Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Ар ким өзү ишенген курултайга барат

23.02.2010
Ырысбай Абдыраимов

Ынтымак курултайына оппозициянын Жалал-Абад облусундагы өкүлдөрү катышпай турганын билдиришти. Ошол эле учурда облустагы бийлик өкүлдөрү курултайга оппозициянын катышуусун эп көрүүдө. Алардын белгилешинче, курултайг бийлик көрсөткөн адамдар эмес, эл ишенген инсандар шайланды. Оппозициянын коомдук- саясий турмуштан четте турганы туура эмес.

Бийликтин ынтымак курултайы облустагы оппозиция тарабынан сынга кабылууда. “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин сөзү менен айтканда, бийлик учурдагы кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып, өлкөнү башкара албай калганда ынтымак курултайы деген чогулушту ойлоп тапты. Айласы түгөнгөндө, оппозиция , бейөкмөт, коомдук жана чыгармачыл уюмдарды курултайга катышууга чакырык таштады. Курултайдан жыйынтык чыгаары күмөн, анткени, анын программасы түшүнүксүз. Ынтымак чогулушунун артында кандайдыр бир сырдуу максат турушу да мүмкүн. Ага бир тараптуу, кезегинде оппозициянын иш- аракеттерине каршы чыккан, бийликтин сөзүн сүйлөп, анын көрсөтмөсү менен жүргөн адамдар шайланууда. Ошондуктан партия ынтымак курултайына өз өкүлдөрүн жиберүүдөн баш тартты, - деп айтты Асылбек Текебаев:

-Бул Бакиевдин бийлигин бекемдөө максатында атайын уюшулган курултай, оппозициядагы катышууга чакырабыз деген түштөн кийинки алардын кыйкырыктары бул жөн гана элди алдоо үчүн, биз чакырсак келбей калды деп гана айтат. 750 адамдан 20 оппозиция өкүлү бара турган болсо, алар ал жерде эмне кылышат. Баары бир ар кандай маселелерди көпчүлүк добуш менен өзүлөрү кабыл алышат дагы, мына оппозиция да отурду, катышты деп элдин көзүн бурамолоого, өзүлөрү үчүн гана пайдалуу жагын ойлоп атат. Ал жерге барып жөн гана көрүүчү болуп катышып отурууну оппозициянын лидерлери жана мүчөлөрү каалабайт.

Оппозиция өкүлүнүн бул пикирине Ноокен районундагы ишкер Абдыкаар Жамалов кошулган жок. Ынтымак курултайына талапкер болгон жарандын көз карашында, оппозиция мүчөлөрү да Кыргызстандын жарандары, демек алар өлкөдө күтүлүп жаткан коомдук турмушка кайдигер карабоосу абзел. Өлкө өнүгүүсүнө өз үлүшүн кошуп, ынтымак курултайына баруу менен анда өз ой- пикирлерин ортого салганы ийги. Саясаты туура болгону үчүн элет калкы бийликти колдоодо. Ынтымак курултайына болсо, бийлик дайындаган адамдар эмес, элдик курултайларда көпчүлүктүн добушун алып, эл ишенимине арзыган адамдар тандалууда:

-Бардык шайлоодо элдер өзүлөрү каалаган инсанын гана шайлашты. Бийлик эл үчүн кызмат кылып атат. Ошон үчүн бийликке эл ишенет. Бийликтин азыркы алып бараткан саясаты эң туура деп эсептейм. Курултайга оппозициядан дагы барса болот, биз барсак биздин чечим өтпөй калат дегени туура эмес. Оппозиция болгону менен кыргыз элинин атуулу болуп эсептелет.

Ынтымак курултайын уюштуруу менен бийликти чыңдоо аракеттери жасалууда. Жалал-Абад шаарынын тургуну Анара элдин бийликке болгон нааразылыгын да кошумчалады. Ал бийлик жыйынында оппозициянын ою эске алынбайт деген божомолу менен БЭК 17- мартта өткөрө турган элдик курултайды кубаттаарын билдирди:

-Бийликтин Ынымак курултайы элден ажырап бараткан бийлигин сактап калуунун айла-амалынын акыркы жолу деп ойлойм мен. Оппозициянын бийликтин курултайына катышуусунун зарылчылыгы деле жок. Бул Ынтымак курултайына жалаң бийликтин ырын ырдаган, сөзүн сүйлөгөн адамдар делегат болуш шайланышат. Ал эми оппозиция элдин көйгөйлөрүн ачык айтышат. Бийликтин курултайынын убагында оппозицияга кенен кесир сөз берерине мен ишенбейм.

Бийликтин иши менен сөзү дал келбей калганын Сузак районунан Көчкөнбай кызы Үрүдөн уктук. Үрү эне бийликтин жаңылануу, кайра куруу , курулай деген сөздөрү элди сооротуу, куру убада экендигин белгиледи:

-Курултай деп атын атап койгону менен өзгөрбөйт. Бул кезектеги эле элди соороткон реформа деген сөз болуп калды. Реформа деген сөздө мазмуну өзгөрүш керек. Формасын өзгөрткөн менен эч нерсе өзгөрбөйт. Мыйзамсыздык өкүм сүргөн, убакыт өткөрүү эле болот. Элдин шору да.

Жалал- Абад шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Бакыт Адыловдун пикиринде калыстыктан тайбай, коомдогу бардык топторду кеңешке чакырган бийликтин демилгесин да сыйлоо керек деп эсептейт:

-Бийлик демилге көтөрүп, ийри отуруп түз кеңешели деп чакыргандан кийин оппозиция өкүлдөрү барып өз оюн айтып, саясий айдыңында ынтымакка келишип, өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө түздөн-түз кеңешип алса жакшы болмок. Биздин оппозиция радикалдуу эмес, конструктивдүү оппозиция болгондон кийин чакырган жерден калбай барып, ошол жерден эркин пайдаланып, түз кеңешип алса жакшы болмок.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Alybai каяктан: Ordo
24.02.2010 13:31
Кыргызстанда оппозиция деб өзүн жариялагандар чынында андай эмес, булар "Капа болгондордун" катарына гана кирет, анткени бардыгы кызматка жетбей калгандар, ошондуктан булар бийликтин сунушуна "Сатылыб" кете беришет (мисал:- А.Атамбаев, М.Эшимканов, А.Бекназаров).
Чыныгы оппозиция Кыргызстанда (тилеке каршы) азырынча жок, ошондуктан бийлик көзөмөлсүз калды, өз билгенин кылыб жатат.
Мен бийлике да, "оппозицияга" да ишенбейм, ошондуктан булардын "курултайларына" барбаймын.

кимден: Гүлжигит каяктан: Москва
23.02.2010 23:36
Асылбек, бул жерде, менимче ,текеберленип кетипсиңер,анткени ,мындай ыңгайлуу шарттын мындан кийин болушу кыйын,20 эмес 2 оппозизиционер болсо да барып,катышып,күн тартибине зарыл маселелерди киргизүүгө, андан кийин жарыш сөзгө чыгып проблемаларды БАКСтын көзүнчө ачык айтып калууга болуп көрбөгөндөй шарт болмок экен.Эгерде силерди укпаса курултайды таштап чыгып келе бериш керек эле.Ошол замат массалык маалымат каражаттарына курултайдын өтүшү, каралып жаткан маселелердин актуалдуулугу боюнча оперативдүү маалымат берсеңер туура болмок.

кимден: Дүйшөн каяктан: Аксы
23.02.2010 18:17
Бул бийлик болбой калды, өзгөртүш керек

кимден: Нострадамус каяктан: Келечек
23.02.2010 17:11
Элдик генералды каматып,анан курултай уюштургусу келген бийлике даңк-дегеним,бул нерсенин арты өтө жаман нерселер менен бүтөт. Элдик генерал келсе-Кыргыз эли жыргалчылыкта жашайт.

кимден: Мирлан каяктан: Жалалабад
23.02.2010 16:46
Мен Бакиевтин жердеши катары айтам Жалалабад азыр Бакиевди колдобойт. Кичи мекни Сузак дагы колдобойт, бул чындык
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)