Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:28

Кыргызстан

Бишкек түнкү талап-тоноодон кийин

Бишкек шаарында бир топ соода жайлары, ири дүкөндөр өткөн түнү талап-тоноого кабылды. Анын ичинде курал саткан дүкөндөр да кошо тонолду. Өкмөт үйү, Жогорку Кеңештин имараты таланып, Башкы прокуратуранын имараты өрттөндү. Милиция кызматкерлерин, чек арачы аскерлерди уруп, 60-70 автоматты жулуп кеткен кылмыштар жасалды.

Текст көлөмү - +
Жаңы бийлик тарабынан Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалган Турат Мадылбеков баш калаадагы талап-тоноолорду токтотуп, тартип орнотууга аракет көрүүдө.

- Түндө Бишкек шаары талоончулардын чордонуна айланды окшойт. Ошондо адамдардын арасында жабыр тартуу болгон жокпу?

- Чынын айтсак, Бишкек шаарында бир топ кылмыштар болду. Тагыраак айтканда, бул кылмыштарды жасоого эл да, ИИМдин, спецназ жана УККнын кызматкерлери да катышты.

Түндө бир топ жараат алган адамдар болду. Алдын ала такталган маалымат боюнча бизде 12 адамдын өлүмү болгон, бул бери жагы. Бүгүн кечке чейин дагы тактайбыз, канчасы каза болгон, канчасы жарадар болгон. Жарадарлардын саны дагы бир топ бизде. Талап-тонолгон объектилер аябай көп болду. 2005-жылы кандай болсо, кечээ да ошондой кылмыштар болду.

- Ошону кимдер уюштурду болду экен, кайсы дүкөндөр талкаланды?

- Биздин дежурный бөлккө келип түшкөн, толук такталбаган маалымат боюнча  36 объект, дүкөн, ошонун ичинде ири соода борборлору, 11 “Народный” дүкөндөрү, 4 курал саткан дүкөндөр, "Таатан", "Гоин", "Вефа", "Леон", "Бета сторес", "Айсенория центр" тонолду. Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын имараттары талкаланды. Анан УТРКнын имаратында дагы бир топ талап-тоноо болду.

- Ошону чагым салгандар уюштургандар уюштурган жокпу?

- Бул жерде көпчүлүк жаш жигиттер бар экен, ошону уюштурган ушулар болду.

- Ушул кырдаал көзөмөлгө алындыбы, милиция кызматкерлери толук кандуу иштеп атабы азыр?

- Чынын айтсам, милициянын баары качып кеткен, болгону 30 пайызы калган. Түнү ошону менен биз тоноочулук болуп аткан жерлерде асманга ок аттырып, качырдык. Бирок ошого карабастан көп тоноочулуктар болуп кетти.

- Бүгүн талап-тоноочулукка жол берилбейби?

- Азыртан баштап ар бир райондун ИИБ начальниктери наряд берип, милициянын баарын чогултуп атабыз. Ошондой эле элдик дружинаны чогултуп атабы, ошону менен баары көзөмөлгө алынды.

- Ал эми Бишкек шаарынын коменданты катары кайсы милдеттерди аткарасыз?

- Бишкек шаарынын коменданты катары мен жалаң тартип, кылмыштуулук маселелерин чечип атам. Андан тышкары шаардагы социалдык маселелер да жүктөлгөн. Азыр Бишкек шаарынын ичин тазаламай, күйгөн жерлердин баарын жууп тазаламай. Булардын баары тең биздин мойнубузда. Азыр керектүү кызматтар менен байланышып, ошонун баарын биз жүргүзөбүз.

- Демек Бишкек шаарынын мэринин милдетин да аткарып каласыз го?

- Ошондой деп жарым жартылай айтып койсок болот, анан мэр шайланса, ал өзүнүн милдетин аткарып кете берет.

- Биздин ободон пайдаланып Бишкек шаарынын тургундарына эмне айтмакчысыз?

- Бишкек шаарынын тургундары жана шаарга келгендерге кайрылып кетейин. Бизде көп милицияны уруп, андан тышкары чек арачы кызматкерлерди уруп, 60-70 автомат, курал жаракты алып кеткен. Ошол алгандарды Бишкек шаардык милициясына алып келип берүүсүн мен суранат элем. Анткени бул курал бир жерден чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн өздөрү ыктыярдуу түрдө алып келип берсе, мен рахматымды айтаар элем.

Андан тышкары пистолеттер алынды, андан тышкары 4 дүкөн тонолду деп атпайбызбы, андан дагы бир топ курал-жарактарды алып кетишкен. Анын саны азыр тактала элек, кудай буюрса аны да тактайбыз. Милициянын колунан 60-70 автомат жулунуп алынып кеткен, ошону алып келип берсе деп суранып кетет элем.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Gala каяктан: Germanija
10.04.2010 13:44
Окуп алып, кыргыз учун уялып жатам. Баарын талкалап экономикабызды артка тарттык, эмне пайда. Ошол соода жайларын талап-тоногондордун курсагы коп болсо 2 кун тоёр... Бирок алар муну тушунгон жок да, "кыйраттык" деп, мактанып журушсо керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.04.2010 01:33
абдан окунучтуу........, жапайы экенибизди дагы бир ирет далилдеп койдук ............,бул биздин бетибизге жабылган коо себеби "кыргыз" десе а була баягы талап тоноочуларбы дейт,мынчалыкка жол берилбеш керек эле бирок эл деген эл селдей каптап кетти..........., мунун баарына менин эч кандай куноом жок деген бир адам куноолу

кимден: kırgız каяктан: istanbul
09.04.2010 11:29
oy kyrgyzdar kooz shaaribizdi emne kılıp salgansınar. kyrgyzmın degen kishinin mınday ish jasoosuna oz uyun orttogonuno ishengim kelbeyt. el jerin suygon kisi buzgandın orduna ondop tuzoyt ko deym. silerdin jasaganınar kishinekey arzıbagan jeke kızıkchılık uchun.

кимден: Merim каяктан: Germanya
09.04.2010 03:33
Kirgiz elim! biri birinerdi tonop,olturup ekonomikanardi onukturosunorbu je uschul onorunordu butkul evropaga korsotup maktanip jatasinarbi??? ar bir 5 jil sain jani pezident revoluzya menen kelip revolyuziya menen ketip tursa,bir adamdin kizikchligi uchun kunoosuz adamdar olup tursa, Kirgistanibiz ech kachan onukpoit dep oiloim. Birok umutum bar kachandir bir ubakta Kirgistan dagi aldinki olkolordun katarina koschulat dep!!!

кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
08.04.2010 20:39
Kyrgyz elim,sabyrduulaukka chakyram...
Kashyktap chaogultkan kyrgyzdyn yryskysy,bir tyndo chachylyp ketti,anan baaryn kaira orduna keltirish kyiyn ekenin ar bir kyrgyz jaraany tyshynot dep bilem.Ar bir 5 jylda myndai korynysh kaitalansa KYRGYZ ELI jogolup ketebiz go.Esin barda etegindi jyi degen soz bekerinen aitylbasa kerek.Esindi jyi KYRGYZYM.

кимден: Dancho каяктан: Naryn
08.04.2010 20:23
Tuura aitasynar. Ke4eeki talap tonoo 10 jyl artka tartsa kerek... Birok MEERIM kotoruluwtu jakwy degenine karwymyn, kotoruluwtu korup bizge kim investici9 jiberet ele, a 4et ok\lkolor menen bailanywsyn ekonomikanyn kotoruluwu mumkun emes. Talap tonogonun kaira tuzoso bolot, birok biz Kyrgyz eli bawkalarga 9t bolup atabyz, munu tuzoi albaibyz go..

кимден: Merim каяктан: Austria
08.04.2010 18:50
Kyrgyz elim, jashtar! Bir chetinen eldik choguu chygyp, biylikke karshy birge kuroshkonun, baary jakshy kelechekke umtulganyna kubansak, anyn ichinen adam kolduu bolup bizdin kichinekey mamleket uchun janyn bergen mekendeshteribizge kaygyrsak emi jashtardyn sooda tuyundorun tonogonun korup tan kalasyn. Ushul ele kundu kutup turgansyp, tovarlardy alyp, tonop, talkalap ketkeniner uyat! kayra baaryn kurush uchun jardam bereerinerdi bir Kuday bilet. Kyrgyz jigitter namysynar kayda? Oz paydanardy oyloboy el menen choguu bolsonor, eldin mulkun talap jatasynar. Oylongula kech emes.

кимден: Aichurok каяктан: Kazakstan
08.04.2010 16:38
Bul jerde ar kım oz paidasy uchun gana jugurup jurot. bul tonolgon jerlerde emne aiyp? kanchalagan nerselerdi jok kyldynar. Kyrgyzstandyn ekonomikasy bul mitingsiz ele jetishet ele.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)