Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:34

Эл үнү

Ошто ЕККУ полициясын киргизүүгө каршылык күчөдү

Ош шаарынын борбордук аянтында үч жүзгө чукул адам чогулуп, ЕККУнун куралсыз полиция тобун түштүккө таптакыр жолотпоону бийликтен талап кылышты. Алар бул өтүнүч токтоосуз аткарылбаса, президент менен Өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташаарын эскертишти.

Текст көлөмү - +
Буга улай серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө.

Нааразылык акциясын уюштурган «Прогрессивдүү күчтөр альянсы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Алымбек Капаров жердештеринин талабын мындайча ачыктады:
 
- ЕККУнун полициясынын пайдасынан зыяны көп. Ошон үчүн президент Роза Отунбаевадан суранып, атүгүл элдин атынан ал кишиден катуу талап кылаар элек. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция күчтөрүн бизге киргизбесин! Кыргыз жерин бөтөн адамдардын бутуна тебелетпесин! Кыргыз журтчулугун башка калктарга башкартпасын!

Акциянын катышуучулары бул өтүнүчтөрү токтоосуз аткарылбаса, президент менен өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз акцияларды башташарын эскертишти. Ошондой эле алар бүгүнтөн баштап ЕККУнун куралсыз полициясынын түштүккө киргизилишине каршы элден да кол чогултуп жатышкандыгын ачыкташты.

Буга дейре Оштун мэри Мелисбек Мырзакматов жана шаардык Кеңештин депутаттары ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө жолотпой тургандыгын билдиришкен. Бирок Ош облустук бийлиги азырынча бул боюнча пикирин айта элек.

Митингдин жүрүшүнө абай салган «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров акциянын айрым катышуучуларын улутчулдугу үчүн айыптап, ЕККУнун куралсыз полиция тобун киргизмейинче, өлкөдө тынччылык орнобой тургандыгын айкындады:

- Бизде мыйзам жок. Жалаң анархия үстөмдүк кылууда. Мындайча айтканда, ар ким билген намазын окуп атат. Кыргыздар өзбектерди күнөөлөп, а тескерисинче, өзбектер кыргыздарды айыптап, мамлекетте тынччылык болбой жатат. Менимче, Ош окуясынын чыныгы уюштуруучуларын таап, токтоосуз жазалоо зарыл. Кыргызстанда ошондой миссияны аткара турган азыр эч ким жок. Бишкектин күчү көп нерсеге жетпей калды. Оштогу жергиликтүү бийлик өз билгенин кылып атат. Андыктан, жумуриятыбызга ЕККУнун полиция күчтөрү кирип, мониторинг жүргүзүп, анан калыс корутунду чыгаруусу абзел. Анан ал бүтүмдү элге жайылтууга тийиш. Ошентип, өлкөдө акыйкатуулукту камсыз кылган орган калбагандан кийин эми алардын милдетин ЕККУ аркалоосу кажет.

Буга улай оштук серепчилер тышкы күчтөр киргизилген маалда жергиликтүү жарандар дүйнөлүк уюмга каршылык көрсөтүп, тараптар өз ара кагылышып, акыры чоң чырга айланышы ыктымалдыгын белгилешүүдө
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: алыкул каяктан: россия
14.08.2010 19:43
екку га каршылардын баарына кошулам!!!!!!!!!! жана колдойбуз!!!

кимден: М.Б каяктан: К.Р
13.08.2010 05:17
Рожа еже президент болом деп болуп алып еми баш катып жатабы? Муногу Азимбек Бекназаров деген адам бийликте емне кылып журот,бир да корунуктуу иш кылган жок. Ошол адам аныкташ керек еле, азыр болсо куйругун туйду да депутат болууга аттанып журот.7 апрелде менмим лидер дегендер кана ,ошолор К.Р стабилдештирбейби.кыларын кылып еми жок .ошолордун баары азыр депутат болом деп аттанып атыша.булар биргана озун ойлогондор турбайбы корсо.К.Р сы бул бийлик менен онукпойт оюмча. Екку'нун бизге эмне кереги бар.озубуздун бийилик жетишет жакшы иштесе.

кимден: Кыргыздар каяктан: USA
12.08.2010 15:58
Мындан мурдарак орустардын дисантниктер кирет деп айтып чыкты эле,орустар кыргызга жек корунуп алгандан тушунуп.Коркуп айбыканынан келбей калды,анткени кыргыздар менен тамашалабайш керегин терисин менен тушунду окшойт.Анын устуно болгон жана болуп аткан окуяларды карап сезгенди деп ойлойм.Анан дагы орус СМИлери оздорунун бизге болгон жек корулорун жашырышкан жок, бул алардын бизге болгон мамилеси десе болот.
Эми ЭККУнун полиция кирет мариторинг жасап баа берет деп атат тех.окмот.Биринчиден бааны кыргызстандыктар кыргыз эли бергени бул туура деп ойлойм.Анан башка эл аралык уйумдар береберсин,аныстеле коп теген эл аралык аркандай уйумдар иштеп атпайбы,аларга эчким жолто корсоткон жок.Бут проблема палицияда болуп атат ,орустардын десантниктериндей болуп жаман корунуп баратат.Алибете ЕККУнун СМИлери кыргыздарды жаман корсоткон жок жана бизге болгон мамилеси орустарга салыштырмалуу абдан жакшы.А бирок эчнерсе далилденекте айрым эл аралык уйумдар бир тараптуу айыптолорду айтып жибербедиби.Мына орустар кандай огойлугун жамандыгын корсотсо буларда ошол эле жол менен бараткандай болуп атат.Тех.окмот элдин макулдугуна каршы иш жасап атаканы жакшылыка алып келбейт .Такыр эл менен эсептешпесе тушунбосо эл кетирери тушунуктуу.А бирок эл аралык уйумдар тушунуш керекда?" артык кылам деп, тыртык кылды" болуп калбасын.Ферганада оронундо орт чыкса ким жооп берет?Анын ордуна орус СМИлерин жанжалга отко май куйуп атканын, кыргызды ачык жамандап аткандарын озбектерди кайраштырып аткан учун изилдоо кылса ошолорду айыптабайбы? Орустар бир тараптуу жамандап атса,булар да бир тараптуу "олгондун устуно комгон" болуп бизди басынта береби? Жоооок! Оштогу окуяга орустардын туздон туз тиешеси бар деп айтып атышат,ошого далилдегени жардам берсин! Эгер ушу шектер чын чыкса анда баардыгы башкача болмок! Азыр ЕККУнун палициясына кирусуно каршыбыз!

кимден: Нарынбек каяктан: Нарын
12.08.2010 15:17
Ассаляму алейкум урматтуу калкым, Роза Исаковна!!!Мен Нарындан, пикирим: Роза эже биз дагы полициялардын киргизилишине такыр каршыбыз, сиз биздин жарандардын укугуна толук кепилдик бере албай жатып, эми ЕККУнун куралсыз адамдарына кантип кепилдик бересиз?Эже биз Сизди сыйлайбыз аны озунуз жакшы билчусуз, барган сайын билбей баратабыз. Себеби, сиздин акыркы кылып жаткан саясий кадамдарыныз ото бир кооптонууну туудуруп, керек болсо чыр-чатак уланып кетуу менен дуйнолук 3 согушка себеп болуп кетпейт деген коркунучка канчалык денгээлде кепилдик бере аласыз? Эже Аксай-Арпаны кайра баштагандыныз элибизди нааразы кылып жатат, бул маселени чечпесениз кейиштуу болуусу талашчыз!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.08.2010 13:37
Кагылайын кыргыз калкым, качантан бери бул ЕККУнун полициячыларынын киришине каршы болуп жатабыз. Ал эми Отунбаева башында турган эки баштуу бийлигибиз, эл эмне деп чыркырап жатат деп, тоотуп да койбой оз билгенин кылып жатышат. Баякы "Ит уро берет, кербен кете берет кылып жатат". Алигиче коогаланды уюшттурган, айыптуу адамдар бири да жоопко тартыла элек. Ушундай кетиште жоопко тартылбайт дагы. Эгерде бул айыптуу адамдар кармалып, суракка алынса, кандайдыр бир купуя сыр ачылып кала тургандай. Ошон учун атайын эле кармалбай жургондой. Эгерде, коогаланды уюштурган адамдар жоопко тартылбаса, ЕККУнун полициячыларынын кируусу боюнча эл менен эсептешпесе, Отунбаева башында турган эки баштуу бийлик кетсин. Ансыз да элди жудотуп буттунор

кимден: Аликбек каяктан: Бишкек
12.08.2010 13:36
Роза апчебиз Акаевтин кадрларын топтоду айланасына. Бакиевтин кадрларын болсо акырындап дагы жакындадып атат. Эми ЕККУ нун полициясын кийирсе болду 3 революция тез эле бышып калгыдай. Эже сиздин потенциалыныз ушунчалык эле экен. Сиздин топ революцияны озунор учун эле жасаган экенсинер.

кимден: KG каяктан: Бишкек
12.08.2010 12:23
Ош окуясына кунолуу ар бир Оштук Кыргызга да Озбеке да белгилуу - Булар Кадыржан Батыров , Иномжанга окшогон озбек байлары жана биздин жаны бийликтеги алар менен соодалашып добушун алуу учун аркеттерди коргон намыссыз , манкурт , саясатчылар ! Анан да ошол убакытты пайдаланып кеткен Бакиевчилер жана крим чойро . Акыркылардын куноосу бирнчилерге салыштырмалуу алда канча азыраак . Ушул убака чейин бир да жаны окумот мучосу Батыров кунолуу же Иномжан кунолуу деп ооздоруна кум толтуруп алгансып унчугуша алган жок . Кыргшызда " Ооруну жашырса олум ашкере дейт " - болгонун болгондой айтып , ага ондогон , жуздогон коммисия тузбой эле бийликте тургандар ачыгын так айтса алда канча жакшы болоор эле!!!
Жогорудагы мен айтып откон маалымат ар бир Кыргызга жана ар бир Озбеке аттын кашкасындай эле белгилуу , болгону Ошону айтканга Эрктуу башчыларыбыз жоктугу окундурот. Дагы жаап жашырып журуп эки элдин ортосундагы кекти камырдай ачытып , кайра бир кун жарылышына шарт тузушот!!! Урматтуу Азаттык пикиримди жарыялап коюунарды отуном!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.08.2010 12:09
жолотпогула! мен силерди ар дайым колдойм!

кимден: BD каяктан: Бишкектик
12.08.2010 11:28
Бишкектик KGнин пикирине мен тоолугу менен кошулам,дагы кошумчалай кетсем откон санда бир статиянар басылбады беле АКШдан 30-миллион адам жер которуга муктаж деп,ВОТ менин айтайын дегеним ошол 30-миллиондоу тоолук Кыргызстанга кочуруп алсак саныбыз кобойуп,баарыбыз Англизче суйлоп Америкадай жашап ЖЫРГАП куунап жашап жатып калат элек.Ошондо буткул дуйно жузуно ЭКИНЧИ ирет далилдемекпиз АМЕРИКАНЫ Кыргыз эли ачканын.!!!?.

кимден: Гуланда каяктан: б
12.08.2010 10:42
Ай-ий! Эмне,пикетке чыгуу биз учун мода болуп калды го.Мени жумуштан айдаса, пикетке чыкпайлыбы?
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу