Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:27

Эркиндик

Оштогу окуялардын Бишкектеги жаңырыгы

Бүгүн Бишкекте жоон топ жигиттер Убактылуу өкмөттөн Ошко барууга унаа талап кылышты. У.Барыктабасовдун кайтып келишине шарт түзүүнү талап кылып, анын жүздөгөн тарапкерлери да митинг уюштурушту. Өткөөл мезгилдин президенти Р. Отунбаева улуттук каналдан кайрылуу менен чыгып, калкты сабырдуулукка чакырды.

Бишкекте жоон топ жигит Ошко барууга унаа талап кылышты.11-май, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +

Бүгүн Оштогу окуядан сырткары Бишкекте да бир топ саясий окуяларга орун берилди.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун 500 чукул тарапкерлери бүгүн Бишкектеги Горький атындагы эс алуу багында митингге чыгышып, Барыктабасовго Кыргызстанга кирүүсүнө тоскоолдуктар жасалбасын деп Убактылуу өкмөткө талап коюшту.

“Мекен туу” партиясынын өкүлдөрү Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, алар У.Барыктабасовдун мекенине келишине эч кандай тоскоолдук болбостугун айтып кепилдик катка кол коюп беришкенин аталган партиянын жетекчиси Кенжалы Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эртең (12-июнда) У.Барыктабасовдун Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө.

Ал эми Акыйкатчы Турсунбек Акундун кызматтан кетүүсүн талап кылышып, Ала-Тоо аянтына анын орун басары Таалай Кошоков баштаган беш-алты адам пикет өткөрүштү. Алар Турсунбек Акунду кызматын аткара албаган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган жетекчи катары баалап, Убактылуу өкмөт аны кызматтан кетирүүсү керектигин айтышты.

Турсунбек Акун буга чейин орун басары Т.Кошоковду кызматтык милдетин Ошто өткөрүү жөнүндө буйрук чыгарып, аны Ошко баруусун өтүнгөн. Бирок Т.Кошоков ал жакка баруудан баш тарткан.

Анын айтымында, Т.Кошоков менен кошо Акыйкатчы институтунан кесиптик деңгээли төмөн, жөндөмсүз делип кызматынан бошотулган 3-4 кызматкердин коюп жаткан дооматтары негизсиз.

Ушул эле күнү түштөн кийин Убактылуу өкмөт жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратынын жанында 200гө чукул жигиттер чогулуп алышып, Ошко барууга унаа менен камсыз кылуусун бийликтен талап кылышты. Алар менен убактылуу өкмөттүн коопсуздук коргонуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бусурманкул Табалдиев жолугушуп, Оштогу кырдаал боюнча маалымат берип, укук коргоо органдары тарабынан Ош аймагы көзөмөлдө турганын жана Бишкектен ал жакка баруунун кажети жоктугун айтып, элди сабырдуулукка чакырды.

Бирок жаш жигиттер Табалдиевдин айткандарына ишенбей, автобус таап берүүсүн талап кылышып, Ош базары жакка барышып, ал жерден дагы Ошко өз каалоосу менен баруучуларга чакырык таштады. Ал жерден алар Коомдук телевидениеге барып, эфирге чыгууга жасаган аракети ишке ашпагандан кийин, Жогорку Кеңештин жанында Ошко барууга унаа талап кылышты.
 

Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин имаратында өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жарандык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Ош шаарындагы кырдаал кооптуу экенин айтып, кыскача маалымат берди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү И.Исаков, Ө.Текебаев, А.Бекназаров Оштогу кырдаалды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.

Ошто өзгөчө кырдаал киргизилип, коменданттык саат киргизилип, ички
иштер министринин милдетин аткаруучунун орун басары Б.Алымбеков комендант болуп дайындалганын белгилеген Роза Отунбаева Бишкектин базарында азыркы бийликке, анын алган багытына каршы күчтөр баракчаларды таратып, коомдо туруксуздукту жаратууга аракет кылып жатканын белгиледи.

Ал эми Оштогу окуяны Кыргызстандын бейпилдигине каршы күчтөр уюштуруп жатканын, мунун артында сырткы күчтөр турат дегенге негиз жоктугун айтты:

-Ал жакта ички күчтөр бар. Мен азырынча сырткы күчтөрдү көрө алган жокмун. Жанагы ички күчтөр алдыдагы референдумду үзгүлтүккө учуратууну, Кыргызстандын жаңы багыт менен алга өнүгүүсүнө бөгөт коюуга, артка тартууга аракет кылып жатышат.

Роза Отунбаева жарандык уюмдардын өкүлдөрүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, элди чагымчыларга алдырбоого, сабырдуулукка үндөөгө чакырды.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев болсо Оштогу окуяны сырткы күчтөр уюштурушу мүмкүн деген божомолун айтты:

Орозбек Молдалиев "Азаттыктын" кеңсесинде. 2010-жыл, январь.


-Азыр Бакиевдер ички күчтөр болбой калды. Алар сыртка чыгып кеткенден кийин, сырткы күчтөр болуп калды. Экинчиден Бакиевдердин наркобарондор менен байланышы бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Наркомафия да чоң күч. Азыр дүйнөлүк саясатта тероррчулук менен наркомафия өзүнчө чоң сырткы күчтөр. Анан дагы сырткы мамлекеттер бар. Алар сырткы фактор дегенге кирет. Улуттар аралык (транснациональный) кылмышкерлик булар сырткы мамлекеттер менен тең ата мамиле кылып калышкан азыр. Учурдагы татаал кырдаал эмнеде болуп жатат? Ошолордун бардыгынын максаты бир жерден чыгып жатат. Бакиевчилердин да, тышкы мамлекетердики да Кыргызстандагы кырдаалды дестабилдештирип, Бакиевдер болсо кайра бийликке келсек дейт. Булар деле мурунку бийлик келсе, азыркы парламенттик жолго түшпөсө деген максатты көздөп турушат. Жанагы Чеченстандын модели бар, баягы Кадыровдун убагындагыдай. Тышкы башкаруудагы көз карандысыз күчтү башкарып, үстөмдүк кылалык деген ойдо туруп атышат деп ойлойм.

Орозбек Молдалиев белгилегендей, Убактылуу өкмөт Жалал-Абаддагы кырдаалды убагында көзөмөлгө алып туруктуштурганы менен улуттар аралык, диний маселелрди, жалпысынан өлкө коопсуздугунун алдын алуу иштери активдүү иштелбей калды.

Ушу тапта Бишкекте Ошко унаа талап кылышкан эки миңдей адам Чүй проспектиси менен жөө жүрүш жасап, күн батыш жакта Ош тарапка кетүүчү таксилер токтоочу жайдын жанына топтолушту.

 

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Калык каяктан: Бишкек
14.06.2010 16:23
Менимче бул окуяга Бакиевдер куноолу эмес. Баарына Кадыржан мн ВП куноолу.

кимден: кыргыз каяктан: москва
13.06.2010 16:30
менин оюмча атанбаев отунбаева силерге түштүктөгү кыргыздын кереги деле жок болсо керек я не стороник бакиева и акаева их надо судить строго особенно чабана принца за державу обидно адахан ты сможешь остонови юг тебе послушают

кимден: Толкунбай каяктан: ошол эле Москва
12.06.2010 23:01
Урматтуу мекендештер!! Бир чымчыктын уясы бузулса да жаманго эмнеге эки эл бир биринин уйун орттоп бир бири менен согушуусу керек. Андан коро кантип мамлекетибизди ондоону ойлобойлубу. Мен ойлойм ар бир айылдан авторитеттуу аксакалдарды чакырып кыргызстан боюнча чоон курултай откозуш керек, эми эмне кылабыз, эртенки куну эмне болот деп. Керек болсо бир ай суйлошуп чечуу керек болду.

кимден: Нурдин Токторбаев каяктан: Нарын
12.06.2010 20:33
Адам оз акылына келбейинче, шайтандын кылаары ушул болчу. Эй акыл ээлери эсинерге келгиле!!!! Биз ар кимибиз бири-бирибизди тыйбай, ар ким озун тыйса. Мамлекетибизге абдан чон салым кошкон болобуз деп ойлойм..,.

кимден: Нурдин Токторбаев каяктан: Нарын
12.06.2010 19:42
Улуу урматтуу кыргыз элим!!! баарыңарга сабырдуулукту тилеп, жараткандан тынчтыкты гана сурайм. Жандарын акчага сатып, ызы-чуу кылып жаткан элдерге такыр тушунбой турам, биз азыркы убакта озубуздун мамлекеттик стабилдуулукту кармап турбасак, алдан тайып турган кыргызымды кара ниет адамдар оз билгениндей ойното берет...

кимден: Кыргыз каяктан: Бишкек
12.06.2010 16:32
Айланайын, элим. Тынччтыкты озугорго каалабасанар да, осуп келаткан муунга каалап, тынчыгылачы. Ошол 500-1000сом акчагага жанынарды сатканга даярсынарбы? ар кандай провокаторлорго ишенбей, тескеринче аларга катуу жооп кайтарып, тынчтыкты алып калалычы. Болбосо, Ыйык Жерибиздин кусуру урат, Манас атанын арбагы урат.

кимден: Eldar каяктан: tr
12.06.2010 14:55
Urmattuu Kyrgyz elim. Biylik uchun kan toguugo barat degen uch uktasam tushumo kirbes ele. Kantip ele biylik uchun adam olturulsun je olsun dep oylochumun. Birok kara ozgoy ozumchul akilsiz adamdardin buga da baraarin oz kozubuz menen korduk. Korup da jatabiz... Abdan okunuchtuu nerse... Kadirman elibiz `Biylik koldun kiri` deshchu emes bele. Emne biylik azir bashibizdin taajisi bolup kaldibi? Adamga omur bir ele jolu berilet. Anan anisinin da biroonun biylikte kaluusu uchun koldonulushu... Bunu ayta turgan soz tappadim... Emi Oshtogu kirdaalga kelsek. Ozum Oshko barip koro elekmin, oshonduktan anday je minday dep biroonu kunoologondon da alismin. Oshentse da adamdar olup ketti. Adamdardin olushuno sebep bolo turgan dele oor abal jok ele dep oyloym. Adamdin omuru jana erkindigi baarinan kimbat. Adamdik abiyirine, ozuno shek keltire turgan ishterdi jasoogo, suyloogo ech kimdin akisi jok. Ozbekter bay dep biz alardi kunooloy albaybiz, kirgizdardi da kedeysiner degenge ech kimdin akisi jok. Bizdin olko ten ukuktuu olko emes bele. Birok bolgon okuyalarga baa beruu je al uchun biroolordu kordoodon je koldoodon alismin. Birok chindik bar, men dele student kezimde kop kordum, Kyrgyzstanda bashka uluttun okuldoru bizge karaganda tin jashayt. Miindan arki olkobuzdun kelechegin oylogon jan barbi? Emne olko biyliktegilerge ele kerekpi? Bizge keregi jokpu?... Baaribiz oylonolu urmattuu kirgiz elim!!! Anan Barktabasovdu jaktagandardi da tushunboym. Emne ele ani sutton chikkan ak kozu kilip jatasinar. Azir uchu Barktabasovdon soz kila turgan uchurbu!!! Unutkandarga estetip koyoyun Al degen 2005te ak uydu basip aluuga umtulgan jana Kirgizstanga keleeri menen sot joobuna tartilip tiyesheluu jazasin alip turmodo oturup chigishi kerek. Birok men anin chagaarina ioshenbeym sebebi olkonu basip aluunu kaalagandarga en jenil jaza omur boyu turmo!!! BUl baardik olkolordo birdey.... Kalganin siler bilgile...

кимден: aibek каяктан: rossia
12.06.2010 13:09
Курманбек Бакиевди колдогон эл аман эле болгула ойунарды озгортсонор боло

кимден: алмаз каяктан: биш
12.06.2010 10:56
менин оюмча бакиевдин тиешеси жок.
эч кайсыл улутта оз элин башка улутка жем кылып бербейт деп ойлойм

кимден: Жумабай каяктан: Кыргызстан
12.06.2010 09:28
Ушул Орозбек Молдалиевко окшогон билармандар тойгузду К.Бакиев убагында анын тышкы саясатын акырын колдоп эми аларды жамандап ушу кантип болсун кудайдан корксон.Оштогу проблема Совет доорунан эле келе жатат бул ойунду кызытканга коптогон чет олколор кызыктар Фергана оорону бул Азиядагы Югославия ошон учун аябай этият болушубуз керек. Орозбек ар нерсени отой бербе кудайдын алдында жооп бересин.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)