Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:31

Эркиндик

К+ каналы Борбор Азиянын күзгүсү болгусу келет

Борбор Азиянын турумушун чагылдырган К+ сыналгы каналы жакынкы келечекте кыргыз, казак, тажик тилдеринде да берүүлөрдү тартуулоону пландап жатат. К+ компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы Бахытжан Кетебаев “Азаттыктын” Прагадагы кеңсесине келип, жасалма жандоочу аркылуу берүүсүн обого чыгарган сыналгы канал жөнүндө кеп куруп берди.

Бахытжан Кетебаев "Азаттык үналгысынын" Прагадагы башкеңсесинде. 2009-жылдын 7-октябры. ТЧ.
Текст көлөмү - +
-  Бахытжан, канал кандай максатты көздөп негизделген жана анын Кыргызстанга кандай тиешеси бар? Көптөрү ал Бишкекте жайгашат дешсе, башкалары аны кыргызстандык оппозициялык канал деп таанышат.

- Биз Борбор Азия аймагы үчүн көз карандысыз маалымат тараткан канал түзүүнү көздөгөнбүз. Ал эми Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдөгү кырдаалды өзүңөр жакшы билесиздер. Эркин маалымат каражаттарынын өмүрү ал жакта адатта кыска болот. Андыктан эң башынан эле жакшы корголгон структура түзүүгө киришкенбиз.
 
Биринчиден, биз борбордоштурулган структурадан көп тармактуу схемага өткөнбүз. Тигил же бул өлкөдөгү медиакомпаниялар же кабарчылар менен кызматташабыз, алар материалдарды даярдап турушат, биз аларды эфирге чыгарабыз.

Экинчиден, буга чейин биз мындай ишти жасап көргөн эмеспиз, керектүү тажрыйбабыз жок эле. Андыктан биз адегенде бир өлкөгө таянып, Кыргызстандагы компаниялар менен жакындан кызматташа баштаганбыз.

Кыргызстанда кызматташууга даяр бир топ кызыктуу адамдарды таптык. Ошондуктан канал тартуулаган материалдардын көбү Кыргызстан жөнүндө деген ой пайда болгон.

Киийн биз Казакстан менен Тажикстандан даярдалган кабарларды көбүрөөк бере баштадык. Эми Түркмөнстан менен Өзбекстан кошулат деген үмүт бар.

- Сиздердин сайтыңызда “Борбор Азиянын чыныгы турмушун объективдүү чагылдырабыз” деп турат. Бул принцип канчалык ишке ашып жатат?

-  Биз ага баа бере албайбыз, бирок объективдүү болууга аракеттенебиз. Албетте, акыркы инстанциядагы акыйкаттык болбойт. Кимдир бирөө бир нерсе туура эмес болуп калды десе, биз сөз берүүгө дайыма даярбыз.

- Ошондой чындыкты айтабыз деп Кыргызстан бийлигинен кандайдыр бир кысымга туш болгон учурлар болгонбу?

 -Казакстан “кыргызстандык оппозициялык каналды” теске салууга жардам бергиле деп кайрылганын билебиз. Ошондон кийин биз менен кызматташкан кыргызстандык компаниялардын бирине текшерүүчүлөр келе баштады.

Кыргызстан аймагында видеоматериалдарды жиберип туруучу жабдыгыбыз жайгашкан. Башкы прокуратура каршылыгын билдирип, ошол жабдыктын жыштык каттоосун артка кайтарып алды. Ушул өңдүү кысым болду. Бирок мен муну Казакстандын өтүнүчү менен байланыштырам. 

 - Казак бийлиги болсо сиздерди эмне үчүн кысмактап жатат?

 -Биздин берүүнүн сигналы Ямалдагы жасалма жандоочудан (спутник) кармалбай калды. Себеби ага тоскоолдуктар тынымсыз түзүлүп жатат. Мен мунун бардыгын Рахат Алиевдин интервьюсу менен байланыштырам. Алиев берүүлөрүбүздүн Казакстанга арналган бөлүгүндө сындап сүйлөп, катуу нерселерди айткан. 

 - Кыргызстандык медиакомпаниялар менен көп кызматташат экенсиңер. Кыргызстандык журналисттердин кесиптик сапатын кандай баалайсыз?

 - Билесиңерби, мен бул жагынан Кыргызстанды бактылуу өлкө деп санайм. Менин жеке оюмда, Казакстанда мунайдан пайда болгон чоң акча элди бир аз бузуп койду. Кээ бирлери колунун учун кыймылдатып коюп эле чоң акча алышат.
 
Көптөрү болсо бутунун алдында жаткан акчаны эңкейип көтөрүүдөн жалкоолонушат. Кыргызстанда болсо андай акча жок, бирок менимче, адистерди даярдоо сапаты жогору.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: inash каяктан: Ankara/Turkey
09.10.2009 14:50
К+ тун пландап жаткан: Борбор Азиянын турумушун чагылдыруу, кыргыз, казак, ж.б. тилдеринде да берүүлөрдү тартуулоо программасын азыр "ТРТ- Аваз" аткарып жатбайбы?. К+ да бул иштерине тезиреек баштаса жана уюлдан да берүүлөрүн берсе соонун болмок. Сөздөн ишке өтөсүңөр деп ишенем..

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)