Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:35

Саясат

У. Барктабасов: «Эл даяр болсо, мен даярмын»

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын эмиграцияда жүргөн лидери Урмат Барктабасов Кыргызстанда эл бийликти алмаштырууга чечкиндүү кадам жасаса, эки саатта келип, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

x
Текст көлөмү - +
- Урмат мырза Кыргызстанда оппозиция да, бийлик да  курулутайларды өткөрүп жатышат. Сиз ушул курултайлардан эл эмне табат деп ойлойсуз?

- Эч пайда алып келбейт. Бийликти сактап калуу гана амалы. Элдин курсагы ач, курултайга тоюп бүттү. Ошондуктан көңүл тойчу иштер жасалса, жаратман иш жасалса жакшы болот. Жерди, алтынды, дегеле улуттук байлыктарды сатпай, элди кантип багасың деген суроого эч кимиси жооп бере албай жатпайбы? Демек президенттик программа деген чыгат. Ал эмне? Президент деген биринчиден элге зыянын тийгизбеш керек.

-Элдик курултайчы?


- Азыр оппозиция деле толук бириге албай атпайбы. Эң биринчи жаман нерселерден тазаланып туруп анан ошондой кадамга баруу керек. Антпей эле адегенде эле орун бөлүштүрүп атышпайбы. Жанагы туула элек тайдын терисин талашып аткандай да. Мурунку беш жыл жалаң ошону менен өтпөдүбү.

- Элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кандай кадам керек деп ойлоносузбу же маани бербей калдыңызбы?

- Менин негизги максатым ошол да - кыргыз элинин жашоосун жакшыртуу. Чечкиндүү кадамдарга баруу керек.

- 2005-жылы 17-июнда сизди Ак үйдү басып алган атат деп айыптады да, максатыңыз ошол беле?

- Кеп бийликти басып алуу эмес болчу. Мен элдин таламын талашкам. Ошондо эл келечек жашоосун көрө билгенде Бакиевди шайламак эмес да. Мен ошондо айтып кыйкырып, Ак үйгө чейин барбадымбы. Эл ошондо айткан сөзгө дил төшөбөй койду, мына кыйналып отурат. Мен жалгыз эмне кылат элем.

- Ошол мезгилде сиз президентикке талапкер болом деп «Мекеним Кыргызстан" деген партияңыз аркылуу ар бир айылга көп каражат берип жүрдүңүз, ошол Акаевдин акчалары деген кеп жүрөт.

- Эмне аны көргөн киши бар бекен, анда келип бетиме койсун. Акаев мага акча бермек тургай 15 жыл азапты берди да. Мен элге акча таратканым өрнөк болсун дедим. Башка ишкерлер да ушинтип жардам берсин деп чакырып баштадым эле, баары эле баштыгын кармап алып унчукпай койбодубу.

- 2009-жылкы президенттик шайлоо учурунда чыккан чатак менен жердештериңиз соттолуп кетти, эмне дейсиз?

- Буга бийлик да, балдар өздөрү да күнөөлүү. Оппозиция да ошол таймашта максатына жетпей калбадыбы. Кандай болгон күндө да карапайым балдардын кызыкчылыгы баары бир талаада калмак экен.

- Демек жакында биздин жашоо оңолбойбу?

- Эгерде эл ушу адилетсиздиктин баарын түшүнүп, чечкиндүү кадамга барып, азыркы бийликти алып түшүп, татыктуу адамды алып келсе, анда жакшылыктын башталышы болоор эле. Эл ошого даяр болсо, мен деле эки саатта гана тез эле жетип бармакмын. Анан татыктууларды тандоо керек болмок.

- Рахмат сизге.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: торогелди каяктан: ош
12.04.2010 20:41
ушул жердеги макалага пикиримди эми билдирсем болот. урмат колунан келишинче акча каражыт берип турду. балдары бутун бойдон келди. акаевдин баласынын досу эмес. урматтын макаласын жакшылап окусанар тактыны мага бергиле деп жазган жок, айткан жок. татыктууну тандагыла деп айтып атат.ага акыл жетпесе тушунгонго башка адамды кунологон болбойт.мына революция болуп бутту урмат келген жок так талашкан жок. мага кызмат бергиле деген жок. ал чындыкты айткан.акыл уйротпой деп жазып атасынар акылынар болсо улам беш жыл сайын ушундай тонкоруш жазабай татыктууну тандап албайт беленер .бир биринерди жемелебей жакшы соз айтпайт беленер.эгер баарынар акылман экенсинер коргозгулочу жазаган ишинерди .урмат кимге канча акча бергенин ким билет ким билбейт.кудай ыраазы болсун. жазган балит создорунор абдан сабатсыз адамдар экенинерди билдирип турат. эми революция болду.киного тартылган арак чыгарган адамдарды шайлап алдынар .эми балким жакшы жашоого багыт аларсынар. иштеринерге ийгилик .ыйман болмойун ишинер эч качан онунан чыкпайт.силерге азыркыкундо акча эмес ыйман акыл керек. татыктуу адам керек. орустарды кондургон урмат.гуревичти таап чыккан урмат.ошол туртку берди элге болбосо тонкоруш да болмок эмес. мен менин жанымда мага окшогондор миндеп турду. кыргыз эли учун урмат учун. саламатта болгула аман болгула.даана кыргыз кыргызды ушинтип каралап жала жапмак эмес. урматтын силерге карызы жок.ыймандуу акылы бар адамдарга бар.урматтын чапкан арыгын бироон чаап анан суйлосонор туура болмок. 2005 жылы ак уйду жалгыз алган. мына эрдик .ошондо колдоосонор бугунку куну башкача бактылуу жашамак болчунар. эми деле ушул созду айтып отура берсенер эзели онолбойсунар. антпегиле.билбегендике салбагыла. сасык создон оолак болгула. кудай астында жжоп беребиз ар бир айтылган соз учун.кудай озу кечирсин баарынарды.

кимден: Cултан каяктан: Бишкек
21.03.2010 16:46
Барктабасов Кыргызстанга гана эмес, керек болсо Борбордук Азияга устомдук кылгысы келген сырткы кучтордун "оозу", "кулагы", бир соз менен айтканда "оюнчугу". Акчасы болсо, осуп келе жаткан наристелерге, мектеп окуучуларына "чачпайбы". Олконун экономикалык абалын, мектептердеги, балдар бакчаларындагы аянычтуу абалды коруп-билип туруп, эгер патриот болсо кантип чыдап турду экен. Мына идеология, мына кызмат!!!

кимден: Кубаныч
21.03.2010 14:12
Урмат Барктабасов эл деп чын эле күйүп жансаң келчи Кыргызстанга күйүп жанган адам камагандан коркопойт. Тазасыңбы кел. Ал жакта жатып алып өзүнчө пайгамбар боло бербей. Ошол учурда сенин артыңдан ээрчиген кишилердин көпчүлүгү аферисттер экендигин билебиз. Силер келсеңер деле жыргатпайсынар. Урмат сураныч саясаты жок эле жашачы. Силердин артыңарда көп маселе бар. Кийин ачыкка чыгат болуш керек. Урмат сенин артыңда Акаевчилер жок экендигин тастыктагың келсе, атайын саясий билдирүү менен чыкчы. Мына учурда болуп жаткан быткылдын баардыгы ошол кишинин учурунда башталган, кийинки Кукеси ошону гана улантып жатышат деп. Чындыгында баардыгы чет элдик агенттер. Кыргыз үчүн күйгөндөр өтө эле аз. Көкжалдар мекени деген түркчө фильмди көрсөңөр бизде болуп жаткан нерселер ошонун эле кичирейтилген варианты жүрүп жатат. Кыргызстаныбызды сактап кала турган Полот Алемдар болсо араңарда эле жүрөт көрбөй жатпайсыңарбы.

кимден: оргубай каяктан: ош
21.03.2010 12:45
Урмат байке! Элди даяр болсоңор эки саата барам дебей,элди даярдаш керек .Азыр баарыны акча чечип калган ,долларбайлардан элге көбүрөөк берсеңиз,сиздин авторитеттиңиз көтөрүлөт,элдин духу көтөрүлөт. Ошону үчүн алыста жатып алып өзүңүздү уят кылбай,бийлик керекпи тобокелге салыш керек.Көбүрөөк элге кайрымдуулук кылыш керек,качан гана бийлик керек болгондо ,элдин көзүн боёбой.Бул дүйнөдө түбөлүк жашоо жок,элге берсеңиз атыңыз түбөлүккө калат,дүнүйөңүздү наркы дүнүйөгө алып кете албайсыз. Биздин кыргыздын байлары качан көзү ачылып,элди ойлошот????

кимден: Көлдүк кыз
21.03.2010 04:44
Жаман деп да , жакшы деп да айталбайм. Айткан сөзү ишенич жараткан жок.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.03.2010 21:35
Урмат байке эрте эле келе бербесениз, убагында озунуз менен жанынызда журуп иштеген, кутуруп акчаны сапырган балдар сиз жок мурдуларынан чимкириктери агып, чунчуйушуп, убагында сиз алып берип кеткен машиналары менен таксовать этип калышкан.

кимден: Тургунбай каяктан: Ош
20.03.2010 18:49
Бул Барктабасовду барктабай калган, коргоп-кубаттабай кыргыз эли жаман экен да, жападан жалгыз Барктабасовдун озу жакшы имиш. Бул кишинин программаларын окуганымда ичим бир аз жылып калган болчу. Корсо анысын да пулдун кучу менен Пиаршиктерге жаздырса керек. Болбосо, андай ой-мудоолорду тизмектеген, олуттуу программаны жарыя кылган киши мындай жооп бербеш керек эле. Же, элдин назарынан калганбы? Эл даяр болсо мен даярмын деп, элди тенинизге албай жургонунузго жол болсун. Кыргыз эли ар дайым, ар бир саатта биригип кетууго, улуу максаттар учун куч бирдикте аракет кылууга жондомдуу калк. Болгону адилет, Кудайдан корккон лидер керек!!!

кимден: Жумгал каяктан: Нарын
20.03.2010 15:11
Аты жөнү жазылбаган кишиге. Ооба, убагында Урматка кысым болуп кеткен, ал чындык. Бийликтин адилетсиздигинен кеткен, бирок озу жанталашып элди алдыга салып коюп Ак үйдү басып алам дегени, Акаевдин, озунун акчасын элге суудай агызканы дагы чындык. Бул жигиттин "Мекеним Кыргызстан" деген кыймылы чынында Акаев экоосу тузгон. Урмат анын кол баласы эле. Азыркы суйлогон созу туура эмес, "Эл бийликти алсын мен эки саатта барам" дегени бул арам ой. Жигит деген элдин башында турат.

кимден: темир каяктан: россиядан
19.03.2010 23:47
урмат айдардын жан досу экенин баары билет. мен ага эч качан ишенбеймин.

кимден: патриот каяктан: Аксычы
19.03.2010 23:00
Көлдүк Тилекке. Сиз мени тушунбөй калыпсыз. Мен тескерисинче айткам. (какшыктагам)
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)