Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:16

Эл үнү

“Таза референдум жана таза шайлоо үчүн!”

Жарандардын таза шайлоого болгон ишенимин жана шайлоо мөөнөттөрүнө болгон ойлорун аныктоо үчүн 11-июнда Бишкекте атайын добуш берүү кутулары орнотулду. Шаар тургундары жарандык бүллетендерде берилген суроолорго өз чечимдеринин жазышып, жакындап келе жаткан шайлоолорго карата пикирлерин билдиришти. “Таза шайлоо жана таза референдум үчүн!” аталышындагы бул иш-чара Либерал жаштар клубу тарабынан уюштурулуп, калкты таза шайлоого үгүттөөгө багытталды.

Шаар тургундарынын добуш берип жатканы, 11-июнь 2010
Текст көлөмү - +
“Сиз таза референдумду, таза шайлоону жана шайлоонун өз мөөнөтүнө өтүшүн колдойсузбу?” деген суроолор жазылган жарандык бүллетендерге Бишкек тургундары таңкы сегизден кечки жетиге чейин жооп берип, өз чечимдерин билдире алышты. “Айчүрөк” соода борбору, Эски аянт, Филармония жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин айланасында коюлган добуш берүү кутуларына бүллетендер салынып, добуш бергендерге тазалыктын белгиси катары ак тасмалар кошо берилип жатты. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Адельфия Аманкулова акциянын максаты жарандарды таза шайлоого үндөө экендигин айтат:

- Биздин бүллетендерде “Сиз таза шайлоону жана шайлоолордун айтылган мөөнөттө өтүшүн колдойсузбу?” деген эки суроо коюлган. Анткени шайлоонун мөөнөтү абдан чоң көйгөй болуп жатат. Себеби бүгүнкү күндө көптөгөн саясий күчтөр, отурукташып калган саясий партиялар ушул шайлоону жайында август айында өткөрүүнү эл арасына түртүп жатышат. Биз ага жол бербешибиз керек. Биз бул багытта элдин оюн угалы деп бүллетенге коштук.

Уюштуруучулар белгилешкендей, мындай иш-чараны өткөрүүгө акыркы жылдары Кыргызстандагы шайлоолордун өзгөчө жаштарга басым кылуу менен өткөндүгү себеп болгон. “Либерал жаштар клубу” менен “Кыргызстан жаштарынын укук коргоо тармагы” жүргүзгөн изилдөөдө, 2009-жылкы президенттик шайлоо учурунда жаштардын 20 пайызга жакыны добуш берүүдө өздөрүнө басым сезилгенин билдиришкен. Уюштуруучулар мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн бул иш-чара өткөрүлүп жаткандыгын билдиришет. “Либерал жаштар клубунун” жетекчиси Урмат Казакбаев добуш берүүнүн жыйынтыгы Борбордук шайлоо комиссиясына берилерин айтат:

- Он миңге жакын бүллетен чогулталы деп биз максат койдук. Ошол бүллетендерди өткөрүп берсек, биздин үмүтүбүз бар, шайлоолор таза чын өтөт деп. Акциянын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп бергенде эле шайлоо таза өтөт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок “мен таза шайлоо үчүн” деп добуш берген адамдарда бул иш-чара менен өзүнүн жарандык пикири ойгонот.

Иш-чаранын жүрүшүнө кээ бир шаар тургундары кооптонуу менен карап айланып өтүшсө, кээ бирлери түшүнүү менен келип өз добуштарын бери жатышты. Бул акцияга катышып, бүллетендеги суроолорго жооп берген билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жоодонбеков, мындай иш-чаралар жарандык коомго өз ой-пикирлерин билдирүү мүмкүнчүлүгүн берерин белгилейт:

-Эгерде бул акциялар жогорудан бийлик аркылуу түшүрүлбөстөн, коомдук уюмдардан, жаштардан, коомдун өзүнүн бир пикирин билдирүүчү, коомдун өзүнүн бир сунушу менен чыгып жаткан болсо абдан колдой турган акция деп ойлойм.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элдияр Мамыров таза шайлоо жана таза референдум үчүн өткөрүлгөн иш-чаранын максаты элдин жеке пикирин гана билүүгө багытталганын, добуштарды бурмалоого эч кандай негиз жок экендигин да белгилейт:

- Азыркы биздин максатыбыз элдин ой-пикирин жеткирүү. Ошол эле. Андан башка деле максатыбыз жок. Биз парламентке өзүбүздүн мүчөлүгүбүздү чыгарбайбыз.

Либерал жаштар клубунун мүчөлөрү билдиргендей бул өңдүү акциялар келечекте боло турган шайлоолорго карата да өткөрүлмөкчү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.06.2010 12:59
"Таза референдум жана таза шайлоо учун!" бул демилге туура эмес башталды го. таза референдумунар кандуу референдум болду, эми референдумду токтоткула.

кимден: Барадей
12.06.2010 04:45
Бул референдум ийгиликтуу отуп калса андан кийин жолубуз кандай болот экен? Кошуналарга жана эн башкы соода сатык оноктошубуз эсептелген Орусияга жакпаган саясий системага тушуп алып, келечекте алардын ушуга окшогон оюндарынан кутула албай журбосок эле болгону. Менимче эми дуйно татаалдашып баратат. Кризистен кийин демократия бир кадам артка таштаганын али тушунуп жете элекпиз. Азыр карап корсок Кыргызстанга онугуунун эн оптималдуу жолу жана коопсуздуктун кепили Орусия, Кытай сыяктуу олколор менен кызматташуудай корунот.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу