Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:44

Эркиндик

И. Карыпбеков: Журналисттин өлүмү - кооптондурган окуя

Кыргызстандын Президентинин Катчылыгынын өкүлү Илим Карыпбеков Алматыда каза болгон журналист Геннадий Павлюктун окуясына жана жалпы эле журналисттерге кол салуу аракеттери күчөп кеткенине өкүнүү жана кооптонуу билдирди.

Текст көлөмү - +
- Бүгүн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк Алматыда каза болду. Ал кесиптик ишмердиги үчүн киши колдуу болду деп атышат. Бул окуяга президент катчылыгы кандай комментарий бере алат?

- Бул боюнча азыр Казакстандын укук коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Ошонун жыйынтыгында, эгер киши колдуу болуп каза болгон болсо, ошол киши табылат деген биз да чоң үмүттөбүз жана бул нерсеге абдан кооптонуу менен карамакчыбыз.

- Соңку кезде журналисттерге кол салуу күчөп кетти. Мындай фактылардын көбүнүн эле бети ачылбай калып жатат, эмнеге?

- Туура айтасыздар, Кыргыз Республикасында акыркы кездерде журналисттерге, же болбосо ЖМКга каршы болгон күч көрсөтүү, ур-тепкилөөлөр көбөйүп кетип атат. Ошондуктан бул абдан өкүнүчтүү нерсе. Кыргыз Республикасында болуп аткан ушундай фактылар боюнча, менин билишимче, бүгүн укук коргоо органдары толук түрдө маалымат таркатышты. Азыр тарткатуу учурунда турушат. Эгерде ошону карап көрсөк, иш алып баруулар жүрүп жатат. Бардык эле учурда ийгиликтүү деп айтуудан алыспыз. Бирок ошентсе дагы укук коргоо органдары аракеттенип атат.

- Президент деле буга чейин журналисттерге карата бир катар чуулгандуу окуялардын иликтөө иштерин өз көзөмөлүнө алдым деген эле. Анан эмнеге эмдигиче натыйжа жок, сиз кандай ойлойсуз?

- Албетте, ал өз көзөмөлүнө алынган. Бул иш боюнча эле эмес, башка фактылардын бардыгын Президенттин Катчылыгы жана укук коргоо органдарынын жетекчилиги дайыма көзөмөлгө алып келет. Албетте, баардык эле учурда натыйжа жакшы деп айтыш кыйын. Азыр ошону изилдөө, иликтөө процесстери жүрүп атат. Бирок тилекке каршы баарынын изин табыш абдан кыйын да, буга ар кандай күчтөр, аракеттер керек. Бардык эле учурда бул жүз пайызга чечилип кетчү нерсе эмес.

- Айрым талдоочулар журналисттерге кол көтөргөндөрдү табуу, жазалоо иштеринде өлкө жетекчилиги тарабынан саясий эрк болбой жатат деп атышат. Сиз буга кошуласызбы?

- Жок, мен буга жалпысынан кошулбайм, саясий эрк бар. Эгерде Президенттин Катчылыгы Кыргыз Республикасында маалымат багытында саясат жүргүзө турган эң негизги орган болгондуктан, бул өтө маанилүү экендигин биз абдан жакшы түшүнүп билип турабыз. Ошондуктан ошол уруп-согуу көрсөткөн адамдардын табылышына биз дагы абдан чоң кызыкдарбыз.

- Өтүп бара жаткан 2009-жыл сөз эркиндиги, ММКнын абалы боюнча кандай жыл болду деп ойлойсуз. Мына жыл да жыйынтыкталып калды?

- Өтө деле кескин түрдө же мыйзамда, же системада өзгөрүүлөр болгон жок. Бирок ошол өзгөрүүлөргө башат, бир кадам шилтенди деп айтып кетмекчимин. Себеби бул биринчи кезекте, теле жана радио берүүгө болгон багытта, ошону башкаруу мыйзамына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү демилгеси көтөрүлгөндүгү деп ойлойм.

Эми 2010-жылда буюрса бул багытта заманбап талаптарга жооп бере турган өзгөрүү, толуктоолор киргизилет деген ишеничтемин
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ШамАй каяктан: Астана
11.01.2010 19:36
Эч кандай таландыга калбай эле ээн-эркин, ташка тамга баскандай так суйлоп, канчалаган журналистердин сообуна калып, соттошуулардын "согун" чыгарып жургон Илим иним таарынба. Сенин итиң чоп жебаткан жери жок, бул бийлике аралашканың келечегиңе балта гана эмес барскан чапканың.

кимден: Путинбек каяктан: Москва
28.12.2009 00:33
Илим да эми чоң карьера кылам, топ-менеджер, башчы болом деген ой менен жүрөт да! Бирок деңгээли анча деле эмес, Илимден өткөн балдар-кыздарды көп көрөм чет жерлерде. Ошолордо үмүтүм чоң.

кимден: Тоо гулу каяктан: Нарын
26.12.2009 19:44
Нарындын жигити аркы ойузго откондо озгорупсунго. Азыркы бийлик аябай акылдуу экен Манаста айтылгандай кебез менен мууздап жатат го бизди. Кебездер Илим, Султан Жумагулов. Алтын саатты акташ керек да эми. Бирок ким билет макул болбосон азыркы жумушка Павлюктай бир жерден табылмаксын да ээ. Тандоо ар дайым бар адамда.

кимден: тилек
24.12.2009 12:29
Илим карыпбеков ак үйгө барганы аябай өзгөрдү. бул бала мурда телевизордон сүйлөсө абдан тың, сабаттуу деп түшүнөт элек. ак үйгө келгени адамдар менен учурашпай калды. көрсө, мансап үчүн жанын бере тургандардан экен. "камера киши" деп койсо болчудай. жалаң эле камеранын алдынан кетпей, өзүн кыйын көрсөтүп, кооздонгонду жактырат экен. анан калса барган эле жеринде өзүн президенттин эң жакын кишиси, пресс секретарымын деп тааныштырат экен. биз билгенден пресс секретарь небак жоюлбады беле.

кимден: Камил каяктан: АКШ
24.12.2009 03:10
Бул Илим деген баланын апасы Жогорку сотто. Анан апасы экөотынч жашайлы деп чечишкен го сыягы. Онтолоп сүйлөй албай жаман болуптур бала. Боорум ооруду. Акүйдөн кетип эле калсаңчы. Сендейлерге эл аралык уюмдардан деле тынч жакшы жумуш табылат.

кимден: Барпы каяктан: Маскоо
23.12.2009 00:41
Илим сени тааныбай калдым.Эмне болду?Аттин!...

кимден: Айгул каяктан: Бишкек
22.12.2009 23:56
Илим, сен коп онтолоп кыйналбай Акуйдон кетип калсанчы, абииринди, келечегинди булгабай.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)