Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Жаштык жигер качан алга жирейт?

31.03.2009

Кыргызстанда партиялардын жаштар канаты партия ичинде маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир эте албайт. Мындай тыянак “Кебел” жаштар кыймылынын иликтөөсүндө дайын болду.

31-мартта “Кебел” жаштар кыймылы Кыргызстандагы саясий партиялар жана андагы жаштардын орду тууралуу талкуу уюштурду. Аталган кыймылдын мүчөсү Артур Букалаев бул жаатта жүргүзгөн иликтөөсүн сунуштады. Натыйжада партиялардын жаштар канаты маанилүү чечимдердин кабыл алынышына таасир эте албаганы, орду бош экени, бирок эгер өздөрү каалап, демилге көтөрсө абалды оңдой алаары маалым болгон.

- Кыргызстандагы саясий партиялардын жаштар канаты техникалык гана мүнөзгө ээ болуп, чечимдерди кабыл алууда эч таасир эте албайт. Адатта жаш канаттардын өкүлдөрү ар кандай жыйындарга, талкууларга, трeнингдерге катышат. Бирок партиялардын негизги ишине тартылышпайт. Жаш канат өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү алардын ишенимине дал келбесе да көп учурда партияга мүчөлүк менен гана чектелет. Мындай көрүнүш Кыргызстандагы партиялардын басымдуу бөлүгүндө байкалат.

Мындай иликтөөгө жигердүү иштеген жети партия тартылып, жаш мүчөлөрү арасында сурамжылоо жүргөн. Он суроодон турган анкетаны “Жашылдар”, “Жаңы Кыргызстан”, “Ата Мекен”, “СДПК”, “Замандаш”, “Ак Шумкар” жана “Кыргызстан коммунисттери” партияларынын жаштары толтурушкан. Партиянын позициясы жана программасы тууралуу суроо боюнча жаш канат өкүлдөрүнүн кыйласынын партиянын саясий туруму тууралуу терең түшүнүгү жоктугу аныктfлды дейт эксперт Артур Букалаев. “Ата Мекен” партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаев жогоруда айтылган тыянактар, тилекке каршы ачуу чындык деп моюнга алды.

-Жаштар канаты болгондон кийин чечимдерди чыгарууда кошулуп, кандайдыр бир демилгелерди иштеп чыгып болгон аракеттерди кылабыз. Бирок толук кандуу катышабыз деп айтуудан мен алысмын.

Ал эми бийликчил “Ак Жол” партиясында жаштар канаты менен кырдаал кичине башкачараак өндүү. Маселен, аталган партиянын жаштар канатынын координатору Рустам Юсуповдун билдиришинче партиянын жаштар канатына арткан үмүтү абдан чоң. Ошол себертүү бизге өзгөчө маани берилет дейт ал.

-Негизи чечимдерди кабыл алууда “Ак жол” партиясынын жаштар канаты катышат деп айтууга толук мүмкүн. Себеби партиянын саясий кеңешинде жаштардан өкүлдөр бар. Анан, албетте партиянын жогорку органы болуп саналган саясий кеңештеги өкүлдөрүбүз аркылуу биз өзүбүздүн сунуш ойлорубузду билдиребиз.

Деген менен жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев өлкөнүн чоң саясатында жаштар курал катары гана колдонулушу салтка айланган көрүнүш деген пикирде. Анын айтымында кандайдыр максатка жетиш үчүн жаштардын башын айлантып жетелеп кетүү оңойураак болгондуктан, айрым саясий партиялар аларды курал катары колдонушат.

-Биринчи эле жагдай, бул жаш канаттар саясаттын обьектисиби же субъектисиби? Дегеним, саясатты алар жаратабы же алар саясаттын арасында пайда болгон элементпи? Менин оюмча тилекке каршы бул экинчиси. Себеби алар эч кандай саясат жаратып көрө элек. Өзгөчө бул бийлик партияларында иштеген жаштарга тиешелүү. Себеби дегенде алар тарабынан дискотека коюу, желектерди көтөрүп алып ары-бери жүгүрүп өзүнүн саясий партиясын же саясий лидерин алга сүрөгөндөн тышкаркы иштерди чындыгында көргөн жокмун. Демек, жаштар дагы эле саясий курал катары колдонулуп келе жатат деген ойдомун.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Жигит каяктан: Ош
30.04.2009 11:15
Аллахка шек келтирген эки дүйнө жакшылык көрбөйт. Ыйман менен саясаттын асман менен жердей айырмасы бар.

кимден: Акылы бар кыргы
27.04.2009 17:42
Койчу Абдумомун, Аллах деген алдамчы ажыларды далай көрдүк. Куранда кыргыз тилин дискриминация кылат. Силердин моралынар тил менен эле. Ишке келгенде эң уяты жок иштерди жасайсыңар.

кимден: Абдумомун каяктан: Рх
19.04.2009 10:18
Аллах деп ыманы менен жүргөндүн өзү эле өтө чоң потриоттук. Себеби Аллахтан корккон адам алдабайт, кыйанатчылык кылбайт, элге зыянын тийгизбейт, адал иштейт.

кимден: Пенде
18.04.2009 08:15
Азыркы жаштардын мээсинда аллахакбардан башка тооктун мээсиндей да мээси жок. Аллахакбар баарын ээлеп алды.

кимден: Taliban
01.04.2009 10:49
Азыркы жаштарда мээ болбосо, каякка жиремек эле.
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)