Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:34

Саясат

Жар кырына жакын кырдаал

Кыргызстанда кырдаал курчуунун үстүндө. Бул жумада Алайда, Нарында, Аксыда эл кайрадан митингге чыккан жатат. Бишкекте 17-мартта оппозициянын элдик курултайы өтөт. Ошол эле учурда бийликтин беделин сындырган ашкерелөөчү соккулардын жаңы толкуну келатканы кабарланууда.

Нарында 10-мартта көп адам катышкан митинг
Текст көлөмү - +
15-мартта Гүлчөдө Исмаил Исаковду бошотуу талабы менен кайрадан нааразылык акциясы өтөт. Ага Сопу-Коргондон эле беш жүздөй адам келет деп билдиришти И. Исаковду коргоо комитетинен.

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 мүчөсү премьер-министр менен 12-мартта болгон жолугушуу майнапсыз болгонун белгилешип, Нарындан Бишкекти көздөй жөө жүрүш акциясын баштоону чечишти. Бул жөнүндө “Азаттыкка” аталган кыймылдын өкүлү Асыл Жаманова билдирди.

Бозпиектеги эстелик
17-мартта Аксы районунда мындан сегиз жыл мурдагы кейиштүү окуянын курмандыктарын эскерүү чарасы өтөт. Аксылыктар тынч жүрүшкө чыккан бейкүнөө адамдардын канын төккөн адамдар жазасын албай калды деп кайрадан бийликке доо коюшмакчы.

Бишкектин өзүндө Бириккен оппозиция 17-мартта элдик курултай өткөрүүгө камынууда. Соңку маалымат боюнча Бишкектин мэри курултай өткөрүү үчүн шаардык стадионду жана спорт сарайын сунуш кылган. Оппозиция бир чечимге келе элек.

Бишкекте ошондой эле отун-суу тарифтерин кымбаттатууга, энергетика ишканаларын сатууга каршы чыгып жаткан “220” кыймылы жана “Азаттыкты” коргоо кыймылы нааразылык чараларын баштады. Баш калаада жана айрым облустарда «Азаттык» радиосунун программалары чыкпай калганына нааразы болгон жарандар 15-мартта ЕККУнун Бишкектеги борборунун алдына пикетке чыгышмакчы.

Бийликтин беделин сындырган ашкерелөөлөр Гуревичтин чуулгандуу окуясынан кийин дагы чубалып чыкчудай болуп турат. Бийликтегилердин жана бийликке жакын чөйрөнүн ичиндеги кыңыр иштердин бетин ачкан чуулгандуу маалыматтар дагы калк алдына калкып чыгарын айрым маалымат булактары убада кылууда.

Кыргызстанда жаңы жылдан тарта отун-суунун кымбатташы, энергетикалык ишканалардын арзан баада сатылышы, баш көтөргөн оппозиция ишмерлерин камоо фактылары биригип келип элдин нааразылыгын күчөттү, ошон үчүн эл өзү козголуп жатат, дейт оппозициянын өкүлү Туратбек Мадылбеков.

- Петровка, Балыкчыдагы окуяларды, башкаларды оппозиция уюштуруп атат деп келишти эле. Бирок Нарындагы окуялар эл өзү чыгып, күндөп, айлап, жылдап чогулган маселени агынан жарылып айтып жатышат. Тарифтердин көтөрүлүшү элдин көкөйүнө көк таштай тийгени көрүнүп калды го. Аны орто катмар өкүлдөрү да көтөрө албай жатышат. Дагы кымбаттаса эл чыдабайт.

Бийликти жактаган адамдар экономикалык талаптарга бийликти кет деп кыйкырган саясий ураан-чакырыктардын кошулганына каршы сүйлөп жатышат. Нарындагы митингге катышып келгенден кийин акыйкатчы Турсунбек Акун эл көтөргөн социалдык-экономикалык талаптарды оппозиция пайдаланып, саясатка бурууга аракет кылып жатат деп сынга алды.

Бир катар талдоочулар азыркы түзүлгөн кырдаалды 2005-жылдагы жоогазын ыңкылабынын алдындагы учурга салыштырып, Кыргызстан дагы бир жолу чайпалып төгүлүшү мүмкүндүгүн болжоп жатышат. Бир жагынан эл жапырт козголсо токтотуу кыйын, экинчи жагынан бийлик каршылык акцияларын басуу жагынан тажрыйбалуу да болуп калды, дейт профессор Кусеин Исаев.

- Бул бийлик кантип жана кандайча нааразылыкты басуунун жолун жакшы билип калды. Ноокаттагы окуяны динге шылтап, Балыкчыдагы окуяны шайлоонун жүрүшүнө тоскоол кылды, Петровкадагы окуяны кичинекей кыздын зордукталышына байланыштырып соттун колуна салып берди. Бирок элдик наарызылыкты сот колу менен токтотуу көпчүлүктүн кыжырын келтиргенден башкага жарабайт. Сот менен коркутуу жакшылыкка алып барбайт. Эл көтөрүлсө сел жүрдү дей бериңиз. Аны тартипке салыш кыйын.

Бийлик тарап өз кезегинде кырдаалды колдон чыгарбаш үчүн бардык жерде тартип коргоо органдарын күчөтүлгөн режимге өткөрүп, алдын-алуу чараларын көрүп жатат. 23-мартта боло турган ынтымак курултайында бийлик чыңалган кырдаалды жумшартуу жана каршылык маанайды жибитүү аракетин көрмөкчү.


"Азаттык" тасмасында: "Электрошок".

14-мартта “220" кыймылы Бишкекте электр кубатынын жана жылуулуктун кымбатташына, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектро” сыяктуу мамлекеттик ири ишканалардын сатылышына каршы концерт менен коштолгон акция уюштурду.



Жүктөө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жаныл-мырза каяктан: москва
17.03.2010 10:36
Ээ, кыргыздын мырзалары! Кайда биздин мырзалар? Свет, суу, тамак, окуу, жашоо,абага да төлөп жатабыз... ким ойлойт кан какшаган кемпир-чалды, катын -баланы? Төрөлө элек балабыздан бери карыз элек , эми көргөн күнүбүз эмне болот? кайда барып , кимге кул, кимге кун болобуз?

кимден: Диди каяктан: Талас
16.03.2010 09:58
Кыргызстандын бийлиги кыргызстандын эли үчүн эмеле өздөрү үчүн иштеп жатышат. Тажадык, жетишет. Биз минтип тарифтериди көкөлөтүп коюп, азык-түлүктөрдү кымбаттатып коюп, укугубузду буздуруп, элдин мүлкүн таратып чыдап отура албайбыз. Элди ойлоп, элдин үнүн угушпайбы уктурабыз, жеткиребиз. Кыргызымдын эли жакшы жашоого татыктуу.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
16.03.2010 03:09
15 марта 2010 года. Решения продать госпакет акций компании «Северэлектро» и «Кыргызтелеком» экономически оправданы. Об этом сегодня на пресс-конференции в Доме правительства заявил премьер-министр Данияр Усенов.

По его словам, правительство страны, продав компанию «Северэлектро», приняло правильное решение, так как по новым тарифам убытки компании составляют 2,88 млрд сомов в год. «За последние 6 лет проводилось более 10 тендеров, их них два прошли в 2009 году, на которые не поступило ни одной заявки. Потому что, купив эту компанию, инвестор имел бы 2 млрд долгов ежегодно. Сейчас, при новой тарифной политике, если довести потери до 15 процентов, компания может стать прибыльной», - сказал он.

Относительно «Кыргызтелекома» глава кабинета министров отметил, что в 2003 году у компании насчитывалось 460 тысяч абонентов, в это время компания оценивалась в 165 млн долларов, а 2004 году бывшая власть продала «Кыргызтелеком» за 16,7 млн долларов: «После революции мы расторгли договор с немецкими инвесторами. После мы выработали новые условия и 7 лет искали инвестора, но не находили, так как рынок резко менялся все эти годы».

На сегодняшний день число абонентов сотовых компаний выросло в 400 раз, а у «Кыргызтелекома» выросло с 460 до 560 тысяч абонентов.

Также Д.Усенов сообщил, что объявлены тендеры на продажу «Ошэлектро», «Джалалабадэлектро» и «Востокэлектро»: «Если кто-то из кыргызских бизнесменов скажет, что готов купить на условиях правительства, мы готовы продать все три компании за один доллар». (Н.Султамбаев)


кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 19:49
ТУУГАНДАР,МЕН БҮГҮН УШУНЧАЛЫК ЗЛОЙМУН.
НТС ТЕЛЕКАНАЛЫНАН Д.ҮСӨНОВТУН СҮЙЛӨГӨНҮН БЕРИП ЖАТАТ,ТАЛКАЛАП САЛГЫМ КЕЛДИ БАКИЕВТИН КАРА ЯЩИГИН. Д.ҮСӨНОВ АЙТЫП ЖАТПАЙБЫ МЕН КАЛГАН МҮЛКТҮ 1 ДОЛЛАРГА ДА САТАМ ДЕП. БУГА МЫНДАЙ УКУКТУ КИМ БЕРГЕН МЕН ДЕП СҮЙЛӨГӨНГӨ, ОГОРОДУНА ӨСТҮРҮП АЛГАН АШКАБАГЫН САТЫП ЖАТКАНСЫП. НАРЫНДЫКТАРДЫН 80 ПАЙЫЗ ТАЛАПТАРЫН АТКАРДЫК ДЕЙТ УЯЛБАЙ.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
15.03.2010 19:03
Урматтуу Өмүрбек Чиркешович! Сиз 90-жылдан бери саясатта жүрөсүз.Тажрыйбаңыз чоң.Көп саясатчыны тааныйсыз. Уюштуруу иштеринен жөндөмдүүсүз.Кыргызды, Кыргызстанды сактап калууда чечкиндүүлүк керек болууда. Тагдырыбыз кыл учунда турат. Сизден суранабыз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Ош
15.03.2010 18:14
Акыр заман жакындап калган окшой,кыргыздар бийлик талашмай оюнун баштады.Бийликке дагы эле бир алдым жуттум келет,орустар биздин алдым жуттумдарды 70 жыл тизгиндеп тыйып турду эле.Алар кетип аран турган кыкендер завод,фабрика,ишканаларды дунунон жымырышты.Кыргыздын олигархтары каяктан чыкты,элге 70 жыл орустар топтоп берген мулкторду ээлеп алышты...

кимден: немис каяктан: Германия
15.03.2010 16:01
Азыркы бийлик өзүнүн болгон аброуйн жана элге болгон ишеничин толугу менен жоготту. Бийликткин жан жоокорлору эптеп бийликти кармап тууруга аракет жасап татышат. Кудай буйурса бийлик алмашканы калды окшойт. Оппозиция элди күрөшкө үндөгөнгө жараша, туура талаптарды коюшса жакшы болот эле. Акаевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан байлыкты уурдап чогултуп, качып кетти, жоопко тартылган жок, жаза алган жок. Бийликти алмаштырганга жараша ары жагын да ойлош керек. Эн негизгиси, эл башчыны туура тандаш керек, мурдакыдай алданып калбаш керек. Эгерде эл дагы эле алданып калса, анда көптөгөн жылдары эл азабын тартып, азыркыдан да жакыр турмушка келебиз. Келечектеги муундардын алдында уят болбойлу, жер карап калбайлы кыргыз элим.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
15.03.2010 15:48
Айланайын кыргызым, бизде "профсоюз" деген бар беле? Болсо алар кайда? "Мырза" Токтогулов аааааа-ууууууу сен каяктасын, барсыңбы? Башынды ийнине катып каякта жатасын? Эмне учун мугалимдердин укугун коргоп бир ооз сөз менен чыкпай, жашырынып жатасың? Ушундай кыйналыш учурда акчасын алып жаныңды багып жаткан мугалимдерге эмнеге жардамга келбейсин? Ушундай мамиленден кийин сендей профсоюздун төрагасынын кимге кереги бар. Эгер бийликтен корксон, бир ооз жылуу сөзгө жарабасан, анда бир ооз сөзгө жарай турган адамдарга ордунду бошотуп бер да. Сен деген билсен байкуш мугалимдердин айлык акысынан түшкөн процент акча менен жанынды багып жатасын. Мугалимдер профсоюзга мүчө болуп кирбейбиз деп, акча төкпөй койсунчу, эртен эле эмне болоор экенсин? Ал эми Нарын эли ишенип шайлаган "Депутат акелерибиз" : А.Салымбеков, Н.Молдобаев каяктасыңар? Эмне үчүн парламентте чыгып Нарын элинин жашоосу тууралуу бир ооз сүйлөбөйсүңөр?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.03.2010 15:38
Azattyk kyzyktuuraak kylyp jazsangar bolboibu,munu biz bilebiz echak ele...alaida azyr emne bolup jatat...Oshko joo jurush kylsa men koshulaiyn dedim ele...oshonu jazgyla...

кимден: Бакиевдердин адвокаты каяктан: Бишкек
15.03.2010 15:16
Гуревич Италиядан аферисттик кылып 2 милли ард уурдаптыр дейсинер жаман көрүп. Женя менен Макс ошол акчаларды Кыргыздарга алып келе жаткан болчу. Чуулдабай койо турсаңар ар бириңерге 20 миң доллардан таратмакпыз. Эми жок. Гуревичти тоонун башына беките туралы десек чурулдап жибердинер.. Анын ушундай филантропттук мүнөзү бар экенин кыргыздар түшүнбөй койбодуңарбы. Макс менен Женя Кыргызстанды өнүктүрөлү дегенде эки көзү төрт болчу. Мен билем го. Түнү менен укташпай, кантип өнүктүрөбүз бул суу куйду өлкөнү деп жатып италиялыктарды зорго 2 миллиарддга олтургузуп келгенде мынтип чурулдап жибербедиңерби кысталак кыргыздар эми өзүңөрдөн көргүлө башка "инвестиция" болбойт
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)