Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:24

Эркиндик

Т. Акун: Оштогу окуяларда тышкы күчтөрдүн катышы жок

Оштогу тополоң окуялар атайын бир уюшкан күчтөрдүн кылганы деп айтууга негиз жок. Бул жерде сырткы күчтөрдүн да катышы жок. Мына ушундай пикирин "Азаттыкка" Оштогу окуяларга байкоо салып жаткан акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

x
Текст көлөмү - +

- Оштогу абалды тынчтуунун кандай жолун көрүп турасыз?

- Биринчиден, биз өзүбүздүн өкүлдөрүбүз аркылуу кечээтен бери буга аябай катуу көңүл бөлүп атабыз. Азыркы кезде тынч болуп калды. Аскердин баары киргизилди, бронетранспортерлор коюлду. Жөнөкөй машиненин баары жүргөн жок. Кырдаал тынчталып баратат. Бирок чет жакаларында топтошуу өзбек тараптан да, кыргыздар тараптан да болуп атат.

Кыргызстандагы белгилүү саясатчылар, өкмөттүн мүчөлөрү Ө.Текебаев, А.Бекназаров, Д.Чотонов, анан ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбековдор учуп келишип, кырдаалды турукташтырыш үчүн колдон келген аракеттердин баарын жасап атышат.

Бул жерден мен айтайын дегеним, кудай буюрса, кырдаал Ош шаарынын борборунда тынчтанып калды, чет жактарында гана абал курч бойдон калууда. Мен ушуларды турукташтыруу боюнча Убактылуу өкмөт көп аракеттерди көрүп атат, айрыкча Роза Отунбаеванын чыгып аябай салмактуу сүйлөп, элге кайрылганы азыр коомчулукту арасында аябай жакшы пикирди жаратып атат, өзбектердин да, кыргыздардын да арасында.

- Ушул абалды тынчытуунун кандай жолун көрүп турасыз?

-  Кээ бир саясат таануучулар, эксперттер муну тыш жактан келген атайын күчтөр уюштуруп атат деген сөздөрдү айтып атат. Мына ушундай сөздөрдөн алыс болуш керек. Мен абалды баамдаган адам катары, укук коргоочу катары айтарым, бул кыргыз жана өзбек балдардын ортосунда эле чыккан кадимки эле уруш. Бул улуттар аралык чыр-чатакка өсүп кетти. Буга апрелдеги Жалал-Абадда болгон окуялар себепчи болуп атат.

- Апрель ыңкылабынан кийин ушундай карама-каршылыктын пайда болушуна кимдер түрткү болду деген ойдосуз жана ал күчтөрдү алсыздандыруу үчүн Убактылуу өкмөт кандай аракеттерге баруусу зарыл? 

- Азыр өлкөдө туруксуздук абалды пайдаланалы дегендер бар, аларды атайын уюшулган күчтөр деп айтуудан алысмын. Анткени бул жерде чыккан иш турмуштук эле көрүнүш. Бирок улуттар аралык маселе Жалал-Абадда болгондон кийин ал тынчый элек, элдин аң-сезиминде бар. Мына ушуну жөнгө салышка Убактылуу өкмөттүн толугу менен күчү жетет. Азыр жөнгө салып бүтүп атат. Жөнгө салып 3-4 күндүн ичинде бүтүп калат деген оюбуз бар.

Тышкы күчтөрдүн эч кандай бизге тиешеси болгон жок. Тыштан аскер алып келүүнүн эч кандай зарылчылыгы жок. Ал боюнча Ө.Текебаев да билдирди. Мен азыр эмне үчүн силерге чыгып атам, мен бардык кыргыз улутундагыларга, өзбек улутундагыларга дагы, саясатчыларга, айрыкча мен экспертмин, политологмун деп өзүн-өзү атап алгандарга да айтаарым, ар бир сөзүңөргө сак болгула. Бул жерде адам өлүп атат.

1990-жылы 4-июнда башталган окуя көп адамдардын өмүрүн алып кеткен. Ошондон биз жыйынтык чыгарышыбыз керек, урматтуу Кыргызстандын граждандары. Силерди сабырдуулукка, тынчтыкка, кечиримдүүлүккө чакырабыз. Кыргызбы-өзбекпи, бул биздин граждандар, булар биздин патриотторубуз, биздин элибиз, эч ким биздин ишибизди четтен келип чечип бербейт. Биздин Убактылуу өкмөткө ишенели, Роза Исаковнага ишенели, өкмөттү колдойлу, референдумду жашкы өткөрүп алалы, тынчтыкка чакырам элдерди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жонокой кыргыз каяктан: Алматы
15.06.2010 10:36
Башка суйлосо дагы, сен суйлобой эле койчу, Турсунбек Акун. Сен Бакиевдерге ооз ачып суйлобой турган адамдар керек болгон учурда кызматка адашып келип калгандардын бироосусун!!!!! Азыркы колго тушуп жаткан корунуктуу саясатчылар жонундо эмне дейсин? Же алар дагы жеке жашоонун айынан ошого барып жатышабы? Же Бакиев кайра келип калса, бир кызматка илинеермин деп умут кылып жатасынбы? Ар ким озунун алы жете турган кызматта иштесе жакшы болмок. Элдин кыжырын коп кайнатпай намысын болсо, кызматынды оз макулдугун менен эле откоруп берчи бай болгур, деле сага ыргыз журтчулугу биригип бата беришсин. Умут кылбай эле кой , эми бакиевдердин буту баскан жер Кыргызстандын "турмосу" гана болбосо аларга Ыйык Кыргызстанымда башка баса турган жер жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.06.2010 09:38
ушул адамды корсом кулкум келет баягы 2005 жылы "мени эч ким сурабайт" деп ооруканага жатып алып.. пиар пиар пиар...

кимден: Карапайым каяктан: Ала-Тоо
14.06.2010 00:51
Т. Акун мындай пикирин аягына чейин изилдеп далилдери менен айтса "Акыйкатчы" деген наамды уят кылбайт эле. Дайыма ушундай акылсыз соз суйлогону жана кошомат кылганы менен копчулуктун кыжырын келтируудо десем жанылышпаймын. Тезиреек эле мыйзамдуу башкаруу болуп ушундай капилеттен келип калган башчы соройлордон кутулсак жок дегенде дуйнолук коомчулуктун алдында шерменде болбой калат элек. Кудайым бизге боор ооруп тезиреек турмушубузбу калыбына келтире кор.

кимден: Нурбай каяктан: Екатеринбург
13.06.2010 21:06
Кыргыздын атка минээрлери жылт этип эфирге чыканын баарын эле.референдумду тынч откозолу дегенинер качан калат ???биринчи элдин тынчтыгын ойлобойсунарбы?оштун эли Алмаз Атамбаевка эл эмеспи? выборрда оштун 40% мени колдогон деп кыйкырганды билет келип ошол элди тынчтыка чакырыш колунан келбейби??? баардыгын эски бийлик кылып жатат деп бекер айтасынар.бул нерсе 20 жылдан бери жургузулуп келген политиканардын жыйынтыгы!!! Азыркы бийликтегилер силерда ошол бийликтин бутагы болуп жургонунорду жакшы билесинер!!!! Байлыктан,бийликтен ,КАрапайым элдин кызыкчылыгын,тычтыгын жогору койунуздарчы сиздерден Кыргыздын карапайым атуулдарын атынан сураныч!!!!!!!!!!!!!! Элибиз,Журтубузга аманчылык берсинчиЖараткан!!!!!!!!!

кимден: Эдил каяктан: Бишкектен партиячыл
11.06.2010 18:17
Oмỳке досту да ала-чаап жатасынбы Акун. Туура да. Ал болбосо эбак орундан учмаксын.

кимден: Бекеш
11.06.2010 16:15
Эми ушул адам калды эле интервью бербеген.-Байкоо жургузбой,Элди уруштурбай ага жеткизбеш керек эле.Анан дайым эле Эл башчыларына кошомат айтканынызды токтотун! -"Бакиевге омур бою ыраазымын"-деген ылакап да чыгарып жибергенсиз!Аны Эл унута элек...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)