Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

К. Ташиевдин жердештеринин айбаты


Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндө Бишкек-Ош жолуна каршылык акциясына чыккандар өкмөт башчы Д. Үсөновду кызматтан кетирүүнү, экс- министр К. Ташиевди кызматка коюу жана аны каралоону токтотууну талап кылышты.

Кан жолдогу каршылык акциясы

Экс-министр Камчыбек Ташиевдин жактоочулары 12-декабрда Ош-Бишкек жолунун боюна жыйналып, “Данияр Үсөнов кызматтан кетсин!", "Данияр Үсөнов кетпесе, эл кетпейт!” жана “ Камчыбек, элиң сени менен!” деген кызыл тасмаларды кармап турушту.

Акцияга чогулгандар өкмөт башчыны катуу сынга алышты. Жыйынга 21 айылдан турган Барпы айыл өкмөтүнүн гана жашоочулары эмес, ага кошуна турган Ырыс жана Атабеков айыл өкмөттөрүнүн тургундары да катышты.

Чогулгандар Президенттин атына кабыл алган кайрылуусунда Камчыбек Ташиевдин ак кызмат өтөгөнүн белгилеп, аны куугунтуктоону токтотууну талап кылышты. Кайрылууну президенттик администрацияга жеткирүү үчүн аны райондун башчысы Тажимамат Шаболотовго тапшырышты.

- Акыркы учурда Камчыбек Ташиевди маалымат каражаттары тарабынан жаманатты кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан каралоо токтотулсун! Экинчи, Данияр Үсөновдун кызмат ишин карап, аны кызматтан кетириңиз жана Ташиев Камчыбектин кайра кызмат ордуна коюлуусун суранабыз! Барпы элинин чогулушунун атынан....Эгерде К. Ташиев куугунтуктала турган болсо, билип койгула мен кечээ облакимиятка барганда айткам, бүгүн да айтам, Аксы трагедиясынан да катуурак трагедия болуп кетүүсү мүмкүн ! Этият болгула!,- деп сүйлөдү К. Ташиевдин айылдашы Камбар Тургунбаев.

Карыянын мындай пикирине эл алдында сүйлөгөн Сузак районунун акими Тажимамат Шаболотов макул болгон жок. Ал элди кызуу кандуулукка алдырбай, маселеге сабырдуулук менен мамиле кылууга чакырды:

-Маселе анда эмес, Камбар аба! Антип айтпаңыз! “Аны иштен кет” деп президент да, премьер-министр да айткан эмес. Премьердин оозунан чыккан жок, “ иштен кет!” деген сөз. Өз каалоосу менен арыз жазып, өзү кетип атат. Ошо арызынын негизинде болуп атат. Талаша турган эч нерсе жок.Бүткүл дүйнө карап турат, Сузак элине, президенттин жеринде эмне болуп атыптыр деп...

Камчыбек Ташиев: "Эгерде уурдап алсак, жооп берүүгө даярбыз"

Эрте менен саат ондо чогулган адамдар борошолоп урган кар алдында Ош-Бишкек жолунун боюнан түш жарымга дейре кетпей турушту. К.Ташиевдин Барпы элине жиберген кайрылуусун Арзымат Айдаралиев окуп бергенден кийин гана топтолгон адамдар таркап кетишти. Экс-министр өз катында жердештерин эч кандай акция өткөрбөөгө чакырыптыр.

"Урматтуу эл-журт менин жумуштан кеткендигиме байланыштуу эч кандай каршылык акцияларды өткөрбөөнү суранам. Себеби мен ээлеген кызмат менин менчигим эмес, мамлекеттики. Өлкө башчысы менен бирге иштеше албасымды билдим. Министрликтин кызматкерлери ар тараптан келген гумжардамдардан 5 млн. сом салык өкмөткө төлөп коюшкан. Бирок мыйзам боюнча аны төлөбөш керек экен. Төлөгөн салыкты алып кайра губернатордун эсебине которуп коюшту. Эгерде уурдап алсак, зыян келтирсек, же туура эмес чечим кабыл алсак, анда мыйзам алдында министрликтин кызматкерлери жана мен жооп берүүгө даярбыз",-деп айтылат экс-министрдин жердештерине жиберген кайрылуу катта.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Муканбет Алиев өкмөт башчы министрлерден каражаттын кайда иштетилгенин суроого акылуу экендигин билдирди. Премьер-министр Д. Үсөновду кызматтан кетирүү талабын жактабай, андай талаптар адатка айланып калуусу мүмкүн экендигин эскертти:

-Үч жыл мурда оппозиция турганда өнүгүү болгон жок. Жетекчиликтен кетсе эле, кырогыз элин бири – бирине кайраштыра бербей, бири-бирине арка-жөлөк болсок, өнүгөбүз. Отставка деп эле кетире берсек, премьердин отставкасын талап кылуу туура эмес! Бүгүн аны, эртең дагы бирөөнү кет дей берсек, анда ким иштейт деги! Бизге азыр пикет, акция керек эмес. Оппозициянын акцияларынан кийин көрдүңөрбү, кандай тынч турмуш, өнүгүү болуп атат....
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG