Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:37

Кыргызстан

Р.Отунбаева: Жаңы өкмөт жаңы Конституциядан баштайт

Кыргызстанда Д. Үсөновдун өкмөтү кызматтан кетти, парламент таратылды. Эми президенттин катчылыгы жана башка структуралары да жоюлат. Бийликти колго алган оппозициянын убактылуу өкмөтү бир эле учурда президенттин, парламенттин жана өкмөттүн милдетин аткармакчы. Жаңы өкмөттүн алдында турган милдеттер жөнүндө убактылуу өкмөттүн башчысы, Элдик Курултайдын Борбордук Аткаруу Комитетинин төрайымы Роза Отунбаева "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

Р.Отунбаева "Азаттыкты" коргоо пикетинде, 15-март 2010-жыл
Текст көлөмү - +
- Роза айым кечээ убактылуу өкмөт түзүлдү. Мына ушул жаңы өкмөттүн иш аракеттерине токтоло кетсеңиз?

-Бул өкмөт керектүү сандагы адамдардан түзүлөт. Биз убактылуу өкмөт деген президент дагы, парламент, өкмөттүн дагы мына ушул үчөөнүн тең бириктирилген ролун аткарып атабыз. Өлкөдө бийликти көзөмөлдү колго алып жатабыз. Бул ишти негизги төрт багытта алып кетебиз. Мен убактылуу өкмөттүн башчысы катары менде төрт орун басар дайындалды.

Биринчи орун басар болуп Алмаз Атамбаев экономикалык маселелердин баарын карайт. Андан кийин Темир Сариев финансы кредит маселелерин тейлейт. Өмүрбек Текебаев конституциялык реформа маселелерин, жаңыча башкаруу тарабын карайт. Азимбек Бекназаров болсо сот-прокуратура, финансылык полициянын маселелерин караган орун басар болуп дайындалды.

Булардын карамагында министрлер иштешет. Баягы классикалык өкмөттөгүдөй болбойт. Биз жарым жыл иштей турган убактылуу өкмөт болуп жатабыз. Ушул жарым жылдын ичинде биз жаңы турмушка база түзүп беришибиз керек. Эң эле биринчи биз Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Ошондой эле жаңы шайлоолорго база түзүп беришибиз керек?

- Отун-сууга тариф маселеси дагы иш пландарыңыздарда каралганбы?

-Мына ушул жарым жылдын ичинде эң жогорку приоритеттердин бири биз бүгүндөн баштап эле азыркы убактылуу өкмөттүн декреттери болуп саналат. Булар сатылган мүлктү ордуна алып келүү. Отун-сууга тарифтерди ордуна алып келүү. Мына ушул сыяктуу маселелердин баарын биз бүгүндөн баштап жасайбыз.

- Кечээги бийликтин огунан алтымыш адамдын курман болгону жана беш жүздөн ашуун адамдын жаракат алганы боюнча кылмыш иши козголдубу. Ага ким жооп берет?

-Менин маалыматым боюнча кыркка жакын адамдар набыт болушту. Ошондой эле 300дүн тегерегинде адамдар жаракат алып ооруканаларда. Бул боюнча атайын комиссия түзүлөт. Алардын ар бирин биз бүгүн тактайбыз. Бейкүнөө шейит кеткендердин азасын күтүп, айла жок маркумдарды акыркы сапарга узатабыз. Буга убактылуу өкмөт өзгөчө көңүл бурат. Бул трагедияга жооптуулардын баарына мыйзамдын чегинде катуу чара көрүлөт. Кечээ кечке чейин Ак үйдүн үстүндө снайперлер атып атты. Мына ушулардын барын сурайбыз. Аларды биз эч жакка жиберген жокбуз. Биздин колубузда.

- Роза айым президенттик жана парламенттик шайлоо кайсы айга болжолдонуп жатат?

-Бул убактылуу өкмөттүн эң негизги маселеринин бири. Мына ушул жарым жылдын ичинде Конституциянын бир вариантына бардыгыбыз макул болушубуз керек. Ошондой эле шайлоого мыкты база түзгөнгө үлгүрүшүбүз керек.

- Рахмат маегиңизге
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз Жаш Патриоттору каяктан: Бишкек
11.04.2010 13:54
Роза Исаковна!
Биз Сизге гана ишенебиз.
79 КЫРГЫЗ БААТЫРЛАРЫНЫН жаткан жерлери жайлуу болсун, жандары бейиштен орун алсын.
Канкорлор Кудайдан оз энчисин алат деп толук ишенем.
Биздин сунуштар:
1) Ала-Тоо аянтын Эркиндик аянты деп атап, Жаны Эркиндик монументин орнотуп (эски адам эмес же куш эмес аялдын ордуна), 79 курман болгон БААТЫРЛАРЫБЫЗДЫН ысымдарын АЛТЫН тамгалар менен жазып түбөлүккө калтыруу.
2) Жаны Конституцияны кыргызча жазып, жалпы Элдин алдында талкуулап, бардык саясий кучтордун, коомдун, аксакалдардын, энелердин, озгочо жаштардын ойлорун угуу менен 2 же 3 вариантын иштеп чыгып, референдум аркылуу кабыл алуу (жаны шайлоо кодексинин дагы 2-3 варианты менен)
3) Биз билебиз Эл Президенттик бийликтен жадап бутуп ошондуктан Парламенттик башкаруу керек деп жатышат. Биздин оюбузча кичинекей мамлекетке мейли Парламенттик, Президенттик, Президенттик-Парламенттик, Парламенттик-Президенттик башкаруу формасын тандап албайлы, эгер шайланган Президент же Парламент мучолору абийирдуу, ыймандуу болбосо олкобуз эч качан онукпойт. Себеби кыргызыбыздын канында тууганчылык деген нерсе кылымдардан бери жашап келет жана андан бир кундо кутулуш мумкун эмес.
Ошондуктан кыргыз элине кайрылабыз 5 млн. элге 90 Президент керекпи. Кыргыз элинин алдында жоопкерчиликти 90 дун кимисинен сурайбыз? Жалгыздаган Акаев жана Бакиев бийлигин аран кулатсак 90 Президентти кантип кулатабыз? (Кудай анын жузун нары кылсын).
4) Кыргызстандан жалгыз гана ЭЛ БИЙЛИГИ жана анын тен салмактуу 2 бутагын сунуштайбыз: Кучтуу Президент=Кучтуу Парламент.
5) Кийинки Президентти Кыргыз Эл Президенти деп, Парламентти Кыргыз Эл Кенеши деп атоону сунуштайбыз.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
09.04.2010 12:29
Менин оюмча Кыргызстандын кийинки чыныгы ЭЛ шайлаган Президенти элдин алдында ант берип,ишке киришээрде,
Президенттин иш болмосун арчадан кобуроок узуп келип,жакшылап АЛАСТАП,жаман энергияны, ШАЙТАНДАРДЫ тутундоп кууп чыгып туруп,анан иш баштасынчы.Антпесе ал болмодо ЧОН ШАЙТАН бар окшойт,кирген киши ШАЙТАНГА айланып кетип жатат.
Бул тамаша эмес ЧЫНДЫК!

кимден: атымды айталбам каяктан: Бишкек
09.04.2010 03:17
оппозиция и Роза Отунбайева кайсыл жака эле элди башкарып жатасынар? пока Бакиев кетелек э ким эч нерсе кылалбайт,, оппозиция силер кылдынар акмактар.. тушунгон эмессинер тушунбойсунор да эч нерсени.. коралбадынар президентти.. силердин аранарда жок все равно достойных президенттике Отунбаева болсо эле ыйратмак беле .. аял киши башкарса в жизни онукпойбуз

кимден: Elvira Chekirova каяктан: Evropa
08.04.2010 20:57
Beilik,kyrygyz karapaim kalky ychyn janyn ,kanyn berip kyzmat kylganyn korgon emesmin...
Eki,ekiden ele ak yido sogushup jatkandary,eldin problemasy emes,kreslonun problemasyn chechishe albai jytkany achyk ele korynyp turat.Elde jumush jok bolso,bekerchiler kop bolot,anan akyry kelip elderdi ortogo salasynar,el beilikti alyp beret,kreslonu algandan keien,eldin jashoosun oilkogon kishi jok...Ak yi,Ak yidoi korynboi,Yplas yigo ailanyp bara jatat...

кимден: Kyrgyzmin
08.04.2010 20:21
http://www.echo.msk.ru/programs/beseda/670374-echo/

кимден: Kyrgyzmin
08.04.2010 20:17
BAKIEV SUYLOP JATAT:
http://www.echo.msk.ru/programs/beseda/670374-echo/

кимден: Тилек каяктан: Германия
08.04.2010 20:13

Биринчиден, олкодо эл учун иштеген система тузулушу керек, бул туура, бирок ошол тузулгон ситеманы бийликке келген президент бузуп атпайбы, мисалы, Бакиев кылган аракеттери сыяктуу. Ошон учун ЧЫНЫГЫ эл учун-жер учун иштеген президенттин келиши да манилуу, ан учун элди президентти шайлоо учурунда туура ойлонуп, таза сезим менен добушун беруусу жонундо тушундуруу иш-аракеттерин жасоо ото зарыл. Президент болом дегендердин кимиси чынчыл экенин талдоо эл учун ото кыйын маселе (себеби копчулук учурда эл бал тилдуу талапкерге алданып калышат), себеби Президенттике талапкерлер баары эле укмуштун баарын жасайм деп убаданы катуу беришет, бирок максатына жетип, бийликке келгенден кийин аткарышпайт, унутуп калышат. Ушундай ачуу тажрыйбаны, эл 20 жылдык эгемендуулук алгандан бери коруп, башынан кечирип, азабын тартып келе жатат. Кантип жаны, чынчыл, патиот Президентти тандайбыз жана шайлайбыз??? Менин пикиримде, деги эле кандай кана жетекчини бир башкармалыкка шайлаганда, анын мурдатан бери жасап жургон иштеринен баамдап, турмуштук жана адистик тажрыйбасына, журум турумуна карап, чынчылдыгына, патриоттуулугуна, мекенчилдигине, жетекчилик жондомдуулугуно жана эн негизгиси адамкерчилигине карап шайлашат деп ойлойм. Ушул айтылган сапаттарды эсепке алып добуш берсек, жаны Президентибиздин эл учун иштерине жанылышпайт болушубуз керек деп ойлойм.

кимден: кубаныч каяктан: москва
08.04.2010 20:12
коюлган максат,пландар орундуу десек болот.6 ай убакыт ичинде мамлекет кандай акыбылда кандай статус менен өмур сүрөт.Эң биринчиден коргоо коопсуздук,ички иштер мнистирликтерин тезинен ишке салыш чараларын жөнгө салыш керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: КАНАДА
08.04.2010 20:11
Мен азыркы жаңы башчыларга кайрылат элем.Мурунку коргоо министири агабыз.И.Исаковко ордун тез арада кайтарып берсе жакшы болмок .Себеби.Өзбектер Кытай жана башкалар биздин жерди басып жатат. Азыркы учурда, чек ара масалесида, өтө оор болуп жатат Бугунку кундон пайдаланып дагы ар тараптан эмнелерди кылып жатат Алла билет.Ошондуктан.И.Исаков озунун ишин билет кандай кылышты баарын өз ордуна коймок Ансызда канча жерлер сатылды, жана жонгана тосуп алышты.Аларды кайтарыш керек

кимден: SMIT KG каяктан: Sout Korey
08.04.2010 19:45
Бийлик менен Оппозиция: бийлик үчүн карапайым элди пайдаланып бийлик талашкандан чарчабайт екенсиңер да,Ошого каржылаган акчаңарды каяактан таап жатасыңар? Ошондон көрө ынтымак кылып Кыргызстанды өнүктүргөнгө жумшасаңр жакшы болмок. Бийлике келип алып баарын сатып тоноп атасынар,

Бакиев карапайым элге ок аткандыгы үчүн - оппозиция элди пикет,митинкке үгүтөп набыт кылгандыгыңар үчүн тийиштүү жерге жооп беришиңер керек,
Ажо болгуча Мен эл үчүн иштейм мен элди жыргатам дейсиңер ,болгондон кийин Эл есиңерден чыгат да ( мен чөнтөгүмө иштейм ) болуп калат,Эл и так өзүн багып жатат силерсиз еле.башка мамлекеттерге чыгып иштешип,
Элдерге айтарым *бетеге катып бел калат-Бектер кетип эл калат* дегендей Оппозициянын ичинде да АЖОго татыктуусу жок деп ойлойм. Кудай сактасын эми (үчүнчү Акаев,экинчи Бакиевтен,) үчүнчү Акаев,экинчи Бакиевтен дегеним АЖОго Татыктуусу болсун,
Жалпы 8 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине