Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:33

Эркиндик

Темир Сариев: Бизди кармоого жогору жактан буйрук болгон

Ынтымак курултайынын делегаттары менен жолугушуп, аларды өздөрүнүн талаптарын тапшыруу үчүн улуттук филармониянын алдына чыккан “Ак шумкар” партиясынын жыйырмадай өкүлүн милиция кармап барып, 16 адамды соттоп, миң сомдон - эки миң сомдон акчалай айыпка жыкты. .

Темир Сариевди милиция кызматкерлерине кайрылып сүйлөп жатат
Текст көлөмү - +
Окуянын чоо жайын "Азаттыкка" “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев өзү айтып берди.

-Эрте мененки окуя тууралуу айтып берсеңиз, сиздин тарапкерлериңизге милиция тараптан күч колдонуу болгону айтылууда?


-Эрте менен биз саат сегизден он-он беш мүнөт өткөндө “Океан” магазинин жанына чогула баштадык. Аркы жакта граждандык кийимчендер, милиция өкүлдөрү топтолуп турушту. Анан эле райондук прокурор келип, үстүндө Сариев деген жазуусу бар кагаз карматты. Мурун компьютерде атайын даярдалган номуру да, бүгүнкү күндүн датасы да жок баракча экен.

Мен айттым, "муну кантип алам, датасы жок же номуру жок болсо" деп. Ошондон эки-үч мүнөт өтпөй эле "баарыңар тизилгиле!" деген команда болуп, кармап эле машиналарга тыгып башташты. Мен ойлойм, милиция кызматкерлерине жогору жактан саясий буйрук болгон. Алардын оюнда саат тогуздарда президент келгенге чейин анын көзүнө көргөзбөй чыгарып кетиш керек болчу. Экинчиден, алар элдин көбөйүп кетишинен коркушту. Милиция кызматкерлеринин бүгүнкү жасаган ишинин баары мыйзамга каршы келет.

-Темир мырза, азыр Биринчи май райондук соту сиздердин таламдаштарыңыздарга акчалай айып салган чечим чыгарып жатат. Мындай чечимге сиз кандай көз караштасыз?

-Биринчиден, бардык административдик иштер көчүрмөдөн өткөрүлүп, бирдей нукта жазылган. Экинчиден, бардыгына тең стандарттуу түрдө айып коюп атышат. Ал адамдар эмне кылмыш кылды, эмне чакырык салды же милицияга тоскоолдук кылдыбы? Анын баары үстүрт эле каралды. Ленин райондук сотунун чечимине таянып мыйзам бузду деп жатышат. Соттун чечиминде Темир Сариевге эртең мененки саат тогуздан кечке чейин акция же митинг өткөрүүгө тыюу салган. Бирок саат тогузга чейин деп жазылган эмес. Биз өз укугубуздан колдонуп саат тогузга чейин өткөрдүк иш-чарабызды. 

-Сиздерди милиция күч менен ички иштер бөлүмүнө алып келгени тууралуу бүгүнкү курултайда президентке айтышыптыр. Президент Курманбек Бакиев буга жооп катат деп ойлойсузбу?

-Эң өкүнүчтүүсү, президент өзү Ынтымак курултайы деп чакырып алып, аны чаң-тополоң менен баштап жатат. Бул бир. Экинчиден, ал ошол жерде отуруп алып “беш жыл мурун мен элдин мүдөөсү менен келгенмин” дейт. Анда бүгүн биз эмне - койбузбу? Же асмандан түштүкпү? Элдин мүдөөсү менен келсе биздин да оюбузду угушу керек да. Мына, бүгүн ага кызмат кылабыз деп укук коргоо органдары шылдың болду, шерменде болду! Биздин үнүбүздү бууйбуз деп атышып, кайра элге абдан сонун жеткирип беришти. Азыр коомчулук Ынтымак курултайын эмес, бизди кантип кармап кетишкенин талкуулап жатат. 

-Эмки кадамдарыңыз кандай болот?

-Аягына чейин күрөшөбүз. Өз максатыбыздан кайтпайбыз. Элдик курултайдын чечимдери, андан сырткары өзүбүздүн беш талабыбыз аткарылмайынча ишибизди уланта беребиз.

-Маегиңизге рахмат!



Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Makar каяктан: earth
12.04.2010 19:09
учурунда 100 мин долларды декларациясыз алып бара жаткан жеринен кармалганы чынбы же калппы?

кимден: Акбар каяктан: РФ
26.03.2010 10:33
Темир Аргенбаевич! Сиздин кадамдарыңыз эң туура! Сизди биз да мекенибизден алыс жүрсөк да колдойбуз!!! Сиз жөнүндө россиянын белчемдүү,авторитеттүү саясатчылары жакшы ойдо.Сиз жалгыз эмессиз,сизди эл колдойт.Мени өкүндүргөнү Бийликтин таптакыр эле сиздер менен бир диалогко келбегени!!! Баарыңыздар кыргыздын мыкты уул-кыздарысыздар,бийликтин өгөйлүк кылганы өкүндүрөт!!!

кимден: Уят каяктан: Сокулук
25.03.2010 23:19
Урматтуу окурман, баягы Кумондор айткандай булардын бетинен БАТИНКА тиксен жизнь жыртылбайт, 1.Балыкчыдагы балдарды ак жеринен соттошту, Колдон жаны жаш чыгып келе жаткан, Кыргыз эли учун куйгон депутат Кубанычбек Кадыровдун устунон кылмыш ишин ак жеринен козгошту. 2.Петровкадагы чатак боюнча 1 жылга жакын эч куноосуз Булекбаев, Аргымбаев ж.б. камакта отурушат, Исаковду ак жеринен 8 жылга кесишти, Жекшенкуловду 5 жылга кесип тынышты эми кезек Т.Сариевке жеттиби, бирок баары Бакиевдер айткандай болбойт, булардын жашоосу аз эле калды, кичине чыдап туралы, бирок биз куто албайбыз, Темикени биз колдойбуз.

кимден: Прокурор каяктан: Каракол
25.03.2010 23:11
Э.Сатыбалдиев биздин жердешибиз КР ЖК депутаты Кубанычбек Кадыровдун устунон ак жеринен кылмыш ишин козгошту эле, аны камап жетише албай калышты. Эми жаны прокурор Н.Турсункулов уялбай Кыргыз эли учун куйгон Т.Сариевке иш козгогону жатышабы.

кимден: Патриот каяктан: Сокулук
25.03.2010 23:07
А.Жекшенкулов, И.Исаков, К.Кадыров жана жердешибиз Т.Сариевти биз колдойбуз, булар Кыргыз Элинин умуту, келечеги алардан К.М.Ж.Бакиевдер колунарды тарткыла кеч боло электе, аз да болсо убакыт бар.

кимден: Эр жигит каяктан: Балыкчы
25.03.2010 23:03
Темир ага!!! Балыкчыга караганда Сокулук Ак-уйго жакын эле го, Сокулукту которуп Бакиевдердин сазайын берсениз жакшы болот эле, Колдо болсо бизди дайыма колдоп, которуп кете турган жалгыз эле Кубанычбек Кадыров эле, аны болсо бети жок уй-було куугунтуктап жатат озунунз коруп билип турасыз, Сизге дагы умутубуз чон, буюруса Кубанычбек келип калса бир муштум болуп буларды Кыргызстандан кууп чыксаныз жакшы болот эле.

кимден: Акуй каяктан: Бишкек
25.03.2010 22:57
Сариевке тушунбой турабыз, биздин билишибизче бул мурун Акаевдардын "Алга Кыргызстан" партиясынын депутат болбодубу беле, анан эле Акаычтар кеткенде эле оппозиция боло калды го, азыр тушунбой калдык.

кимден: Secret Man каяктан: Turkiya
25.03.2010 19:41
jana KRnyn eski prezidenti A.Akaev menen bolgon maektin video tasmasyn kodum ele .Akaev aityp jatat azyrky uchurda Kyrgyzstanda demokratiya jok dep tuura aytat Kyrgyzstanda demokratiya jok menda koshulam .. Temir Sarievge jana basha kyrgyzdyn patriottoruna aitaaryn K.Bakiev Kyrgyzstanga prezident bolup Kyrgyzstandy jakshy jolgo alyp barbayt .jashtarga aitarym biz demokratiyaga umtuluubuz kerek

кимден: Go Temir Go каяктан: Bishkek
25.03.2010 13:21
Go Temir Go

кимден: Арсен каяктан: алматы
24.03.2010 19:07
Биздин милиционерлер укук коргоо адамдары силерге кааларым өмүр бою ушинтип бирөөнүн этегинен нан таап жеп күн көргүлө.Ар-намыс уят же адамдык сапат деген барбы силерде.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)