Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Журналисттер да, саясатчылар да сабалууда


Болот Жанузаков, "Кут" партиясынын лидери, мурдагы Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы.
Болот Жанузаков, "Кут" партиясынын лидери, мурдагы Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы.

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы, “Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаковду 9-декабрда кечинде үйүнүн кире беришинде белгисиз бирөөлөр сабап кетишти. 61 жаштагы саясатчы таяктан катуу жабыркап, ооруканага түштү. Бул кол салууну анын жакын туугандары саясий ишмердикти жазалоо, коркутуп-үркүтүү катары карап жатышат

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы ооруканада

Болот Жанузаков мырза учурда Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборунун травматология бөлүмүндө жатат. Аны 9-декабрда кечки саат сегиз чамасында өз үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр мурду, буту сынгыча сабап кетишкен.

61 жаштагы Болот Жанузаковдун учурдагы ден соолугу, ал-абалы тууралуу анын уулу Данияр Жанузаков “Азаттыкка” мындай деди:

- Атамдын абалы бир аз дурус болуп калды. Дарыгерлер сынган бутун гипске салышты. Мурдун тигишти. Башы жарылып, мээси чайкалган дешүүдө.

Бишкектеги Улуттук травматология борборунун жетекчисинин орун басары Рамис Үсөнбековдун айтуусунда, сабалган Болот Жанузаковдун буту кызыл ашыгынан сынган:

- Мындан тышкары мурдунун сөөгү талкаланып, баш мээси чайкалган. Учурда саясатчынын абалы орто. Реанимацияда эмес өзүнчө палатада жатат. Бардык дары-дармекти берип жатабыз. Бардык адистердин кароосунан өттү.

Кол салуу саясий максатта жасалган деген шек айтылууда

Болот Жанузаковдун иниси Канат Жанузаковдун айтымында, "Кут" партиясынын жетекчисине кол салуу саясий максатта жасалган, анткени кол салгандар анын жанындагы акчасына тийбей, курундагы кол телефонун гана алып кетишкен.

- Бул сабоонун себеби, Болот Жанузаковго мурунку президент Аскар Акаевди Чыңгыз Айтматовдун ашына чакыруу менен кайрылган таластык карыялардын келип, (ашка кел деп) өтүнүп кетүүсүнө байланыштуу болду. Сабаган адамдар Болот Жанузаковдун курундагы кол телефонун алып кетишкен. Бул саясый заказ, эскертүү акциясы деп түшүндүк. Кулак кесмей, бармак кесмей, ур-токмок, сабоо, камоо жана куугунттукка алуу менен азыркы бийлик элди коркутам дегени абдан чоң жаңылыштык.

Бириккен элдик кыймылдын штаб башчысы, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун пикиринде, Болот Жанузаков кийинки учурда саясый активдүүлүгүн көрсөткөн деле эмес, "ошондуктан анын сабалышын саясый ишмердүүлүгүнө байланыштырууга негиз жок".

Жанузаков азыркы бийликти сындаган учурлар бар

“Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаков 20-ноябрда “Азаттыкка” берген интервьюсунда учурдагы бийликти сынга алып, бийлик баш мыйзамды бузуп жаткандыгын баса белгилеген.

- Кийинки өзгөрүүлөрдү реформа деп катуу айтып жатышат. Бирок менен оюмча бул аракет реформа эмес. Министрликтер жоюлуп, биринин ордуна экинчиси ордун гана которуп, Кыргызстандын мыйзамдары бузулуп жатат,-деп сындаган Болот Жанузаков.

Болот Жанузаков 2005-жылы 24-марттагы “Жоогазын ыңкылабы” атка конгон окуялардын маалында Аскар Акаевдин бийлигине каршы нааразылык чарасына чыккандар тарабынан токмоктолгон.

Кийинчерээк ал “Кут” саясий партиясын негиздеп, “Айгай-пресс” гезитин чыгарууга да салым кошкон.

Кыргыз полициясы: сабоолор боюнча кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов акыркы окуялар тууралуу "Азаттык үналгысына" төмөнкүдөй маалымат берди:

- Болот Жанузаков менен Александр Князевдин сабалышы боюнча кылмыш иши козголуп, тез арада териштирип иликтөө аракеттери көрүлүүдө. Бул иштер Бишкек шаардык ички иштер башкармасына тапшырылды.

Бакыт Сейитов белгилегендей, Болот Жанузаков сыяктуу ушул эле 9-декабр күнү КМШ өлкөлөрүнүн аймактык институтунунун директору, профессор Александр Князев да белгисиз адамдардын токмогуна кириптер болгон.

Князев мырза өзүнүн сабалышын саясий себепке байланыштырат

Кыргызстандык окумуштуу жана саясат таануучу Александр Князевди Бишкекте белгисиз кишилер 2007-жылы 16-ноябрда да токмоктоп кетишкен.


Илимпоз, Борборпдук Азия жана Ооганстан саясаты боюнча адис Александр Князевдин "Азаттыкка" айтымында, аны ур-токмокко алгандар токмоктоо себебин анын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырышып опузалап, акыры анын ноутбугун тартып алып кетишкен.

Анын айтуусунда, ур-токмокко алгандардын бири: “Бул - сенин саясаттагы ишиң үчүн..” - деген эскертүү сөздү айткан.

- Мен азыр кечээ жалгыз өзүм гана токмоктолбогонумду билдим. Менден башка мурдагы коопсуздук кеңешинин катчысы Болот Жанузаков да токмоктолуптур. Эки окуя тең бир маалда болуп атат.

Бул жерде эки кол салууда тең окшоштук болуп атат. Эки учурда тең тоноого аракет кылышкан эмес. Менин иш кагаздары салынган портфелимди алып кетишти. Ал жакта чакан кол компьютер дагы бар болчу. Бирок негизинен менин капчыгыма, документтериме, телефонго тийишкен жок. Б.Жанузаковдун телефонун алышканы менен документтерине, акчасына тийишпептир. Эгер бул криминал болсо, тоноо иретинде жасалган болсо мындай жасалбайт болчу, - деди 10-декабрда "Азаттык" үчүн курган маегинде А. Князев мырза.


Бул - профессор Князевге экинчи ирет кол салуу.

Буга чейин аны 2007-жылы ноябрь айында белгисиз бирөөлөр үйүнүн жанынан сабап кетишкен болчу.

Кыргыз парламентинде да бул сабоолор тууралуу сөз болду

Оппозициялык Социал-демократиялык партиянын парламенттеги фракциясынын лидери, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева 10-декабрда парламенттеги жыйында өлкөдө адам укуктарын сактоодо түзүлгөн кырдаалга токтолду.
Депутат, СДП мүчөсү, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева.


Роза Отунбаева 9-декабрда кечинде “Кут” партиясынын лидери Болот Жанузаков, саясат таануучу Александр Князов катуу сабалганын, оппозициячыл саясатчылар Исмаил Исаков, Аликбек Жекшенкулов, ошондой эле Петровка, Балыкчыда өз укугун пайдаланып көчөгө чыккандар жазыксыз соттолуп, алардын айрымдарынын балдары чет өлкөлөргө башпаана издеп качып кетүүгө мажбур болуп жатканын да белгиледи.

Учурда Маскөөдө бозгунда жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев да бул окуя боюнча шаршемби күнү (9-декабрда) кечинде интернет аркылуу саясий билдирүү таркатты.

Акаев мырза өзүнүн мурдагы ынтымакташына каршы кол салууну кескин айыптады жана азыркы кыргыз бийлигин тез арада кылмышкерлерди таап, жазалоого чакырды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG