Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:10

Саясат

Роза Отунбаева Оштун арыз-муңун укту

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева түштүк борборун адегенде тик учак менен кыдырып, андан соң кандуу коогалаңда жарадар болгондордун саламатчылыгын сураштырды. Андан соң Ош облустук акимчилигин имаратында аймактын жетекчилиги жана коомчулугу менен кең-кесири жолугушту.

Текст көлөмү - +

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева тик учак менен түштүк борборун кыдыргандан кийин журналисттердин чукул суроолоруна жооп кайтарып жатып, Ош шаары кыйла талкалангандыгын белгилеп, аны калыбына келтирүү жана качкындарды Мекенине кайтаруу багытында бардык чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Андан соң Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Ош шаардык ооруканасына баш багып, кандуу коогалаңда жабырлангандардын ал-акыбалын сураштырды. Ошондой эле тополоңдо жапа чеккен аймактарга 15 медициналык тез жардам машинасын тартуулады.

- Орусиянын аскерлери келип Орусиянын башкы консулдугун кайтара баштайт. Андан башка стратегиялык объектилерди да кайтара баштайт. ОДКБнын чечимине карата бизге бир топ аскер техникасы келмей болду, - деди Роза Отунбаева Ош аймагынынын активи жана коомчулук өклдөрү менен жолугушуп жатып.

Андан ары Убактылуу Өкмөтттүн төрайымы буларды кошмчалады:

- Ислам Каримов менен да сүйлөштүм эле биринчи күндөрү. Ал киши мага айтты, силерге да кыйын болуп, бизге да кыйын болуп атат азыр. Мен сизге айтып атам, бул сөзүмдү бузбайм, бир дагы аскер иш болбойт силер жактан, биз тараптан, туугандардын барын тең ошол жактан сатпайм деген киши болбойт деп ал киши айтты мага. Өзбекстандын ушундай позициясы бизге чындан эле кандайдыр бир жардам берип атат. Болбосо ал жактан чек ара ачылып кетип, ал жактан адамдар бул жакка жулкунуп келсе, анда ким билет, эки эл кармашып калат белек.

Эмгек ардагери Абдыкадыр Сапарбаев олуттуу кемчиликтери үчүн өткөөл мезгилдин президентинин дарегине сын жолдоду:

- Байболовдун, Субаналиевдин келиши абалды эки күндө өзгөрттү. Ошолор телевизордон чыгып атты, бириңер муну укпай койдуңар. Жаганы сиздин жанынызда жүргөн деп ичти тарытып аларды жолотпой келди. Ошолорду укканда бул окуя болбойт эле. Бул бир. Экинчи, менин айтаарым, азыр шайлоолоду өткөрүүгө бүгүн убакыт эмес. Партиялар элди тополоң кылып атат. Абал жакшы болгонго чейин декрет менен бүт партиялардын ишин токтотуш керек.

Кепти улаган Ош шаарынын тургуну Тургунай Айтиева Убактылуу Өкмөттүн ыркы жоктугуна ичи ачышкандыгын жашырган жок:

- Бириң бирди сүйлөсөң бириң сүйлөйсүң. Төртөөң чогуу чыгып сөз айта албайсың, элди кантип башкарасың. Кечээ күнү тополоң болгондо эмне кылып атасың? Бекназаров дегениңер чыгып алып аэропорт чакырып атат телефон менен, барсак ложный вызов дейт. Бети жок экен ал кишинин таптакыр.

Ал эми мугалим Рахима Матраим кызы араздашкан тараптардын жарашуусу бийликтин күчү аркасында жасалма болуп жаткандыгын ачыктады:

- Биринчиден, бул жерде азыр тынчтыкты орнотуш керек.

Өз кезегинде жергиликтүү журналист Нурлан Адаев буларга токтолду:

- Кечээ интернетти ачып окуп, таңкалдым. Өзбектерди тукум курут кылган эч ким жок. Бул жерде жөн эле кагылышуу жүрүп жатат. Роза Исаковна, Убактылуу Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай учурда иштегени билинбейт. Маалымат согушунда утулдуңар. Кыйын шартта, келгиле, чогуу иштеп, бейтараптуу маалыматтарды жайылталы. Болбосо айрым массалык маалымат каражаттары бүтүн дүйнөгө Кыргызстанды жек көргөзүп жатышат.

Жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп кайтарып жатып, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева төмөнкүлөрдү баса белгиледи:

- Партиялардын бул жакта иштегендерин биз тыябыз. Өкмөттө бул маселени катуу талкуулайбыз. Азыр андай убакыт эмес партиялардын партиялардын келип соревнование жасаган. Баңгизат Оштон өтүп атат, биз болсо өрт менен алекпиз, алар болсо наркотрафитен уруп атат. Ошон үчүн мен сиздерге айтат элем, накрагенттиктерди ордуна коем деп, ушуну чечиш керек азыр.

Роза Отунбаева жыйында айтылган сын-пикрлерден Убактылуу Өкмөт жана анын мүчөлөрү оң жыйынтык чыгараарын, ошондой эле мындай жолугушуулар мындан ары көп болоорун убада кылды.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жылдыз
20.06.2010 21:13
"Учкай кеп, же азыркы убактылуу мамлекеттик тонкорушчулордун кылык -жоруктары" деп башталат бир сайттагы Ысык-Кол областынан Сауле Кыдык кызынын маалыматы.Бул сайтты мурда билчу эмесмин, азаттыктан таап алып окуп коруп,пикримди жазсам, админ мен жазган пикирди сайтка жарыялаган жок. эми азаттык аркылуу ал маалымат жонундо, тагыраак айтканда Сауле Кыдык кызына катымды азаттык аркылуу жонотуу туура кордум.
Улуу урматтуу Сауле Кыдык кызы! Сиздин берген «офицалдуу эмес маалыматыңызга чоң рахмат»! Эгер ушундай түрдөгү маалыматтар менен атынызды элге жарыялаганды самасаныз, сапарыныз кыска болот го! Кыргыз тилинин грамматикасын жакшылап өздөштүрүп алсаңыз, алгач бүткүл дүйнө коомундагы интернтен баракчасына маалымат жазаардан мурда!
Эгемендүү кыргыз элин башкара албай, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп, биздин качып жүргөн ажообуздун кысымы сизге мурун жакса керек го?! Эми кыргызым кыйын акыбалда турганда, колунан келген иш аракети менен иштеп жаткан убактылуу өкмөттү сындап, аны ушул сайтка жазганыңызга «Канча евро алдыңыз? Ачыгын айтыңызчы?! » Кыргыз үчүн чындап күйгөн инсан болсонуз бирөөнүн жаман жагын издеп ушак тараткан, өзгөчө ушул күндөрү «жалынга май куйган» -бул жакшы адамдын касиети эмес! «Айылдагы абысындардын ушагы да бул сиз жазган материалга караганда маданияттуурак! өзүнүздүн кандай адам экендигиңизди, акылы кыска, аң сезимиңиз ушунчалык пас экени бажырайып байкалып турат! Бул материалды окуп алып мен уялып жатам. Кыргызда ушундай көрө албаган адам бар экенине, азыркы акыбалга ылайыктуу кепти сүйлөгөндүн оордуна убактылуу өкмөттүн болбогон нерселерин сынга алыш- адамдык касиет эмес. фамилия жөнүндө, эгер билсениз закон боюнча эгер адамга анын аты жакпаса ал мыйзамдуу түрдө өзгөртүп алса болот! Бул материалды окуп жанымда отурган адамдар «Роза Отунбаеванын чыпалагына да тең келе албаган кыз экен!» деп жатышат! Бокбасаров болсо эмне болуптур, анчалык бул адамдардын ийнесинен жибинен изилдеп, көө шыбап, кылаарга жумушуңуз жокпу? Же ушинтип «бирөөнү шыбатып» акча табасызбы?
Баарынан да эл арасынан издеген маалыматыныз «абдан жакты»! Бирок өкүнүчтүүсү ушул өндүү информацияларды элге жарыялап, Көлдүн касиеттүү, айкөл, акылдуу айымдарын уятка калытырып жатасыз,же жанагы көлдөгү жумуртка менен урган аялдардын бири сизби?!Эгер эне болсонуз, кыргыз элине күйгөн патриот болсонуз тарбиялык маанидеги, акыл насаат айтып , учурдун талабына ылайык элди биримдике ынтымака үндөгөн акыл насаат жарыялаган болсонуз бул жазганыныздан 100 эсе кызыктуу болмок жана өзүнүзгө бийик аброй алмаксыз, кыскасы аялдар биздин арабызда сиздей өкүл барына абдан уялып жатабыз.

кимден: Доорон каяктан: Москва
20.06.2010 04:28
Бул Роза Отунбаеваны койгулачы! Аял киши айта берет экен да ар нерсени. Такылдаган Текебаев тезек терип журобу?Же Конституцияны озуно кобуроок ылайыктап колу бошобой журобу? 14 киши бир журуп Оштун бир чекесин башкара албай калышты. Буларда деги уят деген жок экен. Кандай жумуш жасап жаткандарына элдин кыжыры келе баштады.Бекназаров дегени "камайм "деп коркутуп озуно дунуйо топтобой кырылып , орттонуп жаткан элге барбайбы? Булар кандай кара кунду алып келишти элдин башына оздору менен кошо . Олуп жатышат, жарадар болуп жатышат, бандиттери коркутуп тоноп журушот, тамак-аш кымбаттап жатат кундон-кунго, Казак туугандар кыргыздарды уйлорун коздой айдап жатат, эми кечээ соз уктум дунган туугандар казакстанга карай качып жатышат деп.Акыры эмне болоор экенбиз? Колдорунан эч нерсе келбесе эмне асылышты бийлике.Кундон-кунго авторитеттери кетип жатат. Бийликти алуу оной аны башкарган адам керек. Алыста журуп тынчсызданам. Деги аман болсо экен элим!

кимден: rusya каяктан: china
19.06.2010 19:18
urmatuu kirgiz elim birinchiden blup otkon okuyalar emi arta kaldi emi baaribiz kelechek kirgiztan uchun kurosholu meninda jurogum abdan ooorudu oshol okuyalardi korup olturup.chet elde bolgonum ishun ech demke koldon kelbey eken!!! birgana ALLAH DAN duba kiluudan bashka!
emi kuday bilet keleturgan bashchi kanday bolot ozuno insap bersin!!birok kirgiz elim bayirtadan ele sabirduu el ,oz abroyun bekem tutkan el!!oshon uchun kirgiz elim ozubuz bekem boloylu emi!!!!

кимден: Aibek каяктан: Korea
19.06.2010 17:47
Salamatsyzdarby urmattuu Kyrgyzstan elim.Tushtuk jergebizdegi kaigyluu okuyaga sizder menen chogu teren konul aitam,buga kim kunooluu,Kim tarabynan,je duino politikasynda oyunchuk bolup jatabyzby? ar kim ar nerseni bilgenin aityp jatat.Kechiresizder syrttan karap korsok,Bardygynan negizgisi XX| kylymda jashap jatkanybyz menen elibizdin An-sezimi tomon boidon.Jalkoolugubuz kachan kalat?Akylduu bolup torolup kalbaibyz,Baary ui-bulodon, tarbiyadan bashtalat.Tuura!Al uchun kandai Shart kerek ekenin blisek da bilbesek da tuzup bere albaibyz,sebebi Mamleketibizdin oto jargylygy,Bashynda turgan ishengen bashchylarybyzdyn oz kyzykchylygy,Biri birine ataandash oyundary,Meesine( Koro albastyk,Bakyldyk,Parakorduk,bailyk,Tekeberlik) degen tushunuk tolup kalgandar tuzdon tuz taasir berip jatpaiby,A emne uchun ekenine Jeke AN-SEZIMibisdin kanchalyk dengeeli menen bolbosun joop berip korolu.Arabyzda bul pikirdi syndoo menen okup jatkandar jok emes.bular kelechekten umutu joktor,an-sezimi tomondor.bir biribizdi koldoilu,isheneli,ishenichke tatyktuu bolup ishenichti aktaily,jardam bereli,Kyrgyzstandy onukturolu,artta juro berbeilichi,Kelechek kolubuzda turat,birok kee biriner artka tartyp jatpaisynarby!!!!!!!!!

кимден: Emir каяктан: Germaniya,Berlin
19.06.2010 17:13
Tuura bizge jasch politikter kerek antkeni orusta söz bar ( gorbatogo mogila ispravit) degen. Antkeni UO bizdin nadejdany aktai alyschkan jok,alar eldi biriktirmektүgүr Özünün politikasyn jürgüzüp atyschat.Orus askerleri bizge keregi jok...!!! Kylym karytkan Kyrgyz elibiz özünö özü turuschtuk bere alat.

кимден: Балбан каяктан: Уйдон
19.06.2010 16:40
Роза Отунбаевага! Эже сиз озунустун абройунузду тушуруп алдыныз, орустардын аскерин киргизиш керек деп айтыныз.Московадан бекер жалдырадыныз,кыргыз элин абройун кетирдиниз.Азыр дагы эле катанызды кайталап атасыз! СМИ лерди окусаныз орустар бизди кыргыз элин касапчы, душман корсотуп атат.Ошолордун аскерлерин киргизсениз алардан эмне куту болот? Алар бизди душман деп мээлерине СМИлери куйуп атса.Кыргызды атып койсо жеке сиз жооп бересиз! Бирда мамлекет башка мамлекетин аскерлерине озунун стратегический жерлерди кайтартпайт. Сиз элинизге болушпай кайтып каршы иш жургузуп атасыз! Мурда жонокой эже элегиз, бийлике келгенде абдан озгорулдугуз.Акаев,Бакиев да ушунтип баштаган аларга караганда сиз убактылуу окмете иштейсиз.Эртен эч ким колдобосо керексиз болуп каласыз! Кыргызымдын кучу жетет, биз жаныдан жаралып атабыз,балта чапаныз ! Кыргыздардын келечеги учун башка аскерлерди колдобонуз, кыргызымга жолто болбонуз!!!!!

кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
19.06.2010 14:58
Биринчи маселе, чек-араларды тезинен катуу козомолго алыш керек. Аскердуу кучторду техникалык жана куралдык жактан кучтош керек. Кыргызстан озун жакшы коргош учун булар керек.

Больницалардын ичиндеки керектуу жабдыктарды жаныртыш керек, кроваттарды караснар Бишкекте да Ошто дагы эскирип дат басып калган. Жаны больницаларды куруш керек, тез жардам унааларынан жаныларынан кобуроок алыш керек.

Ошко азырынча Министирликтерди которуш керек. Бобор шаар катары кийичерек Ош болушу керек.

Билим беруу тармагын тез аранын ичинде сапатын жогорулатыш керек. Мектепте балдарын бири да калбай окуусу шарт болуш керек. балдары окууга жибербеген же кайдыгер караган ата-энелерге административдик жаза корулушу керек.

Кыргыстандын баардык граждандары кыргыз тилин билиш керек деген законду коркпой эле коюш керек. Кыргызстанда башка улуттагы атуулдарга канчалык тушунуу менен мамиле кылсан ошончо башына чыгат. мектептерде кыргызча окутмак шарт болуш керек. Кайсы жерде кайсы олкодо мамлекеттик тилин билбей уйронбой жашаган башка улуттарды кордунор? Ким кайсы олкодо жашаса ен биринчи ошол жердин тилин уйронот. Мисалы Кыргызстанга келген бир Америкалы, Турк, Жапон кыргыз тилини 1-2 жылда уйронуп алат. Бир орус башка олкого кетсе 1-2 жылда ошол олконун тилинде суйлоп калат мисалы туркчону. Эмне учун Кыргызстанда туулуп оскон башка улуттар кыргызча уйронгусу келбейт, анткени окмот катуу талап койгон эмес, азыркы учурда кыргыз тилин ар-бир атуул билиши керек деп катуу талаптарды коюш керек, таарынса башка жакка барып каалаган тилде суйлой беришсин.

Бутун бул айтылган создордо, кадр маселеси абдан маанилу. Кадр маелеси туура чечилсе Кыргызстанда жакшы озгоруштор болот. Кыргызстанды кайрадан куруу мумукунчулугу берилип жатат, Окмот туура саясат жургузо алса, Кыргызстандын аброюн кыргыз элинин аброюн дуйнолук аренада сактап жана жогорылатып алуу толук мумкун.

Убактылуу окмот азыркы учурда улуттук кызыкчылыкты, биринчи орунга коюшу керек.

кимден: Эмиль каяктан: Санкт-Петербург
19.06.2010 14:42
Саламатсынарбы урматту кыргыз элим жана азаттык кыргызстандагы бардык жамандык окуялардын баарына туздон туз Американын тиешеси бар Манастагы базаны кетириш керек себеби озунор ойлоп корсонор ушул база курула электе кандай жакшы жашоо бар эле Акаевди алдап 6 айга деп келип 9жыл болду чыкпай жатат Акаевдин кетишине уйбулосу кунолу дейбиз себеби ошол акча булардын дагы нафисин бузду Бакиевдиндагы уйбулосун жана туугандарынын да себеби кийинкиликти ойлошкон жок Кыргызстандын. Россия эмне себептен каршы Базага Роза эже эгерде окуп калсаныз ушул теманы созузтурдо чара колдонуп АМЕРИКАНСКИЙ БАЗАНЫ кетириниз ошондо сиз бардык жакка абройунуз чон болот Аккаевке Бакиевке караганда.

кимден: dj_Kyrgyz каяктан: Batken
19.06.2010 13:42
кош келипсиз ошко! Роза Эжекеси бекер эле келдиниз элдин кыжырына көп тийип койбодунуз бекен жанагы рефендум дегенизди коюп турсаныз боло эл азыр чочуп калган Азаттык кечки Эфирден окуп коюнуздар сураныч!! алдын ала рахмат!

кимден: Исабек Максутов каяктан: Баткен
19.06.2010 13:24
оштогу болгон башаламандыкка эч кандай саясат рол ойнобойт. Ош шаарын озундой кылып курууга кыргыстандын бюджети жетеби?
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)