Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:09

Саясат

Коргоо министрлигин Ошко которгондон эмне өзгөрөт?

Президент Курманбек Бакиев Коргоо министрлигин түштүк борборго көчүрүү жана армиянын жарымын контрактык негизде куроо демилгесин көтөргөнү кабарланды. Бул маселеге саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин көз карашын сурадык.

x
Текст көлөмү - +
- Орозбек мырза, Коргоо министрлигин түштүк борборго көчүрүү стратегиялык жактан канчалык туура чечим?

- Бул мамлекеттик башкаруунун өзүнүн закондору бар. Мамлекеттин аймагындагы структуралар бир борбордон башкарылып туруш керек, өзүнчө бир штаб болуш керек. Бизде советтик мезгилден бери келаткан кызыктай практикалар бар, реформаларды ойлонулбай жүргүзүлүп коюлат да. Мына чек арачылар Ошко көчүп барды, андан чек арабыз бекип кеткен жок.

Коргоо министрлигин Ошко которгондон кандай натыйжа чыгат?  Бул жерде маселе бир айкын реформанын негизинде иштелип чыгыш керек да. Бул жөнүндө башка мамлекеттердин тажрыйбасына келсек, америкалык изилдөөчү Самуил Хансиксондун көп эмгектери бар, цивилизациялардын кагылышынан башка. «Жоокер жана мамлекет» деген илимий эмгеги бар. Ошол жерде кыскартып айтканда, куралчан адам жарандык коомдун жана бийликтин көзөмөлүндө болуш керек деп айтылган.

Күч структуралары борбордо туруп, анан керек болгондо жергиликтүү структураларын көбөйтүп, азайтып турса болот. Акырындык менен министрликтерди түштүккө которгондун себептери жөнүндө ар кандай божомолдор чыгып атат айкындыктын жогунан. Эптеп борборду түштүккө көчүрүш керек деген шылтоо деп дагы түшүнүлүп атат. Муну айкындык менен айтыш керек.

-Андан көрө аскердик бөлүктөрдү бекемдөө маанилүү эмеспи?

- Ошону айтып атпайбызбы, ошол жактагы аскердик күчтөрдүн түштүк группировкасы бар, ошону бекемдеп койсо болот да. Министр менен министрдин орун басарлары ал жактагы иштерди борбордон деле башкарса болот да. Мисалы азыркы технологиялардын убагында АКШнын аскердик күчтөрү Иракка киргенде Кувейтте туруп эле башкарып атты, Ирактын аймагына келген жок. Азыркы стратегиясы боюнча Вашингтондон туруп Пентагондон башкарганга өткөнгө аракеттенип атышат.

-Контрактык негизде аскерде кызмат өтөө бизде жаңы нерсе. Анткени СССРдин убагында бизде аскердик кызматтын чакыруу түрү калыптанган.Бай мамлекеттер контракттык негизде аскерди кармоого жөндөмдүү делинет. Биздин шартта аскердин жарымын контрактык негизде куроо канчалык туура?

- Туура айтып атасыз, бул финансыга барып такала турган маселе. Контракттык аскер бул өтө кымбатка тура турган аскер. Анан жартысын которгонго мүмкүнчүлүк болгондой, ошондой шартыбыз барбы деген маселе келип чыгат. Анткени жарды мамлекеттердин негизи өзүндө күчтүү армиясы болуш өтө кыйынчылык менен келет.
 
Демек армиянын жартысы контрактыга которулганда анда социалдык сферадагы төлөмдөр ошол жака кетет деген маселе. Болбосо же күчтүү армия жоксы, же контракт эмес, же башка нерсе болуп орто саар болуп калышы да мүмкүн. Ошонун баары эсептелип чыгыш керек. Албетте, контрактык армия деген бул профессионалдык армия, күчтүү армия болоору шексиз. Бирок ошондой армия түзө алабыз деген дагы маселе чыгып атат да.

- Андан сырткары биздин жаштардын аскерге чакырылбай, аскердик даярдыгы таптакыр жок болуп калыш коркунучу дар бар да, кандай дейсиз?

- Бул жерде маселе бар. Азыр армия кадыр-барктуу кесип эмес биздин жаштардын арасында. Ошон үчүн кандай адамдар барат ошол кесиптик армияга кызмат кылганга, бул дагы патриот жаштар барабы же эптеп оокат табыш үчүн адамдар барабы деген маселе да келип чыгат да.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: табышмак каяктан: санкт-петербург шаары
24.03.2010 04:21
учурда армия жаатында болуп жаткан реформа бул кыргызстанга болгон чыккынчылык дейт элем. ал эми коргоо министрлигин ошко көчүрүү бул жөн гана дөөпөрөстүк. кыргызстандагы ГЭСтердин курулушунун айланасында коңшуларда (өзбекстан, казакстан) кандай каншаар болуп атканын байкап атасыздарбы. кыргыздар акыркы жүз жылдыкта эле бир нече жолу "коңшулардын" "бир боордостордун" кол салуусунан коргонууга мажбур болуп келишкен(кокон хандыгы, казактардын басып алуулары). чет мамлекеттик басма сөз маалыматтарында өзбектер бул маселени дипломатиялык жол менен чече алышпаса күч менен чечүүгө аракеттенет деген макалалар пайда болуп жатат. ачык айтканда алар пахтасына, эгинине суу алуу үчүн бардыгына даяр. анын биринчи кадамы бул кыргызстандан суроо ирээтинде эмес. талап кылуу ирээтинде гэстерди эктпертизадан өткөрүү жөнүндөгү талабы. кыргыздар андан баш тартса эмне болоору тууралуу ойлонолучу. акыркы кезде казактар да өзбектерге ыктай баштады байкап атасыздарбы.
илгери акылмандар "эл башы болгончо, суу башы бол" дешчү экен. кыргызстан ушул стратегиялык абалынан пайда таап, өнүгүү алдында турат. анткени БУУнун билдирүүсүндө жакынкы жүз жылдыкта суу нефти, газдан да кымбат товарга айланат деп табылган. ал эми биз (кыргызстан) бул абалыбызды жеке сөз менен гана эмес күч менен да коргоого даяр турушубуз керек. бул бешиктеги балага да белгилүү. ушундай фондо армиянын таркатылышы бул кылмыштуу чыккынчылык. бир жыл кызмат кылган бала курал кармап атканды араң үйрөнөт, бир ай акча төлөп кызмат кылган баладан эмне талап кыла алабыз. ал куралды да көрбөйт болуш керек. эртең коргоо министрлиги ошко көчсө өзбектер аны анжияндан учуп бомбалап таштаса армияны ким, каяктан, кантип башкарат. түшүнүксүз. 90-чу жылдары акаев да армиянын кереги жок деп чыкпады беле, 99-жылкы баткендеги тажиктер менен болгон коогалаң бардыгын өз ордуна койуп койду эле го. же кыргыз армиясын көтөрүү үчүн сөзсүз согуш керекпи? контрактык армия үчүн алгач финансылык база керек. ал барбы биздин кедей мамлекетибизде. калп кыйкыра бергенден эмне пайда чыкмак эле. андан көрө аскер бөлүктөрүн, түндүктөгү, түштүктөгү аскер топторун колдоого алып бекемдесе болмок. өчөөр от балбылдап күйөт дейт. күч структураларын жаныш аке башкарып турганда армия, милиция жана башка күч структуралары өнүкпөй калды го. дегеле эл ушинтип бири бири менен тытышып, президенти жерин четинен сатып отуруп бир күнү кыргызстан жоюлуп кетеби дегендей ой кетет.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
23.03.2010 01:54
Туура мамлекетибиз оңолуш үчүн ар кандай жолдорду, ыкмаларды колдонуп иш алып баруубуз зарыл. Бирок Кыргыз мамлекети түптөлүп Кыргызстан болгондон бери,аскер адамы катары, Коргоо министири бир топ алгылыктуу иш алып барган генерал И.Исаковду камап жатса. (болбогон бир шылтоо менен, мен ушинтип эле түшүнөм) Кайдагы алдыга жылыш жөнүндө сөз кылышыбыз мүмкүн. Менин оюмча эгер армия оңолсун дей турган болсок, анда мамлекетибиз оңолушу керек а мамлекет оңолуш үчүн эң биринчи кезекте Эл жерине күйгөн адам президент болуш керек. Ошондо мамлекетибиз оңолот, армиябыз оңолот.анан калгандары оңолбойбу. Баардык нерсе мамлекетти башкарган адамга байланыштуу болуп жатпайбы. Ошон үчүн бекер айтпаган да, "балык башынан сасыйт" деп. Жеке мен азыркы президент Бакиев турганда кыргызстанда бир нерсе оңолот деп ойлобойм, жана үмүт да кылбайм. Мен бул президенттин бир канча калп айтканын билем. (керек болсо далилдеп да берем) Ар жылаандын башын көрсөтсө алаксый бербей бул бийликти, бул президентти отставкага кетирүүгө аракет кылышыбыз керек. Кыргыздын учу кур эмес деп ойлойм. Пикиримди колдогондорго алдын ала рахматымды айтам жана МЕКЕНИБИЗДИ сүйүүгө чакырам.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
22.03.2010 17:16
Чек-ара, коопсуздук жана территориялык бутундук маселесине бийлик да, оппозиция да, интеллигенция да, карапайым эл да кайдыгер карабоого тийиш.Бул улут тагдырына орчундуу таасир беруучу тема.Бул багытта бийликтин чечкинсиздиги жонундо ар кандай создор айтылып журот.Бул темада журналисттер канчалык кенири маалымдап турушса, коомчулуктун конулун бурууга жакшы таасир этмек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)