Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:35

Саясат

“Генералды эми чындап коргойбуз”

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, экс-коргоо министри Исмаил Исаковдун аскердик чининен ажыратылып, сот залынан камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылышы жердештеринин катуу каршылыгын жаратты. Алар райондук бийликтин алдына чогулуп, эмне үчүн мындай катаал өкүм чыгарылгандыгын түшүндүрүүнү талап кылышты. Аким алардын талаптары жогору жактарга жеткирилгендигин айткандан кийин жетимиштей кишини күч органдары күчтөп таратты.

Текст көлөмү - +
11-январда саат он жарымдан баштап кечки төрткө дейре Алай районунун булуң-бурчунан чогулган 300 чакты киши Исмаил Исаковду актоону талап кылган митинг өткөрүп, аралыкта Гүлчө кыштагын кыдырып жөө жүрүш жасашты. Акырында алардын жетимиш чакты өкүлү генералдын Бишкектеги сотунун өкүмүн күтүп кыш ызгаарына чыдап райондук акимчиликтин алдында турушту. Саат кечки алтылар чамасында жердеши аскердик чининен ажыратылып, сот залынан камалып, сегиз жылга эркинен ажыратылгандыгын укканда райбийликтин имаратын карай жөнөштү.

Чогулгандар райондук бийликтен эмне үчүн мындай катаал өкүм чыгарылгандыгын түшүндүрүүнү талап кылышты. Элди утурлаган Алай районунун акими Алмазбек Осмонов генералдын жердештеринин коюп келаткан талаптарын Бишкектеги Ак үйгө төкпөй-чачпай жеткиргендигин, бирок соттун өкүмү боюнча эч нерсе айта албастыгын билдирди.

Бүгүнкү акцияны уюштуручулардын бири Таалайбек Зикиров чыгарылган өкүмдү адилетсиз деп сыпаттады.

Ал эми Исмаил Исаковду коргоо комитетинин Алай райондук комитетинин төрайымы Курманжан Сапарбаева элдин сотко болгон акыркы үмүтү таш капкандыгын жар салды.

Ушундан кийин нааразычылык акциясынын катышуучулары райакимдин жолун торогондо, аларды күч органдарынын кызматкерлери күчтөп таратты.

Алай районунун ар айылынан чогулгандар бүгүнкү акция менен чектелбестигин, Исмаил Исаков акталмайынча, азырынча Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там автожолун тосушаарын айтып тарашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: nur каяктан: алма ата
18.01.2010 12:47
Азаматсыңар алайлыктар.Чындык үчүн .Алымбекти Курманжан датканы Камчыбекти коргоп келген эл Исаковду да коргоп алат.Тарыхты карасаң боло Бакиев жана анын Служебныйлары эбегейсиз зор армиясы бар мыкты куралданган Орус падышасына кетмен күрөк менен туруп эсептешкенге мажбурлаган .Мен деп турган Кокон хандыгы Алай менен эсептешпей Алымбекти жок кылабыз деп эмне болгон.Кечеги Ош окуясы Март окуясы эсиңерден чыктыбы Алай келет дегенде баары качканы Кектешкенин кое бербеген эл Тарткыла колуңарды уулу элден ОМОНуңар менен коркута албайсыңар бул элди

кимден: Акыл каяктан: Ош
13.01.2010 17:21
Кыргызстанда эмне болуп жатканынан карапайым элдин кабары жок. Азаттык радиосун баары эле укканга мүмкүнчүлүк жок. Мен билгенден айылда дээрлик эле угушпайт. КТР, ЭлТР каналдарынан бийликти жактаган гана сөздөр айтылат. Газета журналдарды мурдагыдай жазылып окуучулардын саны азайды. Интернет байланышы борборлордо гана болбосо айылда кайдагы. Ошол элдин эч нерседен кабары жоктугунан пайдаланып бакиевчилер калкты каалагандай калчап атышат. Кыргыз эли эсине келип козголгуча Исаковду жеп тынышат окшойт. Азыр эл "үндөбөгөн үйдөй балээден кутулат" дегенди карманышып бирин-бири аңдып отурган чагы. Ушинтип кыйын чыкмаларды кырып отурса мамлекет кайдан өнүкмөк эле. Канкорлорго наалат айтып, кудайдан сурангандан башка айла жок.

кимден: Эркин каяктан: Кыргызстан
12.01.2010 16:33
Эх эл шордуу ушундай Исаковдой киши алай үчүн эле керекпи бүткүл Кыргызстан көтөрүлүш керек

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)