Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:41

Саясат

Э. Каптагаев: Ынтымак курултайына кошоматчылар гана чакырылат

БЭКтин төрагасынын орун басары Эмил Каптагаев Президент К. Бакиев чакырып жаткан Ынтымак Курултайы коомдогу ынтымактын курултайы болоруна ишенбейт. Анын айтымында, бул курултайга бийликтин айтканын эки дебей колдоп келаткан кошоматчылар гана чакырылат.

Текст көлөмү - +
- Эмиль мырза, президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын элине телекайрылуу жолдоду, анда ынтымак курултайына чакыруу маселесин айтты. Ушул президенттин кайрылуусуна сиздин көз карашыңыз кандай?

- Бул Ынтымак курултайы деп айтылганы менен түзүү формуласына караганда кадимки эле жылына 2-3 жолу өткөрүлүп аткан, президенттин айтканын айткандай колдогон активдин эле жыйналышы болот. Анткени айыл өкмөттөн бирден киши, Бишкектен 10 киши, Оштон 8 киши, 150 кишини өзүм аныктайм деп атпайбы. 20ны диний уюмдарга бериптир. Азыркы жүрүп аткан саясатка карата өз алдынча ою бар кишилер бул курултайга келбейт, киргизилбейт.

Ошол себептүү бул курултай эч кандай коомдогу ынтымактын курултайы болбойт. Экинчи жагы мени таң калдырганы - Кыргызстан калк ассамблеясына кирген отуздай этникалык топтордун өкүлдөрү унутта калыптыр, негизи президенттер аларды унутпай бир колтугуна кыстара жүрчү эле. Ошол улуттун өкүлдөрүнө бирден орун берип койсо болмок. Алардын деле лидерлери президенттин айтканын айткандай колдоп келатышпайбы. Ошондо менин оюмча азыркы бийликти толук колдой турган жыйналыш болот деп ойлойм.

- Эмиль мырза, президент өзүнүн кайрылуусунда бизге демократия түспөлүндөгү декоративдик орган керек эмес деп айтты. Ушул айтканына кандай баа бересиз?

- Дегеле биздин коомдогу түзүлүш, жалпы мамлекетте азыркы абал демократия түспөлүндөгү абал болуп атпайбы. Айтканы демократия, жасаганы тоталитардык диктатура болуп атат. Айтканы жакшылык, жасаганы кишилерди соттоп, сабап, өлтүрүп атат. Мына ушул эки ачакей саясат болуп, чынында демократия түспөлүндө жалпы саясат ошондой болуп аткандан кийин майда-чүйдө нерсенин кереги жок деп айтып атканы, балким, туурадыр ага.

- Ынтымак курултайына эл-жер деп күйгөн жалын жүрөк азаматтарды, журтуна кадыры өткөн акылкөй карыяларды шайласаңыздар деп өтүнөм деди. Балким ушул Ынтымак курултайынан кийин ынтымак күчөр?

- Ошол кирген кишилердин атын азыр деле четинен чыгарып айтып берсе болот. Ал баягы гезитке, телеге чыга калып, "мен бул жактамын, колдойм, Курманбек Салиевич мени көрбөй атасыз" деп жүргөн эле кыргыздын чалдары кирет, башка эч ким кирбейт.

- Рахмат маегиңизге.


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: кылым каяктан: москва
22.01.2010 02:39
Кайрылууда өтө сонун сөздөр камтылыптыр,чын дилден кошулсаңыз,үй-бүлөңүз менен бийликти тапшырып берсеңиз,ошол сиз айткандын бары аткарылмак улуу урматтуу президент.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)