Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 23:21

Саясат

И. Исаков: Бакиев бийлик үчүн баарына даяр экен

Бүгүн 24.kg маалымат агенттиги президент Курманбек Бакиевдин калкка билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө президент кызматын тапшырбаганын билдирип, кан төгүлгөн окуялар үчүн, талап-тоноолор үчүн оппозицияны айыптаган. Президенттин билдирүүсу боюнча утурумдук өкмөттүн өкүлү Исмаил Исаков бир катар суроолор менен кайрылдык.

Текст көлөмү - +
- Курманбек Салиевич өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн, кыргыз элин кордогон саясатын, репрессиялык саясатын, элди жакырчылыкка алып бара турган саясатын, үй-бүлөлүк саясатын сактап калыш үчүн 70тен ашык адамды набыт кылды. Мындай кыргыз тарыхында президент болгон эмес. бБл эмнени билдирет? Бул бийлик үчүн бардык нерсени элине каршы жасаганга барат деген нерсени билдирет.

Албетте, ушундан кийин мен мындай деп жооп берет элем. Ар бир облустарда элдер өздөрү элдик бийликти орнотушту, элдик губернаторлорду шайлашты, элдик акимдерди шайлашты. Бирок өзүнүн элден уурдаган акчаларына кээ бир элементтерди пайдаланып, ошолорго берип, минтип-тигинтип койсоңор болот деп акыбалды кичине начарлатканга албетте аракетти жасайт.

Бирок мен ойлойм Кыргызстандын эли акылдуу эл. Ал түшүнгөнүнөн ок атып аткандарга тикеден тике карап, өзүңөр жанында турдуңар, өтүп кетип атышты аркы дүйнөгө. Мен ойлойм, ушундай эл эч качан артка кайтканга кадам шилтебейт.

- Президент кандай аракеттерди көрүш керек эле сиздин оюңузча?

Президент ошону жасагандын ордуна элдик курултай конституциялык норма, муну өткөргүлө, өткөргөндөн кийин бардык оппозицияны чакырып, мейли сунушуңарды айткыла, мындай сунуш кылган экен, мен ага барайын, мындай сунуш кылган экен буга мен барбайм, себеби мындай-тигиндей деп, тегерек үстөлдө отуруп сүйлөшсө мындай кырдаал чыкпайт эле.

Күнөө оппозицияда эмес бүгүн, күнөө президентте. Ошол президент "элин өлтүргөн, элин аткан" деген жүк Курманбек Бакиевдин мойнуна жүктөлүп кала берди.

- К.Бакиев өлкөдө учурда тополоң, талап-тоноочулук болуп атат, буга толугу менен оппозиция өкүлдөрү жооп бериш керек дейт. Негизи эле утурумдук өкмөт өлкөдөгү коопсуздукту кармоо үчүн кандай аракеттерди жасап атат, 100 пайыз коопсуздук болот деп ишенсе болобу жөнөкөй калк?

- Мен жанагыга дагы кошумча айтып коер элем. Ошол Ак үйдүн тегерегине барган элдерди жөн аткан жок, снайперлер менен атып атышты, атайын даярдалган жигиттер менен, буларды атайын ушундай провокацияга даярдаган. Коопсуздукту 100 пайыз сактап бералат деп азыркы күндө айта албайм, бирок убактылуу өкмөт колунан келген бардык аракеттерди жасайт, күндөн күнгө азайтып, акырында толук токтотконго.

- Негизи чагымчылар бар дегенге кошуласызбы, кандайдыр бир үчүнчү күчтөр элди козутуп атат дегенге?

- Үчүнчү күчтөр жок, өздөрүнүн эле жигиттери, акчага алданган атуулдар, мүмкүн. Ошондуктан бул жерде үчүнчү күч жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: карапайым каяктан: кыргыз
18.04.2010 11:45
Урматтуу генерал, артынызда калын Кыргыз турат.Душмандардын доору артта калды.Ийгилик!

кимден: Бакыт каяктан: Европа
13.04.2010 16:05
Эмнеси болсо да биз дуйно элине кулку-шылдын болуп жатабыз. Мунун баарына биздин мансапкор бийлик адамдары куноолуу экенин билебиз. Кимге ишенип кайсыл тарапка баратканыбыз да кумон иш. Ошондуктан кагылайын элим терен ойлонуп туура тандайлы. Дагы бир озумчул бийликтин курмандыгы болуп журбойлу.

кимден: Болот каяктан: Ушинтип курчуйт
12.04.2010 10:57
Урматтуу Исмаил Исакович, элдин кыжырлануусу сиздин камакка алынышыңыз менен башталган. Алайлыктар не деген кордукка чыдап, ачкачылык кармап, сиздин 90го чыккан апаңыз кандай жалындуу сөздөрдү айтып, элдин духун көтөрдү эле. Арты келип, кырчындай жаш өмүрлөр кыйылып бийликти эл өзүнө ыйгарды. Бирок, башкасын айтпай ак койом. Бүгүн Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетип баратат. Кудай жазалайт аларды. Андан кийинкиси Ошто Ата-Мекендин өкүлүн, журналисттерди сабаткан адамдар криминалдар, майлуу-сүттүү жерлерди ээлеп алышты. Кресло үчүн жан талашкандарын көрсөң жакаңды кармайсың. Азыр буларды көрүп, тоолук жаштар дүрбөп турат. Бир шойком чыкпасын десеңер тазалагыла. Өлкөнү криминал, сүткор, акча десе атасын саткан айбандардан сактагыла! Ошон үчүн эл көкүрөгүн окко тосуп, силерди алып келди. Тазалагыла, кусур уруп кетет!!!

кимден: aliya каяктан: moskva
11.04.2010 11:52
aaiii mincha eldin joopkerchigligin korkpoy kantip alishat alardi birgana baylik kiziktirat...Eldi oylogon adam kachan keler boldu eken..Makul minday kotorulush chigargandardan olgondorgo bakiev kunoluu oshol elder militsiyalarga tiybey ele koyboybu jash ele baldar okuuchular olup ketti alarda emne kunoo kotorulushko chikkandar osholorgo tiybey ele koyso bolmok alarda biroonn baskisi menen kelgen...demekki bul jerde ar kim ozunu oylogongo...ayabay okunuchtuuu...

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
09.04.2010 23:46
Урматтуу генерал!!! 75 жаран каза тапты... Кунолуулорду тезинен жоопко тарткыла!!!!!! Кыргыз эли сиздер менен!!!!! Каптагаев, Шерниязов, Бекназаровдор Кыргыздын чыныгы патриоттору!!!!!!!!

кимден: Генералын каматып каяктан: Кыргызына кас болду
09.04.2010 23:08
Исмаил мырза! Коопсуздугунарды жакшы карагыла!!!!! Шерниязов, Сиз, Бекназаров ж.б.баарынарга рахмат.Бул окуяда тундук-туштук маселеси бар дегендер манкурттар!!!! Мындай созду укканда менин кыжырым катуу келип, каным кайнап баратат.Мен Оштонмун.Бирок мен Шерниязов менен Отунбаевага ж.б. мин мерте ыраазымын.Кыргыздын келечеги учун коп адам жанын берди.Эми канкорлор кан тогуну улантышса эл учун жан берууго мен да даярмын.

кимден: Мирлан каяктан: Ош
09.04.2010 20:32
Бул жерде тундук-туштук маселеси жок!!!!!!!!!! Кан тогууго Бакиев кунолуу!!!!!!!! Шерниязов Кыргыз элим учун Эркекче иш кылды.

кимден: Adyl каяктан: Osh
09.04.2010 14:40
Туугандар чындыкты толук эч ким айтпай атат. Бакиевдин кемчиликтери туура. Бирко оппозициядагылар ошол нерсени пайдаланып бийликти максат кылып жатышат. Анан дагы туштук тундук маселеси бар бул жерде. Элди экиге болбойлу дегендер жалган айтышат. Оздору туштук тундук деп тымызын иш жасап жатышат. Туштуктун элинин копчулугу Бакиевди колдойт дагы деле. Эгер оппозиция чектен чыга турган болсо туштуктун эли которулот. ошондо граждандык согуш башталат. Кудай мындай нерседен алыс кылсын.

кимден: Момун каяктан: mominjan@mail.ru
09.04.2010 11:38
Мен И.Исаковту колдом.

кимден: Elvira каяктан: Evropa
09.04.2010 07:28
Alda kancha uluu adam bolgonu menen,Bakeievde kymyndai da adamgerchiligi jok ekenin anyktap jatkanyn ozy bilbei jatsa kerek...
75 adam emen ychyn okko ucvhkanyn sezbegeni tan kaldyrat,je Bakiev ychyn konymysh adatka ailanyp kalgan go,omyrdyn kyiylyshy...
Kurmanbek Saleievech eger bilseniz,jashtar sizge karaganda teren oilonooru ushul uchurda baikalyp turat..
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)