Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

"220" кыймылы кол топтоо акциясын баштады

Нарын шаарында кымбатчылык элди көчөгө чыгарды

Нарын шаарында кымбатчылык элди көчөгө чыгарды

28.02.2010

Кыргызстанда өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жана энергетикалык ишканаларды жеке менчикке сатуу саясатына каршы “220” деп аталган кыймыл түзүлдү.

Аталган кыймыл “чү” дегенде эле өлкөнүн бүт аймагында кымбатчылыкка каршы кол топтоо иш-чарасын баштады. Алар койгон талаптарын бийлик аткарбаса, анда ар кандай каршылык аракеттерине өтүшөөрүн эскертишти. Кабарчыбыз кыймылдын жетекчиси Гүлнара Журабаеваны кепке тартты.

-Гүлнара айым, бул жаңы кыймылды эмне максатта түздүңүздөр, анан кыймылдын аты “220” деп аталышы эмнени туюндурат?


-Мен жетектеген “Лидерлер мектеби” долбоорунун бүтүрүүчүлөрү азыркы учурда жалпы элди түйшөлткөн маселе менен күрөшүүнү сунушташты. Биз ал үчүн иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында ушул тапта Кыргызстандыктарды энергетика маселеси катуу түйшөлтүп жатканын байкадык, өзгөчө тарифтердин кымбатташы.

Ойлоп көрүңүздөр, өкмөт эмне үчүн калктын калың катмары менен кеңешпей туруп, бааларды өзү каалагандай көтөрөт? Биз ушул маселелер менен күрөшүп, жалпы коомчулука түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер менен кеңешип “220” кыймылын түптөдүк. Кыймылдын атын талкуулап, кеңешип, электр кубаттуулугунун стандарты болгон 220 вольттун негизинде ушундайча атадык.

-Азыр сиздер кол топтоо иштерин баштадыңыздарбы?

-Ооба, кол топтоо башталды. Себеби, азыркы өкмөт “Түндүк Электро” ишканасын 3 млн АКШ долларына сатып жиберди деген маалыматты уктук. Мурдагы өкмөт башчы И. Чудинов болсо бул ишкананы 137 миллион долларга баалаган экен. Жылдык кирешеси 6 млн доллар болгон ишкананы 3 млн долларга эмне үчүн сатып жиберди деген суроо туулат.

Биздин улуу муун мындан да оор мезгилде курган, бүт кыргыз элине тиешелүү ишканалар, азыр эмне үчүн белгисиз бирөөлөрдүн колуна берилиши керек? А “Чакан ГЭС” деп жатышат, ал өзү кандай ишкана? Бириккен Улуттар Уюму өкмөт энергосекторду менчиктештирбеш керек деп абдан туура белгилеген, себеби дегенде бул аракет өлкөнү кедейлике гана алып барат.

-Карапайым калк арасында сиздердин демилгеңиздерди кандай кабылдап жатышат?

-Бизге абдан көп маалыматтар келип жатат, маселен Нарындагы эле нааразылык акциясын алалы. Ошон үчүн биз жалпы коомчулукту ушундай оор кырдаалда биригүүгө чакырабыз. Биз бириккенде гана бир нерсени өзгөртө алабыз, ошондо бийлик эл менен эсептешип калат. Болбосо эртең биз энергосекторду көзөмөлдөн чыгарышыбыз мүмкүн, анан мамлекетти көзөмөлдөн чыгарабыз. Анда биздин өлкөнү чет өлкөлүк оюнчулар гана башкарып, багытызды ошолор аныктап калышы мүмкүн. Бул өтө жаман тенденция.

-Эми сиздер кол топтоп, аны президентке, өкмөткө, парламентке жеткирип гана тим болосуздарбы же кандайдыр бир нааразылык акцияларды уюштуруу планыңарда барбы?

-Биз 14-мартта чоң митинг концертин өткөрүүнү болжоп жатабыз. Бирок буга шаар бийлиги уруксат бербешин билебиз. Ошон үчүн биз 14-март күнү эрте менен сары тасмаларды байлап авто жүрүш уюштурабыз. Ал эми саат 14:00дө болсо форум өткөрүп, концерт уюштурабыз.

-Өзүңүз билесиз, кыргыз өкмөтү, президент баш болуп тарифтерди көтөрүүнү аргасыз кадам деп түшүндүрүп жатышпайбы. Сиз кандай ойлойсуз, жарандык коомдун түрдүүчө нааразылык иш-чаралары, тынымсыз кайрылуулардан натыйжа чыгабы? Президент сиздерди угат деп ишенесизби?

-Азыркы президент жарандык коомду укпай турганын көрсөтпөдүбү. Мен сизге чынын айтып коеюун бизди угаарына көп деле ишенбейм. Бирок мунун баары элдин колунда. Эгерде эл биз уюштурган иш-чараларга жигердүү катышып, укуктарын коргой алышса, демонстрацияга чыгышса албетте укмак, ал кайда бармак эле? Эл өз проблемасын айтууга укугу бар, жарандар өз позициясын ашканада отуруп алып айтпай, башка жарандар менен тилектештик билдирип, биригиши керек. Биз эмнени каалайбыз? Биз энергосекторду мамлекеттин менчигинде калышын, тарифтердин ылдыйлашын каалайбыз. Булар элдин менчиги болушу керек.

-Гүлнара айым, “220” кыймылы алдыдага курултайларга кандай көз караштасыңар? Оппозициянын курултайына катышасыңарбы же бийликтин Ынтымак курултайына катышып ошол жерде элдин үнүн президентке жеткирүү ниетиңер барбы?

-Биз бийлик курултайына Президенттик катчылык аркылуу чакырылдык. Алар президенттин курултайына бей өкмөт уюмдарды да катыштырышты каалап жатышат. Бирок ал курултайда конкреттүү эмне маселе каралат? Ар түрдүү маселе дешет. Анда бирөөлөр айтат, айылдагы мектепке ремонт зарыл деп, дагы бирөөсү айылдын көпүрөсү бузулуп калды дейт.

Мисалы мен ал маселелерди чече албайм, демек мен ал курултайга катышып эмне кылам? Ал эми оппозициянын курултайында конкретүү төрт маселе каралат деп чечим чыкты. Аны элдин баары билет болуш керек. Дал ошол төрт маселе тең мени кызыктырат, түйшөлтөт.

Оппозиция “Элдик курултай” деп атаганы үчүн баарына микрофон жетиштүү болот деп ойлойм. Элдин үнү угулат деп үмүт кылам. Биздин “220” кыймылыбыз ошол курултайда элдин кызыкчылыгын көтөрүп чыгабыз. Себеби биздин негизги максатыбыз энергосекторду мамлекеттин менчигине калтыруу жана тарифтерди арзандатуу.

-Маегиңизге рахмат!
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Жигит каяктан: Ош
01.03.2010 18:59
220 кыймылы "Лидер мектеби" Ошто бийликтин камчысын чабат. а сиздердин мектебиңиздер кайда жайгашкан. Мен 1-2 жолу лидер мектебине катышкам, Текебаев Атамбаевтерди элдин душманындай студенттерге жамандаганын, болбогон жалган фактыга тайанбай сүйлөшкөнүн уккамын. Силер бийлик түзгөн программанын алпаруучусу болуп жүрбөгүлө

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
01.03.2010 18:13
Бир нерсенин башы ачылбай калыптыр,форум депсиңер,форумбу же митингпи? Бакиев уступкага барымыш этип алдап койсо 220 болбой каласыңарбы.
Силердин талапты аткарган болуп,бир аз тыным алган соң тарифти 1с90 тыйынга көтөрүп койбойт деп ким кепил боло алат... Бийлик убагында иш жүзүндө далилдеп койгон муну.Силердин талабыңар саясат жыттанбаган голодный бунтка окшоп калыптыр.Өлкөдө система өзгөрмөйүн эч кандай жакшы нерсе болбой турганы силердин жадиминерден сыртта калган сыяктанат.
Бүгүн улуттун,демократиянын тагдыры жар кырына келип турат.
Жарык жан дүйнөбүздө жанса элиме кара чырак да прожектор болуп бермек.Тилеке каршы улуттук идеалогиянын жоктугунан,патриот деген термин акча болсо бары болот деген түшүнүк менен алмашып калды.Жазып жатпайбы россиядан, Ала Тоону, кыргызстанды
коргойбус деп ачка отурмак белек деп.
Барыбыз эле жыргап кеткен жокпус,кыйналып эле жашап жатабыз,бирок жан дүйнөбүзгө үмүттүн отун өчүргөн жокпус,ордобусту орустун паспортуна алмашкан жокпус.
А силерге каалом бүгүн жанып эртең өчүп калычу электр энергиясы үчүн дүрбөп чыкпай,эк журтуңдун эртеңи үчүн толкугула,ошондо 220 маселеси өзүнөн өзү чечилет.

кимден: немис каяктан: Германия
01.03.2010 17:20
220 кыймылы, азыркы өлкөдөгү оор учурда, бирден бир абадай керектүү кыймыл деп ойлойм. Аракетиңерге кудай 220 вольттой чыңалуу жана бекем күч берсин, азаматсыңар! 220 вольт чыңалууңар стабилдүү болсун! Алга! Алга! Алга!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)