Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 08:23

Саясат

Бермет Акаева шайлоого барбайт, бирок оппозицияда болот

Экс-президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева атасынан кол тийбестик укугун алган Убактылуу өкмөттү айыптап, Кыргызстанды сабатсыз адамдар башкарууда деп сындады. Ал мындан ары азыркы бийликтин саясатына каршы туруп, оппозициянын катарында болоорун да жарыя кылды.

Текст көлөмү - +

"Күлкүлүү декрет"


Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев парламенттин макулдугусуз эле декрет кабыл алып, кол тийбестик макамынан ажыратканы үчүн мыйзам одоно бузулду деп Убактылуу өкмөттү кескин сынга алууда. Өзү Москвада туруп алып маалымат каражаттарына интервью берип, ал эми кызы Бермет Акаева учурда атасынын таламын талашып, жактоочу жалдап Кыргызстанда жүрөт. Ал журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, кол тийбестик укугунан ажыраткан декрет Орусиядагы бир катар адистерди таңгалдырганын айтат:

- Бул декрет жазылган кагазды окугандардын баары аргасыз күлүп жатышат. Көп адамдар “Укук факультетинде биринчи курста окуган студенттер да мындай сабатсыз жазышпайт” деп айтышты. Ушунчалык сабатсыз жазылган, бул биздин өлкө үчүн уят. Бизди кимдер башкарып жатканын көргүлө.

Экс-президенттин кызы учурда Кыргызстанды билимсиз, мыйзамды сыйлабаган адамдар башкарып жатканын айтып, “бардык саясий күчтөрдү жана коомчулукту сабатсыз бийлик менен күрөшүүгө чакырам,- деди.

"Акаев ак эмес!"

Анткен менен вице-премьер министр Азимбек Бекназаров Аскар Акаевди Үзөңгү-Куушту, Каркыраны саткан жана бийликти таштап качкан деп айыптап, ыңкылаптан кийин келген бийлик мурдагы эки президентти тең жазага тартууну көздөйт дейт:

- Аксы окуясы боюнча президент А. Акаев, К. Бакиев апрель окуясы боюнча кандай жооп бериш керек болсо, ошондой жоопкерчилик тартышы керек. Экинчиден Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерине ошол Акаевдин учурунда кол коюлган. Аны унутпашыбыз керек. Мамлекеттин башкы кол башчысынын элин ташап качып кеткендигинин өзү кылмыш иши деп эсептелинет. Эки президент тең качып кетишти. Экөөнө бирдей жоопкерчилик болушу керек бул жагдай боюнча,-деди Азимбек Бекназаров.

Аскар Акаевдин өзү жана үй-бүлөсү мындай декретти кабыл алынышын Азимбек Бекназаровдун “кезектеги популисттик кадамы” деп баалашты.

Журналист Адилет Айтикеев Акаевди күнөөсү жок дегенге кошулбайт, бирок анын кол тийбестигинин алынышы мыйзамсыз болду деген дооматтарды колдойт:

-Бул жеке адамдын амбициясынан келип чыккан маселе. Менин билишимче бул боюнча өкмөттө атайын отурум болуп колдоого алынган эмес. Бирок эптеп кол койдуруп чечим чыгарышты. Булар деле Бакиевдин жолун жолдоп, өкүмзордукка барып жатышат. Бул жаатта Бермет Акаеванын айткандарын толугу менен колдойм.

Ошентип дээрлик беш жылдан бери Москвада күн кечирип, экинчи ыңкылаптан соң мекенине келүүнү максат кылып жаткан экс- президент Аскар Акаев кол тийбестигинен ажырап, бул чечимди эл аралык сотко берип болсо да жокко чыгарууну көздөөдө. Ал эми кызы Бермет Акаева азыркы бийликти мыйзамсыз деп атап, өзүн убактылууларга оппозициямын деп жарыялады.

-Мен эч бир саясий күчкө кошулбайм, бирок убактылуу өкмөткө оппозициямын.

Бермет Акаева Убактылуу бийликти “Кыргызстанды бир жарым жыл ичинде туңгуюка кептейт” деп сын тагып, мыйзамды сыйлабаган өкмөттү колдоого болбостугун айтты. Ал ошол эле убакта өлкө жакырчылыка жана паракорлука кептелгени үчүн өз атасын кандайдыр бир деңгээлде күнөөлүү деп билет, бирок Аскар Акаев соңку эки бийликтен тең кыйла эле бийик турат деген түшүнүктө.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Жалалабат
29.08.2010 15:25
Адилет Айтикеев сен кечил бала окшойсун! эр жииткекчил болушу туура эмес. кекчил болуу айымдарга буюрган.

кимден: айнагул каяктан: ош
28.08.2010 13:08
бермет акаевна сени фамилиянды чон тамга менен жазса дагы болбойт себеи сенин АТАН аскар акаев кыргызстандакы байлыктын баарын жуткан союздан калган ,завод фвбрикаларды уй булонор менен сатып жеп жаштарга жумуш орун болбой калдв булар эмне аздык кылабы силерге

кимден: toka каяктан: Москва
26.08.2010 17:59
Бермет биз тундук эли сизди колдойбуз
жана сиздин билиминизди кыргыздарга колдонсок деп ойлойбуз
маданятты которсок ага жардамыныз чон эле болот эле
сиздин артынызга коо жаап жазып атышкандар
алар эски бийликтин саркындылары
билимсиздер,аларга 5 сом болсо эле болду койнго окшоп чыгышат
оз башына ээ болбой калган
анткени билимсиз манкурт бакинин тарбиясыдыр

кимден: Турат каяктан: Бишкек
25.08.2010 19:12
Бермет, бетин жок кыз экенсин. Кыргызстандын ыйлап турганына сенин куноон туптуз! Акылсыз инин дагы салым кошту. А эсирген энен жонундо кеп кылбай эле колу сен оппозициянын балакетин ал! Оппозиция болуш учун азап тозок коруш керек, а силер кыргыздын ырыскысын уурдап, омур бою кыргыздын эсебинен жан сактап, байып, кийинип, ичинип, "кул кутурса башка чыгат" болгонсунар. Кыргызстандан сыйын менен эле чыгып кеткенин жакшы болот...

кимден: Чындык каяктан: КР
23.08.2010 21:07
Адилет А.! Ты не прав!!!Не знаю что тебе Бермет наобещала,но ты путаешь одно с другим.Будь объективен раз журналист,и пожалуйста не говори туз жалагыла.Так может сказать только адвокат Акаева или ты уже с тал им???...

кимден: Адилет Айтикеев каяктан: Бишкек
22.08.2010 14:01
Туугандар, эгер коро албастыктане улам ичинер куйуп жатса анда шамшыкалдын тузун татып тургула. Суусунунар канат.

Биринчиден, Аскар Акаевдин убагында Кыргызстан азыркыдай экономикалык катастрофадан оной эле отуп кетчу. Эч качан тезек жонундо соз болчу эмес.
Экинчиден, Анын бир туугандары мамлекеттик кызматка дайындалып, мамлекеттин миллиондогон акчаларын, стратегиялык обьектилерин четке саткан эмес. Эч качан Бакиевдин бир туугандары менен балдарына окшоп, атасы менен кошо жарышып бир мамлекеттик совещаниеде отурушкан эмес.

Учунчудон, анын бир туугандары ак уйдун устуно снайперлерди алып келмек тургай, окмот уйуно жакын жолошкон эмес. Анан кантип аны Бакиев канкорго салыштырасынар?

Ар бир нерсеге калыс караш керек туугандар!!!

кимден: Кыргыздын келечеги каяктан: Бишкек
22.08.2010 13:43
Бермет мен сиздин акылынызды,Кыргызстанга келип оз кызыкчылыгынызды талашкан патриоттуулугунузду,кайсы бир денгээлдеги наглая журуш турушунузду сыйлайм.Бирок билип коюнуз сиз саясат учун кара кучко алпуруша берсениз багыныз ачылбайт,элдин журогу жибибейт.Омур бою элдин ыйы,каргышы менен отуп кетесинер.Андан коро Жаныл мырзачасынан баатырдык кылыныз,атаныздын учурунда копкондук ылып каталарды кетиргенин моюнга алып - Мага байлыктын кереги жок,Акаевдин тукуму соогун агарталы,ата энемдин кетирген кемчилиги учун мен оз омурумду элге арнаймын,ар бир адамда кемчилик кетет,бирок аны ондоп ордуна койсо болот.Мына ошону жасай турган кыз менмин деп ачык айтышыныз керек.Ошондо анык кыраанкыргыздын кызы экенинизди далилдеп элдин силердин тукумга болгон кан солу жок журогуно тируулуктун элесин жандантып кан жургузо аласыз.Келээрки парламенттик шайлоодо бийлик сизде болот.Анткени билинбеген менен ичтен сызган патриот жаштар коп,лидер болгунуз келеби анык лидер катары уят сыйытты жыйыштырып чындыкка тике караныз.Элди багынтыныз дагы бок курсак саясатчыларды аттап отунуз.Сизде сулуулук,он келбет,акыл,билим,жаштыктын оту да бар.Эмне учун соогунзду агартып кыргыз эли учун чолпон жылдыз катары жангыныз келбейт.Башкалар бийликке чоолордой,тулкудой,арс чычкандай болуп жулунушса сиз арстандай,кыз сайкалдай,анык тоолук кыргыздын журогу бар чыныгы Берметиндей кадам таштаныз.
Болбосо турмуштун,тарыхтын озу кашкайтып коргозуп турбайбы сиздин ата энениз озунуз кошулуп тарыхта кыргыз элин,оз элин талап тоноп акырында элден куулуп,шумшуйуп качып,элге батпаган ууру,бузуку бойдон жазылып каласынар.Ошол сизге керекпи???.Ойлонунуз??????.............

кимден: Kesh! каяктан: Naryn, At-Bashy
21.08.2010 21:03
Bermet emne murun olkonu sapatyuu adam bashkardy bele. Askar eldi oturguzup ketpedi bele, Bakiev jatkyzdy. Emi Akaevdin, Bakievdin ui-buloluk klandarynyn ubakyty taptakyr buttu. Silerdeyden kuday saktasyn. Ooba tuura azyrky okmotto ''Keebir'' sapatsyzdar bar Azimbekovko, Topchubeke okshogon. Ak-karany bilbegen, murdagy biyliktin aydamalaryna koshomattanyp jurgon. Birok Roza Otunbaeva Isakovnaga soz jok. Koldon kelgenin kylyp jatat.

кимден: Алмазбек каяктан: Россия, Екатеринбург
21.08.2010 18:20
Эми мындай да, туугандар- Бермет Акаева биринчиден шайлоого "барбайт" эмес, "бара албайт" десе туура болмок. Анан оппозицияда болоор болбостугу озунун иш аракетине карайт.

кимден: мара
21.08.2010 16:28
акаевдын кылганы бакиевдикинен жуз эсе коп. Билгизбей кебез кыргыз элин 15 жфл муунту го бул кашка. канчалаган кыздар сатылды, адамдар кул болду, оз омурун озу кыйышты. Элдин шгорун катырган акайды колдогондок кимдер? Колдогондор анын шериктештери, балдары кыздары, мафиялар!
Жалпы 7 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине