Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:36

Саясат

Нарында нааразылык күчөдү

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын өкүлдөрү премьер-министр менен 12-мартта болгон жолугушуу майнапсыз болгонун белгилешип, Нарындан кайрадан митинг акцияларга чыгууну чечишти.

Нарындагы каршылык митинги, 10-март 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Бул жөнүндө өкмөт башчы менен жолугушууга кирип чыккан Адыл Эсенбеков "Азаттыктагы" маегинде сөз кылды.



- Нарында электр кубатынын кымбаттыгына нааразылыгын билдирип чыккан элди оппозиция колдонуп атат деген пикирлерге жооп берип кетсеңиз, чынында кандай?

- Бул ар бир партиядан, мугалимдерден жана башкалардан түзүлгөн элдик кыймыл. Негизи эле Нарын эли өзү бүт оппозиция болуп калды. Себеби азыркы бийликти же “Ак жол” партиясын колдогон эч ким жок. Азыр үч киши бириккен жерде эле аларды жамандап, баардыгы өздөрүнчө жекече оппозиция болуп атат.

- Сиздер өткөн жума күнү өкмөт башчы менен жолугуп чыкпадыныздарбы. Мамлекеттик маалымат каражаттары шыр эле жолугушуу жемиштүү болгонун, нарындыктар баалардын көтөрүлүү себебин түшүнүү менен кабыл алышканын айтып чыгышты. Сиз кандай маалымат бере аласыз?

- Бул жерде биз эч кандай жооп алалган жокпуз, канаттанган жокпуз Данияр Үсөнов менен жолукканда. Биздин талап - электр энергиясынын тарифтери мурдагы абалында калыш керек болчу да. Бул жерде анын Нарын элине, жалпы элге болгон так жообу - электр энергиясы 1 сом 50 тыйындан болот, артка жол жок дейт. Андан калса бул 2 сомго чыгат дейт, алты ай сайын 12 пайыздан кошулат дейт, мындан ары да кымбаттайт экен.

-Ошондой кымбаттоолорду сиздер түшүнүү менен кабыл алдыңыздарбы?

-Жок.  Азыр биз келип айтканда Нарындын эли дуулдап атат, электр энергиясын түшүрбөсө биз дагы башка жолдорго барабыз деп.

- Мына ушул талаптар аткарылбаса башка жолго баруу жөнүндө мурда дагы бийликке эскертүү бердиңиздер эле . Эми мына өзүңүздөрдүн көзүңүздөр жетти окшойт канчалык деңгээлде аткарылышына. Эми кандай аракеттер болушу мүмкүн?

- Бул жерде баардыгын эл өзү чечет, чогулушта айтып кетишти, эл өзү оппозиция болуп калды. 17де бардыгын эл чечет.

- Мына 17-мартта Бишкекте Элдик курултай болуп атпайбы, Нарындан канча кишини өкүл кылып жөнөтүп атасыздар?

- Көп эле киши бар. Эми кимдин колунан келип, каражаты жетсе алар Бишкекке жөнөйт. Азыр айрым айылдарда 200дөн киши жөнөп кеткенге даяр.

- Буга чейин ошол жерлерде делегаттарды шайлоолор болду да, же болгон жокпу?

- Нарында делегаттарды саясий партиялар бүгүн шайлайбыз. Эл өзүнүн каражаты жетсе эле кетүүгө даяр. Биз болсо саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар чогулуп өзүбүздүн делегаттарды шайлайбыз.

- 17-мартта аймактарда дагы митингдер болот деп билдирип атат оппозиция, Нарында дагы болушу мүмкүнбү?

- Азыр биз “Ата мекен” партиясы ачкан офиске Нарындын эли "эмне болдуңар, сатылып кеткен жоксуңарбы, эмне жооп алып келдиңер, канаттандыңарбы"? деген ой-пикирлер менен келишүүдө. Келген элдин ой-пикирин уксак, ар бири 17-мартта Нарында митингге чыкканга даярдыгын билдиришип атышат.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kirgizbala каяктан: Turkiya
18.03.2010 20:05
Men taza bolsom,Sen taza bolson koom taza bolot (I.Razzakov)
Narin taza kirgizdardin jeri jakirbiz dep jariya kilgan jeri jok birok biyliktin
ELDIN kanin sorgondon bawka e4 nerse kilbawi, Biwkek Torugart jolundagi juk tawuu4u kamaz,supermaz dardin joldu buzuusuna da konul kow karawi, degi ele elden Salik algandan bawka payda berboosu kalktin ele emes ittin da kijirin keltireer. Bizge bergen 1 paydasi ele elektr energiyasi.
Men alista jursom da janim kawayip jatat. bul emne degen wumduk.
Eger elindi baga albasan oordundu bowot ket. Elin baga algandar kelsin. Negizi bakiyevdi da usenovdu da naringa 1 kiwtin 1 ele ayinda jawatiw kerek ele baylap da bolso. tukurugu jerge tuwpoy tonup kalganda anan akil-esterine bir kelse keleer kelbese Moskvasinabi Vawingtonunabi aytoor oz mekenine kete bersin bizdin mekendi sorgonu jetet.

кимден: Тилек каяктан: Талас
16.03.2010 16:17
Оппозицияга суроо? Силер дайыма кыйкырып журдунор шайлоолор легитимсиз Жогорку Кенеш Президент дагы легитимсиз деп анан эмне урматтуу Бекназаров аларга офоцоиалдуу турдо кайрылып жатат? Элдин кобу ушул нерселерден силерге жакшы ишенбей жатат туруктуу позициясы жок деп.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
16.03.2010 14:30
Кечее теледен Данчик суйлоп жатат. Ар бир созу уккан адамдан кыжырын гана келтирет. Кордунорбу "Биз элди, элдин айтканын уруп ойнобойбуз, билгенинерди кылып алгыла" дегендей кылып опулдап суйлоп жатканын. Керек болсо Ошэлектро, Жалал-Абад электро, Востокэлектрону дагы сатыкка койдук, эмне кылып аласынар дегендей туру бар. Нарындыктарга льготалар бар, жардам беребиз деп жарыбагандай сумманы айтышат. Ал эми Тундук электрону сатып алган адамдардын чонтогуно ай сайын канча миллион суммадагы акчалар тушуп жатканын эл билбейт дейт го. Кечирип кой Данчик, эл сен ойлогондой талаада оттоп жургон мал эмес. Кыргыз элинин 99%ы азыр билимдуу, сабаттары жоюлган. Азыр 5 жаштагы баладан 80 жашка чейинки карыянын баары саясатчы. А эмне учун элге чачкан заарынды Кыргызстандын экономикасын отургузуп кетти деп Гуревичке чачпайсын? Ал жонундо эмнеге бир ооз соз айта албайсын? Себеби, ал жерде сенин дагы "долян" бар да, же калппы? Ошон учун олор-тирилерине карабай аларды жактап жатасын да? Электр энергиясы учун 200 сомдон толоп бер, а 5 эсе кымбаттаган жылуулук учун, кымбаттап жаткан азык-тулук башкалар учун эмнеге космпенсация толобойсун. Ошол 200 сомду алып, Нарынга келип Нарындыктардын алган 3000 сом айлыгы менен Нарында бир кыштап кетчи , мурдундун суусу кандай агаар экен. 3-4 болмо уйдо жашагандар жылуулукка ай сайын 3000-4000 сомдон толойт. А айлыктары ага жетпейт. Бул силердин "кыргыз элин кырып жоготобуз" деген политиканар болуш керек. Кеч боло электе ойлонуш керек "окмот ака".

кимден: Политтехнолог каяктан: Ала Тоо
16.03.2010 12:53
Сел ар дайым боло бербейт.Эл ар дайым толкуй бербейт.Саясатчылар мыйзам чегинде, эч кимдин укугун бузбай, эч кимдин ар намысына шек келтирбей мыкты уюшкандык менен Президентти жана Парламентти отставкага кетирүү аркылуу улут кызыкчылыгын коргой алышат.

кимден: Самат каяктан: Чолпон -Ата
16.03.2010 10:52
Азаматсынар, Нарындыктар!

кимден: Жолборс каяктан: Бишкек
15.03.2010 23:13
Мындай сунуш:-Президенттин бир резиденциясы,же бир үйү Нарында курулуш керек-ошондо эле өз териси менен суугун,карын сезбесе азыр миң айтсаң да бекер дегендей түр көрсөтүүдө.

кимден: Жолборс каяктан: Бишкек
15.03.2010 22:16
Данияр эми аркасындагы төбөлдөрүнүн сөзүн айтып жатат да,тырышып. Кресло ширин да! Путин,Масимовдордун катарында отурсам деп эңсеп жүргөн эле-тилегине эптеп жетсе.Силер түшүнбөйт экенсиңер,кыргыздар...Даниярды!!!...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 19:40
Нарындыктарга кошулуп,Көлдүктөр да митингге чыгууга даяр!

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
15.03.2010 18:20
Калктын 97% ин Кыргыздар түзгөн бул облуска кам көрбөгөн бийликтен мен эч качан, эч нерсе үмүт кылбайм.Нарындын эң жакыр облус болушу - биздин мамлекеттин аты Кыргызстан болгону менен, заты башка экендигинин далили.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 17:32
Нарын элин жараткан өзү колдосун. Накта улуттун өзөгүн түзгөн, тоо койнунда эркин өскөн элсиңер, биримдүү болгула. Тайлак баатырдын, Эр Табылдынын, Ормон хандын арбактары колдосун силерди. Бул бийликтин жүлүнүнө ийне болуп кадалгыла, силердин ким экениңерди сыздаган жон териси менен, сындыра урулган тумшугу бети менен сезишсин. Силерге ыдык көргөзсө, силер да ыдык көргөзгүлө, чындык эл тарапта.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)