Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:33

Эркиндик

Нарында нааразылык митинги

Нарын шаарында болгон нааразылык митингисине бүгүн үч жарым миңдей адам чогулду. ИИМ чогулган элдин саны миңдин айланасында болду деп маалымат таратты. Митингдин катышуучулары экономикалык талаптарга кошуп, президент менен премьер-министр кызматтан кетсин деген саясий талаптарды да көтөрүштү.

Текст көлөмү - +
17-мартта Нарын шаарынын борбордук аянтына саат он жарымда эл чогула баштады. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мында келгендерге митинг өткөрүүгө мыйзамдуу уруксат жок экенин  эскертип киришти. Ал аңгыча шаардын мэри Алмаз Кулматов келип, борбордук аянтта унаа жүрүүгө тоскоолдук чыкканын, митинг мыйзамсыз болуп жатканын билдирип, чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү.
 
Бирок эл тарабай,  айрым байкоочулардын баамында, саат он бирге карата жыйналган адам саны бир миңден ашып, борбордук аянттын жолу жабылып калды. Ушул маалда губернатор Алмазбек Акматалиев келип, жыйынды облустук театрга өткөрүү сунушун айтып, өзү театр тарапка жол баштады. Бирок чогулгандар губернатордун артынан ээрчиген жок.

Байкоочулар 20 мүнөт аралыгында чогулган элдин саны эки миңге жакындагандыгын белгилешти. Ушул учурда олбурлуу адам менен ардагер апанын ортосунда кайым айтышуу келип чыгып, эл толкуну пайда болуп басылды.

Көп өтпөй элдин толкуну чыгыш тарапка удургуп, милициялар айылдардан келгендерди киргизпей жатат дешип дүрбөп кыйкырып жөнөштү. Ал тарапта милициянын атайын даярдыктагы отряды тизилип турган экен. Толкуган элдин бөлүгү кайрадан аянтка топтолушуп, электр наркын арзандатуу жөнүндө талаптарын айта башташты.

Саат 11:40 чамасында аянтка үн күчөтүүчү шаймандар орнотулуп, митинг башталды. Губернатор Алмазбек Акматалиев эл алдына чыгып, өкмөт башчысы менен болгон жолугушуунун жыйынтыктарын билдирип, бүгүнкү митинг мыйзамсыздыгын, аны сот аныктагандыгын айтты.

Бирок чогулгандар ызы-чуу түшүп губернатордун сүйлөгөндүгүнө тоскоолдук жаратты. Андан соң эл арасынан каалоочу адамдар чыгып сүйлөй башташты. Чыгып сүйлөгөндөр электр баасын мурдагы калыбына келтирилсин, Жетим тоосун кытайлыктарга сатылбасын, Ак-Сай, Арпа ижарага берилбесин ж.б. талаптарды коюшуп, булар аткарылмайынча каршылык акциялары токтобой тургандыгын билдиришти.

Кеп арасында саясый да талаптар айтылып, президентке да,  премьерге да ишенич жок калгандыктан, алар кызматынан кетсин деген үндөр жаңырды.

Саат 12:30 га карата, бир катар серепчилердин баамында, аянтта чогулган эл үч жарым миңдин айланасында болду. Митингге байкоо салып турган милиция кызматкеринин талдоосунда эки саат аралыгында келип-кеткендерди кошкондо жыйналган адамдын саны алты миңге жакындады. Ошол эле учурда бир катар бийлик адамдары жыйналган эл бир жарым миң киши болду деп маалымат беришти.





Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: kyzart каяктан: abu dabi
29.03.2010 20:56
jaraisinar jerdeshterim men da siler menen!

кимден: Тенирберди каяктан: Нарын
18.03.2010 11:45
Эмне эле бийлик мынча элдин чыңалуусун күчөтүүдө. Кыргыздын, айрыкча тоолук элдин кыжыры акыры канжыгага баш байлоо менен бүткөнүн эмнеге бийлик этибарга албайт. Президент иштесе иштегендей иштеп, иштебесе элдин канын кайнатпай чын эле кетпейби.

кимден: патриот каяктан: кыргызстандан
17.03.2010 21:00
Нарындыктар азаматсыңар,кайратыңардан тайбагыла,таламыңарды
ишке ашыргыла,артка кайтпагыла.Ал эми кошоматчыларга жана
сатылгандарга айтар элем кандай кана бийлик болбосун Бакиевдердикинен жаман болбойт...

кимден: Nurlan каяктан: bishkek
17.03.2010 20:47
"KYRGYZ" ATTUU JIGIT EN TUURA AITYPTYR MEN KUBANAM KYRGYZDA USHUNDAY JIGITER BAR EKENINE AZ DA BOLSO OILONO BILGEN KELECHEKTIN CHON UMUTU SENDEY JIGITTERDIN KOLUNDA

кимден: Улан каяктан: Россия
17.03.2010 20:43
Азаматсынар Кыргыз элим, тазалаш керек.

кимден: Чынара каяктан: Нарын
17.03.2010 20:04
Бүгүн Нарында өткөн митингден кооптонгон жергиликтүү бийлик көлдөн да милицияларды алып келди чиркин. Алардын бири Нарындыктар жоош десе силер катуу экенсиңер деп тан калат. Ооба жооштон жоон чыгат деп бекер жеринен айтылган эмес да . Биз нарындыктар кудай деген, нарктуу, салттуу, оңой менен эл, журт башына сөз тийгизбеген теңирге жакын элбиз. Демек биздин толкуганыбыз сел болгону. Биз муну менен Кыргызстанды бүт ээрчитип кете алабыз. Биз жыргаганыбыздан чыгып жатыптырбызбы же Сопу-Коргондуктар жыргаганынан тоо башылап кар кечип жөө жүрүш жасап, ушул суукта Гүлчө дарыясын кубалашмай ойноп кечишиптирби жыланайлак. Мунун өзү эле артка жол жок дегенди билдирет да...

кимден: Токо каяктан: Нарын
17.03.2010 19:55
Kyrghyz менен Коля досум силерге катуу айтсам кечиргиле бирок чапкан сайын көз чыкпайт келечек үчүн биз күйбөсөк топоздун этин андыган сендейлер күймөк беле Нарындыктар топоздун этин тойдо жейт ушундай кырдаалда кекиртектен суу өтпөй турганда топоздун эти сага буйурсун!!

кимден: Чынара каяктан: Нарын
17.03.2010 19:50
Негизи Аскар акенин бийлиги кетеер алдында Осмонакун Ибраимов кайра кайра теледен чыгып актана баштаган. Азыр анын кейпин Данияр Үсөнов кийип атат байкасаңар туугандар. Бийлик элдин үнүн талабын теле,радиолордон ачык бербей элди өздөрү козутуп күчөтүп атат. "Азаттыкка" тийишкенде эле бир нерсе болчу эле, жылаандын куйругун баспай көзүн ачса бомок бийлик. 2005-жылы К.Бакиев өзү баш болуп элди көтөргөндө, элге ачык так маалымат жетпей сөз эркиндигине куугунтуктар болуп жатканы, анын талаптарынын бири экендигин унутуп койгонуна тан бересиң.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: БИШКЕК
17.03.2010 19:31
ЖАРАЙСЫНАР НАРЫНДЫКТАР !!!

кимден: Kyrghyz
17.03.2010 18:58
Эмне Бакиевди кетиргенден кийин кайра кыйраткан президент келет деп ойлойсунарбы.Ошол эле президенет ошол эле система болот,кайрадан башка тазалоо башталат ким келбесин экинчи планда турат
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)