Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:43

Кыргызстан

Жаштар бийликтин кырк пайызына ээ болгусу келет

Бүгүн Бишкекте Убактылуу өкмөт уюштурган жаштар форуму өттү. Бул иш-чарада жаштар мамлекеттик бийликтин түзүмү, жаштар саясаты, кадрдык маселелер өңдүү маселелер боюнча өз сунуштарын беришти.

Текст көлөмү - +
Өкмөт үйүндө жаштар форумуна 300гө жакын жаштар уюмдарынын лидерлери, өкүлдөрү чогулду. Иш-чарага Убактылуу өкмөттүн өкүлү, социалдык тармакты көзөмөлдөгөн Элмира Ибраимова, Эмгек, калкы иш менен камсыз кылуу жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова келген.

Эльмира Ибраимова
Чогулгандарга Э.Ибраимова чыгып сөз сүйлөп, бийлик жаштар менен кызматташууга даяр экенин айтып өттү.

-Жаштарга чындап көңүл бурууга убакыт-саат келди. Мына, 7-апрелдеги окуяларда жаштар окко учуп, башкалары жарадар болуп атса да эч коркпостон эски бийликти кетирди. Эми чогуу-чаран иштешип, күчтүү мамлекет түзүүгө аракет кылышыбыз зарыл. Биз силер үчүн ачыкпыз.

Э.Ибраимованын сөзүн залда отурган жаштардын айрымдары бөлүп, Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин келүүсүн талап кылды. Эгерде бийлик башында тургандар келбесе, жыйынга катышпайбыз деп сыртка чыгып кеткендер дагы болду. Мындан соң өкмөттүн аппарат башчысы Эмил Каптагаев чакырылып келип, чогулгандардын ой-мүдөөлөрүн башка бийлик жетекчилерине жеткирүүгө убада берген соң гана жыйын уланды.

Убактылуу өкмөткө суроо-сопкут, сунуштарын берүү үчүн жаштарга 3 мүнөттөн убакыт берилди. Чогулгандар бийлик бутактарынан жаштарга кырк пайыз орун берүү, Жогорку Кеңешке депутаттыкка 21 жаштан баштап ат салышууга мүмкүнчүлүк түзүү, өз бизнесин баштоого жаштарга шарт түзүп берүү сыяктуу сунуштарды жасады.

“Биздин кылым” жаштар уюмунун жетекчиси Чынар Айтбаева эң алгач социалдык-экономикалык абалды турукташтыруу зарылдыгын айтты:

-Социалдык-экономикалык абалды жолго койгон соң жаштарды иш менен камсыз кылууну ойлонуу керек. Ошондой эле жаштарды мамлекеттин эсебинен чет мамлекеттердин күчтүү окуу жайларында окутуу зарыл. Андан соң алар биздин мамлекет үчүн иштеп берсин.


Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев баары эле саясат, экономиканы сөз кылып атканына нааразы болуп, маданият тармагына дагы көңүл буруу зарылды тууралуу кеп салды:

-Мына биз экономиканы, туризмди онүктүрүү керек деп атабыз. Ал эми маданиятты унутуп салганбыз. Ошондуктан Манасты кытайлар талашат, тайганды өзбектер биздики дейт. Мындай болбошу үчүн маданиятты колго алалы.

Ошондой эле форумда Убактылуу өкмөттүн Жаштар иштери боюнча министрлик түзүү идеясы кызуу талкууга алынды. Ал министрликтин структурасы кандай болот, ага кимдер, кандай принциптер менен ишке алынат, министрлик кандай маселелерди чечээри тууралуу жаштар өз ойлорун ортого салды.

“Кебел” жаштар уюмунун башчысы Мирзат Ажиев мындай министрлик бир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан жаштар маселесин колго алууга өбөлгө түзөт деп ишенерин айтат:

-7-апрелден кийин кырдаал өзгөрдү. Жаштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып атат. Түзүлө турган Жаштар иштери боюнча министрлик мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жакшы иштеп берет деп ишенем.

Эгемендик алгандан бери жаштар ар кыл саясий оюндардын куралы катары колдонулуп, саясатка келүүгө мүмкүнчүлүк ала албай келгени көп айтылат. Апрель ыңкылабын дагы дээрлик жаштар жасаганын, "бийлик алмашууну ишке ашырдык, эми бизге да бийлик бергиле" деген жаштар бир топ кыймыл, уюмдарды түзгөн. Эми алардын дээрлик бардыгы кызмат берүү талабы менен чыккан соң Убактылуу өкмөт министрлик түзүү менен аларды алаксытып, жаш балага момпосуй берген сыяктуу сооротуп коюуну көздөп жатат дегендер жок эмес.

Алардын бири “Жаш ишкерлер кеңешинин” өкүлү Руслан Акматбек буларды айтат:

-Жаштар иштери боюнча министрлик орчундуу маселелерди чече албаган, жөн гана формалдуу орган болуп калабы деген бизде кооптонуу бар.

Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы Э.Каптагаев Жаштар иштери боюнча министрликтин курамын жаштар өздөрү акылдашып, түзүшү керек деп айтат.

-Канчалаган жаштар кыймылдары, ар кыл уюмдар бар. Мына, ошолордун өкүлдөрү кеңешип-таңашып туруп министрликтин курамын түзсүз. Бизге сунуш жасасын. Мына ушул туура болот.

Жыйын 7-апрелдеги кагылышууда каза тапкан замандаштардын арбактарына багыштап куран окуу менен аяктады. Жаштар форуму эртең дагы уланып, саясат, экономика, билим берүү өңдүү бир нече багыттар боюнча жаштардан түзүлгөн жумушчу топтор бүгүнкү сунуштар боюнча иштешет.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Женя каяктан: Ош
30.04.2010 11:54
Жаштар министирлиги түзүү маселеси туруктуу өкмат орногондон кийин чечилсе жакшы болот. Министирликтин кереги барбы же жокту терең ойлоно турган маселе. Ар бир министирликте жаш кадрларды даярдоо жана жаштар саясаты боюча иш алып барылуусу зарыл. Менин оюмча министирлигик түзүүнүн кереги жок.

кимден: Aika
30.04.2010 10:53
Форумга катышкан жаштардын көпчүлүгү 7-апрель күнү аянттагы митингке катышышкан жок да. Эми минтип, министр болгулары келип жатышат. Мисалы ошол Жаштар Коалициясына кирген "Улут энеси" кыймылы 7-апрелден кийин эле түзүлө калышыптыр, алардын колунда Уставы да жок азыркы учурда. Ушундан кийин Коалицияга мүчө болуп кирген кыймылдардын (же уюмдардын) канчоосун чыныгы иштеп жаткан кыймыл деп атоого болот?

кимден: Нурай каяктан: Бишкек
29.04.2010 12:04
Министр болгусу келген "жаштарга" айткым келет эле, а эмне учун министр, ал эми аппаратта катардагы адис болуп эмне учун баштагынар келбейт?Жегенге мумкунчулугу болбой калат да, ээ? Анын устуно жон эле адистин маянасы аз да, алар болсо алкымы чон экенин далилдеп жатышпайбы! Болуптур, деп кызматты берип, аппаратын дагы озуно окшошкондордон топтоп, жоопкерчиликти жуктоп коюп, андан бир айдан кийин эмне кылып кыйратарын сурасак болчудай. Кээ кезде ойлоп кетем, ушулар жетекчилик кылганды койдум, бир расмий кат жаза алышабы деп.

кимден: Жанузак каяктан: Ош
29.04.2010 01:17
Жанагы Кадрлар кызматы деген малекеттик "комокту" Утурумдук Окмоттун декрети менен жаап тышташ керек. Балакеттин баарысы ошол базар аркылуу кызматтарды сатылышынан келип чыкты. Статс-секретарь деген кызмат Президент учун керек болгон нерсе болчу. Адегенде Акаевтин балдызынын мыйзамсыз кызмат соодасын легалдаштыруу амалы катары тузулгон, анан анын узурун Бакиевтин туугандары пайдаланып келишти. Бул кызмат аркылуу бир да акылдуу жан жумушка чыныгы конкурстук негизде келген жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.04.2010 00:25
Мен деле 7апрельде Бишкектеги окуяларга катышып келдим.Эми Форумдагы бизге бийлек бергиле деген создорго каршымын.Биринчи жолу тарыхта болуп жаткан окуя эмес,мисалы Прагадагы 68жылы окуяларда,Кытайдагы Таньаньмен аянтындагы окуяларда жаштар катышкан.Бул тарыхый закон ченемдуу нерсе-жаштар алдыда,революциялык куч,авангардда болот.Анан кокурокту чапкан мен эле мен деген туура эмес.БТРды айдаган жигитти эртеси эле бардыгыбыз таанып которуп, ыраазычылыктарыбызды айттыкко.Эл баатырларыбызды озу эле таанып,которуп алат.Министирликти кылган туура эмес дейм,комитет эле жетмек эле.Карьеристер чогулуп алышыптыр Форумда,баягы алдыда жургон жигиттердин бетин коргон жокмун.

кимден: zaki каяктан: ankara
28.04.2010 16:25
salamatsyzdarby jashtardyn mintip toptolup biylikke chygaili degen oiloru jakshy. birok 21 jashtan ele ministir bolom degender tuura emes emnge degende ech bir olkodo mynday nerse jok anan sen kaysy taijirban menen al jerge kelesin.Tuura bizdi onukturoturgandan jashtar .jashtar kelip eski bashtar ketish kerek .jetet birok 21 jash emes biraz al jak bul jakta ishtegender taijirbasy bolgondor .jashtarda azyrtadan plandar proekter tuzup sunushtap .uyumdar uyushturup.taijira alyp anan areket kylsak jakshy bolmok.

кимден: Сейит каяктан: Туран
28.04.2010 15:41
Мен бийликке чыныгы профессионалдуу, тажрыйбалуу, патриот адамдардын келишин каалайм жашына карабай. Мамлекетти башкаруу илимий негизге таянып, адамзат тарабынан иштелип чыккан тажрыйбага таяныш керек. Кыргызстанда болуп аткан окуялардын баарысы жогоруда айтылган нерселерди такыр аткарбагандыктан келип чыгып атат. Кыргызстан колхоз эмес кой айдагандай, колхоз башкармаларынын деңгээли бизге такыр жарабайт. Ансыз деле четки, ички душмандар биздин ички ишке аралашканга колдорун чапкылап даярданып калышты. Ушундай кезде акылман саясатчыларыбызды, аскер адамдарыбыз, атайын кызматтагы адамдар өтө кыраан, этиет болушканы жакшы.

кимден: Aika
28.04.2010 15:32
Жаштар бийликке аткарган иши, топтогон тажрыйбасы, оргиналдуу идеялары аркылуу гана келе алат. Муну топтош учун канчалаган жумуш аткарып, моралдык жактан да, профессионалдуулук жактан да осуу керек. Жаштарды бийликке жолотпой коюу туура эмес, бирок аларды "искуственно" бийликке суйроп келуу андан да жаман деп эспетейм.

кимден: Болот каяктан: Бишкектен
28.04.2010 12:02
Жеке менин оюмча министсирликтин кереги жок, себеби ар бир тармакта ишти тура алып кете турган жаштар бар, же болбосо аларды тандоо эрежесин конкурстук негизди ачык айкын жургузуу керек. Ар бир жаш кыргыздын конкурска катышканга шарт тузулушу керек.
Мындай форум ото турган бологндон кийин Ибраимова Э., Мамырова Б., Каптагаев Э, убактылуу окмоттун башчыларынан да чакырса болмок, тиешелуу агентигиби же министир-би баарына малымат берип мамлекеттик денгээлде откорулсо жакшы болмок. 150-200дон турган жаштар чогулса эле министрлик тузуло берсе, эртенки кун эмне болот : Жаштарга кайрылар элем акыл токтотуп ишкылсанар.

кимден: Дымагы куч жаштар каяктан: унутулган ардагерлер
28.04.2010 10:33
Кече жаштардын форумун телевизордон кордум. Корбой эле койсом болмок экен деп аябай окундум. Себеби, бул форумга келген жаштардын дээрлик бардыгы бийликке умтулууда. Ой айланайын, 21 жаштан баштап депутат болсун деген сунуш чыкты. Толук абсурд. 21 деги балан университетти да бутуро элек, оз алдынча жашоосун кура элек сары ооз балапан да. Бир адам озун, уй-булосун толук бага ала турган денгээлге 30 жашта жетет. Ага чейин ата-энесинин эле колунда журбойбу. Бийлик бергиле дейт. Сенин кандай сапатын, эмне кылып койгонун, кандай сунушун, программан учун бийлик берет. Ошол эле Каптагаев, Текебаевдер 25 жаштарынан баштап коомдук-саясий иштерге аралашып, эми бийликке жетип отурбайбы. Революция кылдык дейт. Ошол форумга катышкандардын коп болсо 30 пайызы катышкан болсо керек. Биз деле журдук, бирок, барып мага кызмат бер дебей элебиз го. Биздин, жаштардын азыркы учурдагы милдетибиз - озубузду тарбиялоо, билим алуу, тажрыйба топтоо. Ошол эле форумга катышкандардын жургон-турганын карасанар, кочодогу шайкалардан айырмасы жок. Негизи, коомду, олкону улуулар-кичуулор кагылышы алдыга жылдырат. Себеби, жаштар улуулардын кылгандарын туура, жетишээрлик корбойт да мен мындай кылмакмын деп озунун сунушун киргизип, ошону менен олконун онугушуно салым кошот. Бирок, кечеки форумдагы жаштардын бироосунон да улуу муундун кылгандарына алтернативдуу ой-пикир, сунуш айтылган жок. Анткени, алар кыргыз жаштарынын бардыгы эмес. Болгону, бийликке умтулган дымагы куч жарандар. Дагы бир айта кетчу нерсе ушул окуялардын шарданында Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери унутулуп кетти. Биздин ушундай жашап жатканыбызга, кыргыз мамлекетинин болушуна ушул ардагерлердин эмгеги зор да. Бир эмес, мин Бакиевди кубалап чыкасан да Улуу ата мекендик согуштун женишинин тугуно да тутпойт. Ошондуктан, биздин милдетибиз улууларды унутпай, азыркы бийликке умтулбай келечектеги Кыргызстан учун озубузду даярдашыбыз керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)