Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:37

Кыргызстан

Д.Сарыгулов: Ынтымак курултайы - мыйзамда жок иш-чара

Коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Ынтымак курултайын кыргыздан тарыхын, салтын, наркын билбегендер ойлоп таап, уюштуруп жатат деп сынга алууда. Анын көз карашында бул курултай Конституцияда каралган эмес, ошол себептүү анын чечимдеринин баары мыйзамсыз болуп саналат.

Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы.
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: - Ынтымак курултайынын чакырылышы туурасында сиздин пикириңиз кандай? Негизинен бул демилге президент эмес, эл тарабынан көтөрүлүшү керек эле деген сөздөр да айтылып жатат?

Дастан Сарыгулов: - Элдик курултайдан өйдө бир дагы бийлик бутагы болгон эмес, тарыхта. Экинчиден, Элдик курултайдын укугу, эгерим, эч качан чектелген эмес. Үчүнчүдөн, анда чечимдер элдин наркына, салтына, адатына ылайык кабыл алынган. Ошондой эле Элдик курултайдын чечимдерин эл сыйлаган, урматтаган, ишенген адамдар кабыл алган соң, бул чечимдер кыйшаюсуз аткарылып келген.

Бийликке элдин ишеними азайган сайын курултайга көбүрөөк көңүл буруп келе жатышат. Бул тарыхый көрүнүш. Эгер ага ушунчалык көңүл бурулса, бааласа аны эмнеге Баш мыйзамга киргизип койсо болбойт деген да суроо туулат. Бул курултайдын чечимдери мыйзамсыз, себеби бул мыйзамда жок.

Экинчиден, бул курултайдын укугу чектелген. Болгону кеңеш гана берет. Ал эми ал кеңеш эске алынабы, жокпу ал башка маселе. Элдин тагдырына тиешелүү, өлкөнүн келечегине байланышкан маселенин баары Элдик курултайда эркин талкууга алынган. Бул азыркы чакырылып жаткан курултайдын кемчилиги деп калыс айтсак болот.

“Азаттык”: - Элдик курултайда делегаттар кандай шайланчу эле, азыр кандай шайланып жатат? Бул багытта да көп сөздөр айтылып жатпайбы?

Дастан Сарыгулов: - Элдик курултайга делегаттарды эл дайыма эркин шайлаган. Эң биринчи калыс, түз сүйлөп, бетке айткан адамды шайлаган. Азыр болсо, телеберүүлөрдөн, тасмадан да көрүп калып жатабыз, аким, губернатор же алардын орун басарлары жандап, кандайдыр бир деңгээлде тизмеге окшогон, буйрук берген учурларга окшоп жатат. Бул курултай эмес. Кыргыздын курултайы мындай шартта калыптанган эмес.

Азаттык”: - Президент өзү 150 кишини алып келе турганы айтылган. Ушул багытта кандай пикириңиз бар?

Дастан Сарыгулов: - Президент өзүнүн оюн жактаган, пикирин колдогон 150 делегатты дайындаса бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Калган 550 адамды эл эркин шайлаш керек эле да. Ошондо тең салмактуулук болмок. Хандын баланча өкүлү же бийдин, бектин баланча адамы келген деген тарыхта болгон эмес. Бул адилеттүүлүктөн алысырак алып кетчү ыкмалары болуп калган. Бул кыргыздын Элдик курултайына мүнөздүү көрүнүш эмес.

“Азаттык”: - Учурда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракеттери көрүлүп жатпайбы. Ынтымак курултайын чакыруунун бир себеби ушуга да байланыштуу эмеспи деген да ойлор айтылууда?

Дастан Сарыгулов: - Мен мындай пикирге кошулбайт элем. Анткени, Ынтымак курултайы майзамда жок, чоң күчкө да ээ болбойт. Тескерисинче, элдин бийликке ишеними азайып, басаңдаган сайын ошол ишенимди кайта калыбына келтирүү максатында көрүлгөн аракеттер го деген ой туулат.

Бирок биз бир тарыхый чындыкты айтып кетишибиз керек. Кыргызда эгерим “жогорку” же “төмөнкү”, “ынтымак” же “ынтымак эмес” курултай деп аталган эмес. Бул маңкурттардын ойлоп тапканы. Мунун баарын кыргыздын тарыхын, наркын, салтын билбегендер ойлоп таап жатат.

“Азаттык”: - Ушул эле арада оппозиция да өздөрүнүн курултайын өткөрөбүз деп жатышпайбы…

Дастан Сарыгулов: - Кыргыз эли бир болгондон кийин бир эле Элдик курултай өтсө жакшы болот эле. Бул кандайдыр бир элдин биримдигине доо кетирет деп ойлойм. Оппозиция өткөргөн курултайда мекен, улут, аны ыйык тутуп, туу кылып көтөрүү болбойт деп ишенем.

Ал деле өз тарапкерлерин чогултуп алып, калыс, адилет айтпай бир беткей, бир тараптуу сындоо менен чектелип калабы деп ойлойм. Бийлик да, оппозиция да өткөргөн курултайлар көп болду. Акаевдин доорунда бир нече курултай өттү.

Бирок элдин турмушу оңолбой жатпайбы. Ушул иштер курултайдын баркын түшүрүп коюп жатканына кейип отурам да. Бул кезектеги саясий чайкоочулуктун бир куралы катары гана таанылып атат. Буга жол бербешибиз керек эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: ai каяктан: Aurtria
14.02.2010 18:25
Дастан Сарыгулов: Men sizge tolugu menen koshulam, Bul otup jatkan Kurultai kyrgyz elin yntymaka chakyrbait dagy maseleler jon ele aitylyp kala beret, ishke ashbait.................... Jon ele eldi alaksytysh kerek tipa ishtep atabyz degen, echkandai tolk jok... :(

кимден: Тарыхчы каяктан: Бишкек
13.02.2010 23:36
Ээ, айланайын Арстанбек. Кыргыздар илгерки эмес бүгүнкү тарыхыбызды туура жаза албай мүдүрүлуп жыгылып жүрсөк, илгеркиге кантип ишенсе болот. Орустарды (алардын саясатын) менден ашык жаман көргөн киши жок болсо керек. А бирок алар (большевиктери) кыргызды тоодон айдап түшүп, үй салдырып, мектеп ачып, окутуп, иштетип күч менен экономиканы көтөрбөдүбү, аны тансак жарабас. Анан алардык күч менен курган идеологиясы 90-жылдары урап түшүп, азыркы жапайы бийлик пайда болбодубу. А илгери дегендин баары жомок. Жомок менен Сарыгулов акең экөөң алдыга жыла албайсыңар. Андан көрө, алдыга умтулуп, өнүгүп жаткан өлкөлөрдү жана элдерди карап, алардан бирдекени үйрөнүп, анан аракет жасай баштасак бирдеке чыгаар...

кимден: Арстанбек
13.02.2010 17:32
Урматтуу тарыхчы! Кыргыздар бийлерин орустун жардамы жок эле шайлап алышчу. Орустардан алыскы мезгилдерди алып карасаңар.Кагандаар убагын. Кыргыз мене казакты салыштырса, кыргызда бийлике каалаган адам шайланууга укугу бар болчу.казакта болсо ак сөөктөр жана кара сөөктөр деп акыркылардын андай укугу жок болчу

кимден: Самат каяктан: Бишкек
13.02.2010 10:52
Эгер чындап эле кыргыздар Курултай деген институтту киргизе турган болсок анда ал бейформалдуу, коомдун гана пикирин коомго жана бийликке билдире турган жыйналыш болуш керек. Андай жыйындарды ким кааласа өткөрө берсе болот. Ошол Курултайдын салмагын карап туруп бийлик же коом өзү үчүн жыйынтык чыгарат. А башка юридикалык нерселер үчүн парламент деген бар.

кимден: Тарыхчы каяктан: Бишкек
12.02.2010 23:47
Дастан акебиз артынан башканы көрбөй өтүп кетмей болду, чындыкты айтпай эле илгеркини идеалдаштырып ага азыркынын калпагын кийгизгиси келет.Тарыхты окусак,кыргызда шайлоо деген болбогондуктан, орустар келип, жерди-элди болуштукка (волость) болуп, шайлоо өткөргөндү үйрөткөн экен. Анда жазуу,кагаз деген жок, таш менен добуш бергени айтылат. Ошондо эле "кыкеңдер" аны да будамайлап ташты көбүрөөк салып ийген фактылары келтирилет. Курултайга келсек. Ормон "хан" Котмалдыга (азыркы Балыкчы) 40 боз үй тиктирип, Курултай чакырат. Шайлоосу жок эле түндүк кыргыздын эл башылары келишет. Бир жума тойлошот. Анан Ормондун жигиттери кыргыздар ушинтип чачырап жүрө бербей бир хандыкка бирикпейлиби деген маселе коет. Алты күн дуулдаган кыкеңдер колдоп чыгышат. А кимди көтөрөбүз хан кылып дегенде, коноктоп жаткан Ормон көрсөтүлөт. Аны ак кийизге көтөрүп, жалпы кыйкырык менен Хан шайлашат. Ураа, деп тарап кетишет. Мамлекет түзүүгө шарттар (салык,аскер, чек ара, борбор ...) болбогондон кийин, сөз ошо бойдон калып, уруу, уруу болуп жашоо улана берет, Кокон хандыгына жем болуп... Мен муну кыргызды жаман көргөнүмөн айткан жокмун, чындыкты жана тарыхты туура кабыл алсак, азыр да туура жол тапканга мүмкүнчүлүк болот. Дүйнө тарыхы тастыктаган парламент, сот, шайлоо... деген системаны бурмалаган азыркы бийлик Курултайды да бурмалап, балыкчыдагыдай (Котмалды) кылып делегаттарды ураалатып үйүнө жөнөтөт. Мындан өзгөрүү болбойт, кыргыз көчү терең жарды көздөй кете берет. Элдин көзү ачылып, багытын таап, алдыга умтулмайынча...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине