Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

Айтматов ааламы Шекер айылынан башталат


Таласта Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени Шекер айылында залкар жазуучуну эскерүү салтанаты өткөрүлдү. Залкардын жердештери атактуу жазуучунун эстелиги Бишкектин көрүнүктүү жерине коюлбай, анын атын аздектеп даңазалап туруу милдетин аткарууга мамлекеттик деңгээлде татыктуу көңүл бурулбай жатканына нааразы болушууда.


Айтматов чыгармаларында жашап жатат


Шекер айылындагы чакан клубдун сахнасында ак бешиктин ичине Айтматовдун жазган китептери, чыгармалары коюлуп, Талас драма театрынын чыгармачыл жамааты жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахнада ойноп көрсөтүштү.

Залкар жазуучунун “Эрте жазда турналар” чыгармасындагы Мырзагүл менен Султанмураттын образы, “Ак кеме” чыгармасындагы Нургазынын, “Кылым карыткан бир күн” чыгармасындагы Найман Эне менен баласы Жоломандын образдары сахнада аткарылып, 400гө жакын көрүүчүлөрдүн көздөрүнө жаш толтуруп жатты.

Залкардын жаңырган музейи

Бул эскерүү майрамына Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев катышып, клубдун экинчи кабатындагы Чыңгыз Айтматовдун музейине кыргыздын тоолору тартылган сүрөттү тапшырды.

Аталган музей Чыңгыз Айтматовдун элүү жылдыгына карата 80-жылдардын аягында ачылган. Ошол жылдан бери музей каралбай, быйыл атайын өкмөттүн токтомунун негизинде 1 миллион 150 миң сомго капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Аталган музейге өздөрүнүн белектерин Чынгыз Айтматовдун бир туугандары Роза Айтматова менен Ильгиз Айтматовдор да чыгып сөз сүйлөп, Чыңгыз Айтматов чагылдырылган колго тартылган сүрөттү музейге тапшырышты:

-Мага эң жаккан касиети эмгекчилдиги эле. Токтоп калбай алдыга жылып, мен белгилүү деңгээлге жеттим, мындан ары аракет кылбай деле жөн эле жашасам болот десе болмок. Бирок ал анткен жок, - дейт жазуучунун бир тууган карындашы Роза Айтматова.

Айтматовдун жердештери эмнеге нааразы?

Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков Өтмөк -Талас -Тараз жолуна Чыңгыз Айтматовдун ысымын берүү максатта аталган кан жолго жазуучунун аты жазылган белгилер коюлганын сүйүнчүлөдү.

Ошондой болсо да залкар жазуучунун жердештери Чыңгыз Айтматовдун мамлекеттик деңгээлде жакшылап баркталбай, аты облустук деңгээлде эле каралып жатканына нааразы болуп сөз сүйлөштү:

-Арбагын, өзүн сыйлап Бишкек шаарынын эң көрүнүктүү жерине эстелиги коюлсун. Экинчиси, Чыкеңдин арбагын сыйлап Бишкектеги эң негизги борбордук көчөлөрдүн бирине атын койсо, шаардагы төрт райондун бирөөнө атын койсо жаман болбойт эле, - деген сунушу менен Айтматовдун классташы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Сейтаалы Бекмамбетов бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.

Мындан тышкары, эскерүү майрамына келген конокторго Чынгыз Айтматовдун өмүр жолун баяндаган документалдык кино тасма да көрсөтүлдү. Ал кино тасмада чет мамлекеттердеги анын кесиптештери, достору жана анын 165 тилге которулган чыгармаларына баа берген серепчилер өздөрүнүн ойлорун айтышкан. Бул эскерүү майрамы облустук жана райондук администрация тарабынан уюштурулган.



"Азаттыктын" архивинен:


Залкарды эскерүү

Маркум Чыңгыз Айтматов Бишкекте эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00
XS
SM
MD
LG