Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:35

Саясат

Жол тоскондорго прокурор укурук салууда

Алай райондук ички иштер кызматы Ош-Эркеч-Там автожолун тосуу фактысы боюнча бейбаштык деген негиз менен 14-январда кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери учурда жүрүп жаткандыгын облустук прокуратура “Азаттыктын” кабарчысына тастыктады.

Текст көлөмү - +
Ош облус прокурору Жолдошбек Сулайманов “Азаттыкка” кабарлашынча, Кытай менен Кыргызстанды байланыштырган Ош-Эркеч-Там автожолун Сопу-Коргон кыштагындагы нааразылык акциясынын катышуучулары 14-январда мыйзамсыз тосушкан.
 
Ошондуктан фактынын негизинде Кылмыш-Жаза Кодексинин 234-беренеси боюнча адамдар бейбаштык кылышкан деп кылмыш иши козголду. Кечээ тергөө башталды, анын жүрүшүндө чыныгы айыптуулар аныкталмакчы. Ошол себептүү азырынча окуяга тиешеси барлардын так санын жана ысымдарын айтуу кыйын.

Сопу-Коргондогу каршылык акциясынын катышуучусу Зинагүл Жаңыбаева кылмыш ишин козгоп коркутуп, бийлик элдин мизин майтара албастыгын, алардын тилектештери күн сайын көбөйүп бараткандыгын, ошондуктан генерал Исмаил Исаковду боштондукка чыгаруу талабынан кайтпай турушкандыгын  билдирди.

Генерал И.Исаковдун атасынын үйү
Алай районундагы Аскалы кыштагынын жашоочусу Тулпар Орунбаевдин байкашынча, азыркы соттордон калыс чечим күтүү мүмкүн эмес:

- Мен акталышына көзүм жетпей калды. Себеби, генерал ошончолук жеп-ичкен болсо, Сопу-Коргондогу атасынын үйүн барып көрушпөйбү. Сырты жарылып, үстүндөгү шыйпыры учкалы араң турат, - деп кейип-кепчиди Тулпар Орунбаев аксакал. – Бишкектеги батирин дагы жакшы билебиз. Кичинекей үй, ашып баратса беш сотых. Килейген завод-фабрикаларды арзыбаган акчага менчиктештиргендер, жерлерди гектарлап ээлеп алгандар жөн эле жүрүшпөйбү. Эмне, аларга эч кимдин тиши өтпөйбү? Таза адам үчүн Исаковду сындыра албай жатышат. Генерал Кыргызстанга ак кызмат кылгандыгы үчүн биз аны ар качан коргоп алабыз.

Тулпар Орунбаев жердештери борборду карай атчан жүрүш жасоого камданып жаткандыгын айтып, буга дейре мыйзамдуу аракеттердин бардыгын жасашкандыгын, бирок ага жогорку бийлик кулак салбай койгондугун белгиледи.

Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдар Алайдагы нааразычылык акциясынын катышуучуларына козголгон кылмыш ишин жергиликтүү укук коргоо органдарынын жогорку бийликке жагынуу аракети катары сыпаттап жатышат.
 
«Мыйзамдуулукту коргоо» коомдук фондунун жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев Ош облусундагы жана шаарындагы бир катар бейөкмөт уюмдар биригип, Сопу-Коргондогу окуяны иликтөө боюнча көз карандысыз комиссия түзүшкөндүгүн жана ал ишке киришкендигин маалымдады:

-Чындыгында, бул абдан кейиштүү көрүнүш, жаман жышаан. Эсибизде, Ноокатта массалык акцияга катышкандарга тегиз кылмыш ишин козгоп, аларды чыркыраткан бойдон аеосуз жазалап, соттоп ийишти. Андан кийин Петровкада укугун талашып козголгондордун, ошондой эле Балыкчыда шайлоонун жүрүшүнө каршылык көрсөткөндөрдүн укугун тебелеп-тепсеп, үстүнөн кылмыш ишин козгоп, а түгүл камап жиберип жатышпайбы. Мына ошентип, азыркы бийлик Кыргызстанда колониялык-авторитардык режимди орнотууга далалат кылып атат десек жаёылышпайбыз. Дүйнө жүзүндө канчалаган мамлекеттерде биздикиндей диктатура мурун-соё үстөмдүк кылган. Элин аеосуз эзген. Бирок алардын акыры эч качан жакшылык менен бүткөн эмес.
Айтмакчы, камактагы генералдын таламдаштары үч күндөн бери Исмаил Исаковдун атасынын Сопу-Коргон кыштагындагы үйүндө ачкачылык жарыялап олтурушат. Акцияга адегенде 14 адам катышып жаткан, кан басымы көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу бүгүн алардын төртөө үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ошентип, үч эркек, жети аял мурдагы коргоо министринин абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышууда. Ачкачылык жарыялагандардан дарыгерлер эмдигиче кабар ала элек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: nur каяктан: алма ата
18.01.2010 12:53
Азаматсыңар алайлыктар.Чындык үчүн .Алымбекти Курманжандатканы Камчыбекти коргоп келген эл Исаковду да коргоп алат.Тарыхты карасаң боло Бакиев жана анын Служебныйлары эбегейсиз зор армиясы бар мыкты куралданган Орус падышасына кетмен күрөк менен туруп эсептешкенге мажбурлаган .Мен деп турган Кокон хандыгы Алай менен эсептешпей Алымбекти жок кылабыз деп эмне болгон.Кечеги Ош окуясы Март окуясы эсиңерден чыктыбы Алай келет дегенде баары качканы Кектешкенин кое бербеген эл Тарткыла колуңарды уулу элден ОМОНуңар менен коркута албайсыңар бул элди

кимден: Тгк-862 каяктан: Алма ата
17.01.2010 21:17
Азаматсын Исмаил байке, Чыныгы генералдыгын көрсөттү, ЖАШАСЫН ЭЛДИК ГЕНЕРАЛ. Өкүмөттүн генаралы болгуча элдин генералы болуу млн. эсе жакшы Кана эрденсинген Б Бешимов,О бабанов.Байболов,Т Сариев М Каипов.Дырылдаев,жээнбеков.Эшимканов. Байсалов Бартабасов Эркебаев жан ширин бекен, Эл үчүн деп кыйкырып кара жандын амандыгы үчүн качып жүрүшөбү укук коргомуш болгон Т Акун.Бакир уулу, өнөктөштөру, Досбол, Үсөн акаси, М Каипов Мадумаров ,А Жапаров Келдибеков Үсөнов Ташиев креслодон айрылуудан корктуңарбы, Бир аз чындыкты айтуудан коркосуңар Р ОТунбаевача боло албадыңар,Башкаларчап коркуп качпай же Креслого жабышып балык болбогону, адамдык арнамысы үчүн ЖАШАСЫН ЭЛДИК ГЕНЕРАЛ

кимден: Gulnura каяктан: Stanbul
17.01.2010 18:45
Murdagi Ajobuz da Kulovdu kamasa,Bul ajobuzda İsakovdu kamadi? al ajobuzdanda aship keetingo urmattu Ajo. Baarin satip butungo? suunuda sattin kazaktarga* oshoncholuk kiyin ekensiner Ozbekstandan gazdi arzan albaysinarbi? silerge biylikten bashka emne keregi bardeysin? kaysi betiner menen tarifterdi jogorulatip jatasinar? Usonovda tarifter bizdin olkodo ele ees duyno juzundo kotoruldu dep jatasiz? Bul jakta oshoncho mayana kop alishat? Kiyin bolsonor aylik akilarin kotorup, anan suyloboysuzbu? bolbogon prosentterdi koshup koyboy?

кимден: Айсалкын каяктан: Москва
17.01.2010 00:03
Тонкоруш кылып бийликти тартып алгандар соттолуш керек.
Оз баласын озуно орун басар кылган президентке иш ачылыш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)