Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:23

Эркиндик

А.Кангелдиевге каршы кылмыш иши кайра козголду

Сегиз жылга эркиндигинен ажыратылган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун таламдаштары 3-февралда Алайдын Сопу-Коргон кыштагында митинг уюштурушкан. Нааразылык акциясына Ошто бир катар коомдук-саясий уюмдардын жетекчилери да барып катышкан эле.

Текст көлөмү - +
Алардын бири - Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы Абдыкайым Кангелдиевди аймактык улуттук коопсуздук кызматы чакырып, конституциялык түзүлүштү кулатууга үндөгөн маанайда сүйлөгөнсүң деп эскертип, мындай чакырык кайталанса, камалаарын айтышкан. Ага улай Ош шаардык милициясы Кангелдиевдин үстүнөн кылмыш иши козголгондугун билдирди.

Абдыкайым Кангелдиев 12-февралда аймактык улуттук коопсуздук кызматына чакырылганы жөнүндө буларды билдирди:

- Алардын айтымында, мен 3-февралда Исмаил Исаковду коргоочулардын акциясына катышып сүйлөп, конституциялык түзүлүшкө каршы үгүт жүргүзүптүрмүн, элди баш аламандыкка чакырыптырмын жана мамлекеттик кызматкерлерди негизсиз айыптаптырмын. Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мага ушинтип жүйөөсүз эскертүү жасашты. Алар дагы бир жолу коомдук иш-чараларга басып барып, тынч жаткан калкты дүрбөтүп, атүгүл артымдан ээрчитип, мамлекеттик түзүлүшкө каршы бир нерселерди айтсам, эскертүүсүз камакка алабыз деп коркутуп-үркүтүштү.

3-февралдагы иш-чарада сөзгө чыккан “Ата Мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев Сопу-Коргондо Абдыкайым Кангелдиев да, башка митингчилер да жарандарды мамлекеттик төңкөрүшкө чакырбагандыгын айтты:

- Сопу-Коргондогу митингде эч кандай ашыкча сөздөр сүйлөнгөн эмес. Бирок азыркы бийликтин элге каршы карасанатай саясатына нааразы болгон пикирлер айтылган. Ошондуктан мындан илинчек издеп, ашкере саясатташтыруунун кажети жок. Өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү мамлекет кызыкчылыгын ойлобостон, түккө арзыбаган нерселерди аңдып, оппозициянын артынан түшкөнү өкүндүрөт.

Ал ортодо Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Тургунбай Жумабаев Кылмыш жаза кодексинин 173-беренесине ылайык Абдыкайым Кангелдиевдин үстүнөн былтыр козголгон кылмышы иши кайра жандандырылгандыгын маалымдады. Милиция өкүлүнүн ырасташынча, айыпталуучу тарап электр энергиясына, жаратылыш газына жана жылуулукка 57 миң сом төлөгөн эмес. Ошондуктан учурда андан карызды өндүрүү чаралары көрүлүүдө.

Бирок Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин төрагасы, Бириккен Элдик кыймылдын аймактык штабынын жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев ага карата козголгон кылмыш ишин саясий көз караштары үчүн куугунтук катары сыпаттады.

- Шаардык улуттук коопсуздук комитети, милиция жана прокуратура биргелешип мурда жабылган кылмыш ишин кайра жандандырдык деп жатышат. Буга, чындыгында, олуттуу негиз жок. Бул, албетте, азыркы режимдин тарапкерлеринин буйрутмасы. Ошентсе да мен буга президенттин, премьер-министрдин же башка мамлекеттик органдардын тиешеси бар деп ачык айта албаймын.

Абдыкайым Кангелдиев Улуттук коопсуздук кызматынын эскертүүсү жана милициянын мурда токтотулган кылмыш ишин кайра жандандыруусу анын эркин майтара албастыгын билдирди.

Ал эми Оштогу укук коргоочулар Абдыкайым Кангелдиевге карата мамлекеттик органдардын чабуулунун күчөшүн анын кесиптик ишмердүүлүгүнө тыгыз байланыштырып, муну бийликтин буйрутмасы катары баалап жатышат.

- Абдыкайым Кангелдиев – патриот, чынчыл жигит, сабаттуу юрист. Кыйла жылдардан бери карапайык кишилердин таламын талашып, укугун коргоп келатат. Ошого карабастан азыркы бийликтин кошоматчылары ага жалган жалаа жаап жатышат. Биз тергөөнүн ачык-айкын жүргүзүлүшүн талап кылабыз! - деди укук коргоочу Жамила Кадырова.

Бул аралыкта Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдар жана партиялар жергиликтүү укук коргоо органдарын акыл-эстүүлүккө чакырып, бийликтин мыйзамсыз аракеттерин сындаган жарандарды куугунтуктоону токтотууну талап кылган кайрылуу жолдошту.

"Азаттыктын" архивинен: Алай эли акыйкат чечим күтөт

Исмаил Исаковдун жети жүздөн ашуун таламдашы Гүлчө кыштагындагы борбордук спорт майданында митинг өткөрүп, генералдын, Петровкадагы жана Балыкчыдагы оппозиция өкүлдөрүнүн абактан токтоосуз бошотулушун талап кылышты. AiT

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: asel каяктан: Kyrgyzstan
15.02.2010 01:45
Nash narod zaslujil na xoroshuyu jizin,i kajdiy grajdanin Kyrgyztane imeet prawo otkrito ckazat cwoe mnenie,general Icmail Icakow doljen bit na cwobode i mi eto trebuem.

кимден: Адылжан каяктан: Ош
12.02.2010 17:15
О-ХООО!Кандай гана оперативдүүлүк! Канча коррупционерлер ачык эле тайраңдап жүрүшөт. Аларга эмнеге иш тез козголбойт? Мисалы энергобарондор!Эки жүздүү,жамандар десе...

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
12.02.2010 16:59
bular kattuu,kuchtuu ornogon biilik,bular chokkon kemege okshboit...bular jangy kurulgan,kuchtuu diktaturaga okshosh

кимден: Бактияр каяктан: Ош
12.02.2010 15:34
Бул Бийлик чөгүп бара жаткан Кемеге окшоп бара жатат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)