Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Адам укуктары

Нарында «Азаттыктын» үнүн бийлик өчүрдүбү?

Нарын шаарында жана анын жака белинде жашаган он миңдеген адамдарга 'Азаттык', 'Немец толкуну', 'Би-Би-Си' үналгыларынын уктуруулары жетпей калды.

Нарын шаарында жана анын жака белинде жашаган он миңдеген адамдарга "Азаттык", "Немец толкуну", "Би-Би-Си" үналгыларынын уктуруулары жетпей калды.

26.02.2010
Күмөндөр Усупов

24-февралдан тарта жергиликтүү «Алмаз-Нарын» үналгысы обого чыкпай калды. Тогуз жылдан бери үзгүлтүксүз күнү-түнү иштеп келген «Азаттык», «Немец толкуну», «Би-Би-Си» үналгыларын Нарын шаарына уктурган үналгынын толкун таратуучу кабели күндүз кесилип кеткен.

Мындай жагдайдын келип чыгышы тууралуу үналгынын техникалык деректири Марат Эшкулов "Азаттыкка" түшүндүрмө берди.


- Окуя 24-февралда болду. Эртең менен саат тогуздарга чейин радио кадимкидей иштеп, Нарындын жашоочулары радиону угуп жатышкан. Анан саат тогуз жарымда жарык өчүп, он бирлерде күйгөн. Ошол маалда радиодо иштегендер мага радио иштебей калды, угармандар чала башташты деп билдиришти.

Мен барып аппаратты карасам индикатор күйүп жатыптыр, бирок кубаттуулугу 500 ватт болгон аппарат 100 ватттан өйдө көтөрүлбөй калыптыр. Үстүнө чыксам кабелди кыйып кетиптир. Кыйганда да бычак менен жонуп кыйбай, атайын эки жагын түптүз кылып кыйган экен.

Кабелдин бир учун билинбесин деп карга сайып коюп, үч метрдейин тоголоктоп ыргытып жиберген. Мен эки башын салыштырсам кыйылган жерлер дал келген жок. Демек кабелди ортосунан дагы кыйып кетишкен.

- Ошондо канча метр кабель кыйылган?

-Жалпысы 8 метрден ашык.

-Антенна өзү канча метр болот?

-Антеннанын өзүнүн бийиктиги 25 метр.

-Кабель да ошончо метр болобу?

-Кабелдин стандарты 35 метр болот. Эми кесилген кабелди кошууга болбойт. Анткени бул италиялык жабдык.

-Азыр акыбал кандай?

-Радио иштеген жок. Угармандар, аталар энелер чалып жатышат. Биздин радио аркылуу «Азаттык» уктурулчу, эмнеге «Азаттык» чыкпай калды деп чалышып, бизди атайын уктурбагандай жаман көрүшүүдө.

- Бул кабелдин кесилип кетишин кандай максатта болду деп ойлойсуз?Же бул кабелдин кимге зарылчылыгы бар эле?

-Бул кабелдин эч кимге зарылчылыгы деле жок. Тогуз жылдан бери турабыз, жашоочулар деле билет, үйдүн үстүнө чыгышып, кар күрөшүп, телефон тарткычтарды оңдоп турушат, эч ким тийчү эмес.

Эгер керек болсо ошондо эле кесип кетишмек. Бул саясый негизде болду деп ойлойм. Ошол маалда светке каршы митинг болуп жаткан. Дал ошол учурда жарык өчкөн жана ошондон пайдаланышты.

Эгер кескиси келген адам болсо түн ичинде кесмек да. Мисалы 8 метр кабелден эч кандай пайда чыкпайт. Негизгиси эл «Азаттыкты» укчу да.

- Ички иштер органдарынын кызматкерлери эмне дешти?

-Милициялар келишип, карашып, бул материалдык гана жоготуу деп коюшту. Бирок арызыбызды алды.
Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: томолок каяктан: нарын
01.03.2010 10:55
Азаттыка ким тийишсе да, туура эмес иш кылган. Антип добушту токтото албайт, аны бөлөк каналдардан деле укса болот. Бирок муну бийлик кылды деп жалаа жаба берген да туура эмес, табылгандан кийин айтсак болот, арабыздан эле бирөөбүз жазадык да.

кимден: Манас каяктан: Орусия
28.02.2010 01:23
Албетте уй-булолук башкаруу уй булолук бизнес темасына жалгыз Азаттыктын тиши отуп жатса аны бийлик очурбогондо оппозиция очурмок беле. Кабелди атайлап кыркып кетишкен болсо жогорутан корсотмо берилген. Ал тапшырманы соссуз эле Нарын облустун же шаардын бийлиги аткарбайт балким атайы акча толонгон адамдар тобу. Бирок баары бир бул учун бийлик тагыраак айтканда Бакиевдер жоопкер

кимден: Тенирберди каяктан: Нарын
27.02.2010 12:31
Бул эми бийликтин амалынын кете баштагандыгынын бир көрүнүшү. Нарынга губернатор болуп санаксыз адам иштеди. Биздин улуу муундагылар Сыдыковду "атың өчкүр" деп каргашчу. Ал партиянын токмогу менен элди тепкилеп. бир чабанды эмне үчүн козу өлөт, сенин балаң өлбөйт деп сөөмөй көрсөтө заарын чачканы эл оозунда айтылып жүрөт. Азыр Чекиев болсо ошондой башкарууну киргизгиси келип жатат. Эмне үчүн эл чогулганданда келген жоксуз деп театрдан сураганда, уялбай мен аны билген жокмун дебедиби. Айтор техникалык деректир айтмакчы кабелди күндүз атайын кыркып кеткенге шарт түзгөн.

кимден: ASKAT каяктан: BISHKEK
26.02.2010 17:56
EEEEE TUUGANDAR KAYDA BARBA MAMAYDIN KORU BOLUP KALDI. BUL JASALGAN ISH ADAMGERCHILIKKE SIYBAGAN NERSE. EMNE BOLOBUZ BIR KUDAY BILET. OZBEKSTAN JE TUKMENSTAN BOLUP KALDIK OKSHOIT ... ABDAN KEYISHTUU OKUYA BUL NERSE DEGEN...

кимден: Кыргыз каяктан: мигрант
26.02.2010 17:31
Бир миллион Кыргыз чет өлкөдө иштеп, "Азаттык" радиосун угуп жүрүшөт. Бул бийлик эч качан элдин үнүн, чындыктын үнүн токтото албайт. Орусиядагы 100 миңдеген мигранттар митингке чыкса, бул бийлик күч да колдоно албайт. Ага өз жеринде Путин уруксат бербейт.

кимден: bakyt каяктан: Stockholm
26.02.2010 16:24
Бул эми биздин бийликтин эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткендигинин белгиси.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)