Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Курултайга кимдер келатат?

07.02.2010
Кубат Чекиров

Кыргызстанда 23-мартта өтүүчү Ынтымак курултайына делегаттарды шайлоо өнөктүгү кызуусуна кирди. Курултайды уюштуруу комиссиясынын өкүлдөрү эл өзү ишенген татыктуу инсандарды делегат кылып тандап жатканын билдиришүүдө.

Ошол эле кезде курултайга делегат шайлоо жергиликтүү акимдердин тизмеси жана көрсөтмөсү боюнча болуп жатат деген сын көз караштар да айтылууда.

Бул жумада жер-жерлерде жашоочулардын жыйындары жана жамааттардын курултайлары өтүп, курултайга делегаттар көрсөтүлдү. Бишкек шаарындагы Биринчи май району боюнча жыйындар өткөрүлүп, баардыгы 114 талапкер тандалды. Алардын ичинде Дене-тарбия академиясынын ректору В. Л. Ким, Кыргыз Техникалык Университетинин ректору Мураталы Жаманбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унверситетинин профсоюз уюмунун төрагасы Бектуров Эрмек сыяктуу белгилүү инсандар бар.
 
Чыныгы саясатчылар, идеологдор, патриоттор өттү. Эл өзү тандап жатат.

Ч. Майтикова
Эми 11-февралда Бишкек шаарынын жалпы жыйыны өткөрүлүп, Ынтымак курултайына он делегат тандалып алынат. Курултайды уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, Бишкектин Биринчи май районунун жооптуу кызматкери Чынара Майтикованын айтымында тандалып алынган 114 адамдын ичинде ар кыл курактагы жана ар кыл кесиптеги адамдар бар, эл өзү сыйлаган жана ишенген инандарын шайлап жатат:

- 114 адамдын ичинде студенттер, пенсионерлер, кварталныйлар, үйдө бекер отурган адамдар да бар. Эл ичинде сөзү өтө турган барктуу адамдар өттү. Чыныгы саясатчылар, идеологдор, патриоттор өттү. Эл өзү тандап жатат.

Ошол эле учурда курултайга делегаттарды көрсөтүү жергиликтүү акимдердин көрсөтмөсү жана көзөмөлү астында болуп жатат, элдин сөзүн сүйлөй турган инсандар четте эле калды деген сын көз караштар да айтылууда. Бишкектин ушул эле Биринчи май районунун жашоочусу, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин жетекчиси, акын Бүбүайша Арстанбекова “эл өзү тандап жатат” деген билдирүү ооз көптүргөн сөз бойдон калып, иш жүзүндө акимчилик көрсөткөн адамдар курултайга делегат болуп көрсөтүлүп жатат деп нааразы болууда.

-  Эл өзү тандасын деген жөн эле сөз. Эл өзү тандабай эле ар бир акимчилик өзү жыйын өткөрүп, "баягынын таягын" тандап атышат. Кана чакыргандары. Эл үчүн күйгөн менчелик болот, ак жоолукчан айымдарды уюштуруп окко көкүрөгүмдү тоскомун,-дейт Бүбүайша Арстанбекова.

Эл өзү тандабай эле, ар бир акимчилик өзү жыйын өткөрүп, "баягынын таягын" тандап атышат.

Б. Арстанбекова
Бул жумада курултайга президенттик квота боюнча делегаттарды көрсөтүү да башталды. Коомдук жана ишкер уюмдар көркөм өнөр, маданият, илим, билим берүү, медицина ишмерлеринен, бизнес-жамааттардан, коомдук ишмерлерден, этно-маданий жамааттардын өкүлдөрүнөн талапкерлерди сунуш кылып, алардын ичинен 150 адамды курултайга делегат кылып президент өзү тандап алмакчы.

Кыргызстан Маданият ишмерлери ассамблеясынан 12 адам делегаттыкка талапкер катары көрсөтүлдү. Алардын ичинде Кыргыз эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Мырзабек Тойбаев, белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев сыяктуу белгилүү маданият ишмерлери бар.

Оппозициялык күчтөр Ынтымак курултайын ынтымактын эмес, бийликтин кошоматчыларынын жыйыны болот деп сындап келатат. Ошол эле учурда саясий оппозицияга жан тартып жүргөн бир катар жарандык уюмдар курултайга делегат шайлоо иш чарасынан сырткары калбай, бул ишке кошо аралашып жатканын билдирүүдө.

Демократия жана атуулдук коом үчүн” деп аталган бейөкмөт уюмдар ассоциациациясынын төрайымы Динара Ошурхаунова “Азаттыкка” берген маегинде? Ынтымак курултайы дежур чалдардын жыйынына айланып кетпеш үчүн, делегаттарды тандоо жыйындарына жарандык уюмдардын өкүлдөрү кошо катышып, аралашып, эл сөзүн сүйлөй турган адамдарды шайлоого аракет кылышы керек деп белгилеген.

Президент К. Бакиев улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында “Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө 21-январда Жарлык чыгарган. Курултай 23-мартка белгиленген. Ага баардыгы 750 делегат чакырылат, анын ичинде өлкөнүн администрациялык-аймактык бирдиктеринен – 545 делегат, чет өлкөдөгү эмгекчи- мигранттардан – 35 делегат, конфессиялык жамааттардан – 20 делегат, ошондой эле Президентин өзүнүн квотасы менен 150 делегат келиши керек.


"Азаттык" тасмасында: Ынтымак курултайы кимге ыңгайлуу?

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Тургунбай каяктан: Ош
10.02.2010 10:18
Оштун Акжол аттуу жигитке: шаардын турмушу менен кабар алууга өз алдынча да аркеттенип көр: Оштон көрсөтүүчү ТВ кабарларын кара! күн сайын аймактык Кеңештерде өтүп жаткан жыйындар тууралуу маалыматтар болуп жатат. 12-февралда ОКДТда чоң жыйын болот. Бул жерге келип өз ою-пикирлериңди айтсаң сенин оозуңду эч ким жаппайт. Өзүбүз да маалымат алууга бир аз кызыгып, аракеттенип коелу. Жатып алып кабарым жок дей берсек, кабар өзү Сизди издеп келбейт да. Мэрияда комиссия түзүлгөн. алардан кошумча маалымат алсаңыз болот.

кимден: немис каяктан: Германия
09.02.2010 05:43
Кыргызстанда акыркы жылдары саясат жагынан караганда, көптөгөн пикеттер, акциялар болду, кыргыз эли колунан келишинче оппозиция лидерлерин ээрчип, чоң үмүттөнүп, ушул кыргыз жерибизде коррупциялашкан бийлик кетип, адилеттүү, патриот бийлик келет, кыргыз жерибизге жыргал жашоо-турмуш орнойт деп колдоп жатышты. Акырында, ошол пикеттерден тажап да бүтүштү, себеби эч ийгиликтүү майнап чыккан жок, буларга кошумча болуп, бир топ мурдакы оппозициянын жетекчилери Бакиевке сатылып кетишти. Ушул сыяктуу ачуу мисалдар аз болгон жок. Бирок ошого карабастан, эл дагы эле келечектеги жакшы турмуштан үмүтүн үзгөн жок, үмүт акырында өлөт деген, чын окшойт. Кыргыз эли азыркы паракор бийликти кетириш үчүн күрөшкө даяр турушат деп ойлойм, себеби көпчүлүк эл жакыр турмушту башынан кечирип атат, коптөгөн кыргыздар чет өлкөлөрдө эптеп, басынганына карабай, жакшы турмушта жашаганга аракет кылып, иштеп да, окуп да жатышат. Ал эми азыркы наадан бийликте, кошоматчылардын заманы тулуп, алар манчырканып, май чайнап жыргап атышат, алардын көзүн май басып, өзүнүн жашоосун эле ойлоп, бүгүнкү күн менен жашап, Кыргызстандын келечегине балта чаап атышат. Ушундай адилетсиз турмушту, акыйкатсыз бийликти ким колдомок эле? Балким, кыргыз элинин атуулдук сезимине таасир эткен, күч кубат берген ураан-чакырыктар керекпи деп ойлойм. Мисалы, Жашасын Эркин Кыргызстан!, Биз Гүлдөп өнүккөн Кыргызстан үчүн! Жашасын Демократиялык Коом! Жашасын Кыргыз Тили! Биз Патриот, Адилеттүү Бийлик үчүн! деген сыяктуу. Балким, бул ураандар биринчи укканда, же окуганда өөн учурап, күлкүлүү да болуп сезилиши мүмкүн, бирок ошого карабастан, айта бериш керекпи, элдин аң сезимин көндүрүш керекпи, кандай дейсиңер?

кимден: Челнок каяктан: РФ
08.02.2010 23:03
Бушту патинке менен лактырган журналисттей, бизде да битта патриот чыгар бекен курултай учурунда.

кимден: Студент каяктан: РОССИЯ
08.02.2010 21:56
Надежда остается только на делегатов,избранных из мигрантов.Я надеюсь,что эти 35 делегаты не "испортились" и будут давать трезвую оценку происходящим событиям в Кыргызстане.Ведь,всем ясно,что данная власть ничем не отличается от предыдущей(если не хуже).Я должен сказать,что надежду возлагаю на мигрантов-и Вы сможете сказать правду,так как Вы независимы от гос.власти и неподкупны вышестоящим чиновникам.А насчет остальных делегатов-они "дежур чалдар"!
И мне очень обидно за, то что творится в моей Родине.

кимден: Карапайым каяктан: Курултай
08.02.2010 17:49
Элдин үзүлбөгөн үмүтү дагы деле курултайдан үмүт кылып, саясый партиялардан муниципалдык кызматчылардан дежур адамдардан барбаса нукура элдин арасынан, элге кызмат кылып жүргөн балдардан барып жакшы жыйынтык болот деп үмүт кылышты эле ал эми азыр болсо Кочкоратанын шаар жетекчилери бизге фамилияларды беришкен деп дүжүр адамдарды даярдап жатышат. Үмүт үзүлдү.

кимден: мирлан каяктан: сузак
08.02.2010 17:18
эми ушул кишилер ректор деректорлор бир сын айталбайт дүжүр курултай болору эми эле билинип калды

кимден: Akjol каяктан: Osh
08.02.2010 13:16
Делегаттарды шайлоо каерде жүрүп жатат? Мен Ошто жашайм бирок эч кандай жыйын же чогулуш болгон жок. Ош шаарына 7 делегат болот имиш, кантип аларды шайлап алабыз? Бюллетень менен шайлоо болобу, же кол көтөрүү болобу, иши кылса шайлоо болуш керек, ал үчүн шарт түзүлүш керек, элди чогултуш керек. Эртең каяктагы 7 кишини жөнөтүп жиберишет, бирок мен аларды шайлаган эмесмин менин пикиримди жана көпчүлүктүн пикирин алар айта албайт да.

кимден: Баки каяктан: Баткен
08.02.2010 11:36
Кыргызстанда айылдарда жыл сайын курултай өткөрүлөт, ошол курултайга ким келет, баягы-баягы дегендей дежурлар, азыр деле ошондой барат, бийликти өлгүчө мактап, чайын ичип кайтышат. бир маселе каралат, ал Бакиевдин жүргүзүп жаткан саясаты, аны да асманга көкөлөтүшүп, мактап, кудайга теңешет, бир конструктивдүү чечим деле кабыл ала алышпайт, кийинки бийлик кимге калуусу керектигин айтып чыгышып, урматтуу К. Бакиев сиз эле болуңуз деген сөздөр айтылат, ал да болбосо бийликти менчиктештирүүгө киришишет, кичи уулуна, МАКСка, ушул.

кимден: Anarbek каяктан: Korea
08.02.2010 04:57
Men oiloimun kurultaidy tuura oiloshkon, jalpy eldin dagy oi pikirin dagy bilish kerek.

кимден: кыргыз патриот каяктан: АКШ
07.02.2010 23:39
эмне үчүн нейтралдык көз карашты билдирип жатасыңар? Ошол келечаткат курултай Биздин Президентке бетке эле айтпайсыңарбы: Эмне үчүн баласы Максин Мамлекеттик кызматта, Эсиңерде би 2005 Айдар Акаеке каршы чыкканыңарды, эмне үчүн Жаныш Бакиев кызматта эмне үчүн конституцияны бузуп жатат, эмне үчүн Түңдүк электрону сатып салды....биз кыргызбыз бетке айтыш керекбиз!!!
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)