оппозиция-позиция болбостон, элибиз деле 2 ге бөлүнүп калгандай таасир калтырат. Бийликти мактагандар, жактырбагандар, оппозициянын арыгын чапкандар, түндүк-түштүк, таластык-алайлык, кушчу-сарыбагыш иши кылса 3 миллион эл 3 миллионго бөлүнүп калгандай. Жарымы мамлекеттин ичинде жашаса, жарымы квартиранттай. Ой болду эми!союз боло электе туалет курганды билбей кокту-колотко кичик-чоң саарасын ушатып жүргөн элибизди эсил кайран СССР окутуп-чокутуп койгон экен, эми баарыбыз саясатты семичкедей чагып, бир кылмыш жасаган генералды Апенди кызын мактагандай мактап салдык. Алдын-ала эскертип коеюн, эскертпесем бийликтин кишиси дейсиңер-эч жерде иштебейм, өзүмдү ак эмгек менен тың багам.
Анан бийликке жан тарткандарды ашата сөккөн туура эмес го. Ар кимдин өз көз карашы, кайсы бир окуяга өз мамилеси болот да. Азаттыктын жакшы жери баарына бирдей мамиле кылат. Ошондон пайдаланып, баары өз пикирин билдирип жатпайбы. Ошентсе да болбой коркуп "немис", "кыргыз" ж.б.у.с. атка жамынып чыгып жатасыңар. Мен деле өз атымды жашырып башка ат менен чыгып жатам. Эч кимден коркконум жок, шеринедегилерден корктум, өз оюмду айтсам сөгөт турбайсыңарбы. Же Азаттыктан бийликти мактасын деп бирөө акча бербесе, бийликтин пачагын чыгарыпсың деп оппозициясы медал бербегенден кийин бири-бириңе асылбай, өз оюңарды айта бербейсиңерби. Баарың бири-бириңден өтө саясатчы болбой. Акырында Русланга айтарым- атаңдан коркпо. Атаңдын өмүрүн Аллах берген, кайра алса да Аллах алат. Аллахтан буйрук болбосо бийлик атса да атаң өлбөй аман калат. Аллах атаңдын өмүрүн алам десе оппозицияң арачы боло албайт. Элди атамдын өмүрү коркунучта деп дүрбөтпөй атаңдын чыныгы уулу болсоң атаңдын акталып чыгуусун Аллахтан тиле! Өмүрүн да Аллахтан тиле. Элди кагыштырба. Атаң генерал болсо да көр пенделик кылса керек. Үй уурдагандыр, кылмышы жок болсо куру доомат койгондор өзү азабын тартат. Чет жерге кыргызды антиреклама кылбаган сен эле калдың эле.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине