Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:42

Маданият

К. Исаев: Кыргызга кыргызчылык, улутчулдук жетпей жатат

Философия илимдеринин доктору, профессор Кусейин Исаев Кыргызстанда кыргыз тилин мамлекеттик тил катары өнүктүрүүгө кыргызчылык, улутчулдук, мекенчилдик сезимдери жетишпей жатат деп эсептейт.

Профессор Кусеин Исаев
x
Профессор Кусеин Исаев
Текст көлөмү - +
- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мамлекеттин тил саясатын сындагандар да болууда, кыргыз тили коркунучта, абалы начар деп. Сиз буга кошуласызбы?

- Албетте, кыргыз тилинин бүгүнкү абалында бир топ эле жаңы жылыштар болду. Мисалы, жакында Жогорку Кеңеш чет элдик өкүлдөр менен сүйлөшүүлөр жана чет элдеги биздин дипломаттардын бардык сүйлөшүүлөрү мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн деген милдетти койду. Бул жакшы нерсе. Акыркы жылдарда Жээнбай Мукамбаев иштеп чыккан кыргыз тилинын диалектикалык сөздүгү жарыяланды. Бул дагы чоң көрүнүш.

Бирок булар өтө аздык кылат. Эркин мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз анчалык деңгээлде болбой жатканы өтө өкүнүчтүү. Тил - улуттун жаны, көркү, байлыгы. Кыргыздын эң улук дөөлөттөрү, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, дүйнө таанымы, философиясы мунун баардыгы тең кыргыз элинин эне тилинде сакталган болуучу.

Тилекке каршы, кыргыз элинин мурунку муундары ушулардын баарын муундан муунга ыйык таберик катары өткөрүп келген болчу. Бирок азыркы муундар ошонун толук деңгээлине жетише албай жатабыз. Бүгүнкү күнү биз моюнга алышыбыз керек, эне тилибиз илимдин, билимдин, мамлекетти башкаруунун, саясаттын тили болбой жаткандыгы өтө өкүнүчтүү.

- Кыргыз тилинин ушундай абалын оңдош үчүн эмне жетишпейт деп ойлойсуз, каражатпы, же саясий эркпи?

- Бул жерде эң башкысы улутчулдук, мекенчилдик, кыргызчылык жетишпей атат. Демек биз жаштарыбызды эне сүтүнөн баштап эне тилинде сүйлөгөнгө, кыргыз болууга, улутчул болууга начар тарбиялап жатабыз. Жетишерлик санда каражат бар, эң башкысы бардык жагын алганга мекендешчилик, улутчулдук жетишпей жатат.

-Кытайлашуу процесси дагы коомчулукта кооптондуруу жаратууда. Жакында эле кытай тили боюнча мектеп ачылды. Кытайлашуу процесси эне тилибиздин өнүгүшүнө кандай таасир тийгизет деп ойлойсуз?

- Албетте, канчалык көп тил билсең ошончолук сен маданияттуусуң, бийиксиң деген кыргыз элинин сөзү бар. Бирок кытайлаштыруу, америкалаштыруу, россиялаштыруу, арабдаштыруу өтө катуу жүрүп жатат. Биздин бүгүнкү жетекчилерибиз буларга стратегиялык маани берип, туура жолго кое албай жатканы өтө өкүнүчтүү.

Экинчи дагы бир маселе бар. Мына Кытайды, Япония, Түркияны алып көрүңүз, чоң-чоң мамлекеттерде чет элде жарыяланган жаңы илимий-социалдык-саясий-экономикалык адабияттар өз эне тилине которулат. Кыргыз тилине, тилекке каршы, кийинки кездерде эч кандай китеп которулбай калды.

Бизде Илим академиясы, толгон токой жогорку окуу жайлар турат, эмне үчүн биз ошолорду өз эне тилибизге которуп, элибизге, жаштарыбызга жайылтууга аракет кылбайбыз. Ошондой дагы бир нерсе бар, бизде бүгүн эмне көп, гезиттер көп ар кандай. Ал гезиттердин көпчүлүгү өзүлөрүнүн акча-акча деп, анан сексуалдык маселелер каралып атат.
 
Ал эми Бишкек шаары үчүн өзүнчө бир дагы гезит жок. Совет доорунда “Бишкек шамы” деген гезит бар эле, биз аябай кызыгып окучу элек. Эмне үчүн ошол гезитти кайра чыгарбайбыз.

- Рахмат чоң.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Көрөш каяктан: Түркия
24.02.2010 12:33
..."Эне тилин сүйбөгөн элин сүйүп, жерин сүйүп жаарытпайт!"
Кусейин агайдын айткандары туура, элибиздин улуттук аң сезими төмөн болуп, патриоттук жетишпей жатат. Бул өзгөчө жогорку даражадакы жетекчилерибизге тийешелүү. Ошолордун азбынан мамлекеттик тилибиздин келечеги балталанып жатат. Мунун эң негизги себеби өлкөбүздөгү кош тилдүүлүк. Кайнаса каныбыз кошулбаган орустардын тилин эмнеге мамлекеттик тил даражасында алып жүрөбүз алигиче жообу мына дал ушул элдин алдында жоопкерчилигин сезбеген жетекчилерде. Кыргыз тилин канчалык колдосок да бул мыйзамды өзгөртүп бир гана Кыргыз тилин расмий мамлекет тили катары колдонбосок башкалры түгүл өзүбүз унута баштайбыз. Учурда отурган бутагыбызды балталап жатабыз.
Ал эми окуу куралдарын, китептерди, илимий булактарды жана маданий маалыматтарды Кыргызчалоо боюнча бир эле илимдер академиясындакы тилчилер менен атаийын котормочуларды эмес жалпы элди колдонсок болот. Учурда чет өлкөлөрдө билим алып иштеп жаткан мыкты адистер көп, Кыргызстанда элеттен чыккан мыкты атуулдарыбыз бар, ар бири ар кайсыл тармактарда адис. Өкмөтүбүз жалпы элди котормого кызыктыра турган жана убакыт менен чектелбеген проект жүргүзүшү керек. Ошонун негизинде баары өздөрүнүн кызыккан тармагында маалыматтарды которуп турат, бул котормолоду атайын түзүлгөн тил комиссиясы талдап, тактап жанан толуктап басмага берип, баардык окуу жайларга жана китепканаларга таркатып турат.
Анан тилибиздин өнүгүшүн тизгиндеп көрүшсүн. Кандайча өнүгөөрүн эл өзү эле көрсөтө баштайт.

кимден: Гүлжигит каяктан: Москва
23.02.2010 23:01
Курманбек деген замандашыбыз өзү койгон суроосуна өзү жооп бериптир.Анткени Курманбек жана мен кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн эмне иш жасап койдук... ал өзү айтмакчы сын тагыш оңой, аны аткарыш,аткаруунун жолун табыш татаал маселе.К,Исаевич сиздин айтканыңызга толук кошулам,бүгүнкү күндө ушундай намыска тийип катуу айтуу ар бир эле элге эмгеги менен таанылып калган адамдын колунан келбей калдыго.Анткени жумурткадан кыр издеген бүгүнкү бийлик башчыларынан сен улутчулдукка/нацист/ барып, мамлекеттин саясатына каршы сүйлөп жатасың деп жоопкерчиликке тартса да таң калбай эле коюш керек.Аны Курманбек канчалык деңгээлде тушунот бул маселе анын логикасына байланыштуу... Менимче бул маселе качан гана өз мамлекетине,элине,күйгөн,улут деген эмне деген суроого жооп бере алган президент келгенде жолго тез эле коюлат.Бул бийликтин тушунда улуттук тил маселесине нерв коротуунун такыр кереги жок,Бийликтин максаты,ою кантип бийлигимди сактап кала алам деген кыска ойдон арыла албай жатат.

кимден: Курманбек каяктан: ош
23.02.2010 12:49
Сын айтуу оной нерсе К.Исаев озу кыргыз тили учун не жумуш жасады. Менин оюм боюнча бугун сын айтуучулар коп дагы,иш жасоочулар азайып бараткандай.Качан гана сын айткандар дагы бир аз иш жасаса тилибизда мамлекетибизда осот эле.

кимден: немис каяктан: Германия
22.02.2010 17:10
Улуу муундун, интелегенциянын окулу, проф. Кусейин Исаев даана патриоттун созун суйлоп атат деп ойлойм, бирок уйбулодогу мекенчилдике, улутчулдука тарбиялоо аздык кылат. Азыркы жаш муундар сырттан келген орусиялык, европалык, арабиялык ж.б. маалыматтардын ичинде камалып калууда. Азыркы кундо маалымат "курошундо" бул эбегейсиз чон курал. Кыргызстан маалымат "курошундо" аябай уттуруп атат, озгочо патриоттук, улутчулдук, мекенчилдик багытында. Бул маалымат курошундо уттурбаш учун, маселенин мамлекеттик денгээлде чечилиши ото зарыл.
Кыргызстанда азыркы жана келечектеги муундарды патриоттук жана мекенчилдик духта тарбилоо учун, атайын эффективтуу иштей турган, системалуу программаны ишке ашырыш керек. Бул программа бала бакчадан тартып жогорку бийликке чейин иштеши керек.
Ушул программанын скелетин тузуу учун, советтер союзу учурундагы системаны колдонсо деле болот, себеби ал убагында аябай эффективдуу иштечу. Мисалы, бала бакчада кыргыз тилинде, мекенчилдикке оюн турундо тарбиялоо, мектепте, башталгыч класстарда, октябрят деген бар болчу, 5 класстан баштап, пионер, 8 класстан баштап, комсомол, 18 жаштан баштап, коммунист болуу дегендер бар болчу. Ошол системанын ар бир баскычында, максаты, тапшырмалары, милдеттери, девизи, лозунгтары, ырлары, гимни ж.б. кучтуу, тарбиялоо ыкмалары бар болчу.
Ушул сыяктуу системаны, ыкмаларды, кыргыздын каада салтына, рухуна, мекенчилдигине, улутчулдугуна, патриоттуулугуна ылайыкташтырып тузсо болот жана аларды ишке эффективдуу ашырса болот деп катуу ишенем. Бул системаны эффективду ишке ашырууда мамлекеттик денгээлде ММК аркылу чон колдоо корсотулушу абзел.
Ушунун баарын ишке ашыруу учун дагы бир чон шарт керек. Ал кайсы шарт? Кыргызстандын президенти чыныгы элдик патриот болуш керек!!! Чыныгы элдик патриот бийликке келсе, бул системаны эффективтуу ишке ашырылышы боюнча, президенттин дайыма жана туруктуу козомолундо болуш керек.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)