Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:49

Экономика

Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты иштеди

30-августта Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке кирди. Аны ишке киргизүү салтанатына катышкан президент Роза Отунбаева бул күн кыргыз гидроэнергетикасынын тарыхында бурулуш учур болгонун айтты.

Президент Роза Отунбаева баштаган расмий топ Камбар-Ата-2 ГЭСинде.
Текст көлөмү - +
ГЭСтин кубаттуулугу 360 МВт. Анын баардыгы үч агрегаты иштеши керек, ар бир агрегаттын кубаттуулугу 120 МВт.

ГЭС куруучулардын шаарчасында өткөн салтанаттуу митингде президент куруучуларга элдин жана өзүнүн атынан ыраазылык билдирип сөз сүйлөдү.

- Бул күн биздин атамекендик гидроэнергетиканын тарыхында бурулуш жана чечүүчү учур болуп саналат. Биринчи агрегаттын ишке кириши биздин республиканын эгемендик күнүн белгилөөнүн алдында элибизге өзгөчө кубанычтуу белек болуп саналат,-деди Р. Отунбаева.

Президент Р. Отунбаева өзүнүн сөзүндө Камбар-Ата 1 ГЭСи тууралуу да кеп козгоп, Өзбекстан тарап анын техникалык-экономикалык аныктамасын эл аралык экспертизадан өткөрүү керектигин айтып келатканын, аны Кыргызстан сөзсүз түрдө жасай турганын билдирди.

Иш-чарага энергетика министри Осмонбек Артыкбаев баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү, ГЭСтин куруучулары катышты. 

Камбар-Ата 2 ГЭСинин ишке киргизилген агрегаты экм жума сыноо режиминде иштеп, сыноодон өткөндөн кийин гана электр кубатын иштеп чыгара баштайт. ГЭСтин биринчи агрегаты жылына 500-600 млн киловат саат электр кубатын иштеп чыгышы керек. Камбар-Ата ГЭСин толук ишке киргизүү жылына 1,2 миллиард кубометр сууну үнөмдөгөнгө шарт түзөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Medet каяктан: Tuwtuk Korea
31.08.2010 10:09
eexe adamdar kyzyksynar emne ele talawasynar bul buturdu tigi buturdu dep, munu myna nakta karapaiym kyrgyz eli butkordu jaratkanybyz ozu ku4 kubat berdi ele myna owolordun araketi menen buttu anan tee tiakta turgan adamdardy butkordu desek jarawbaiytgo, albette alarbyn buyrugu bouyn4a a birok bizge, silerge okwogon ele karapaiym el buturdu

кимден: Kyrgyz каяктан: KG
31.08.2010 05:35
Bul menin jeke pikirim.Emne bolgon kundo da ges butuptur. Ges eldiki. Emgek eski biyliktiki (bakievdin komandasynyky). Otunbaievanyn bul emgekte eski biyliktin salymy zor ekendigine toktolboosu anyn profesionaldyk dengelin korsotup turat. Bakiev da otunbaieva da adamdardyn olumuno sebepker bolgon boidon taryhta kalgan symal kylgan emgekteri da taryhta kala beret. Ekoonun aiyrmasy bakievdin byvshyi bolgondugunda. P.S. Otunbaievaga suroo 1- K. Batyrov kantip kachyp ketti?

кимден: eldar каяктан: tr
31.08.2010 03:59
URMATTUU MEKENDESHTER, BIRINCHIDEN BAARINIZDARDI ERTENKI EGEMENDUULUK MAYRAMINIZDAR MENEN KUTTUKTAYM,,, KIRGIZ ELINE JERINE TINCHRIK, INTIMAK JANA IYGILIK ORNOSUN... EKINCHIDEN OLKOBUZDO BOLUP OTKON OKUYALARDAN KIYIN ELIBIZDIN MAANAYININ AZ DA BOLSO KOTORULUSHU UCHUN ABDAN ELE JAKSHI ISH BOLDU... ELIBIZGE KUT BOLSUN, JAKSHI KUNDOR JAKSHI JETISHKENDIKTER BOLO BERSIN... kim kurdu dep talashka tushkon mekendeshterime da aytaarim, 2007 jili primer bolup turganda A. Atambayev kolgo alip 300 mln karajat bolup berip oshol karajat menen bashtalgan. Oshol ubakta shayloo bolup Bakiyevdin partiyasi utup ketpedibi. Atambayevdin partiyasi utkanda dagi birtop jakshi ishterdin kubosu bolot belek... Bul kurulushka chinin aytsak Bakiyevdin ziyani gana tiydi, birinchi agregati otkon jildin 24. oktiyabrda ishke kirishi kerek ele aprel okuyalarinan kiyin bul kurulushka bolungon akchadan Bakiyev chon summadagi akchasin jep koygonduktan ushul kungo kaldi. Eger revolyutsiya bolbogondo bul kurulush butpoy toktop kalat bele kim bilet...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.08.2010 01:12
Канча ГЭС ибиз бар мына даагы ачылды!А эмнеге свет арзандабайт?

кимден: Рома каяктан: Карамык
31.08.2010 01:00
Бакиевдики деп ким айтып атат.
ГЭС элдики. эми кышында дагы токту очурсо уят.

кимден: Болот каяктан: МОСКВА
30.08.2010 23:24
Эн жакшы иш болду

кимден: кыргызбек каяктан: германия
30.08.2010 22:14
ГЕСтен тушкон акчалар каяка кетип жатат

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярскиден
30.08.2010 20:02
Уч агрегаттын бироо ишке кирип, экоо дагы калып калыптыр. Ал экоону ишке киргизиш учун Бакиевдей куу (акылдуу, кыйтыр) адам болуш керек. Данный момент андай адам жетиле элек. Андыктан Бакиев Курманбек Салиевичти алып келип, экоону ишке киргиздиресинер дагы, анан Бакиевди кубалап жибересенер. Ошентип уч агрегат чогу иштеп калат да.

кимден: Сардарбек каяктан: Туркия
30.08.2010 19:31
Урматтуу Мекендештерим!!!
кандай болгон кундо да ГЭС бутуп атат. Бардыгыныздарга акжолтой болсун ГЭСибиз. Кыргызстанга кызмат кылсын, озубузго буюрсун.
Эмгек Бакиевдики, Отунбаеваныкы дегендерге айтаарым: Бетеге кетип бек калат, бектер кетип эл калат. егендей алардын эмгеги деп айтыш туура эмес. Алар кетет, келет элдин акчасына курулду.

кимден: daniyar каяктан: italiya
30.08.2010 19:28
o el-jurt,kuttuktaym KAMBAR-ATA 2,insh ALLA ishtey bastady,pikir kylyp jatasynar BAKIEVDI,bashtagany bakievdin ubagy,bytyrgony OTUNBAEVALAR bolup jatbayby....kim jaman kim jakshy debeylik,bul mamlekettik jenish,bul GES menen dagy bir kadam aldyga baskanybyz,syiynolu elektr jarygyna ochpogongo!!!!!!
GEStin bashtashy bytyshy bul tyzdon tyz mamlekettin mildeti,BAKIEVDIN,OTUNBAEVANIN mildeti...biz iraazy bololu bytyshyno!!!!!
chynynda aytkanda eger 7-aprelde,BAKIEV kachyp ketpegende,revolucyany jenip alganda,GES bytkondon kiyin,any mencikteshtirip ozyno tartyp almak,oshondo koror elem svetke 3 jildan kiyin kancha toloor elener.....BAKIEV jakshy deysiner,mamleketke tyshkon akchany sorup albadyby,kancha kishi oo diynogo ketti...
munu unutpashybyz kerek,men da bar bolchumun 7-aprelde AK-IYDYN astynda....menin bolom jaradar bolgon,oz kozym menen kordym kancha kishi kaza bolgonun,jakshy prezident,kishi bolso!!!oz yktyiary menen ketip kalmak....kechirip koygula el jurtum dep...tuuraby?
oz elin atkan,uurdagan,kalp aytkan,sozyno turbagan,namysziz prezidentti kantip jaksy deybiz...oydo-tomondy karaylyk el-jurt.
bygyn syiynych KAMBAR-ATA bytty,kimdi jaman-jakshy debeylik...
elibizge-jeribizge paydasyn bersin KAMBAR-ATA GESi....
kuttuktaym KYRGYZSTAN....ITALIYAdan daniyar
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)