Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:28

Кыргызстан

А. Медетбеков: Жоголгон куралдын 80 пайызы кайтарыла элек

Апрель окуяларында жеке адамдарга өтүп кеткен көп сандаган куралдын сексен пайызын мамлекет кайтарып ала элек. Бул жөнүндө "Азаттыкка" билдирген “Антитеррор” коомдук бирикмесинин жетекчиси Артур Медетбековдун сунушу боюнча мамлекет жеке колдорго өтүп кеткен курал-жарактарды базар баасында сатып алганы туура иш болмок, анткени адамдар куралдарды өз ыктыяры менен кайтарып бериши арсар.

Текст көлөмү - +
-  Менин маалыматым боюнча мындай. Быйыл 6-апрелде Талас шаарында болгон окуяда Ички иштер башкармалыгын басып алгандан кийин, ошол жерден 731 курал жоголуп кеткен. Ал эми 7-апрель күнү «Форум» ишканасынын жанында «Альфа» антитеррордук тобу, Мамлекеттик күзөт кызматынын адистеринин курал жарактарынан эсептегенде 24 автомат, жүзгө жакын граната, винтовка, пулемет, бир нече пистолеттер жоголгон. Мындан эки эсе көп курал-жарак Мамлекеттик күзөт кызматынан жоголгон. Анан Ак үйдү басып алганда Ак үйдүн ичинде машинеде калып калган курал да жоголгон.

- Ошонун ичинен канчасы кайтарылды азыркыга чейин?

- Алардын 80 пайызы кайра кайтарылып бериле элек. Кайрылып берилгендин көбү мергенчилик мылтыктар же болбосо уруксат салынган мылтыктар. 7-апрелден кийин кээ бир жерлерде бир нече пистолет, граната, автомат кайрылган. Бирок 80 пайыздайы элдин колунда.

- Эми элден кайтаруунун кандай механимздери бар?

- Менин сунушум мындай, эгерде жоопкерчиликке тартылат десек булардын көптөрү кайтарбайт. Себеби Кыргызстанда көп нерселер курал аркылуу чечилип калбадыбы. Ошон үчүн кээ бир саясий уюмдарда же партияларда курал-жарактын пайда болушу өзүнчө күчтү киргизет окшойт. Экинчиден, азыр Президенттин Жарлыгы болобу же Ички иштер министрлигинин буйругу болобу, азыркы Убактылуу өкмөт сунуш чыгарыш керек. Азыр кеткен курал-жарактын бардыгын өкмөт базар баасы менен сатып алат деп чыгарса, көп куралдар кайтарылышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, азыр болуп аткан иштер боюнча, курал-жарактар боюнча өзүнчө атайын оперативдүү топторду түзүп, ошол эле граждандык секторду кошуп катуу ишке киришсе, бул курал-жарактардын көбүн кайра тартып алса болот.

- Такталбаган куралдар калктын колунда апрель окуяларына чейин эле болгон деп айтууга болобу?

-Апрель окуясына чейин эле катталбаган, же катталып уурдалып кеткен, же биздин чек ара Тажикстанга жакын да, Тажикстанга Ооганстандан катталбаган куралдар мурун эле келип турган. Ал боюнча биринчи иштер болгон, бул Ош коогалаң окуясына чейин, 6-7-апрелге чейин эле куралды бирине-бирине өткөрүп, сатып алган фактылар кичине болсо дагы болгон, бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)